Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 599
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:
- 9-пункттагы ", анын ичинде кургак учук" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункттагы "анын ичинде кургак учук," деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттагы "кургак учукка каршы бөлүмдөрүнөн" деген сөздөр "аба аркылуу жугуучу инфекциялар менен ооруган бейтаптарды госпитализациялоо үчүн бөлүмдөрдөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "кургак учук," деген сөздөр алып салынсын;
- 25-пункттун бешинчи абзацындагы "жана фтизиатриялык" деген сөздөр алып салынсын;
- 39-пункттун биринчи абзацындагы "жана кургак учук" деген сөздөр алып салынсын;
- 52-пункттагы ", анын ичинде кургак учук" деген сөздөр алып салынсын, "кургак учукка карата какырыкты" деген сөздөр "биологиялык материалдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 119-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"119. Кургак учук профилиндеги медициналык уюмдарды кайра профилдештирүүгө акыркы бейтап чыгарылгандан кийин бардык жайларды ультракөгүш лампалары менен зыянсыздандыруудан, желдетүүдөн, дезинфекциялоодон кийин жол берилет.";
- 121-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"121. Кургак учук стационарында дарыга туруктуулугу бар козгогучтан пайда болгон, бактериологиялык жактан ырасталган өпкөнүн кургак учугу менен ооруган бейтаптар үчүн боксталган палаталардын болушун кароо зарыл.";
- 123, 124-пункттардагы "көптөгөн" деген сөз алып салынсын;
- 125-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 156-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Инфекциялык ооруканалардагы гемодиализ жүргүзүү үчүн жайлар оорулуулар үчүн бокстар менен чектеш жайгаштырылышы керек.";
- 158-пункт "реанимация" деген сөздөн кийин ", терапевттик" деген сөз менен толукталсын;
- 159-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"159. Гемодиализди алуунун алдында бейтаптар гемоконтакттык вирустук инфекцияга (гепатит В, С жана ВИЧке) текшерилүүгө тийиш. Инфекциялык оорунун өнөкөт түрү менен ооруган программалык гемодиализдеги бейтаптар, ошондой эле гемоконтакттык вирустук инфекциялардын маркерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон адамдар үчүн өзүнчө зона же өзүнчө зал жана жабдуулар каралышы керек.
Гемокантакттык вирустук инфекциялар менен ооругандар үчүн диализ залында инфекциялык оорулуулар үчүн диализ залында иштөөгө өзүнчө медициналык айымды бөлүп берүү менен 3төн ашпаган диализ орундары уюштурулушу мүмкүн.";
- 161-пункттагы "Ууланууну" деген сөз "Кандын уулануусун" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "кабинетинин шарттарында" деген сөздөрдөн кийин "же гемодиализ залдарында" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1611 - 1615-пункттар менен толукталсын:
"1611. Сууну даярдоо, диализ концентраттарын даярдоо жана сактоо, диализ концентраттарын даярдоо үчүн ингредиенттерди сактоо үчүн жайлар бири-биринен изоляцияланган түрдө жайгаштырылат. Бардык жайлар тартып-соруп чыгаруучу желдеткич менен жабдылат.
Диализ залдарында, сууну даярдоо жана диализ аппараттарын оңдоо жайларында тазаланган сууну үзгүлтүксүз берүү жана иштетилген диализдик аралашманы агызуу үчүн сууну агызуучу система каралат.
Чыгымдалуучу материалдарды (туздарды, аралашмаларды) сактоо өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык жүргүзүлөт.
1612. Гемодиализ үчүн суунун коопсуздугу анын ушул Санитардык эрежелердин 9-тиркемесинде белгиленген гемодиализ үчүн суунун микробиологиялык жана физика-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча талаптарга ылайык келиши менен аныкталат.
Гемодиализ үчүн суунун коопсуздугун контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сыноо лабораторияларын тартуу менен өндүрүштүк контроль жүргүзүүнүн алкагында 6 айда 1 жолудан кем эмес текшерилет.
Гемодиализ үчүн суунун сапатын өндүрүштүк контролдоо гемодиализ жабдууларын эксплуатациялоочу юридикалык жак тарабынан жүзөгө ашырылат.
Суунун сапаты суу алуучу жерлерде, сууну тазалоо системасынан өткөндөн кийин жана гемодиализ аппаратына киргенге чейин контролдонот.
1613. Диализ жүргүзүүнүн алдында бир жолу пайдаланылуучу буюмдардын (диализатор, колонка, кан үчүн контейнер, магистралдар) жарактуулук мөөнөтү текшерилет, ошондой эле керектөө тарасынын бүтүндүгүнө ынануу керек. Стерилдүүлүгүн бузган керектөө тарасы бузулган бир жолу пайдаланылуучу буюм колдонулбайт.
Процедура учурунда дезинфекциядан жана стерилизациядан өтпөгөн жабдуулар, аппараттар жана приборлор колдонулбайт.
1614. Аппараттын магистралдарына оорулуунун кан тамырларын туташтыруу асептикалык шарттарда жүргүзүлөт. Ар бир диализ процедурасын жүргүзүүдө пункция зонасынын контаминациясын алдын алуу үчүн стерилдүү клеенкаларды, жалаяктарды пайдалануу зарыл.
1615 Диализ залындагы керебеттин матрасы ага кандын, башка биологиялык суюктуктардын агуусунан клеенка, башка суу өткөрбөй турган каптоолор менен корголушу керек. Ар бир диализ процедурасынан кийин керебеттеги (кресло-кребеттер) шейшептер алмаштырылышы зарыл. Чыканак астына коюлуучу сүлгүлөр үчүн кагаз түрүндөгү сүлгүнү пайдаланууга жол берилбейт. Бир жолу пайдалануу үчүн көп жолу колдонулуучу чыканак астына коюлуучу сүлгү пайдаланылышы мүмкүн.";
- 163-пункттагы ", кургак учук" деген сөздөр алып салынсын;
- 173-пункттагы "кургак учук," деген сөздөр алып салынсын;
- 224-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- жогоруда аталган Санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин 1-тиркемесинде:
91-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
91 | Өнөкөт диализ процедураларын жүргүзүү үчүн кезметчи медициналык айымдын посту менен диализ залы: | 14,0 |
|
диализ залы | 2 жана андан ашык диализ орду болгондо ар бир диализ ордуна 10,0дон кем эмес |
| |
кезметчи медициналык айымдын посту | 4,0дон кем эмес (1 кезметчи медициналык айымдын постуна 5ке чейин диализ орду) |
| |
курч диализ процедураларын жүргүзүү үчүн кезметчи медициналык айымдын посту менен диализ залы (чоңдор үчүн) | ар бир диализ ордуна 14,0 (1 кезметчи медициналык айымдын постуна 3кө чейин диализ орду) |
| |
курч диализ процедураларын жүргүзүү үчүн кезметчи медициналык айымдын посту менен диализ залы (14 жашка чейинкилерди кошкондогу балдар үчүн) | ар бир диализ ордуна 14,0 (ар бир диализ ордуна кезметчи медициналык айымдын посту) |
| |
гемокантакттык вирустук инфекциялар менен ооругандар үчүн процедураларын жүргүзүү үчүн кезметчи медициналык айымдын посту менен диализ залы | ар бир диализ ордуна 14,0 (1 кезметчи медициналык айымдын постуна 3кө чейин диализ орду) |
|
";
92-пункттагы "10,0" деген цифралар "ченемделбейт" деген сөз менен алмаштырылсын;
93-пункттагы "ар бир диализ ордуна 2,0, бирок 8,0ден кем эмес" деген сөздөр "ченемделбейт" деген сөз менен алмаштырылсын;
94-пункттагы "ар бир диализ ордуна 1,5, бирок 8,0ден кем эмес" деген сөздөр "ченемделбейт" деген сөз менен алмаштырылсын;
95-пункттагы "12,0" деген цифралар "ченемделбейт" деген сөз менен алмаштырылсын;
108, 131, 150, 163, 173, 217-пункттар "Ажаткана" деген сөздөн кийин "кол жуугучу бар" деген сөздөр менен толукталсын;
бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 9-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине 9-тиркеме |
Гемодиализ үчүн суунун коопсуздугу
Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүчтүн мааниси, мг/ле | Контролдун мезгилдүүлүгү |
Микробиологиялык көрсөткүчтөр | ||
Жалпы микробдук саны КОЭ/см3, кем | 100 | Ай сайын |
Эндотоксиндердин курамы, ЕЭ/см3, кем | 0,25 | Ай сайын |
Физикалык-химиялык көрсөткүчтөр | ||
Салыштырма электрдик өткөрүмдүүлүк, мкСм/см, ашык эмес | 5,0 |
|
Эркин калган хлордун массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,5000 | Күн сайын |
Хлордун массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,1000 | Күн сайын |
Кальцийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 2,0 | Күн сайын |
Калийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 2,0 | Күн сайын |
Натрийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 50 | Күн сайын |
Магнийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 2,0 | Күн сайын |
Алюминийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0100 | Ай сайын |
Жездин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,1000 | Ай сайын |
Коргошундун массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0050 | Ай сайын |
Хромдун массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0140 | Квартал сайын |
Сурьманын массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0060 | 6 айда 1 жолу |
Мышьяктын массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0050 | 6 айда 1 жолу |
Барийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,1000 | 6 айда 1 жолу |
Бериллийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0004 | 6 айда 1 жолу |
Кадмийдин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0010 | 6 айда 1 жолу |
Фтордун массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,2000 | 6 айда 1 жолу |
Сымаптын массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0002 | 6 айда 1 жолу |
Нитраттын массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 2,000 | 6 айда 1 жолу |
Селендин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0900 | 6 айда 1 жолу |
Күмүштүн массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0050 | 6 айда 1 жолу |
Сульфаттын массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 100 | 6 айда 1 жолу |
Калайдын массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,1000 | 6 айда 1 жолу |
Цинктин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,1000 | 6 айда 1 жолу |
Цианиддин массалык концентрациясы, мг/дм, ашык эмес | 0,0200 | 6 айда 1 жолу |
”