Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 79
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864, 2020-жылдын 3-февралындагы № 52, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы карама-каршылыктарды болтурбоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-октябрындагы № 719 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин тартиптик уставынын талаптарын кынтыксыз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин тартиптик уставында:
аталышындагы "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
кириш сөзүнүн үчүнчү абзацындагы "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20 жана 26-пункттарындагы "Юстиция министри" деген сөздөр "Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
49-пунктундагы "Юстиция министрине" деген сөздөр "Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
эскертүүлөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"(*) Жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери - жазык-аткаруу системасында кызмат өтөп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазык-аткаруу системасынын катардагы жана жетекчи курамынын атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары.
(**) Жазык-аткаруу системасынын органдары жана мекемелери деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын бардык түзүмдүк бөлүктөрү түшүнүлөт.";
- жогоруда аталган Тартиптик уставдын тиркемесинде:
4-пунктунда:
мамлекеттик тилдеги текстинде "ЖАББ начальнигинин орун басары, өз" деген сөздөр "Өз" деген сөзгө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинде "заместитель начальника ГУИН, начальник" деген сөздөр "Начальник" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-пунктундагы "ЖАББ начальниги" деген сөздөр "Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
7-пункттагы "Юстиция министри" деген сөздөр "Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун эрежесинде:
бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Курал-жаракты жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын аскердик бөлүктөрүндө жана уюмдарында (мындан ары - мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар деп аталат) ишке ашырылат.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- кириш сөзү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерин тынчтык мезгилде буюм мүлк менен камсыздоо ченемдерин тартипке салуу жана белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- 2-пунктундагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- жогоруда аталган токтомдун 1-5-тиркемелеринин аталыштарында "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелериндеги эскертүүлөр төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3. Накта териден жасалган зайтун түстөгү кулакчындуу тумак болбогон учурда ЖАСнын кызматкерлерине накта териден жасалган көк түстөгү кулакчындуу тумак берилет.
4. Жылууланган, камуфляждалган, зайтун түстөгү жасалма тери жакалуу күрмө болбогон учурда ЖАСнын кызматкерлерине жылууланган, камуфляждалган, көк түстөгү жасалма тери жакалуу күрмө берилет.";
- жогоруда аталган токтомдун 3 жана 4-тиркемелеринин эскертүүлөрү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Накта териден жасалган зайтун түстөгү кулакчындуу тумак болбогон учурда ЖАСнын аял кызматкерлерине кек түстөгү накта териден жасалган кулакчындуу тумак берилет.
Жылууланган, камуфляждалган, зайтун түстөгү жасалма тери жакалуу күрмө болбогон учурда ЖАСнын аял кызматкерлерине жылууланган, камуфляждалган, көк түстөгү жасалма тери жакалуу күрмө берилет.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл текстинде "Адилет министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин" деген сөздөр "баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген нормалардын аталыштарындагы "Адилет министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалаган адамдардын суткалык үлүш азыктарын алмаштыруунун нормаларынын мамлекеттик тилдеги текстинде "кармалаган" деген сөз "кармалган" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын колдонуунун жана алмаштыруунун эрежелеринде:
аталышындагы "Адилет министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы "кармалаган" деген сөз "кармалган" деген сөзгө алмаштырылсын;
11-пунктундагы "Адилет министрлигинин" деген сөздөр "жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |