Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-декабры № 724
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 37-беренесинин талаптарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелеринде:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн мамлекеттик ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашыруу үчүн транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо ТКЫОго же башка уюмдарга (жеке жактарга) таандык болгон эвакуациялоо каражаттарын пайдалануу менен ишке ашырылат.
Уюмдарга (жеке жактарга) мажбурлап эвакуациялоо жол-жобосуна жол берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча ТКЫО менен уюмдардын (жеке жактардын) ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |