Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 642
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыз кылуунун ченемдерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыз кылуунун ченемдери 1-5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен тынчтык мезгилде камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |