Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 652
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- өзгөчө учурларда Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрлик зонада рекреация объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы № 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
|
| Тиркеме |
Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү ЭРЕЖЕСИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежеси (мындан ары - Эреже) жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча иш-аракеттерин аныктайт.
2. Шаар куруу-архитектура ишин жөнгө салуу режимине карата укуктук талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Ысык-Көлдүн акваториясын жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси менен табигый жаратылыштык объект болуп саналган жана мамлекеттин коргоосунда турган жээктеги аймактарды;
- шаар куруу жана архитектура объекттеринин иштөө режими шаар куруу документтери менен аныкталуучу "корголгон" статусуна ээ зоналарды;
- республикалык автомагистралдан тартып жээк тарапта жана жээктеги суу четине чейин жайгашкан аймактарды камтыган Ысык-Көлдүн суу коргоо зонасын;
- чарба иши так чектелген аймактардан турган суу коргоо тилкелерин жана ар бир функциялык зонага же зона алдына атайын пайдалануу режимин бекитип берүүнү;
- табигый ландшафттардын архитектуранын талаптарына ылайык келбеген объекттер менен визуалдык бузулушуна тыюу салууну;
- рекреациялык зонадагы калктуу конуштардын учурдагы чек араларын токой фондунун жерлеринин, запастагы жерлердин, өзгөчө корголуучу аймактардын, рекреациялык зоналардын эсебинен кеңейтүүгө тыюу салууну;
- Ысык-Көлдүн суу четинен 500 метрден жакын жерде рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга жана пайдаланууга тыюу салууну жана корголуучу ландшафттар зонасында объекттердин бардык түрүн жайгаштырууну;
- Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрден аз аралыкта капиталдык курулуштун бардык түрүнө тыюу салууну. Өзгөчө учурларда Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрлик зонада рекреация объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат;
- жаңы ишканаларды курууга жана учурдагыларды кеңейтүүгө, эс алуучулардын жана жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу менен түздөн-түз байланышпаган башка объекттерди курууга тыюу салууну.
3. Бул Эрежеде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле КЧ, КЭ, ЭКЧ КЧЭ жана Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору чыгарган жана белгиленген тартипте катталган техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин негизги түшүнүктөрү жана терминдери колдонулат.
2. Эреженин максаттары жана милдеттери
4. Бул Эреженин негизги максаты менчигинин түрүнө, функциялык багытына, каржылоо булагына, жер участогунун өлчөмүнө, имараттардын санына жана көлөмүнө, ошондой эле инженердик-транспорттук инфраструктурасына карабастан Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында объекттерди курууну, техникалык эксплуатациялоону жана күтүүнү шаар куруучулук жөнгө салууну регламенттөө болуп саналат.
5. Курорттук-рекреациялык аймактардын жана калктуу конуштардын функциялык зоналарынын чектери жана багыты белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген шаар куруу документтерине ылайык аныкталат.
6. Эреже учурдагы объекттерди нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу тартибин белгилейт, ошондой эле Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында объекттерди куруунун, абаттоонун, техникалык эксплуатациялоонун жана күтүүнүн ченемдерин жана тартибин сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнү камсыз кылат.
3. Эрежени колдонуу чөйрөсү жана сактоо принциптери
7. Эреже Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында шаар куруу жана архитектуралык талаптарды ишке ашыруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат жана шаар куруу-архитектура ишинин бардык субъекттери үчүн милдеттүү.
8. Жеке жана менчигинин түрүнө, башкаруу формасына карабастан юридикалык жактар мамлекеттик көзөмөлдүн өкүлдөрүн, комиссияларды тиешелүү актыларды тариздөө жана текшерилүүчү объекттердин абалын сыпаттоо менен текшерилүүгө жана зарыл иштер жүргүзүлүүгө тийиш болгон бардык объекттерге киргизүүгө милдеттүү.
9. Эреже төмөнкүлөрдү регламенттейт жана тартибин белгилейт:
- аймактарды, анын ичинде жалпы пайдалануудагы аймактарды эксплуатациялоону;
- шаар куруу, санитардык-экологиялык, өрткө каршы жана башка, анын ичинде ветеринардык ченемдерди сактоону;
- аймактарды абаттоону, жашылдандырууну, жарыктандырууну жана санитардык тазалоону;
- инженердик коммуникацияларды техникалык эксплуатациялоону;
- объекттерди жана сырткы жарнаманы жасалгалоону, ошондой эле автомагистралдардын, трассалардын жана рекреациялык зоналардын объекттерин көркөмдүк жактан жасалгалоону;
- транспорттук коммуникацияларды, анын ичинде велосипед жана жөө жүрүү кыймылынын түзүлүшүн;
- курулмаларды бузууну, убактылуу курулмаларды жайгаштырууну жана аларды эксплуатациялоону;
- Ысык-Көлдүн жана башка көлмөлөрдүн, суулардын жана чакан көлдөрдүн суу үстүн пайдаланууну.
4. Объекттерди курууга жер участокторун берүү, учурдагы имараттарды реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана долбоордук-изилдөө иштерин аткаруу
10. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында жер участокторун объекттерди курууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
11. Учурдагы объекттердин функциялык багытын өзгөртүү менен реконструкциялоо - багытын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
12. Заказчынын өтүнмөсү боюнча объектти долбоорлоо үчүн документтер шаар куруу жана архитектура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык иштелип чыгат.
13. Долбоордук-изилдөө иштерин аткаруу, топографиялык, геологиялык изилдөөлөрдү, экспертиза жүргүзүү жана долбоорду бекитүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик техникалык документтерине ылайык аткарылат.
14. Объектти куруу, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана курулушу бүтүп, эксплуатацияга берилген объекттин шайкештигин баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Курорттук-рекреациялык аймактын объекттерине шаар куруу-архитектуралык талаптар
15. Учурдагы жана курулуп жаткан бардык объекттер үчүн шаар куруу-архитектуралык талаптар шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан коюлат.
16. Жаңы курулушту долбоорлоодо жана учурдагы эс алуу объекттерин реконструкциялоодо төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
а) сейсмикалык активдүү участоктордо долбоорлоону жана курууну КР КЧ 20-02:2018* "Сейсмикалык туруктуу курулуш". Долбоорлоо ченемдери" талаптарына ылайык жүзөгө ашырууну;
б) түнкү убакта жарыктандыруу менен жашылдандыруунун аянтын бир адамга 6 кв.метрден кем эмес эсеп боюнча кабыл алууну (жердеги жарыктандыруунун деңгээли 10 люкстан кем эмес);
в) койка-орундардын санын жана жер участокторунун өлчөмдөрүн КР КЧ 30-01-2020 "Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу" ылайык аныктоону (Тиркеме "Е");
г) автомашиналарды токтотуучу жайларды КР КЧ 30-01-2020 "Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу" ылайык аныктоону (Тиркеме "3").
17. Эс алуучуларды сапаттуу тейлөө максатында, турак-жай имараттарынан сырткары эс алуу объекттеринде төмөнкүлөрдү кароо зарыл:
а) коомдук тамактануу блогу - ашкана, кафе, ресторан;
б) маданий-массалык иш-чаралар үчүн зал, китепкана, интернет-кафе жана башкалар;
в) спорт зал;
г) бассейн;
д) бийлөөчү зал же бий аянтчасы;
ж) клубдар, кинотеатрлар;
з) конференция өткөрүү үчүн залдар;
е) тиричиликтик тейлөө ишканалары;
и) коммуналдык-чарбалык объекттер жана башкалар;
к) изолятору менен медициналык пункт.
18. Бүтүндөй курорттун же эс алуу зоналарынын башкы планын алдын ала иштеп чыкпастан, ошондой эле комплекстердин аймактарынын пландоо долбоорлору жок өзүнчө санаториялык-курорттук мекемелерди жана эс алуу мекемелерин курууга тыюу салынат.
19. Суу алдындагы эстеликтерди изилдөөгө, археология, чалгындоо жана казуу боюнча иштерге атайын уруксат болгон учурда гана жол берилет.
20. Имараттар жана курулмалар КЧ, КЭ, КЧжЭ жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка да ченемдик укуктук актыларына ылайык долбоорлонууга тийиш.
6. Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык эксплуатациялоо
21. Инженердик коммуникациялардын жана курулмалардын объекттерин техникалык эксплуатациялоо: суу түтүктөрүнүн, суу коргондун, канализациялык тармактын, канализациялык насостук станциянын, тазалоо курулмаларынын, трансформатордук подстанциялардын, электр тармактарынын, жарыктандыруу элементтеринин, жылуулук түтүктөрүнүн, от жаккычтардын, телекоммуникациялык тармактардын жана байланыштын объекттерин техникалык эксплуатациялоо тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлөт. Техникалык эксплуатациялоодо системалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана санитардык-экологиялык талаптардын ченемдеринин аткарылышын камсыздоочу эксплуатациялоонун жана башкаруунун техникалык ченемдери жана эрежелери сакталууга тийиш.
22. Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык эксплуатациялоо ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан дайыма, эксплуатациялоо боюнча техникалык журналды жүргүзүү жана постту бир нөөмөттөн кийинкисине өткөрүп берүүдө тиешелүү оңдоо-калыбына келтирүү иштери, тийиштүү көрсөткүчтөрдү контролдоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белгилер менен жүргүзүлүүгө тийиш.
23. Актыларды тариздөө менен объекттин техникалык абалын күбөлөндүрүү боюнча иштер мезгил-мезгили менен белгиленген тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Эки же андан ашык керектөө субъекттери болгон учурда "ажыратуу бөлүмү" таризделүүгө тийиш. Жаңы объекттерди кошууну, учурдагы инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды кеңейтүүнү пландоодо техникалык эксплуатациялоо өкүлдөрү коммуникациянын тиешелүү түрлөрүн кошууга техникалык шарттарды берүү тууралуу сунуштарды киргизет.
24. Жаңы курулуш жана реконструкциялоо объекттери болгон учурда инженердик-техникалык кызматкерлер техникалык-эксплуатациялоо менен катар техникалык шарттарга ылайык иштелип чыккан долбоордук чечимдердин ишке ашырылышын контролдойт жана инженердик-коммуникациялар жана курулмалар боюнча бүткөн жумуштарды эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын ишине катышат.
25. Техникалык эксплуатациялоонун өкүлдөрү күнүмдүк ишинде инженердик коммуникациялардын жыйынды схемасын, курулмалардын жана коммуникациялардын сакталышын, жыл мезгилине карабастан тармактардын бүткүл системасынын оң жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу техникалык документтерди жана стандарттарды жетекчиликке алат.
26. Эксплуатациялоо мезгилинде эс алуу объекти түтүктөн келчү суу, электр, канализациялык санитардык түйүн, душ менен сутка бою камсыз болууга, ошондой эле жыл бою иштеген мезгилде жылуулук жана ысык суу менен жабдылууга тийиш.
27. Коомдук тамактануу объекттери (эс алуу же автономдуу иштөө объектинин курамында) суу түтүгү, ысык суу, канализация жана инженердик жабдуунун башка түрлөрү менен камсыздалууга тийиш. Идиштерди, ашкана жабдууларын жуугучтар, коомдук душтар, даараткана бөлмөлөрү долбоорго ылайык келүүгө тийиш.
28. Эс алуу объекттеринде даараткана бөлмөсү катары казылган чуңкурлары менен ажатканаларды колдонууга эреже катары тыюу салынат.
29. Суу түтүктөрүндө, канализация жана электр тармактарында, суу коргондорунда, канализациялык насостук станцияда, тазалоочу курулмаларда жана трансформатордук подстанцияларда бузулуулар болсо, алар калыбына келтирилгенге чейин эксплуатациялоого тыюу салынат.
7. Аймактарды абаттоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, санитардык тазалоо
30. Эреженин бул бөлүмүнүн талаптары жаңы долбоорлонуп жана курулуп жаткан объекттерге гана эмес, учурдагы эс алуу объекттерине, курорттук-рекреациялык зонанын башка объекттерине, жалпы пайдалануудагы турак-жай, коомдук, соода-маданий, спорттук аймактарга да жайылтылат жана менчигинин формасына карабастан бардык субъекттер тарабынан аткарылууга тийиш.
31. Бардык эс алуу объекттеринин аймактары иштелип чыккан долбоорлорго ылайык белгиленген тартипте жашылдандырылууга, жарыктандырылууга жана абатталууга тийиш.
32. Аймагы тиешелүү деңгээлде абатталбаган, жашылдандырылбаган жана жарыктандырылбаган жана имараттардын жана курулмалардын керектүү инженердик жабдуулары, пляждык зонасы жок эс алуу объекттерине эс алуучуларды кабыл алууга уруксат берилбейт.
33. Эс алуу объекттеринин аймагын абаттоо, жашылдандыруу, жасалгалоо, жарыктандыруу архитектуралык-көркөм, ландшафттык жана жарыктандыруу чечимдерин кошкондо заманбап талаптарга ылайык келиши керек. Өсүмдүктөрдү химиялык жер семирткичтерди пайдаланып уу химикаттар менен иштетүү менен эксплуатациялоодо алардын эс алуучуларга, жашылдандырылган аймакты сугаруу боюнча жумушчуларга мүмкүн болгон терс таасирлерин эске алуу керек. Сугат системасында атайын сугаруучу суу түтүк тармагы каралышы керек, ал үчүн суулардын көлгө куюлуусун болтурбоо жолу менен буруу сунушталат. Жашылдандыруу үчүн дарактын ийне жалбырактуу, жалбырактуу түрлөрүн, ошондой эле мөмөлүү дарактарды жана сейил бак-бакча багытындагы сапаттуу сорттогу бадалдарды колдонуу керек. Бадалдар жок бош аймактарга сейил бак көк чөбү жана гүл өстүрүлүшү керек. Тирегич дубалдар вертикалдуу жашылдандыруу менен жасалгаланышы керек. Ландшафттын бардык элементтери, анын ичинде ландшафттык-дендрологиялык жасалгалоо өз убагында иштетилүүгө тийиш.
34. Эс алуу объекттерине баруучу автожолдор, анын ичинде аймактардагы өтүүчү жолдор бордюр таш, кабель менен корголгон жарыктандыруу түркүктөрү, жер үстүндөгү сууларды тыкан буруу жана жанындагы бөлүгүн жашылдандыруу менен конструкцияланган катуу кыртышка ээ болууга тийиш.
35. Тротуарлар, аллеялар, скверлер жана сейил бактагы жолдор макулдашылган долбоорго ылайык өтүүчү жолдордон өзүнчө, кыртышы катуу болуп, торшерлер жана чырактын башка түрлөрү менен жарыктандырылып курулат. Аймак сейил бак отургучтары, эс алуу үчүн анча чоң эмес аянтчалар, таштанды үчүн урналар, ичүүчү фонтандар жана чакан архитектуралык форманын башка элементтери менен жабдылууга тийиш.
36. Эс алуу объектинин бүткүл аймагын жарыктандыруу макулдашылган долбоорго ылайык аткарылат, ошол эле учурда аймакты тышкы жарыктандыруу объекти түнкү жарыктандыруучу көркөм жасалгалоого жооп бериши керек. Бул талапты чечүү үчүн чырактардын ар кандай түрлөрү: ландшафттык-дендрологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша прожекторлор, жарыктандыруу элементтери колдонулууга тийиш. Чырактар жылдын, сутканын мезгилине жана өткөрүлчү иш-чараларга жараша бир нече иштөө режиминдеги атайын башкаруу пульту менен жабдылат.
37. Бардык тышкы жарнама элементтери, көрсөткүчтөр, маалыматтык табло, пиктограммалар республикалык автожолдон бурулуштан тартып жана эс алуу объектинин аймагында жасалма жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.
38. Эс алуу объекттеринин ээлери жана кызматкерлери аймактарды, өтүүчү жолдорду жана башка объекттерди жарыктандыруу боюнча үзгүлтүксүз ишти камсыз кылууга, сезондон тышкары жана сезон учурунда "нөөмөттүк" жарыктандыруу менен камсыз кылууга тийиш.
39. Эс алуу объекттеринин аймагында эс алуучуларды кабардандыруу үчүн, зарыл болгон учурда макулдашылган долбоорго ылайык автономдук үн болушу мүмкүн. Бий аянтчалар, дискотекалар, ачык эстрадалык залдар үн 50 м аралыкта гигиеналык ченемдерден жогору болбогондой жабдылууга тийиш.
40. Эс алуу объектин кайтаруу коргоочу сигнализацияны, видеобайкоону жана башка заманбап жабдууларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
41. Эс алуу объекттеринде аймакка кирүүдө долбоорго, объектке кирүү тобунун архитектуралык-көркөмдүк талаптарына ылайык келген күзөт посту (эки жана андан ашык менчик ээси болгон учурда жалпы) болууга тийиш. Күзөт постунда маалыматтык табло, маалыматтар, байланыштын тийиштүү жабдуулары, автоматташтырылган өткөрүү системасы, канализациялуу даараткана, дарбаза, эшиктерди башкаруу каралышы керек.
42. Бардык эс алуу объекттеринде аймакты санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт. Иши калдыктардын пайда болушуна алып келген же алар менен иштөө менен байланышкан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер объекттерди эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө боюнча мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү. Тиричиликтик катуу калдыктарды акыркы төгүүчү жерге ташып чыгуу аймактык коммуналдык кызматтар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Таштандыларды катуу тиричиликтик калдыктарды иштетүүчү конкреттүү жерге ташып чыгаруу санитардык тазалоонун жана жыйноонун башкы элементтеринин бири болуп саналат.
43. Айлана-чөйрөнүн, объекттин аймагынын жана жанаша аймактардын абалын контролдоону айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл органдары, ошондой жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат, алардын талаптары бардык шаар куруу субъекттери үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
44. Эс алуу объектинин аймагында катуу тиричиликтик калдыктарды убактылуу сактоо үчүн жабдылган атайын аянтчалар каралышы керек. Ден соолукту чыңдоочу мекемелердин тамак-аш блоктору тамак-аш калдыктарын сактоо үчүн муздаткыч камералар менен жабдылууга тийиш. Күнүгө атайын санитардык тазалоо, таштандыларды жабдылган машиналар менен таштанды калдыктарын чогултуучу жана иштетүүчү жерлерге чыгарып туруу керек.
45. Эс алуу объектинин бардык аймагында таштанды үчүн урналардан тиричилик таштандыларын атайын бөлүнгөн жерге топтоп, андан ары белгиленген жерге чыгаруу менен күнүнө эки жолу жыйноо каралууга тийиш.
46. Жөө адамдар өтүүчү жолдор, аллеялар, скверлер, пляждык зоналар күн сайын механикалаштырылган нымдуу жана кол менен тазаланып турууга тийиш.
47. Жашылдандырган аймактарды тазалоо зарылдыгына жараша, агротехникалык талаптарга ылайык санитардык кыюулар жана өсүмдүктөрдү ландшафттык-дендрологиялык иштетүү менен жүргүзүлөт.
48. Чарбалык аймактын азык блогун эксплуатациялоого санитардык талаптар бүткүл эс алуу объектисине коюлуучу жалпы талаптарга ылайык болушу керек.
49. Эки же андан ашык менчик ээси үчүн жалпы азык блогун эксплуатациялоо, оңдоо иштерин жүргүзүү жана реконструкциялоо ушул аймакта жайгашкан ден соолукту чыңдоочу мекемелердин үлүштүк катышуусу менен жүргүзүлөт.
8. Жалпы пайдалануучу аймактарга санитардык-экологиялык, өрткө каршы жана башка талаптар
50. Жалпы пайдалануучу аймак - Ысык-Көлдүн суу четинен тартып эни 100 метр жээк-пляждык зона шаар куруу документтери менен аныкталат жана курорттук-рекреациялык өзгөчө корголуучу зонага кирет. Бул аймак жалпы пляж түрүндө эс алууга арналат (эскертилген учурлардан сырткары), эксплуатациялык ченемдерге ылайык келиши жана эс алуу объектинин долбоордук документтерине жараша керектүү жабдуулары болуш керек.
51. Катуу санитардык режимдеги зона же I тилке суу четинен 500 метрдей аралыкта аныкталат, анын ичинен суу четинен 100 метр кыйла катуу санитардык режимдеги зона болуп саналат. Бул аймакта төмөнкүлөргө тыюу салынат: жарандардын табигый дары каражаттарды эксплуатациялоого түздөн-түз байланышпаган туруктуу жана убактылуу жашоосуна, өнөр жайлык, айыл чарбалык, рекреациялык жана башка объекттерди курууга, кампа жайларды, түзүлүштөрдү, жабдылбаган санитардык-гигиеналык объектилерди орнотууга, курорттун табигый дарылык каражаттарына жана санитардык абалына зыян тийгизиши мүмкүн болгон мелиорациялык жана жер жумуштарынын башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
52. Чектөө зонасы же II тилке тилкенин чегинен 2 километрге чейин аныкталат жана анда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- атайын караштырылгандан башка автомототранспортту киргизүүгө жана коюуга, чатырларды тигүүгө, от жагууга, кургак чөп, саман, жалбырак жана тиричилик калдыктарын өрттөөгө, санитардык кыюуларды кошпогондо дарак-бадал өсүмдүктөрүн кесүүгө;
- сууга таштандыларды ыргытууга, сууну булгоого, кыртыштын эрозиясына жана башка зыяндуу кубулуштарга алып келүүчү сууну алуу жерлеринде суу коргоо режимин бузууга, ошондой эле дарылык категорияга киргизилген сууларды агызып чыгарууга;
- айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизүүчү мал чарба комплекстерин жана башка айыл чарбалык объекттерди (канаттуулар фабрикаларын, уу химикаттардын жана минералдык жер семирткичтердин кампаларын, кой-эчки үчүн чумкуткуч ванналарды, малдын өлүгүн көмүүчү жайларды), айыл чарба авиациясынын учуп-конуучу тилкелерин, көрүстөн жайгаштырууга жана курууга. Парктарда, токой парктарында жана башка өсүмдүктүү жерлерде өсүмдүктөрдүн коркунучтуу жана карантиндик зыянкечтери жапырт таралганда Атайын Туруктуу Комиссиянын (АТК) чечими жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдары менен макулдашуу боюнча адам үчүн уулуу эмес жана тышкы чөйрөдө тез ажырап жок болуучу уу химикаттарды колдонууга уруксат берилет, мында бул жумушту жеке жана юридикалык жактар белгиленген тартипте аткаруусу шартталат.
53. Байкоо зонасы же III тилке, экинчи тилкенин чек арасынан Ала-Тоонун этегине чейинки аймакты камтыйт. Бул аймакта адамга жана Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагынын санитардык абалына терс таасирин тийгизчү жумуштарды жүргүзүүгө болбойт.
54. Бардык курорттук-рекреациялык зоналарда жана объекттерде Ысык-Көлдүн жээгинен эни 100 метрге чейин пляждык зонаны тосууга болбойт. Жөө жана велосипед менен жүрүү үчүн жээкти бойлото бети катуу капталган үзгүлтүксүз жол салынышы керек. Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метр зонада бардык парк-пляждык зонада куткаруучу секи, кийим которунуу жайы, 20 метрден кем эмес аралыкта таштанды урналары, ыңгайлуу отургучтар жана түнкү жарыктандыруу каралышы керек.
Пляж зонасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- адамдардын жашоосуна;
- кампа жайларын, соода түйүндөрүн, коомдук тамактануу, мончо жана сауналарды жайгаштырууга;
- сууда парной орнотууга;
- кир жууганга, жаныбарларды чыгарууга жана сууга түшүрүүгө;
- канализациянын түтүк өткөргүчтөрүн чыгарууга;
- сүзүү үчүн бассейндерден суу агызууга.
55. Пляждык зонанын аймагында пляждын коопсуз иштешин камсыз кылуучу кызматтар каралууга тийиш: медициналык пункт, радиотүйүн, куткаруучу пункт, персоналдын бөлмөсү, тузсуз суу менен душтар. Канализация жок учурда пляждык зонаны толук жарыктандырган биотуалеттер менен жабдуу, ошондой эле туалеттер жана душтар электр энегиясы өчүрүлгөн учурда күн батареяларын колдонуу менен энергия менен жабдуунун автономдуу системасы менен камсыз болууга тийиш.
56. Пляждык зонанын долбоорунда көлгө пирстик курулмалар каралышы керек. Бул курулмаларда ар кандай соода жана коомдук тамактануу жайларын жайгаштырууга тыюу салынат.
57. Сууга түшүү үчүн бөлүнгөн акватория участогу белгиленүүгө тийиш. Акваториянын максималдуу тереңдиги: чоңдор үчүн - 3-4 метр, балдары менен ата-энелер үчүн - 2,0-2,5 м, балдар үчүн - 1,5 м. Сууга түшүү зонасында жээктин линиясынан буйларга чейинки максималдуу аралык: чоңдор үчүн - 75 м, балдары менен ата-энелер үчүн - 40 м, балдар үчүн - 30 м болууга тийиш.
58. Жалпы пайдалануучу аймакка долбоордук документтерге ылайык пляждык зонадан сырткары табигый-ландшафттык эстеликтер түрүндө корголуучу жаратылыштык жашыл массивдер, эс алуу объекттеринин алдындагы аянттар, тротуарлар менен автомобиль өтүүчү жолдор, велосипеддик жолдор, жөө жүрүүчү аллеялар, жер алдындагы инженердик-транспорттук коммуникациялар жана курулмалар зоналары кирет.
59. Өзүнчө алынган эс алуу объектисинде эки жана андан көп менчик ээлери болсо, тротуарлар, жолдор, өтмөктөр, аллеялар, скверлер, өткөрүүчү пункттар жана долбоор менен аныкталган башка элементтер жалпы пайдалануучу аймак болуп саналат. Эксплуатация, пайдалануу, оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана эксплуатациянын наркын төлөө менчик ээлеринин үлүштүк катышуусу менен жүргүзүлөт. Башкаруунун уюштуруучулук түзүмү менчик ээлеринин арасында "кондоминиум" түрүндө же башкаруунун башка формасы менен аныкталат.
60. Санитардык-экологиялык, өрткө каршы, эвакуациялык жана башка талаптар менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде эс алуучулар тарабынан тиешелүү жоболорго, нускамаларга ылайык аткарылышы керек.
61. Ушул бөлүмдө каралган иштердин аткарылышын контролдоо тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
9. Жергиликтүү калктын пляжга барышын камсыз кылуу боюнча талаптар
62. Жергиликтүү калктын пляжга барышы "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык камсыз кылынат.
63. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пляждын менчик ээлери же аны пайдалануучу ижарачылар тиешелүү калктуу конуштун чегинде жайгашкан пляждын зонасына, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик айылдардын аймагындагы пляждын зонасына тоскоолсуз өтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
64. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пляждын менчик ээлерине же аны пайдалануучу ижарачыларга Ысык-Көлдүн пляждык зонасына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук жараткан жана ачылма калиткасы жок тосмолорду (дубал, решетка, металл тор) курууга тыюу салынат.
65. Пляждын менчик ээлери же аны пайдалануучу ижарачы көрүнүктүү жерде, биринчи кезекте эс алуучулар пляжга өтүүчү жерге жана калиткага жергиликтүү калктын пляжга баруу тартиби жөнүндө, анын ичинде пляждагы эс алуучулардын санынын чеги жөнүндө маалыматты илүүгө милдеттүү.
66. Пляжды пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тизмеге ылайык мамлекеттик органдар, ден соолукту чыңдоочу балдар лагерлери болгон учурда жергиликтүү калктын пляжга барышына чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилет. Бул учурда жергиликтүү жашоочулардын пляждын аймагына баруу тартиби тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануунун атайын чечими менен аныкталат.
67. Ушул Эрежеге ылайык белгиленген пляжды уюштуруу, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча талаптар бузулган учурда пляжды пайдалануучу жана ижарачы административдик укук бузуулар тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Пляждагы эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери боюнча талаптар
68. Пляждагы эс алуучулардын коопсуздугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерине шайкеш келүүгө тийиш.
69. Кырсыктын алдын алуу жана сууда кырсыкка учурагандарга жардам көрсөтүү максатында пляжда куткаруу посттору түзүлөт, сууда куткаруучулардын жана медкызматкерлеринин үзгүлтүксүз кезмети уюштурулат. Түзүлгөн куткаруу посттору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Суучулдарды даярдоо борборунун штаттык персоналын даярдоо, алардын функциялык милдеттери жана куткаруу постторунун иштеши жөнүндө жобонун талаптарына шайкеш келиши керек.
70. Медициналык жардам көрсөтүүнүн жакын арадагы пункту пляждан 1 км алыс эмес жерде болуусу тийиш же болбосо медициналык тез жардамдын 30 мүнөттөн ашпаган аралыкта келүүсү шарт.
71. Пляждын ар бир 30 метри сайын суу четинен 10 метрден ашык эмес аралыкта куткаруучу шаймандары жайгаштырылган такталар орнотулушу керек (куткаруу алкагы, Александров түйүнү), алкакта объекттин аталышы жана "Чөгүп баратканга ыргыт" деген жазуу жазылышы керек.
72. Ар бир пляжда диаметри 0,8 м болгон белги берүүчү шарларды көтөрүүчү түзүлүшү бар 8 метрге чейинки мачта орнотулат (кызыл шар - кырсыкты билдирүүчү белги жана кара шар - аба-ырайынын кескин бузулушун, сууга түшүүгө жана сууда сүзүү каражаттарын ижарага берүүгө тыюу салынгандыгын билдирүүчү белги).
73. Пляждар жана жалпы эс алуу жайлары визуалдык байкоо жүргүзүүгө жана көзөмөлгө алуу үчүн керектүү каражаттар менен жабдылып, эс алуучулардын кемелер өтүүчү жана моторлуу сүзүүчү каражаттар иштеген зоналарга сүзүп кирүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу буй тосмолор менен жабдылышы керек.
74. Пляждын акваториясынын түбү түз, дың эңкейиштүү, 1,75 м тереңдикке чейин тепкичсиз, жээктен 50 м чейинки тилке балырсыз, эс алуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган бадал-дарактын тамырларынан, темирдин сыныктарынан жана башка нерселерден тазаланышы керек.
75. Ар бир пляжда сууга сүзгөндү билбегендер үчүн тереңдиги 1,2 м ашпаган, сууда калкуучу тосмолор же буй менен белгиленген акваториянын тилкеси бөлүнүшү керек.
76. Пляждын акваториясынын сууда сүзүү чеги жээктен 50 м чейинки, бирок 1,5-1,75 м тереңдик сызыгынан ары эмес жайгашкан кызыл же саргыч түстөгү буйлар менен белгиленет.
77. Пляждын акваториясында төмөн температурадагы жер астындагы суулардын чыгуусу, айлампалар, иримдер болбошу керек, суунун агымы 0,5 м/секундадан ашпоого тийиш.
78. Сууга түшүүгө уруксат берилбеген жерлерде "Сууга түшүүгө болбойт!" деген жазуусу бар такталар орнотулуп, ал эми акваториянын коркунучтуу жерлери "Кооптуу!" деген жазуусу бар буйлар менен белгилениши керек.
79. Пляждарда жалпы сууга түшүү жайларында жана сүзүү бассейндеринде төмөнкүдөй маалымат жазылган такталар жана табличкалар кыргыз, англис жана орус тилдеринде орнотулат:
- пляжга кирүү жана анда болуу эрежелеринен көчүрмө;
- сууда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эрежелерден көчүрмө;
- эс алуучу жарандар үчүн сууга түшүү жана күнгө күйүү тартиби тууралуу сунуштар;
- абанын жана суунун температурасын, шамалдын согуу күчүн жана багытын, агымдын ылдамдыгын, көлдүн же башка көлмөлөрдүн толкундоосун көрсөтүүчү таблицалар;
- пляждын акваториясынын жана аймагынын чегин, тереңдигин жана сууга түшүүгө тыюу салынган жана кооптуу жерлерди (ачык белгиленген) көрсөтүүчү карталар;
- өзүн-өзү куткаруу ыкмалары;
- жабыркоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары;
- куткаруу постунун, куткаруу (суучулдар) станциясынын, ӨКМдин облустук ыкчам кезмет башкармалыгынын, авариялык-куткаруу кызматтарынын, медицина мекемесинин, милиция бөлүмүнүн жана Суучулдарды даярдоо борборунун жайгашкан жери жана телефон номери жөнүндө маалыматтар.
80. Маалыматтык такталарды жана табличкаларды даярдоо жана жайгаштыруу жоопкерчилиги пляжды пайдалануучуга жана ижарага алуучуга жүктөлөт.
81. Пляждагы эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында саат 8.00дөн 19.00гө чейин жана кайгуул режиминде саат 19.00дөн 8.00гө чейин күзөт кызматынын туруктуу кезмети уюштурулат.
11. Транспорттук коммуникацияларга, анын ичинде велосипеддик, жөө жүрүү кыймылына карата талаптар
82. Жергиликтүү маанидеги автомагистралдар ведомстволук таандыктыгына жараша тиешелүү жол белгилери жана автомобиль коюучу, автомашина токтоп туруучу жерлерди, жүргүнчүлөрдүн аялдап эс алуучу жерлерин көрсөтүүчү белгилер менен жабдылышы керек.
83. Кораблдер, теплоходдор жана катерлер үчүн мурдатан бар жана куруу пландаштырылган пристандар жүргүнчүлөр жана эс алуучулар үчүн коопсуздукту, ыңгайлуулукту камсыздап жана тейлөө үчүн жагымдуу шарттары болушу керек.
84. Бардык калктуу конуштарда жөө адамдар жүрүүчү жолдор жана тротуарлар, ал эми бардык эс алуучу объекттерде квартал ичиндеги жолдор караштырылышы керек. Бул курулмаларды тейлөө жана эксплуатациялоо оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүү менен ведомстволук таандыктыгына жараша жүргүзүлүшү керек.
85. Жөө жүрүүчү жолдорду, тротуарларды, велосипеддик жолдорду жер үстүндөгү сууларды буруу, таштандыларды механикалык тазалоо мүмкүндүгү менен караштыруу зарыл.
12. Курорттук-рекреациялык зоналардагы жана автомагистралдардагы объекттердин көркөм жасалгасына карата талаптар
86. Ден соолукту чыңдоо жана эс алуу объекттерин эксплуатациялоо процессинде шаар куруу жана архитектура органдары жана башка көзөмөлдөө органдары бул объекттерге ушул Эреженин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде кошумча талаптарды белгиленген тартипте коё алат.
87. Тышкы жарнактын архитектуралык-көркөмдүк элементтерин жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
88. Кабыл алынган жарнак такталар бийиктиги боюнча жана автожолдун жүрүүчү бөлүгүнө карата тийиштүү параметрлерди сактоо менен жердин мейкиндигине ылайык жайгаштырылышы керек.
89. Тышкы жарнакты автомагистралдардын жана жолдордун боюна жайгаштыруу жөнүндө чечимди аймактык шаар куруу жана архитектура органынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары автомобилдик жолдорду башкаруунун тийиштүү органы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү, башка техникалык кызматтар менен макулдашуу боюнча чыгарат.
13. Турган курулуштарды бузуу тартиби, убактылуу объекттерди жайгаштыруу жана аларды эксплуатациялоо тартиби
90. Турган имараттарды жана курулмаларды бузуу, заказчы-ээсинин кайрылуусу боюнча, шаар куруу документтерине жана аймактык шаар куруу органынын корутундусуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же райондук мамлекеттик администрация кабыл алган токтомдун негизинде ишке ашырылат.
91. Азык-түлүк продуктуларын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу үчүн боз үйлөрдү, күркөлөрдү, павильондорду жана башка убактылуу курулмаларды жайгаштыруу жер участогунун менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугу менен, шаар куруу жана архитектура органдары иштеп чыгып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же райондун мамлекеттик администрациясы бекиткен схемага ылайык, шаар куруу ченемдерин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.
92. Убактылуу объекттер белгиленген тартипте электр энергиясына, суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтырылышы керек. Алар болбосо, мындай объекттерди жайгаштырууга жана иштетүүгө тыюу салынат.
93. Эксплуатация учурунда убактылуу объекттерге жанындагы аймакты эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча көркөмдөп жасалгалоо талаптарына жооп берген тиешелүү такта жана жарнак орнотулушу керек, алар түнкүсүн жарыктандырылууга тийиш.
94. Убактылуу объекттерди орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби, ошондой эле алардын участогунун чек арасы орнотууга уруксатты тариздөөдө шаар куруу органы тарабынан аныкталат.
14. Ысык-Көлдүн жана башка көлмөлөрдүн, дарыялардын, көлдөрдүн суу бетин пайдалануунун тартиби
95. Ысык-Көл - ага куйган суулар, башка көлмөлөр, өзүнчө кичине көлдөр эс алууну жана адамдардын курорттук дарылануусун уюштуруу үчүн колдонулушу мүмкүн.
96. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагындагы бардык эс алуу субъекттери жана эс алуучулар жылдын мезгилине карабастан, өзгөчө эс алуу мезгилинин учурунда көлдүн тазалыгын камсыздоо менен байланышкан талаптарды сактоосу керек.
97. Ысык-Көлдүн жана башка көлмөлөрдүн, дарыялардын, кичине көлдөрдүн суу бетинде пирстик курулмалардан жана кораблдер, катерлер жана кайыктар үчүн токтоочу жайлардан тышкары объекттерди курууга жана жайгаштырууга тыюу салынат.
98. Көлдүн суусун өнөр жайлык максатка пайдаланууга, ошондой эле андан сууну сордуруп чыгарууга тыюу салынат.
99. Ысык-Көлдө техникалык талаптарга ылайык келбеген дизелдик отун менен жүрүүчү кемелерди пайдаланууга тыюу салынат.
15. Эс алуу объекттерин иштетүүгө даярдык
100. Бардык эс алуу объекттери жыл сайын 1-июндан кечиктирбестен кезектеги курорттук мезгилде иштетүүгө даярдыгы жөнүндө белгиленген тартипте паспорт алууга тийиш.