Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-апрели № 156
Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 11-июнундагы № 26, 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 699, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573, 2025-жылдын 18-июнундагы № 349, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4358-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 11-1-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 токтомунун редакцияларына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 310 "Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы "Экономика министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 38 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Тиркеме |
Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын
тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 699, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Товардын аталышы | Эксперт-уюмдун аталышы | Ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизүүгө жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарууга уруксат берүү тартиби белгиленген товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1-позициясына ылайык озонду бузуучу заттар | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2-позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
3 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3-позициясына ылайык кооптуу калдыктар | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
4 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4-позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекция буюмдары | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
5 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6-позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарлар, айрым жапайы өскөн өсүмдүктөр жана жапайы өскөн дары өсүмдүктөр | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
6 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8-позициясына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыл китептерине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жандуу жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
7 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9-позициясына ылайык асыл таштар | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
8 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10-позициясына ылайык баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (баалуу металлдардын рудасын жана концентратын, баалуу металл камтыган сырьелук товарды ташып чыгарууда) | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
9 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11-позициясына ылайык минералдык сырьёнун түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
10 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12-позициясына ылайык баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
11 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13-позициясына ылайык баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
12 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.14-позициясына ылайык дары каражаттары | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
13 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16-позициясына ылайык радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктагы түзүлүштөр, анын ичинде башка товарлардын курамына орнотулгандар же киргизилгендер | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
14 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17-позициясына ылайык маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттар | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
15 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19-позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
16 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20-позициясына ылайык маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускалары | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
17 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21-позициясына ылайык адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттери, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
18 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22-позициясына ылайык кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана алардын патрондору | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
19 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23-позициясына ылайык отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кен чыккан жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалымат | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
20 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.30-позициясына ылайык лабораториялык масштабдагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондуу стандарт катары пайдаланууга тийиш болгон өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка туруктуу органикалык булгоочулар | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2. Атайын коргоочу чаралар катары тарифтик квоталарды, импорттук (атайын) квоталарды белгилөө жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар | |||
1 | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2 | Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 3.1-позициясына ылайык Сербия Республикасынан чыккан жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагына 2019-жылдын 25-октябрындагы бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга ылайык тарифтик квоталардын көлөмүнүн алкагында ташып келинген товарлар | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |