Загрузка документа…
19-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 538, 2023-жылдын 29-майындагы № 284, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586, 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автомобиль транспорту менен өткөрүлүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды көзөмөлдөөнү жана контролдоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык көзөмөлдөөчү объекттерин өткөрүүдө (транспорттоодо) колдонулат:
- Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бажы аймагына келген жердин бажы органынан Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин аймагынан чыккан жердин бажы органына чейин;
- Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына келген жердин бажы органынан Кыргыз Республикасынын ички бажы органына чейин;
- Кыргыз Республикасынын ички бажы органынан Кыргыз Республикасынын ички бажы органына чейин;
- Кыргыз Республикасынын ички бажы органынан Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин аймагынан чыккан жердин бажы органына чейин.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
навигациялык (электрондук) пломбаларды активациялоо - пломбалоо операторунун маалыматтык системасында салынган навигациялык (электрондук) пломбаны контролго алуу жана көзөмөлдөөчү объектке байкоо салууну баштоо;
навигациялык (электрондук) пломбаны деактивациялоо - пломбалоо операторунун маалыматтык системасында салынган навигациялык (электрондук) пломбаны контролдон алуу жана көзөмөлдөөчү объектке байкоо салууну токтотуу;
навигациялык (электрондук) пломбанын пломбалоочу элементинин кыска туташуусу - пломбалоо операторунун маалыматтык системасында мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен навигациялык (электрондук) пломбанын пломбалоочу элементинин бүтүндүгүн контролдоо системасын киргизүү, ал аралыктан да, атайын түзүлүштү колдонуу менен да ишке ашырылышы мүмкүн;
навигациялык (электрондук) пломбаны салуу - көзөмөлдөөчү объекттери бар транспорт каражатынын (контейнеринин) жүк салуучу жайларынын (бөлүктөрүнүн) эшиктеринин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана жабуу системаларына, же болбосо көзөмөлдөөчү объекттин өзүнө жана пломбалоочу элементтин жабылышына навигациялык (электрондук) пломбаны физикалык түрдө илип коюуну өзүнө камтыган процесс;
навигациялык (электрондук) пломба - навигациялык спутник системаларынын технологияларынын негизинде иштеген жана көзөмөлдөөчү объектке тиешеси бар маалыматтарды берүүнү камсыз кылган пломбалоо элементинен жана электрондук блоктон турган техникалык электрондук түзүлүш;
пломбалоо оператору - навигациялык (электрондук) пломбаларды салууну (алып салууну), ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбалардан алынган маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, берүүнү жана сактоону жүзөгө ашырган маалыматтык-техникалык инфратүзүмү бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы;
көзөмөлдөөчү объект - Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өткөрүлүүчү товарлар (продукциялар) жана транспорттук каражаттар;
ташууларды көзөмөлдөө - өз ичине навигациялык (электрондук) пломбаны активациялоону, көзөмөлдөөчү объектке байкоону, навигациялык пломбаны деактивациялоону жана көз салынуучу объектке байкоо процессинде алынган маалыматтарды берүүнү камтыган процесс;
ташуучу - бажы контролунда турган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында ташууну жүзөгө ашырган же жооптуу болуп эсептелген жак;
навигациялык (электрондук) пломбанын пломбалоочу элементин ажыратуу - пломбалоо операторунун маалыматтык системасында мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен навигациялык (электрондук) пломбанын пломбалоочу элементинин бүтүндүгүн контролдоо системасын өчүрүү, ал аралыктан да, ошондой эле атайын түзүлүштү колдонуу менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн;
навигациялык (электрондук) пломбаны алуу - көзөмөлдөөчү объекттери бар транспорт каражатынын (контейнеринин) жүк салуучу жайларынын (бөлүктөрүнүн) эшиктеринин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана жабуу системаларына, же болбосо көзөмөлдөөчү объекттин өзүнөн навигациялык (электрондук) пломбанын пломбалоочу элементин ажыратууну жана физикалык түрдө алып коюуну камтыган процесс;
пломбалоо операторунун маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу менен ташууну көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу маалыматтык система.
Ушул Тартипте колдонулган башка түшүнүктөр ЕАЭБдин укуктарын түзгөн эл аралык келишимдер жана актылар жана бажы иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган маанилерде колдонулат.
2. Навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга талаптар
4. Бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча товарларды өткөрүү (транспорттоо) автомобиль транспортунун транспорт каражаттарынын (мындан ары - транспорт каражаттары) жүк салынуучу жайларына (бөлүктөрүнө), алардын жайларына, идиштерине, контейнерлерине жана төмөнкүдөй товарлардын категорияларын кошпогондо, бажы транзитинин бажы жол-жобосуна коюлган товарлар турган башка жерлерге навигациялык (электрондук) пломбаларды салуу шартында жүзөгө ашырылат:
- гуманитардык жана техникалык жардам;
- тирүү жаныбарлар;
- инкубациялык жумурткалар;
- транспорттук каражаттардын ачык жүк салынуучу бөлүктөрүнө өткөрүлүүчү ири габариттүү жана оор салмактуу товарлар;
- почта идиштеринде (почта баштыктарында, почта контейнерлеринде) эл аралык почта жөнөтүүлөрү;
- тынчтыкты колдоо боюнча акцияларды аткаруу үчүн же болбосо окууларды өткөрүү үчүн зарыл болгон аскердик багыттагы продукция;
- жеке колдонуу үчүн жеке жактар тарабынан декларациялануучу товарлар;
- борттук же самосвал кузовдору бар ар кандай модификацияларда, цистерналарда жана жүк ташуучу кузовдордун, сыйымдуулуктардын башка түрлөрүндө куюлган же чубуртуп салынган түрдө өткөрүлүүчү товарлар;
- табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарлар;
- алуучусу дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер болуп саналган товарлар;
- товарлардын категориясына кирген жана өзү жүрүүчү транспорт каражаттары.
Көзөмөлдөөчү объект жайгашкан транспорт каражаттарынын ар бир жүк салынуучу жайларына бир навигациялык (электрондук) пломба салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча товарларды автомобилдик ташууларда колдонулуучу навигациялык (электрондук) пломбага жана пломбалоо операторунун маалыматтык системасына, ошондой эле бажы органы менен улуттук пломбалоо операторунун өз ара аракеттенүү технологиясына талаптар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу бажылык коштоодо бажы контролун камсыз кылуунун кошумча чарасы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Навигациялык (электрондук) пломбаны салуу (алып салуу) жана аларды кийин автомобилдик ташууларда колдонууну камсыз кылуу боюнча пломбалоо операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө ташууга катышуучулардын биринин - жүк жөнөтүүчүнүн, жүк алуучунун, ташуучунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Бир транспорт каражатына (транспорт каражаттарынын (чиркегич (чиркегичтери) жана жарым чиркегич (чиркегичтери) менен тягач) курамы) эки же андан көп навигациялык (электрондук) пломба салынган учурда төлөм ар бир навигациялык (электрондук) пломбага алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Навигациялык (электрондук) пломба колдонулган учурда бажы органы пломбалоочу операторго төмөнкүдөй маалыматты берет:
- автомобиль менен ташуучу катталган өлкө жана аталышы;
- автомобиль менен ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражатынын, чиркегичтин же жарым чиркегичтин каттоо мамлекети жана каттоо белгиси;
- транспорт каражатынын айдоочусунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана телефон номери;
- ташылуучу товарларды жөнөтүүчү өлкө;
- ташылуучу товарлар баруучу өлкө;
- жөнөтүүчү бажы органы;
- баруучу бажы органы;
- зарыл болгон навигациялык (электрондук) пломбалардын саны.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Навигациялык (электрондук) пломбаны пайдалануу менен товарларды ташууларды көзөмөлдөө максатында пломбалоо оператору бажы органдарынын кызмат адамдарына пломбалоо операторунун маалыматтык системасына жана (же) адистештирилген мобилдик түзүлүштөр менен иштөөгө жетүүнү берет.
12. Пломбалоо оператору туруктуу негизде суткасына 24 саат, жумасына 7 күн Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу менен ташууларга көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу маалымат системасынын ишин камсыз кылат.
13. Пломбалоо операторунун маалымат системасы 5 (беш) жылдын ичинде берилген навигациялык (электрондук) пломбалар жөнүндө маалыматты (навигациялык (электрондук) пломбаларга киргизилген маалымат менен бирге) сактоону жүзөгө ашырат.
14. Пломбалоо оператору купуя маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар менен иштөө чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
15. Навигациялык (электрондук) пломба пломбалоо операторунун адистери тарабынан бажы органынын кызмат адамынын катышуусунда көзөмөлдөөнүн объекттери турган транспорттук каражаттын (контейнердин) жүк салынуучу жайларынын (бөлүктөрүнүн) жабуу системаларына жана эшиктердин бекитүү шаймандарына, же болбосо көзөмөлдөөчү объекттин өзүнө жана пломбалоо элементинин аягына коюлат.
Автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда пломбалоо операторунун адиси тарабынан бир навигациялык (электрондук) пломбаны салуу убактысы бажы органынын кызмат адамы тиешелүү чечимди кабыл алган учурдан тартып 5 мүнөттөн ашпоого тийиш.
Навигациялык (электрондук) пломбаны салуу (алып салуу) объекттерде мурда орнотулган пломбаларды жана мөөрлөрдү, ошондой эле башка жабуучу-пломбалоочу түзүлүштөрдү бузбастан жүргүзүлөт жана навигациялык (электрондук) пломбанын электрондук блогунун корпусуна жазылган уникалдуу сериялык номерин окууга мүмкүнчүлүк берет.
16. Ташуучулар навигациялык (электрондук) пломбаны пломбалоо объекттерине орнотуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
17. Бажы органдарында ташылуучу товарларга бара жаткан жолдо контролду жүргүзүү зарылдыгы пайда болгон учурда мурда коюлган навигациялык (электрондук) пломбаны алып салуу жана аны кайрадан коюу бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан пломбалоо операторунун маалымат системасында мындай операцияларды санкцияланган жасоо фактыларын фиксациялоону камсыз кылган, пломбалоо операторунун техникалык, маалыматтык каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Пломбалоо оператору бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан мындай операцияларды аткаруунун техникалык мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 284 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ташууларды көзөмөлдөөдө навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу тартиби
18. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды салуу (алып салуу), активациялоо жана деактивациялоо боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Бажы органынын кызмат адамы пломбалоо операторунун маалыматтык системасында түзүлгөн ташуулардын уникалдуу сериялык номерин, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбанын номерин транзиттик декларациянын (мындан ары - ТД) тиешелүү графасында көрсөтөт.
21. Бажы органынын кызмат адамы товарларды чыгаргандан кийин пломбалоо операторунун адисине ТД каттоо номерин берет.
22. Навигациялык (электрондук) пломбаны активациялоонун алдында пломбалоо операторунун адиси пломбалоо операторунун маалыматтык системасына төмөнкү маалыматтарды киргизет:
- ТД каттоо номерин;
- пломбалоо операторунун маалымат системасында түзүлгөн, ташуулардын уникалдуу сериялык номери;
- навигациялык (электрондук) пломбанын номери;
- автомобилдик ташуучунун катталган өлкөсү жана аталышы;
- автомобилдик ташуулар жүзөгө ашырылган транспорт каражатынын, чиркегичтин же жарым чиркегичтин катталган мамлекети жана каттоо белгиси;
- транспорт каражатынын айдоочусунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана телефон номери;
- ташылуучу товарларды жөнөтүүчү өлкө;
- ташылуучу товарлар баруучу өлкөсү;
- жөнөтүүчү бажы органы;
- баруучу бажы органы.
23. Навигациялык (электрондук) пломбаны салууда пломбалоо оператору менен ташуучунун ортосунда навигациялык (электрондук) пломбаны кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык таризделет.
24. Тагылган (алынган) навигациялык (электрондук) пломбанын сакталышы үчүн жоопкерчилик ташуучуга жүктөлөт.
25. Пломбалоо операторунун адиси навигациялык (электрондук) пломбаны активациялоону жүзөгө ашырат жана пломбалоо операторунун маалыматтык системасына контролдоого коет, андан кийин бажы органынын кызмат адамына товардын өтүшүнө көз салуунун башталышы жөнүндө маалымдайт.
26. Электрондук навигациялык пломбаны активациялоодо пломбалоо операторунун маалыматтык системасына ушул Тартиптин 22-пунктуна ылайык маалыматка кошумча катары төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- электрондук навигациялык пломбаны активациялоо алардын чечими боюнча жүзөгө ашырылган бажы органынын кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
- электрондук навигациялык пломбаны активациялоо датасы жана убактысы.
27. Бажы органдарынын тартылган кызмат адамдары пломбалоо операторунун маалыматтык системасы аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражатын өткөрүүгө мониторинг жүргүзө алат.
28. Жолдо баратканда навигациялык (электрондук) пломбаларды уруксатсыз ачууга жана/же бузууга, жүрүү маршрутунан четтөөгө, ошондой эле билдирилбеген багыттагы дарекке жеткирүүгө жол берилбейт.
29. Электрондук навигациялык пломбаны деактивациялоо баруучу жерде бажы органынын кызмат адамынын электрондук навигациялык пломбаны деактивациялоо жөнүндө чечимин алгандан кийин пломбалоо операторунун маалыматтык системасында пломбалоо оператору тарабынан ишке ашырылат.
30. Электрондук навигациялык пломбаны деактивациялоо пломбалоо операторунун маалыматтык системасында төмөнкү маалыматтарды фиксациялоо менен ишке ашырылат:
- электрондук навигациялык пломбаны деактивациялоо күнү жана убактысы;
- электрондук навигациялык пломба деактивацияланган бажы органынын аталышы;
- электрондук навигациялык пломбаны деактивациялоо анын чечими боюнча жүзөгө ашырылган бажы органынын кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду.
31. Товарлар жеткирилген жерде транспорт каражатынын жүк бөлүгүнөн тагылган навигациялык (электрондук) пломбаны алып салуу бажы органынын кызмат адамынын жана ташуучунун катышуусунда пломбалоо операторунун кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Электрондук навигациялык пломбаны колдонууга контролдоону жүзөгө ашырууда электрондук навигациялык пломбанын бүтүндүгүн бузуу же уруксатсыз ачуу аныкталган учурда бажы органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган чараларды көрүшөт.
33. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Жүрүү жолундагы штаттан тышкары кырдаалдар (инциденттер)
34. Штаттан тышкары кырдаалдар (инциденттер) деп пломбалоо операторунун маалыматтык системасына маалыматтын келип түшүүсү түшүнүлөт:
1) навигациялык (электрондук) пломбаны ачуу жөнүндө навигациялык (электрондук) пломбадан сигналдын келип түшүүсү;
2) навигациялык (электрондук) пломбанын бузулушу жөнүндө;
3) навигациялык (электрондук) пломба менен 4 сааттан ашык байланыштын жоктугу жөнүндө;
4) транспорт каражатынын 3 сааттан ашык токтоп турушу жөнүндө;
5) 1 километрден ашык радиуста жүрүү маршрутунан четтөө жөнүндө.
5. Жүрүү жолунда штаттан тышкары кырдаалдар (инциденттер) пайда болгондо иш-аракеттердин тартиби
35. Көзөмөлдөөчү объекттин жүрүү жолунда штаттан тышкары кырдаал (инцидент) пайда болгон учурда пломбалоо оператору штаттан тышкары кырдаалдын (инциденттин) келип чыгуу себептерин аныктайт жана жөнөтүүчү бажы органына токтоосуз маалымдайт.
Жүрүү жолундагы штаттан тышкары кырдаалдар (инциденттер) пайда болгон учурда бажы органынын иш-аракеттеринин тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
36. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
37. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Пломбалоо операторунун милдеттери
38. Пломбалоо оператору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) навигациялык (электрондук) пломбаларды салуу (алып салуу), иштешин камсыз кылуу, андан ары колдонууга даярдоо жана ташууларды көзөмөлдөө боюнча кызматтарды көрсөтүү (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр);
2) бажы органдарынын иш режимине ылайык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу пломбалоо операторунун кызматкерлеринин жана (же) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн болушу;
3) бажы органдарынын кызмат адамдарынын пломбалоо оператору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагына кошулган бирден кем эмес жумуш ордун уюштуруу;
4) навигациялык (электрондук) пломбаларды салууга (алып салууга) жана колдонууга байланышкан маселелер боюнча, анын ичинде телефон боюнча юридикалык жана жеке жактарга консультация берүү;
5) кызмат адамдарына пломбалоо операторунун маалыматтык системасы жана адистештирилген мобилдүү түзүлүштөр менен иштөө жөнүндө маалыматтарды суроо-талаптарга жооп берүү түрүндө берүү;
6) төмөнкү маалыматты сайтка жайгаштыруу:
- пломбалоо операторунун аталышы;
- пломбалоо операторунун электрондук почтасынын дареги;
- байланыш телефон борборунун телефонунун номери;
- пломбалоо оператору менен ташуучунун өз ара аракеттенүү тартибин камтыган кызмат көрсөтүү келишиминин үлгүсү;
- кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
7) талаптарга ылайык келген жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон навигациялык (электрондук) пломбанын жок болуу учурларына жол бербөө;
8) кызмат адамдарынын, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жеке маалыматтарын аларга уруксатсыз же кокустан кирүүдөн, жеке маалыматтарды жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөт коюудан, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден коргоо боюнча чараларды көрүү;
9) пломбалоо операторунун маалыматтык системасында техникалык каражаттар менен аны иштеп чыгууда маалыматтын коопсуздугу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Корутунду жоболор
39. Адамдар тарабынан ушул Тартиптин талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча товарларды автомобилдик ташууларда навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу тартибине 1-тиркеме |
Навигациялык (электрондук) пломбаны өткөрүп берүү-өткөрүп алуу АКТЫ
Навигациялык (электрондук) пломба (№) ___________________________________________________________________________________
Транзиттик декларация/Товарларга декларация № ____________________________________________________________________________________
Транспорттук каражаттын мамлекеттик номери ________________________________________________________________________________
Жөнөтүүчү бажы органы:
_______________________________________________________________________________________
Баруучу бажы органы:
_______________________________________________________________________________________
Навигациялык (электрондук) пломбаны коюуда:
Өткөрүп берди (Пломбалоо оператору): _____________________________________________________________________________
(Ф.А.А., колу, датасы/убактысы)
Кабыл алды
(Ташуучу): ______________________________________________________________________________
(Ф.А.А., колу, датасы/убактысы)
Навигациялык (электрондук) пломбаны алууда:
Өткөрүп берди
(Ташуучу): ______________________________________________________________________________
(Ф.А.А., колу, датасы/убактысы)
Кабыл алды
(Пломбалоо оператору): _____________________________________________________________________________
(Ф.А.А., колу, датасы/убактысы)