Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 6-декабры № 575
Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 616, 2013-жылдын 13-июнундагы № 305, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 , 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 9-январындагы № 5, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы Мыйзамына ылайык, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу менен администрациялык иш жүргүзүүнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тиркелген Тизмеси бекитилсин.
2. Бөлүнгөн телефон тармагынын телефондору орнотулган министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, аткаруучу бийликтин башка органдарында, уюмдарда жана ишканаларда кызматтык сүйлөшүүлөрдүн жашырындыгын камсыз кылуу максатында аларды кабылдама телефондоруна которууга тыюу салынары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси:
- бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын абоненттерине инвентаризация жүргүзүүнү камсыз кылсын жана аларды ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бөлүнгөн телефон тармагын пайдалануу эрежелерин сактоого катуу контролдоону камсыз кылсын. Ушул эрежелерди бузуу учурлары аныкталганда белгиленген тартипте бөлүнгөн телефон тармагынын линиясынан тиешелүү телефондук аппаратты ажыратып салууга чейин чара көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмеге кирбеген жана жүргүзүлгөн инвентаризациядан кийин ажыратылган абоненттерге телефон орнотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчилигинин уруксаты боюнча жана Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын техникалык мүмкүнчүлүгү болгондо гана жүргүзүүлөрү белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 643 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 260 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын өзгөртүп уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызматка тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
И.Айдаралиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 токтому менен бекитилген |
Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 616, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 2012-жылдын 28-майындагы № 324, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 1-февралындагы № 44токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Кыргыз Республикасынын жетекчилиги
Кыргыз Республикасынын Президенти;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.
II. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчисинин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык кызматташуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар маселелери боюнча кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коомчулук менен байланыштуу кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцелярия начальниги, бөлүм башчылар жана алардын орунбасарлары, жооптуу катчылар, секретариаттардын башчылары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик кеңешчисинин кеңешчилери жана жардамчылары;
мамлекеттик инспекторлор;
башкы инспекторлор;
сектор башчылары;
эксперттер.
III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси - министр;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Евразиялык экономикалык коомдоштук маселелери боюнча кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орунбасарынын рангында;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлүнүн орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси жана жардамчысы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси - министрдин жардамчылары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз кызматынын жетекчиси жана басма сөз катчысы;
бөлүм башчылар жана алардын орунбасарлары, сектор башчылары.
IV. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун орунбасарлары;
Пландаштыруу, каржылоо жана эсепке алуу борборунун директору жана анын орунбасары;
бөлүм башчылар жана сектор башчылар;
өткөрүү бюросунун кезметчиси;
АТС кезметчиси;
№ 1 Мамрезиденциянын директору;
"Ала-Арча" № 1, 2, 3 жана 4 мейманканалардын кезметчилери;
№ 1, 2, 3, 4 жана 5-1-дачалар;
Автоишкананын директору, Автоишкананын диспетчери;
курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгынын директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин башкы дарыгери, башкы дарыгеринин орунбасары;
"Ысыккөл" соода-мейманкана комплексинин башкы директору;
типографиянын директору.
V. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Аппараты
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын бөлүм башчылары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусунун орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гаражынын директору, гаражынын диспетчери;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын коомдук кабылдамасынын кезметчиси.
VI. Кыргыз Республикасынын Сот органдары
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төраганын орунбасары, судьялары жана аппарат жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, төраганын орунбасарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана аппарат жетекчиси;
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору, директордун орун басары.
VII. Мамлекеттик бийликтин борбордук органдары
1. Башкы прокуратура, прокуратура органдары
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарлары;
Бишкек шаарынын прокурору, Чүй облусунун прокурору;
транспортто мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын, пенитенциардык системада мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын прокурорлору;
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын прокурору.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы, төраганын орунбасарлары, мүчөлөрү.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы
Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси.
4. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторлору;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аппарат жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасынын кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын башкы башкармалыгынын начальниги.
5. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)
Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы);
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппарат жетекчиси.
VIII. Кыргыз Республикасынын министрликтери
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Министр, министрдин орун басарлары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
Министр, министрдин биринчи орунбасары - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабынын начальниги, министрдин орунбасарлары, 83101 аскердик бөлүктүн командири;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оперативдүү кезметчиси.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Министр, министрдин биринчи орунбасары, министрдин орунбасарлары;
секретариаттын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Интерпол" улуттук борбордук бюросунун начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин оперативдүү кезметчиси;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чегаралык ветеринариялык контролдук пункттардын милиция башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы, биринчи орунбасары, орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын директору, директордун орун басарлары;
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын начальниктери;
Чүй облусунун, Бишкек шаарынын, Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы ички иштер башкармалыктарынын начальниктери.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана эркинен ажыратылган, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаментинин директору.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары, министрдин кеңешчиси жана жардамчысы, башкармалардын начальниктери;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин баалуу металлдар башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору.
6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Айылды суу менен камсыз кылуу департаментинин, Жайыттар департаментинин башкы директорлору, башкы директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору, башкы мамлекеттик ветеринариялык инспектор;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кыргыз илим-изилдөө дыйканчылык институтунун башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгаруу, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Башкы транспорттук инспектору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар башкармалыгынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу өкмөттүк автоматтык телефондук байланыш станциясынын башкы директору, кезметчиси;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын, "Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик долбоорлоо институтунун, "Кыргызтемиржолкурулуш" магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу мамлекеттик дирекциянын башкы директорлору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик фельдъегердик кызматтын начальниги.
9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Министр, министрдин биринчи орунбасары, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү кезметчиси;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөржайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгынын начальниги жана начальнигинин орунбасары.
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары.
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу СПИД республикалык бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык диагностикалык борбордун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караи1туу М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ветеринариялык лаборатория борборунун башкы директорлору.
12. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архивдик агенттиктин директору
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Достук үйүнүн директору
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Улуттук китеп палатасын директору.
13. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору.
14. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги
Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директору.
15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети
Төрага, төраганын биринчи орунбасары, төраганын орунбасарлары башкармалыктардын начальниктери;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин оперативдүү кезметчиси;
өкмөттүк шаар аралык байланыш станциясынын кезметчиси.
16. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети
Төрага, статс-катчы, төраганын орунбасарлары.
17. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети
Төрага, статс-катчы, төраганын орунбасарлары.
18. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети
Төрага, төраганын орунбасарлары
Бишкек шаарынын салык инспекциясынын директору.
19. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети
Төрага, төраганын орунбасарлары.
IX. Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволору
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директору, статс-катчысы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы жана анын орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
директор, статс-катчы жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз шаар куруу боюнча илим-изилдөө, долбоорлоо институтунун директору;
Бишкек башкы архитектуранын башкы архитектору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик:
директор, статс-катчы жана директордун орунбасары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:
Төрагасы, статс-катчысы, төраганын орун басары.
X. Аткаруу бийлигинин башка органдары
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы, Башкы штабынын начальниги, төраганын орун басарлары, оперативдүү кезметчиси;
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы, статс-катчысы, төраганын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин директору, статс-катчысы, директордун орун-басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы, төраганын орунбасары, аппарат жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору, статс-катчысы, директордун орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин директору, статс-катчысы, директордун орун басары.
XI. Кыргыз Республикасынын башка органдары жана мекемелери
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору, статс-катчысы, директордун орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы, төраганын орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Курама командалардын олимпиадага даярдоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун президенти, вице-президенттери, башкы окумуштуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун директору, директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасында Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын начальниги, начальниктин орунбасары, оперативдүү кезметчиси;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, Банктардын реорганизациялоо жана "Дебра" карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин директорлору, статс-катчылары жана директордун орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары, комиссардын орунбасары;
Кыргыз аккредитация борборунун жана Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директорлору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин төрагалары, төрагалардын биринчи орунбасарлары, төрагалардын орунбасарлары;
Кыргызтуракжайкоммунсоюз, Кыргызкоопсоюздун төрагалары;
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, төраганын биринчи орунбасары;
профсоюздун борбордук, республикалык комитеттеринин, Кыргыз курортторду башкаруу боюнча кеңешинин төрагалары;
Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти.
XII. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор;
Чүй облустунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Бишкек шаарынын мэри, вице-мэрлери;
Бишкек шаарынын Биринчи май, Октябрь, Свердлов, Ленин райондорунун администрация башчылары, биринчи орунбасарлары, орунбасарлары;
Ош шаарынын мэри.
XIII. Бишкек шаардык кеңеши
Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы;
Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин аппарат жетекчиси.
XIV. Мамлекеттик концерндер, компаниялар, акционердик коомдор жана башка уюмдар
"Кыргыз алтын" АК, "Учкун" АК, "Кыргызайылкөмөк" АКтардын президенттери, биринчи вице-президенттери, вице-президенттери; "Аэродромкурулуш" АК, "Кыргызтелеком" ААК, "Түндүкэлектр" ААК, "Кыргызайылтехсервис" ААК, "Акыл" ААК, "Бишкек машина куруу заводу" ААКтарынын төрагалары;
"Кыргызгаз" АК, "Кыргызполиграфкомбинат" АК, "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорлору, башкы директордун биринчи орунбасарлары;
"Электр станциялары" ААК, "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК, "Бишкекжылуулуктармагы" ААК, "Кыргызтелеком" ААКтын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагынын башкы директорлору, башкы директордун биринчи орунбасарлары, башкы директордун орунбасарлары;
"Кыргызтелеком" ААКтын филиалы - РӨБ РМТРдин, "Кыргызтелеком" ААКтын Чүй облустук филиалынын, "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ААКтын, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ААКтын, "Дастан" ТрансУлуттук компания АКтын, "Кант цемент-шифер комбинаты" ААКтын башкы директорлору;
"Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы" ААКтын, "Эркин тоо" ААКтын төрагалары; "Электр станциялары" ААКтын Бишкек шаарынын ТЕЦинин директору; "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын, "Бишкеккурулуш" АТАК ПСФ, "Кыргыз-Дан" АК, "Басмасөз" АТАКтын башкы директорлору;
"Кыргызстан" АКтын, "Кыргызбасмасөз" АКтын президенттери;
"Кыргызкино" улуттук концернинин президенти;
"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору;
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын президенти, вице-президенттери, расмий делегациялар залы;
"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын директору, директордун биринчи орунбасары, директордун орунбасарлары;
"Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын, "Темир" мамлекеттик ишканасынын башкы директорлору;
Бишкек газ чарба башкармалыгынын начальниги;
"Бишкекжылуулукэнерго" КИнин, Кыргыз Республикасынын Энергиянын жаңылануучу булактарын пайдалануу проблемалары борборунун директорлору;
Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүктөрү;
"Кыргызайылбанк" ААКтын директору, директорлор кеңешинин төрагасы;
Ош шаарын өнүктүрүү боюнча аткаруучу дирекциянын директору.
XV. Элчиликтер
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси, кеңешчилери;
Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси;
Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси;
Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси;
Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси.
XVI. Мамлекеттер аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) өкүлү;
Бишкек шаарындагы "Москва Үйү" Москва маданий-ишкерчилик борборунун өкүлү.
ХVII. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жогорку окуу жайлары, академиялар, илим-изилдөө жана долбоорлоо уюмдары
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, биринчи проректору;
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргызстандын Эл аралык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Чүй университетинин ректорлору;
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борборунун ректорлору;
Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын, Москва ишкердик институтунун Бишкектеги филиалынын президенттери;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы академиясынын начальниги;
Көркөм сүрөт академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын президенти-ректору, биринчи проректору, проректору;
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин, Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин ректорлору, биринчи проректорлору;
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Кыргыз улуттук консерваториясынын, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун, Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректорлору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору.
XVIII. Фонддор, чыгармачыл союздар, коомдук уюмдар, диний жамааттар
"Аралды сактоо" фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай улуттук коомунун президенти;
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун борбордук башкармасынын төрагасы;
Улуу Атамекендик согуштун ардагерлеринин республикалык коомунун төрагасы;
Бишкек шаарынын согуш жана эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы;
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын мусульмандарынын Дин башкармасынын муфтийи;
Православие общинасынын архиепископу.
Кыргыз Республикасынын эмгек, согуш, Куралдуу Күчтер жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык уюмунун төрагасы;
"Руханият" ассоциациясынын президенти;
Архитекторлор союзунун төрагасы;
Тоолуу райондорду өнүктүрүү улуттук борборунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Экономикалык стратегиялар борборунун, "Инвестициялык тегерек стол" коомдук бирикмесинин директорлору;
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору.
XIX. Театрлар, кинотеатрлар, мейманканалар
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын башкы директору;
Мамлекеттик улуттук академиялык орус драма театрынын башкы директору;
Бишкек шаардык драма театрынын башкы директору;
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин башкы директору;
Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин башкы директору;
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору;
"Достук" мейманканасы" АКтын директору, "Отель Аккеме" СКМПнын президенти;
"Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" мамлекеттик ишканасынын директору.
XX. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору, башкы директордун биринчи орунбасары, башкы директордун орунбасары;
"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору, директордун биринчи орунбасары, директордун орунбасары;
"Кыргыз туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүнүн директорлору башкы редакторлору, "Эркин тоо" гезитинин, "Российская газета" Борбордук-Азия өкүлчүлүгүнүнүн башкы редакторлору;
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын директору.