Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айрым объекттердин коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
- "Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер" графасында:
"А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Кумтөр Голд Компани" ЖАО.";
"В" категориясы (олуттуу объектилер)" бөлүмүнүн 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи-отуз сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Иштамберди Чаарат Терек Тереккан Перевальное Жамгыр Үңкүрташ Каратөбө Ширальджин Талдыбулак Андаш Кадамжай Бел-Алма Хайдаркен Жаңы Тоголок Солтон-Сары.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 13-январындагы N 2 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |