Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 704
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 21, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 235 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол карта (мындан ары - Жол карта) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор:
1) Жол картаны белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТА
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 21, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 235 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу каражаты (сумма) |
I. Тарифтик саясат | ||||||
1 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу: - ЧОБ үчүн дем берүүчү ставкаларды киргизүү; | Камсыздандырылган жарандардын ар түрдүү категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жогорулатуу максатында КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | Соцфонд, ФМ, ЭКМ | 2022-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттары |
- юридикалык жакты түзбөстөн ДФЧ үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра кароо | 2024-ж. IV кварталы | |||||
II. Пенсиялык саясат | ||||||
2 | Пенсиялык укуктарды түзүү шарттарын оптималдаштыруу | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу: - майыптык боюнча пенсия чектөө саясатын өркүндөтүү; - пенсия чектөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; - пенсияга укук алуу үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин минималдуу камсыздандыруу стажын этабы менен киргизүү; - мөөнөтүнөн мурда пенсияларды жокко чыгаруу (пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен жана азайтпастан) | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү максатында КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | Соцфонд, ФМ | 2024-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттары |
- жаңы дайындалган пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жокко чыгаруу | 2024-ж. IV кварталы | |||||
III. Пенсиялык системанын топтомо компоненти | ||||||
3 | Пенсиялык системанын топтомо компонентинин жагымдуулугун арттыруу | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү: - инвестициялык портфелди кеңейтүү; - пенсиялык топтомо каражаттарын төлөө механизмин өркүндөтүү | Пенсиялык топтомо каражаттарын төлөө механизмин өркүндөтүүнүн уруксат берилген финансылык инструменттеринин санын көбөйтүү аркылуу пенсиялык топтомо каражаттарынын сакталышын жана көбөйүшүн камсыз кылуу максатында ЧУА кабыл алынды | Соцфонд, Мамфинкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча) | 2024-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун ОМЭПФ) каражаттары |
4 | Ыктыярдуу топтомо системаны өнүктүрүү | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү: - мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жана башкаруучу компаниялар үчүн инвестициялык портфелди кеңейтүү; | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жана башкаруучу компанияларга катышуучуларды тартуу максатында ЧУА кабыл алынды | Мамфинкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд | 2025-ж. IV кварталы | МЭПФ, БК каражаттары |
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча салыктык дем берүүлөрдү өркүндөтүү | МСК, Мамфинкөзөмөл, Соцфонд | 2025-ж. I кварталы | ||||
IV. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жагымдуу беделин түзүү | ||||||
5 | Социалдык фондду маалымат мейкиндигинде жаңыча позициялоо | Социалдык фонддун жаңы брендбугун иштеп чыгуу: - коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу; - коммуникациялык стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруу | Медиа мейкиндигинде Социалдык фонддун ачык-айкындуулугун, медиаактивдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу: - Социалдык фонддун иши жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу; - калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу; - калктын пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, Социалдык фондго ишенимди арттыруу жана жарандарды пенсиялык камсыздандыруу системасы менен камтууну жогорулатуу | Соцфонд | 2022-ж. IV кварталы - дайыма | Социалдык фонддун каражаттары |
V. Трансформациялоо жана иштин адамга багытталган моделине өтүү | ||||||
6 | Социалдык фонддун санариптештирүүсүн өнүктүрүү | Жаңы санариптик көз карандысыз платформаны иштеп чыгуу жана киргизүү | Камсыздандырылган адамдын жеке санариптик профили (электрондук пенсиялык иш), Соцфонддун интерактивдүү картасы иштелип чыкты | Соцфонд | 2026-ж. | Социалдык фонддун каражаттары, тартылган каражаттар |
Соцфонддун жаңы санариптик башкаруу платформасы иштелип чыкты жана киргизилди | 2026 ж. | |||||
Кызмат көрсөтүү жана тейлөө үчүн калк жана бизнес коомчулугу менен өз ара аракеттенүү үчүн санариптик система иштеп жатат | 2022-2023-жж. | |||||
Көп функциялуу КТБ | Сапат менеджментинин эл аралык стандарттарын колдонуп, калк менен иштөөнүн бирдиктүү фронт-офиси | Соцфонд, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Инфоком" МИ, МСК, "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. |
| ||
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
"Инфоком" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ДФЧ | - | дыйкан (фермердик) чарба |
Санариптик өнүктүрүү министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ФМ |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЧОБ | - | чакан жана орто бизнес |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
МЭПФ | - | мамлекеттик эмес пенсиялык фонд |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
"Кыргыз почтасы" ААК | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
БК | - | башкаруучу компания |
КТБ | - | калкты тейлөө борбору". |