Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-январы № 32
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу боюнча метрологиялык көзөмөл менен байланышкан жол-жоболорду жөнгө салуу максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 350 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 31-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 1 жана 2-пункттары;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 350 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-январындагы №6 жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |