Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-ноябры № 239
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 2-главанын 42-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
42 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторийинде санатордук-курорттук дарылоо | ССМ | КМ | Акы төлөнөт |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Медициналык кызматтар" деген IX бөлүмү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 36-глава менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 116 жарыяланды
Төрага | А.У.Жапаров |
Тиркеме |
"
36. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторийинде санаториялык-курорттук дарылоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 2-глава, 42-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - КМ); аскердик санаторий |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү | 1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары, аскер пенсионерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; 2) Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары, жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтыгы болуп төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - кызматтарды керектөөчүлөрдүн ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган дарылоо-профилактикалык иш-чаралардын курсун алуу; - текшерилүүнүн, дарылоонун сунуштары жана маалыматтары менен оорунун тарыхынан көчүрмө; - кызматтарды алуунун датасын жана сунуштарды көрсөтүү менен маалымкат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; төмөнкүлөрдө жашоо менен: - люкс класстагы 1 жана 2 бөлмөлүү номерлерде; - жарым люкс класстагы 1 жана 2 бөлмөлүү номерлерде; - ыңгайлуулуктары бар стандарт корпустарда; - ыңгайлуулуктары жок стандарт корпустарда; - литердик үйлөрдө. Реабилитациялоо жана дарылоо боюнча кызматтар аскердик санаторийдин дарылоо корпусунда дарыгерлердин дайындоолоруна жараша көрсөтүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү | Керектөөчүнүн заявкаларын кабыл алуу, каттоо жана тариздөө убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу автоматтык түрдө. Кызмат көрсөтүүлөрдүн узактыгы кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн суроо-талабына жараша 3 күндөн 12 календардык күндү түзөт. Медициналык көрсөткүчтөр болгондо аскердик санаторийде дарылоонун мөөнөтү аскердик санаторийдин дарыгерлер комиссиясынын корутундусу боюнча 10 күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - КМ сайтында; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - КМ аскердик-медициналык башкармалыгында; - аскердик санаторийге жеке кайрылууда; - аскердик санаторийдин маалымат стенддеринде, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жана чыңдоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы эсептелет |
9 | Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же санап чыгуу) | КМ аскердик санаторийдин байланыш маалыматы, дареги, телефондордун номерлери жана иштөө режими, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты маалымат стенддеринде жана КМ сайтында: mil.gov.kg жайгаштырылат. Дареги, телефондордун номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен биргеликте КМ стендине, сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аскердик санаторийде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат такталары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген такталары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөндөгү негизги принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди, кызматтарды керектөөчүлөргө карата объективдүүлүктү сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербейт. Маектешүү жана кызмат көрсөтүүлөр бардык категориядагы алуучуларга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана суроо-талаптын негизинде берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Аскердик санаторийде кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: 1) ушул стандарттын 3-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуу бөлүмүнүн каттоочу жайына кайрылууга жана төмөнкүлөрдү берүүгө: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти (офицердин өздүк күбөлүгү, аскердик билет, паспорт); - медициналык китепчени, амбулаториялык картаны (амбулаториялык картадан көчүрмө); - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмесинин, аскердик бөлүгүнүн, гарнизонунун санатордук-тандоо комиссиясынын же аскердик комиссариатынын корутундусунун негизинде берилген санатордук жолдомону; - кызмат көрсөтүүгө төлөнгөн квитанцияны. 2) ушул стандарттын 3-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуу бөлүмүнүн каттоочу жайына кайрылууга жана төмөнкүлөрдү берүүгө; - паспортту, пенсиялык күбөлүктү, 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - амбулаториялык картаны (амбулаториялык картадан көчүрмө); - кызмат көрсөтүүгө төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн заявканы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берүүгө болот |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизде көрсөтүлөт. Аскердик санаторийдин кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларынын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КМ жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы КМ расмий сайтында, аскердик санаторийдин маалымат стенддеринде жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык натыйжалуулугу жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - жеткиликтүүлүгү, стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүдө, зарыл документтерди толтурууда жана мамлекеттик кызмат боюнча консультациялоодо кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө кызматкерлердин жардамы; - жеткиликтүү жерде жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү керектөөчү МК аскердик санаторийине жеке кайрылууда берилет; ушул стандарттын 3-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн керектөөчүлөр үчүн арызды кабыл алуу бөлүгүндө жарым-жартылай электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн зарыл документтерди керектөөчү бербегенде; - керектөөчү кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөбөгөндө; - аскердик санаторийде жайгаштыруу үчүн бош орундар болбогондо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө алуучу аскердик санаторийдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга, ал эми маселе чечилбеген учурда КМ кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада жазылат жана анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттоого алып жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте КМ жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жообун берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда керектөөчү сот тартибинде чечүүгө даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралып турууга тийиш |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| Тиркеме |