Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбор (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашык чарбалык коомдордун (мындан ары - мамлекеттик органдар) киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик инциденттерге чара көрүү маселелери боюнча иштерин координациялоочу, ошондой эле компьютердик чабуулдарды даярдоого, ишке ашырууга шарт түзгөн себептерди жана шарттарды табуучу, алдын алуучу жана бөгөт коюучу түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
Эл аралык өз ара аракеттенүүдө Борбор (CERT-KG) аббревиатурасын колдонот.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Жобону, ошондой эле УКМКнын ведомстволук актыларын жетекчиликке алат.
3. Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу, компьютердик инциденттерге чара көрүү маселелеринде мамлекеттик органдар, башка мамлекеттердин компьютердик инциденттерге чара көрүү борборлору жана аталган чөйрөдөгү эл аралык уюмдар менен өз ара байланышта иштейт.
2. Борбордун негизги милдеттери
4. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр:
1) киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) мамлекеттик органдардын, компьютердик инциденттерге чара көрүү борборлорунун (ведомстволук, тармактык жана башка) киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу, компьютердик инциденттерге чара көрүү боюнча иштерин координациялоо;
3) киберкоопсуздук коркунучтарын табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу;
4) Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
5) киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
6) киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо;
7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык УКМКга жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу.
3. Борбордун негизги функциялары
5. Борбордун функциялары төмөнкүлөр:
1) киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып жана киргизүү;
2) компьютердик инциденттерге чара көрүү, компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды координациялоо жана түздөн-түз катышуу;
3) маалыматтык коопсуздукту камсыздоого катышуу;
4) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү учурдагы коркунучтар тууралуу, мамлекеттик органдардын маалымат системаларына жасалган компьютердик инциденттер тууралуу маалыматты топтоону, талдоону уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле маалымат системаларынын киберкоргонуучулук абалына талдоо жүргүзүү;
5) киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү коркунучтар, инциденттер жана зыяндуу программалык камсыздоолор боюнча бирдиктүү базаны түзүү жана иштешин камсыздоо;
6) компьютердик коркунучтар, компьютердик чабуул коюу каражаттары жана ыкмалары, аларды табуу жана алдын алуу методдору тууралуу мамлекеттик органдарга маалымдоо;
7) мамлекеттик маалымат системаларындагы киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдар, мамлекеттик жана компьютердик инциденттерге чара көрүүчү жеке менчик кызматтары менен кызматташуу, ошондой эле белгиленген тартипте тажрыйба жана компьютердик инциденттер тууралуу маалымат алмашуу;
8) УКМКнын компетенциясына кирген атайын тергөө аракеттерин, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү;
9) мамлекеттик органдардын компьютердик инциденттер тууралуу билдирүүлөрдү өз убагында алуусун ишке ашыруу жана маалымдоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюуларына көмөк көрсөтүү;
10) мамлекеттик органдардын катышуусунда кибермашыгууларды туруктуу түрдө өткөрүү жана катышуу;
11) мамлекеттик органдардын компьютердик инциденттерге чара көрүү, тийиштүү документтерди иштеп чыгуу, компьютердик чабуулдардын кесепеттерин жоюу, ошондой эле киберкоопсуздук системаларын уюштуруу боюнча бөлүмдөрүнө методикалык көмөк жана башка жардам көрсөтүү;
12) маалыматты коргоонун техникалык каражаттарын колдонуу, жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча атайын талаптарды иштеп чыгуу;
13) мамлекеттик органдардын маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдөрүнүн киберкоопсуздук абалына аудит жүргүзүү, ага катышуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү башка функцияларды аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Борбордун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик органдардын киберкоопсуздукту камсыздоодо, компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюуда, ошондой эле компьютердик инциденттерге чара көрүүдө бирге аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүү;
2) компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу, компьютердик инциденттерге чара көрүү маселеси боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга, анын ичинде эл аралык уюмдарга белгиленген тартипте билдирүүлөрдү, суроо-талаптарды жиберүү;
3) маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдөрдүн киберкоопсуздук абалына аудит жүргүзүүгө, компьютердик инциденттерди изилдөөгө жана аларга чара көрүүгө киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө уюмдарды жана эксперттерди тартуу;
4) маалыматтык жана маалымдама материалдарды таратуу жана жарыялоо, киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ошондой эле компьютердик инциденттерге чара көрүү маселелери боюнча илимий-техникалык конференциялардын, симпозиумдардын, кеңешмелердин, көргөзмөлөрдүн иштерине, анын ичинде эл аралык ушундай иш-чараларга катышуу.
4. Борбордун ишин уюштуруу
7. Борборго жалпы жетекчиликти жана ишин контролдоону УКМКнын төрагасы ишке ашырат, ал Борбордун кызматкерлерин кызмат орунга дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
8. Борбордун ишине тикелей жетекчиликти УКМКнын төрагасынын орун басары болуп эсептелген директор ишке ашырат.
9. Директордун бир орун басары болот, аны УКМКнын төрагасы кызмат орунга дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
10. Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын директордун сунуштамасы менен УКМКнын төрагасы бекитет.
11. Борбордун директору жок учурда анын милдеттери орун басарына жүктөлөт.
12. Директор:
- Борбордун ишин уюштурат, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттерин жана ички иш тартибин аныктайт;
- Борборго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.