Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 704 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана пенсиялык системанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Бул Стратегия ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүгө багытталган, алардын максаттарынын бири улуттук деңгээлде бардыгы үчүн социалдык коргоонун тийиштүү системаларын жана чараларын киргизүү жана 2030-жылга карата калктын аялуу катмарын камтуу боюнча олуттуу натыйжага жетишүү болуп саналат.
Стратегия пенсионерлерге татыктуу жашоо үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык системанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча багыттарды жана милдеттерди аныктайт.
1. Учурдагы кырдаалды талдоо
Пенсиялык системаны реформалоо жылдарында пенсиянын базалык бөлүгү түрүндө минималдуу пенсиялык кепилдиктер киргизилди, жеңилдиктер кыскартылды, пенсияга чыгуунун курактык чектери көбөйтүлдү (эркектер үчүн - 60 жаштан 63 жашка чейин жана аялдар үчүн - 55 жаштан 58 жашка чейин), камсыздандыруу кайра эсептөөлөрүнүн шарттары аныкталды, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана социалдык жардам принциптеринин чектери так чектелди. Натыйжада пенсиялык камсыздоонун эски методунан камсыздандыруу мезгилдеринин негизинде заманбап кайра бөлүштүрүү системасына өтүү болду.
1996-жылдан тартып жекече эсепке алуу системасы жана камсыздандырылган жарандардын өздүк камсыздандыруу эсеби киргизилди. Камсыздандырылган адамдын эмгек акысы менен каражаттарды төлөөнүн ортосундагы байланышты чыңдоо аркылуу социалдык камсыздандыруу системасы өркүндөтүлдү, социалдык камсыздандыруу органдарынын негиздери бекемделди жана статусу жогорулатылды, бул өз кезегинде камсыздандыруу базасынын өсүшүнүн оң динамикасына жана 2002-жылдан тартып пенсиялык системанын финансылык абалын турукташтырууга жетишүүгө таасирин тийгизди.
Ишкердикти өнүктүрүү максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери акырындык менен төмөндөтүлдү. 1999-2009-жылдары тарифтер 39,0%дан 27,25%га чейин, б.а. 11,75%га, анын ичинде иш берүүчүдөн тарифтер 13,75%га (33,0%дан 17,25%га чейин) төмөндөтүлдү, ал эми кызматкерден тарифтер 2010-жылы 6,0%дан 10,0%га чейин жогорулады. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) финансылык туруктуулугу сакталды.
Пенсиялык системанын жагымдуулугун жана пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү максатында 2010-жылы пенсиялык системанын топтомо бөлүгү киргизилди.
Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо эрежеси жана инвестициялык портфелдин курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптар аныкталды, ошондой эле сакталышын камсыз кылуу максатында активдердин айрым түрлөрүнө инвестициялоого чектөөлөр коюлду. Камсыздандырылган адамдардын бир гана топтомо пенсиялык фондун, башкаруучу компанияны жылына бир жолудан көп эмес тандап алуу, ошондой эле өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтомо фондунан экинчисине которуу укугу белгиленди.
Ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү каржылоо жана Оор оорулардын тизмесине ылайык оор оорулары бар адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алуу мүмкүнчүлүгүн караган пенсиялык топтоо каражаттарын төлөөнүн жаңы механизмдери киргизилди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтому).
Пенсиялык системага маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү жана өркүндөтүү боюнча иштер дайыма жүргүзүлүп келет.
Башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасына жекече эсепке алуу, чегерүүлөрдү жана түшүүлөрдү эсепке алуу, пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө, пенсияларды эсептөө жана төлөө сыяктуу процесстер киргизилди. Ошондой эле башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасында пенсиялык топтоолор менен иштөө жана башкаруучу компаниялар менен өз ара аракеттенүү боюнча блок ишке ашырылды.
Акыркы бир нече жылдын ичинде пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жогорулатууга; жарандардын өздүк камсыздандыруу эсептериндеги камсыздандыруу төгүмдөрүн инфляциянын деңгээлинде жыл сайын индексациялоого; пенсияны чектөөдө жана жогорулатууда колдонулуучу механизмдерди жана формулаларды толук кайра карап чыгууга багытталган пенсиялык камсыздоо жаатында бир нече маанилүү мыйзамдар кабыл алынды.
Пенсиялык системада калктын аялуу катмарлары үчүн социалдык коргоо механизмдери каралган: 1-топтогу майыптардын пенсиясы мындан ары пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн болбойт, ал эми мамлекет кепилдик берген пенсиянын базалык бөлүгү пенсиясы аз пенсионерлерди колдоого кызмат кылат.
Эмгек мигранттарынын пенсия менен камсыз болуу укугун ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Эмгек мигранттарына социалдык коргоо системасына толук катышууга мүмкүндүк берген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге кол коюлду жана ал күчүнө кирди.
Ошондой эле Түштүк Корея менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду жана ал ишке ашырылууда. Бул келишиминин алкагында Түштүк Корея Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Түштүк Кореянын аймагында иштеген мезгилинде түзүлгөн пенсиялык топтоолорунун (камсыздандыруу төгүмдөрү жана аларды инвестициялоонун натыйжасында алынган киреше) бир жолку төлөмдөрүн которот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 191-т тескемеси менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясына ылайык жумушка орношкон мамлекеттин жарандары үчүн каралган шарттарда жана тартипте эмгек мигранттарынын пенсиялык укуктарын сактоону караган өкмөттөр аралык келишимдерди түзүүнүн күтүлгөн натыйжалары менен чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн жарандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенген чет өлкөлүк жарандарды пенсиялык камсыздоо системасына тартуу боюнча милдет каралган.
Ушуга байланыштуу пенсиялык камсыздоо жөнүндө эки тараптуу эл аралык макулдашууларды түзүү боюнча иштер мындан ары да жүргүзүлөт, алар ишке орношкон мамлекетте эмгекчилер - мигранттар үчүн пенсиялык укуктарды түзүүдө бирдей шарттарды түзүүнү карайт.
1.1. Тышкы шарттар
Пенсиялык фонддун чыгымдарынын өсүшү (2021-жылы ИДПнын 7,7%) жана пенсиялардын жыл сайын жогорулашы мамлекет тарабынан улуу муунга кам көрүлүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен жогору пенсия алган пенсионерлердин саны боюнча көрсөткүчтөр жакшырды. Алсак 2010-жылы пенсионерлердин 22,5% гана пенсиясын пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен жогору алса, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай пенсионерлердин үлүшү 51,0%га чейин жогорулады. Пенсионердин жашоо минимумунун көрсөткүчүнө карата пенсиянын орточо өлчөмү да 2010-жылы 89,0%дан 2021-жылы 110,8%га чейин өзгөргөн.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсия алуучулардын жалпы саны 713,0 миң адамга жетти, акыркы беш жылда 79,1 миң адамга же 12,0%га көбөйдү.
Пенсия алуучулар өлкөнүн калкынын 11,0%ын түзөт; пенсия алуучулардын 68,4% айыл жеринде жашайт, бул айыл калкынын жалпы салыштырма салмагына туура келет. Курагы боюнча пенсия алуучулар пенсионерлердин жалпы санынын 77,5%ын, калктын 89,3% эмгекке жарамдуу курактан улууларды түзөт (аялдар 58+, эркектер 63+). Квалификациялык стажга минималдуу талаптардын аркасында улгайган адамдар курагы боюнча пенсия менен толук камтылууда. Мындан тышкары белгиленген жашка чейин пенсия алууга укуктуу көптөгөн категориялар да курагы боюнча пенсия алуучулардын жалпы санына кирет.
Алсак 2021-жылы курагы боюнча жаңы пенсиялардын 69,7% мөөнөтүнөн мурда же жеңилдетилген негизде чектелген. Эрте пенсияларды чектөө пенсияга чыгуунун орточо анык курагы белгиленген курактан дээрлик эки жылга төмөн болушуна таасир этүүдө. Мындан тышкары системага аз катышуунун эсебинен алардын баштапкы пенсияларынын өлчөмү толук камсыздандыруу стажына ээ болуп, жалпы белгиленген куракта пенсияга чыккандарга караганда кыйла төмөн, мындай жагдай пенсионерлердин арасында жакырчылыкка алып келет. Ошондой эле 80 жашка чыккан пенсионерлердин саны 2010-жылы 31,0 миң адамдан 2021-жылы 51,9 миң адамга чейин көбөйдү.
Курагы боюнча пенсия алуучулардын 71,0% - аялдар. Мындай жогорку гендердик дисбаланс аялдардын узак жашоосу жана пенсия курагынын төмөндөшү менен гана эмес, ошондой эле эрте пенсияга чыгуу боюнча көптөгөн жеңилдиктер менен да түзүлөт. Жеңилдетилген эрте пенсиянын эң кеңири таралган категориялары - көп балалуу энелер жана майыптыгы бар балдардын энелери (28,7 миң адам же жеңилдик алгандардын жалпы санынын 46,3%) жана бийик тоолуу аймакта жашаган 3 же андан көп баласы бар энелер (13,8 миң адам же жеңилдик алгандардын жалпы санынын 22,3%). Иш жүзүндө эрте пенсияларды чектөө көп балалуу болууга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү функциясын аткарат, бирок Кыргыз Республикасында төрөлүүнүн деңгээли жогору бойдон калууда, төрөлүүнүн суммардык коэффициенти туруктуу түрдө бир аялга 3 баладан ашат. Мында кредиттик стаждын эне болуу мезгилдерин төгүмдөр менен жабуу маселеси жөнгө салынбаган бойдон калууда. Ошону менен бирге республикада, бүтүндөй дүйнөдө калктын жашоо узактыгынын өсүшү байкалууда.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча курагы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эске албаганда 6248,0 сомду түздү, бул пенсионерлер үчүн иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунан дээрлик 12%га жогору. Ошол эле учурда жеңилдик алуучулардын пенсияларынын өлчөмү чектеп жатканда республика боюнча орточо пенсиянын 50,0%ын гана түзөт.
Жаңы чектелген пенсиялардын арасында 16,0% 2000 сомго чейинки өлчөмдө (базалык пенсиянын деңгээлинен жогору эмес), 48,8% - 2001 сомдон 3000 сомго чейин, дагы 16,1% - 3001ден 4000 сомго чейин пенсия алышкан.
Жаңы жана мурда чектелген пенсиялардын ортосундагы ажырым камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин көп сандаган жеңилдетилген категорияларынын болушу жана жаңы чектелген пенсионерлердин арасында жеңилдетилген жана мөөнөтүнөн мурда чыккандар басымдуу экендиги менен түшүндүрүлөт.
Мында жыл сайын "минималдуу чектерди" (200-500 сом) колдонуу менен пенсияларды индексациялоо жүргүзүлөт, алар пенсияларынын өлчөмү төмөн пенсионерлерди колдоого багытталган. Бирок бул иш-чаралар пенсионерлердин бардык категориялары үчүн пенсиянын орточо өлчөмүн теңдештирет жана пенсиялык системанын дисбалансына жана кайра бөлүштүрүү учурларына алып келет.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - Улутстатком)(1) маалыматтары боюнча республикада калктын санынын өсүшүнө карабастан, курактык түзүмдүн улгайган куракка өтүшү болжолдонууда, өлкөнүн калкы калктын курактык түзүмүн трансформациялоонун жаңы этабына кире баштады, анда балдардын жана улуу курактардын катышы акыркылардын пайдасына түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Кыргыз Республикасында кабыл алынган эмгекке жарамдуу курактын балдарга карата демографиялык жүгүнүн коэффициентин бөлүп көрсөтүү критерийи боюнча 2020-жылы 570тен 2050-жылы 400ге чейин кыскарат, ал эми улуу курактагылардын жүгү эки эсеге - 200дөн 400гө көбөйөт. Демографиялык жүктү трансформациялоо социалдык камсыздоо системасына маанилүү таасирин тийгизиши мүмкүн.
Улгайган курактагы адамдардын үлүшүнүн туруктуу өсүшү калктын курактык түзүмүнүн эволюциясынын жаңы этабынын башкы тенденциясы болуп калат. Болжолдоонун орточо варианты боюнча 60 жаштагы жана андан улуу адамдардын салыштырмалуу саны 2050-жылга карата дээрлик үч эсеге көбөйөт. 2030-жылдан баштап картаюу процесси жыла баштайт: эң тез өсүү темпи 80 жаш жана андан улуу куракка туура келет. Калктын медиандык курагы да болуп көрбөгөндөй тез ылдамдыкта жогорулайт: жакынкы жыйырма жылда ал мурдагы кырк жылдагыга караганда 5 жылга, ал эми бүткүл болжолдонгон мезгилде - дээрлик 10 жылга көбөйөт. Бул өзгөрүүлөрдүн процессинде 2030-жылдары курактык түзүм өзүнүн параметрлери боюнча демографиялык жетилүү баскычына өтөт: Медиандык курак 30 жаштан ашат, картаюу индекси - 50дөн, ал эми улгайгандардын үлүшү - 12,0%дан ашат.
Бирок демографиялык картаюу пенсионерлердин курагы боюнча пропорционалдуу өсүшкө алып келбейт, анткени пенсия чектөө ыктымалдыгы камсыздандыруу стажына байланышкан. Азыр улгайган адамдардын дээрлик 100,0% курагы боюнча пенсия менен камтылган, бул негизинен иш менен милдеттүү жана расмий түрдө камсыз болгон "советтик" стаждын болушуна байланыштуу.
Эгерде азыр төлөөчүлөр эмгекке жарамдуу курактагы калктын үчтөн биринен көбүрөөгүн түзсө (башкача айтканда, үчтөн экиси иштебейт же каттоосуз жана социалдык камсыздандыруусу жок иштеп жатат), мындай төмөн деңгээлдеги катышуу менен көптөгөн адамдар пенсия курагына өтө аз, ал тургай нөлдүк стажы менен жетет, буга негизинен эмгекке жарамдуу 1 миллиондон ашык жаран жүргөн эмгек миграциясын жана республикадагы формалдуу эмес иш менен камсыз болуунун жогорку деңгээлин да (2018-жылы Эл аралык эмгек уюмунун маалыматтары боюнча 52,5%, 2021-жылы Улутстатком боюнча - 66,5%) кошууга болот.
Пенсия курагындагы калктын санынын тез өсүшү пенсиялык төлөмдөргө чыгымдарды узак жана көбүрөөк каржылоо зарылчылыгына алып келет, ал эми пенсияга укугу жок улгайган адамдардын санынын өсүшү - курагы боюнча пенсиялар менен камтуунун азайышына жана анын натыйжасында улгайган адамдардын жакырчылык тобокелдигинин көбөйүшүнө алып келет, бул социалдык чыңалуунун өсүшүнө, жалпы макросоциалдык индикаторлордун начарлашына жана келечекте социалдык жөлөкпулдарга жана башка социалдык колдоо программаларына республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйтүү зарылдыгына алып келет.
Ошентип пенсиялык камсыздоо өзүнүн социалдык маанилүүлүгүнөн улам мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий эмгек рыногунун абалы жана эмгек акы төлөө системасы, салык жана финансы системалары, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык жана социалдык-экономикалык кырдаал менен тыгыз байланышта.
Пенсиялардын өлчөмүнүн төмөн болуу көйгөйү көбүнчө өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжасы жана азыраак деңгээлде - пенсиялык системанын өзүнүн түзүмүнүн же иштешинин натыйжасы болуп саналат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн база болуп эмгек акы эсептелет, көпчүлүк кызматкерлердин эмгек акысы төмөн.
Алсак Улутстаткомдун маалыматы боюнча 2021-жылы орточо айлык эмгек акы Кумтөрдү эсепке албаганда 19330 сомду түздү.
Пенсиялык камсыздоонун минималдуу деңгээлин "типтүү эмгек акынын" 40,0% өлчөмүндө белгилеген Эл аралык эмгек уюмунун № 102 (Женева, 1952-жылдын 28-июндагы) "Социалдык камсыздоонун минималдык ченемдери жөнүндө" конвенциясынын ченемдерине ылайык 30 жылдык камсыздандыруу стажы (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгили) болгон учурда пенсиялык системанын баланстуулугу үчүн төлөөчүлөр менен пенсионерлердин санын 1:3төн кем эмес катышта сактоо зарыл, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн анык саны 1:0,8 түзөт.
Мындай жагдай камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин көптөгөн жеңилдетилген категорияларынын болушу менен байланышкан.
Таблица
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жеңилдетилген категориялары
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жеңилдетилген категориялары | |
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген ЖИ үчүн (2011-жылдан тартып) | ОАЭ өлчөмүнүн 40,0%ынан 12,0% |
Жогорку технологиялар паркынын резиденттери үчүн (2011-жылдан тартып) | ОАЭ өлчөмүнөн 12,0% |
Айыл чарба кооперативдери үчүн (2012-жылдан тартып) | эмгек акы төлөө фондунан 12,0% |
Дыйкан фермердик чарбалар үчүн (2017-жылдан тартып) | камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин жылдык базалык ставкасынын өлчөмүндө |
ЖИ үчүн (2017-жылдан тартып): - контейнерлер, павильондор, күркөлөр | ОАЭ(2) 6,0%дан кем эмес |
- лотоктор, соода орундары | ОАЭ(2) 3,0%дан кем эмес |
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө өндүрүш ишин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн (2020-ж.) | ОАЭ өлчөмүнүн 40,0%ынан 12,0% |
Бюджеттик уюмдардын жана чарбакер субъекттердин төлөөчүлөрү төлөөчүлөрдүн жалпы санынын 50,4%ын түзөт, ошол эле учурда алар түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынын 96,4%ынан ашыгын камсыз кылат.
Төлөөчүлөрдүн эң көп сандаган категориясы - дыйкан-фермердик чарбалардын мүчөлөрү (39,4%), алар жердин аянтына жана асылдуулугуна жараша символикалык белгиленген ставкалар боюнча (айына орточо 7,7 сом) төгүмдөрдү төлөшөт. Дыйкан-фермердик чарбалардын төгүмдөрдүн жалпы түшүүлөрүндөгү үлүшү болгону 0,6%ды түзөт, мында төлөөчүлөрдүн бул категорияларына пенсия төлөөгө Пенсиялык фонддун бюджетинин 40,0%га жакыны багытталат.
Ошентип дыйкан-фермердик чарбалардын мүчөлөрүнүн пенсиясынын өлчөмү негизинен пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнөн эмес, пенсиянын базалык бөлүгүнөн турат, бул актуардык дисбалансты, пенсиянын өлчөмүнүн төмөндүгүнө негизсиз нааразычылыкты, олуттуу жогорулатуу жөнүндө талаптарды, пенсиялык системада кайра бөлүштүрүү учурларын жаратат.
Ушуга байланыштуу калктын бардык категориялары үчүн пенсиялык системанын бирдиктүүлүгү экономиканын ар түрдүү тармактарындагы иш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дифференцияланган ставкаларына каршы келет, бул пенсиялык системанын актуардык дисбалансына алып келет.
Экономикалык активдүү калк 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 2,6 млн. адамды түздү, алардын ичинен иш менен камсыз болгон калк - 2,4 млн. адам, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр - 1,4 млн. адам.
Курулуш, соода, жүк ташуу, транспорт, мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк боюнча кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар чөйрөсүнүн кызматкерлери, башкача айтканда, чакан жана орто бизнестин кызматкерлери формалдуу эмес иш менен камсыз болууга көбүрөөк умтулушат.
Улутстаткомдун маалыматы боюнча формалдуу эмес жумуштуулуктун үлүшү курулуш чөйрөсүндө - 84,2%ды, иштетүү өнөр жайында - 75,7%ды, соода чөйрөсүндө - 69,5%ды, мейманкана ишинде - 86,5%ды, башка тейлөө ишинде - 78,9%ды, ал тургай саламаттык сактоо тармагында - 13,4%ды түзөт. Башкача айтканда, формалдуу эмес иш менен камсыз болуунун 75,2% ушул тармактарга туура келет.
Бул жагдай чакан жана орто бизнес негизинен атайын салык режимин колдонгондугу, өз ишин ачууда жана токтотууда жана анын натыйжасында кирешелерди жашырууда жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууда мобилдүү болгондугу менен түшүндүрүлөт.
Орто эсеп менен чакан жана орто бизнестин, ошондой эле тигүү өнөр жайынын кызматкерлеринин 75,2% үчүн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөйт.
1.2. Ички шарттар
Бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасына бардык бизнес-процесстер кошулган: жекече эсепке алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чегерүүлөрүн жана түшүүлөрүн эсепке алуу, пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө, пенсияларды эсептөө жана төлөө. Ошондой эле бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасында пенсиялык топтоолор менен иштөө боюнча блок ишке ашырылган. Бирок пенсия чектөөдө документ чогултууга жана ырастоого көп убакыт сарпталат. Социалдык фонд көптөгөн мамлекеттик органдар менен документтерди ырастоо боюнча иштерди жүргүзөт жана маалымат алмашуу кагаз жүзүндө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу камсыздандыруу стажын аныктоодо жана пенсияларды чектөөдө адам факторунун - каталардын болуу тобокелдиктери бар.
Социалдык камсыздандыруу системасында 713,0 миңге жакын пенсионер катталган. Жыл сайын 50,0 миңден ашык адамга пенсия чектелет жана 102,0 миңден ашык адамга кайра эсептелет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, эсепке алуу жана төлөөнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүүдө туура жана өз убагында маалымат алмашууда, 600,0 миңден ашык төлөөчүнүн отчетторун жана төлөмдөрүн төзөтүү, тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө кыйынчылыктар бар.
2. Стратегиянын негизги максаттары жана артыкчылыктары
Бул Стратегиянын максаттары мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, камсыздандыруу принциптерин жана пенсия чектөө жол-жоболорун өркүндөтүү, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле бул Стратегия жарандардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн келечекке кам көргөн ишенимдүү өнөктөшү катары Социалдык фондго болгон мамилесин өзгөртүүгө багытталган.
Стратегия төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) пенсиялык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу, пенсиялык жана тарифтик саясатты, топтоочу компонентти башкаруу саясатын жүргүзүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу, пенсияларды чектөө жана төлөө боюнча аткаруучу орган катары Социалдык фонддун ишинин төмөнкүлөр боюнча натыйжалуулугун жогорулатуу:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү;
- пенсиялык укуктарды түзүү шарттарын оптималдаштыруу;
2) мыйзамдарда каралган шарттарга ылайык кирешелерди көбөйтүү үчүн инвестициялык портфелди диверсификациялоо жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча пенсиялык системанын топтоо компонентин өркүндөтүү;
3) Социалдык фонддун жагымдуу имиджин, адамга багытталган санариптик өнүгүү моделин түзүү боюнча санариптик технологиялар аркылуу аралыктан кызмат көрсөтүүнү кошо алганда, тиешелүү деңгээлде оперативдүү кызмат көрсөтүүнү камсыз кыла турган инновациялык инструменттерди жана методдорду бардык жерде жайылтуу жана иште колдонуу.
3. Стратегиянын негизги милдеттери жана чаралары
Стратегиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
3.1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү
Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү пенсиялык системанын камсыздандыруу принциптерин өркүндөтүүгө, камсыздандырылган жарандардын ар түрдүү категорияларына карата анын адилеттүүлүгүн жогорулатууга, кайра бөлүштүрүү учурларын минималдаштыруу жана пенсиялык системанын актуардык дисбаланс көйгөйлөрүн чечүү аркылуу анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталууга тийиш.
1 гектарга барабар же андан жогору жер үлүшүнө ээ болгон адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жеке ишкерлерге теңештирилет. Мында пенсияларды андан ары өзүнчө чектөө жана төлөө үчүн дыйкан (фермердик) чарбалардан түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн өзүнчө эсепке алууну уюштуруу каралат.
Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу жана андан ары өнүктүрүү, колдоо максатында кызматкерлердин көрсөтүлгөн санына жана эмгек акысынын өлчөмүнө жараша камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча жүктү 22,0%га жана 14,0%га чейин азайтуу боюнча чараларды көрүү зарыл.
Ошону менен бирге камсыздандырылган жарандардын пенсиялык камсыздоо деңгээлине укуктарын коргоо максатында алган эмгек акысына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн минималдуу чектин өлчөмү кайра каралат.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында чакан жана орто бизнесте иштеген кызматкерлерди социалдык камсыздандыруу менен камтууну көбөйтүү, кызматкерлердин реалдуу санын чагылдыруу, жашыруун эмгек акынын үлүшүн кыскартуу күтүлүүдө. Мында ири төлөөчүлөр менен чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин ортосунда төлөнгөн төгүмдөр боюнча орун алган дисбаланс азаят.
3.2. Пенсиялык укуктарды түзүү шарттарын оптималдаштыруу
Пенсиялык саясатты өркүндөтүү, пенсиялардын деңгээлин жогорулатуу максатында эл аралык ченемдердин деңгээлинде пенсия алуу үчүн келечектеги пенсионерлердин пенсиялык укуктарын түзүүнүн экономикалык жана укуктук өбөлгөлөрүн түзүү каралууда:
- пенсияга чыгуу укугун алуу үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин минималдуу камсыздандыруу стажын этабы менен киргизүү. Пенсия чектөө үчүн минималдуу камсыздандыруу иш стажын киргизүү - бул жарандардын иш менен камсыз болушун мыйзамдаштырууга жана бирөөнүн багуусунда жүрүү мамилелерин чектөөгө, эмгекке жарамдуу адамдардын өз келечеги үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга жана пенсиялык укуктарын түзүүгө дем берүү болуп саналат. Минималдуу камсыздандыруу стажы жок же жетишпеген учурда жарандар камсыздандыруу стажын калыбына келтирүүнүн жалпы белгиленген колдонуудагы ченеми боюнча жетишпеген мезгилди калыбына келтирүүгө же курагы боюнча социалдык жөлөкпулга гана талапкер болууга укуктуу;
- камсыздандырылган адамдарды чоң өлчөмдөгү пенсия алуу үчүн өзүнүн пенсиясын түзүүгө толук катышууга шыктандыруу максатында мөөнөтүнөн мурда пенсияларды (пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен жана азайтпастан) жокко чыгаруу жөнүндө;
- жеңилдетилген категориялардын пенсияга чыгуу курагын жалпы белгиленген пенсия курагына шайкеш келтирүү. Этабы менен жогорулатылган шартта бул чара республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү токтото туруу;
- жарандардын өзгөчө аялуу категорияларын колдоо максатында майыптыгы боюнча пенсия чектөө саясатын өркүндөтүү;
- жаңыдан чектелген пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жокко чыгаруу. Пенсиянын базалык бөлүгү республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт, ал улгайганда акча табуу мүмкүнчүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу жарандардын зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылуу максатында мамлекеттин социалдык жактан колдоо инструменттеринин бири болуп санала тургандыгын белгилей кетүү керек. Электр энергиясы үчүн компенсация жана пенсиянын базалык бөлүгү бир булактан каржыланарын эске алуу менен сунушталган чара республикалык бюджеттен каражаттарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Көрүлгөн чаралардын натыйжалары жарандардын пенсиялык системага финансылык катышуусунун узактыгына жараша пенсиялардын татыктуу деңгээлин, пенсиялык төлөмдөрдүн адилеттүүлүгүн камсыз кылууга, республикалык бюджеттен социалдык трансферттердин үлүшүн оптималдаштырууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
3.3. Пенсиялык системанын топтомо компонентин өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттары Кыргызстандын ички рыногундагы гана финансылык активдерге инвестицияланат. Мында пенсиялык топтоо каражаттарынын туруктуу өсүшү ички финансылык рыноктун керектөөлөрүнүн көлөмүнөн ашып кетүүгө жана ага ылайык алардын кирешелүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.
Инвестициялык саясатты өркүндөтүүнүн негизги багыты катары инвестициялык активдердин тизмесин кеңейтүү каралат.
Орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик баалуу кагаздар пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштыруу боюнча инвестициялык портфелдеги негизги финансылык инструмент болуп кала берет. Социалдык фонддун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча тооруктарына түздөн-түз катышуусу активдин бул түрү боюнча кирешелүүлүктү 7,5-16,0% деңгээлде камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик баалуу кагаздарга салымдардын кепилдик даражасы жана депозиттерди жайгаштыруу мөөнөтү мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүнүн жогорку деңгээлин белгилейт.
Бирок альтернативдүү инструменттерге акырындык менен алмаштыруу аркылуу бир инструментке көз карандылыкты азайтуу үчүн үлүштү акырындык менен азайтууну камсыз кылуу керек (65,0%-70,0%дан 45,0%-50,0%га чейин).
Финансы-кредиттик уюмдардагы депозиттерге тиешелүү бөлүгүндө депозиттик аманаттардын кирешелүүлүк деңгээлинин төмөндөшүнөн улам бул инструментке жайгаштыруунун көлөмүн кыскартуу каралган. Депозиттердин кирешелүүлүк деңгээлин жогорулатуу боюнча кошумча чаралар катары аманаттарды жайгаштыруу мөөнөттөрүн 12, 18 айдан 24 айга чейин диверсификациялоону кароо зарыл.
Пенсиялык системанын топтоо компонентинин жагымдуулугун жогорулатуу жана камсыздандырылган жарандарга убактылуу жумушсуздук мезгилинде социалдык колдоо көрсөтүү үчүн эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүндө пенсиялык топтоолорду кыска мөөнөткө (3 айдын ичинде), ай сайын төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү максатка ылайыктуу.
3.4. Социалдык фонддун жагымдуу имиджин түзүү
Азыркы учурда Социалдык фондду масштабдуу трансформациялоо милдеттерин ишке ашыруу максатында алгачкы этапта Социалдык фондду жагымдуу позициялоо (имидж) боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү болжолдонууда, бул калктын, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн ишенимин жана алардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга катышууга болгон мотивациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Маалыматтык чөйрөдөгү трансформациялоонун негизи катары Социалдык фонддун позицияларын толук кайра карап чыгуу, иштин бюрократиялык методдорун алып салуу жана заманбап, оперативдүү, динамикалуу өнүгүп жаткан, камсыздандырылган жарандар жана пенсия алуучулар үчүн ыңгайлуулукту жана алардын кызыкчылыктарын коргоону артыкчылыктуу катары койгон уюмду түзүү болжолдонууда.
Ошол эле учурда бизнес чөйрөсү (төлөөчүлөр) үчүн коммуникация тартибин өзгөртүү талап кылынат, мында Социалдык фонд мыйзам талаптарын сактоодо мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын туруктуулугун камсыз кылууда төлөөчүлөрдүн керектөөлөрүнө жана суроо-талаптарына ийкемдүү өнөктөш болот.
Ошону менен бирге санариптик технологияларды жигердүү өнүктүрүп, камсыздандырылган адамдар менен ар кандай коммуникацияларды оперативдүү жүргүзүү белгиленүүдө, ал эми бардык продуктулар жекелештирилүүгө тийиш.
Социалдык фондду позициялоодон тышкары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча коммуникациялык кампанияларды жүргүзүү талап кылынат. Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу макроэкономикалык туруктуулуктун, пенсиялык системанын натыйжалуу ишинин негизи катары камсыздандыруу принцибин чыңдоонун маанилүү багыты болуп саналат. Калктын пенсиялык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, пенсиялык институттарга болгон ишенимин жогорулатууга жана жарандарды пенсиялык камсыздандыруу системасы менен камтууну көбөйтүүгө дем берүү зарыл.
Төмөнкүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда:
1) Социалдык фонддун жагымдуу позициясын (имиджин) түзүү;
2) камсыздандырылган адамдар менен ар кандай коммуникацияларды оперативдүү жүргүзүүгө жана бардык продуктуларды жекелештирүүгө мүмкүндүк берүүчү санариптик технологияларды өнүктүрүүгө;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
3.5. Трансформациялоо жана адамга багытталган санариптик өнүгүү моделине өтүү
Пенсиялык системаны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө негизги аткаруучу орган катары Социалдык фондду трансформациялоо "эски" үлгүдөгү бюрократиялык мекемеден натыйжалуу, технологиялык корпоративдик түзүмгө трансформациялоо процесстерин натыйжалуу аяктоодо Социалдык фонддун ийгилигинин жана стратегиялык ролунун орчундуу фактору катары белгиленген. Атап айтканда трансформациялоо боюнча иш-чаралардын алкагында калкка кызмат көрсөтүүнүн ыңгайлуулугун жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн реинжиниринг жана бизнес-процесстерди санариптештирүү процесси улантылат.
Санариптик трансформациялоо жаңы технологияларды, жаңы муундагы ыкмаларды колдонуу менен өндүрүштүк, башкаруучулук же экономикалык иште милдеттерди чечүүгө мамилелерди өзгөртүүнүн, ошондой эле жаңы санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү/продуктуларды өнүктүрүүнүн эсебинен Социалдык фонддун ишинин негизги багыттарын кайра курууну жана жакшыртууну камсыз кыла турган негизги демилгелердин бири болот.
Санариптик трансформациялоонун жүрүшүндө Социалдык фонддун санариптештирүү, ошондой эле санариптик инфраструктураны өз алдынча өнүктүрүү чөйрөсүндөгү муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн терең реформаларды жүргүзүү жана жаңы ыкманы бекемдөө талап кылынат.
Ошондой эле трансформациялоонун негизги милдеттеринин бири корпоративдик маданияттын жаңы стандарттарын жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбалардын баалуулуктарын киргизүү аркылуу Социалдык фонддун адам капиталын өнүктүрүү болуп саналат.
Негизги стратегиялык багыттарды жана трансформациялоону ишке ашыруу бүтүндөй Социалдык фонддун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча стратегиялык максаттарга жетүү процессин тездетет.
Ишти масштабдуу трансформациялоо Социалдык фонддун тышкы имиджин өзгөртүүдөн гана турбастан, ошондой эле төгүмдөрдү төлөөчүлөр, өнөктөштөр, пенсияларды жана социалдык чегерүүлөрдү алуучулар менен болгон иштин жана коммуникациянын бардык процесстерине да таасирин тийгизүүгө тийиш.
Төгүмдөрдү төлөөчүлөр, өнөктөштөр, пенсияларды жана социалдык чегерүүлөрдү алуучулар менен өз ара аракеттенүү парадигмасын концептуалдуу түрдө алмаштыруу жана Социалдык фонддун бардык ишинин башына социалдык камсыздандыруунун мыйзамдарда белгиленген принциптерине жараша адамдын керектөөлөрүн коюу болжолдонууда.
Алгачкы этапта калктын керектөөлөрүн, жарандардын ыңгайлуулугун канааттандыруу жана Социалдык фондду трансформациялоонун натыйжаларын көрсөтүү үчүн фронт-офистерди - тейлөө борборлорун ачуу болжолдонууда.
Калкты түздөн-түз тейлөө менен катар борборлордо санариптик инструменттерди киргизүү милдеттүү түрдө талап кылынат. Ошентип, кыска мөөнөттө жаңы санариптик продуктуну ишке киргизүү талап кылынат.
Ушуга байланыштуу "Камсыздандырылган адамдын электрондук өздүк кабинети" автоматташтырылган маалыматтык системасына бир нече санариптик продуктуларды киргизүү болжолдонууда:
1) камсыздандырылган адамдын жеке санариптик профили (сүрөт жана башка маалыматтар менен), төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берүү менен:
- камсыздандырылган адамдын ишинин камсыздандыруу мезгили (санариптик эмгек китепчесине өтүүнүн биринчи этабы);
- фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
- чегерилген кирешелер;
- инвестициялык кирешени эске алуу менен топтомо пенсиялык фонддун каражаттары;
2) эсептешүү картасы, төмөнкүлөрдү түзүү үчүн мамлекеттик органдардын башка системалары менен интеграциялоо белгиленүүдө:
- электрондук пенсиялык күбөлүк;
- социалдык чегерүүлөр жана төлөмдөр боюнча социалдык интерактивдүү картаны иштеп чыгуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн продукт Социалдык фонддун толук санариптик экосистемасын түзүүгө алгачкы кадам болуп саналат.
Ошондой эле төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен жарандарга да, бизнес-секторго да кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү үчүн заманбап маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүү болжолдонууда:
1) фронт-офистерди - тейлөө борборлорун ачуу жөнүндө;
2) камсыздандырылган адамдын жеке санариптик профили жөнүндө;
3) эсептешүү картасы жөнүндө (электрондук пенсиялык күбөлүк, социалдык чегерүүлөр жана төлөмдөр боюнча социалдык интерактивдүү карта).
4. Күтүлүүчү натыйжалар жана индикаторлор
Стратегиянын негизги багыттарын ишке ашыруу жагымдуу чөйрөнү түзөт, ал жарандардын пенсиялык системага финансылык катышуусунун узактыгына жараша пенсиялардын татыктуу деңгээлин, пенсиялык төлөмдөрдүн адилеттүүлүгүн камсыздоого, республикалык бюджеттен социалдык трансферттердин үлүшүн оптималдаштырууга, кирешелүүлүк деңгээлин жогорулатууга, инвестициялык портфелди диверсификациялоого, тейлөөнүн адамга багытталган моделин түзүүгө, көз карандысыз санариптик системаны жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Стратегиянын натыйжалуулугун аныктоочу негизги параметрлер төмөнкү индикаторлор менен чагылдырылат:
- чакан жана орто бизнесте иштеген кызматкерлерди социалдык камсыздандыруу менен камтууну 2023-жылы 10,0%дан 2024-жылга 20,0%га чейин көбөйтүү;
- 5 фронт-офисти - тейлөө борборун ачуу;
- "Камсыздандырылган адамдын электрондук өздүк кабинети" автоматташтырылган маалымат системасында 2 санариптик продукту киргизүү;
- пенсиялык топтоо каражаттарын 2 финансылык инструментке инвестициялоону көбөйтүү;
- республикалык бюджеттен каражаттарды 2023-жылы 2,7%дан 2025-жылга 3,4%га чейин оптималдаштыруу.
5. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Пенсиялык камсыздандыруу жаатында сунушталып жаткан көптөгөн өзгөртүүлөр кыска мөөнөттө токтоосуз натыйжа бербейт, мыйзамдарга киргизилген айрым өзгөртүүлөр социалдык нааразычылыктардын жана каршылыктардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Бирок сунушталган бардык чаралар негиздүү жана зарыл.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын өнүктүрүү республикадагы социалдык-экономикалык, демографиялык кырдаалга көбүрөөк көз каранды.
Стратегияда каралган чаралар пенсиялык системага карата тышкы демографиялык факторлор жана эмгек рыногундагы абал жакшырган учурда натыйжалуу ишке ашырылат.
Эмгек рыногундагы терс тенденцияларды азайтуу, жашыруун эмгек акынын практикасын жоюу, формалдуу сектордо жумуштуулуктун үлүшүн көбөйтүү сыяктуу сунушталган чараларды ишке ашырууга комплекстүү мамиле талап кылынат.
Макроэкономикалык планда экономиканын өсүшү жана эмгек акынын өлчөмү пенсиялык системага оң таасирин тийгизет. Демографиялык планда өлүмдөрдү азайтуу, саламаттык сактоонун сапатын жакшыртуу жана оорулардын алдын алуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу боюнча стратегиялык программалар зарыл.
6. Ресурстук камсыздоо жана ишке ашыруу механизми
Стратегияны ишке ашырууну каржылоо Социалдык фонддун бюджетинде жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын алкагында жүзөгө ашырылат.
Ушул Стратегияны ишке ашыруу боюнча Жол картада күтүлгөн натыйжаларды чагылдыруу менен конкреттүү милдеттер жана чаралар аныкталган. Жол картаны ишке ашырууга квартал сайын мониторинг жүргүзүү жана баалоо пенсионерлердин абалын жакшыртуу маселелери боюнча Стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетүү деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет.
______________________
(1) Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдар. Статистикалык изилдөөлөрдүн отчету. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, SIAR.research&consulting. Бишкек, 2017.
(2) Төлөөчүлөрдүн белгилүү бир категориясына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайыздан ашкан ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эсепке албастан берилүүчү орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.