Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464, 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 703 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Метрологиялык экспертиза - биринчи кезекте ченөөлөрдүн бирдейлигине жана тактыгына байланыштуу метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо.";
- 5 жана 8-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибинин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 120 "Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |