Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 699
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда уруксат берүүчү документтерди өз убагында берүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги
№ | Товардын аталышы | Эксперт-уюмдун аталышы | Ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизүүгө жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарууга уруксат берүү тартиби белгиленген товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1-позициясына ылайык озонду бузуучу заттар | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2-позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
3 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3-позициясына ылайык кооптуу калдыктар | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
4 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4-позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекция буюмдары | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
5 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6-позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарлар, айрым жапайы өскөн өсүмдүктөр жана жапайы өскөн дары өсүмдүктөр | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
6 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8-позициясына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыл китептерине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жандуу жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
7 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9-позициясына ылайык асыл таштар | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
8 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10-позициясына ылайык баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (баалуу металлдардын рудасын жана концентратын, баалуу металл камтыган сырьелук товарды ташып чыгарууда) | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
9 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11-позициясына ылайык минералдык сырьёнун түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
10 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12-позициясына ылайык баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
11 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13-позициясына ылайык баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
12 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.14-позициясына ылайык дары каражаттары | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
13 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16-позициясына ылайык радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктагы түзүлүштөр, анын ичинде башка товарлардын курамына орнотулгандар же киргизилгендер | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
14 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17-позициясына ылайык маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттар | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
15 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19-позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
16 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20-позициясына ылайык маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускалары | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
17 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21-позициясына ылайык адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттери, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
18 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22-позициясына ылайык кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана алардын патрондору | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
19 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23-позициясына ылайык отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кен чыккан жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалымат | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
20 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.30-позициясына ылайык лабораториялык масштабдагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондуу стандарт катары пайдаланууга тийиш болгон өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка туруктуу органикалык булгоочулар | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2. Атайын коргоочу чаралар катары тарифтик квоталарды, импорттук (атайын) квоталарды белгилөө жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 3.1-позициясына ылайык Сербия Республикасынан чыккан жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагына 2019-жылдын 25-октябрындагы бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга ылайык тарифтик квоталардын көлөмүнүн алкагында ташып келинген товарлар | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |