Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 1-февралы № 44
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 248 "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмегинде:
- VIII бөлүмдүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Министр, министрдин орун басарлары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
- 8-пункттун 4-пунктчасынын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тышкы саясат чөйрөсүндөгү чечимдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдар мезгилинде Министрлер Кабинетинин башка тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 "Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жободо:
- 1-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары - МКК)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинде (мындан ары - "Унаа" ММ)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-4, 8, 15, 23, 25, 31, 34, 35, 47-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "МКК" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Унаа" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автотранспорт каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дипломатиялык катталган номердик белгилери жараксыз деп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (мындан ары - ИИМдин ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан "Кыргыздипсервис" МИнин өкүлдөрү менен бирге алып салынат.";
- 28-пункттагы "ЖККнын" деген аббревиатура "ЖКККББнын" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
"ТИМдин "Кыргыздипсервис" МИсине", "ТИМдин "Кыргыздипсервис" МИ" деген сөздөр "Кыргыздипсервис" МИсине", "Кыргыздипсервис" МИ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"КРӨгө караштуу МККга" деген сөздөр "Унаа" ММге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"МКК" деген аббревиатура "Унаа" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |