Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 663
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Иш режиминин өзгөчө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине отунду чыгымдоо лимитин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүүнүн биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде нөөмөттүк автотранспорттун 3 бирдигине чейин уруксат берилет," деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 6-декабрындагы № 107 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кызматтык жана нөөмөттүк автомашиналардын отунду чыгымдоо ЛИМИТИ
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
2. Калктуу конуштары алыс жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 550 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 840 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке албастан).
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
6. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына) бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директоруна бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 840 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына бекитилип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 480 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарларына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басарларына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке албастан).
11. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитилип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга бекитилип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
12. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратына бекитилип берилген нөөмөттүк жана кызматтык автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке албастан).
13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин борбордук аппаратына бекитилип берилген нөөмөттүк жана кызматтык автотранспорт үчүн айына 550 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
14. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин региондук бөлүмдөрүнө