Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин эмгек ишине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 8, 12, 15-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||
1 | Директор | 4,10 |
2 | Башкы инженер | 3,80 |
3 | Директордун орун басары | 3,70 |
4 | Финансы-экономикалык башкармалыктын начальниги | 3,10 |
5 | Цехтин начальниги | 2,90 |
6 | Медициналык-техникалык бөлүмдүн башкы врачы | 2,77 |
7 | Финансылык иш боюнча улук экономист, улук финансист | 2,77 |
8 | Экономист, материалдар боюнча бухгалтер | 2,57 |
9 | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы | 3,30 |
10 | Укуктук маселелер боюнча адис | 2,57 |
11 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү-архивариус | 2,18 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмдүн башчысы | 2,70 |
13 | Технолог | 2,56 |
14 | Коомчулук менен байланышуу боюнча адис | 2,57 |
15 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер, эмгекти ченемдөө боюнча инженер | 2,50 |
16 | Механикалык цехтин мастери, гараждын башчысы | 2,50 |
17 | Даяр продукциянын борбордук кампасынын башчысы, материалдардын борбордук кампасынын башчысы | 2,50 |
18 | Чарба башчысы | 2,56 |
19 | Техник, балдар техниги | 2,50 |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы | ||
1 | Директор | 3,41 |
2 | Директордун орун басары | 2,80 |
3 | Өндүрүштүн начальниги | 2,60 |
4 | Улук бухгалтер | 2,40 |
5 | Врач-ортопед | 2,30 |
6 | Кампа башчысы | 2,06 |
7 | Техник | 2,06 |
8 | Адам ресурстарын башкаруу боюнча адис (0,5 ставка) | 1,53 |
9 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер (0,5 ставка) | 1,53 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Заказдар столунун диспетчери, инновациялык технологиялар боюнча адис | 2,30 |
2 | Кассир | 2,56 |
3 | Заказдар столунун каттоочусу | 2,30 |
4 | Жетекчинин катчысы | 2,30 |
5 | Электр ширетүүчү, токарь, электрик, сантехник, жабдууну оңдоочу слесарь, жабдууну жөнгө салгыч, желдетүү системаларын оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь, жыгач уста, имараттарды оңдоо боюнча жумушчу | 2,18 |
6 | Ашпозчу | 2,18 |
7 | Айдоочу | 2,18 |
8 | Оңдоочу слесарь | 1,14 |
9 | Телефонист | 2,18 |
10 | Лифтер | 1,0 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Кампачы | 1,15 |
2 | Жүктөөчү | 1,10 |
3 | Кароолчу | 1,05 |
4 | Ашкана жумушчусу | 1,04 |
5 | Багбан, аймактарды тазалоочу | 1,0 |
6 | Кызматтык жана өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,0 |
7 | Устакана жайларын тазалоочу | 1,0 |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы | ||
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү-архивариус | 2,18 |
2 | Заказдар столунун каттоочусу | 2,18 |
3 | Сантехник | 1,14 |
4 | Электрик | 1,14 |
5 | Жабдууну оңдоочу слесарь | 1,14 |
6 | Айдоочу | 2,06 |
7 | Ашпозчу | 1,80 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Кампачы | 1,25 |
2 | Аймактарды тазалоочу, кароолчу | 1,0 |
3 | Кызматтык жана өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,0 |
4 | Устакана жайларын тазалоочу | 1,0 |
Эскертүү:
1. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү талап кылган аткарылуучу жумуштун татаалдыгынын деңгээлине жараша белгиленет.
2. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга төмөнкүдөй үстөк акылар төлөнөт:
- автомашиналардын айдоочуларына ченемделбеген иш күнү үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы;
- кароолчуларга түнкү убакытта иштеген ар бир сааты үчүн - жогорулатылган өлчөмдө, сааттык тарифтик ставканын бир жарым өлчөмүнөн төмөн эмес;
- кызматтык жана өндүрүштүк жайларды, коомдук ажатканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы;
- ашкана ысык электр мештеринде жана бышыруучу шкафтарда иштегени үчүн жумушчуларга - кызматтык маянанын 25 пайызы.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№ | Кызмат орундун аталышы | Кесиптик билиминин деңгээли, стажы | |
1 | Директор | Жогорку экономикалык/юридикалык/инженердик-техникалык билими, жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан ашык иш стажы бар | |
2 | Башкы инженер | Жогорку инженердик-техникалык билими, адистиги боюнча 5 жылдан ашык иш стажы бар | |
3 | Директордун орун басары | Жогорку экономикалык/юридикалык/инженердик-техникалык билими, жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан ашык иш стажы бар | |
4 | Финансы-экономикалык башкармалыктын начальниги | Жогорку экономикалык билими, адистиги боюнча 5 жылдан ашык иш стажы бар | |
5 | Цехтин начальниги | Жогорку же орто технологиялык/финансылык/экономикалык/техникалык билими, адистиги боюнча 3 жылдан ашык иш стажы бар | |
6 | Медициналык-техникалык бөлүмдүн башкы врачы, врач-ортопед | Жогорку медициналык билими, адистиги боюнча 3 жылдан ашык иш стажы бар | |
7 | Финансылык иштер боюнча улук экономист, экономист | Жогорку экономикалык билими, орто кесиптик финансылык/экономикалык билими бар | |
8 | Улук финансист, материалдар боюнча бухгалтер, улук бухгалтер, эсептешүү бухгалтери | Жогорку экономикалык билими, орто кесиптик финансылык/экономикалык билими бар | |
9 | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы, адам ресурстарын башкаруу боюнча адис, укуктук маселелер боюнча адис | Жогорку билими, адистиги боюнча 3 жылдан ашык иш стажы бар, жогорку билими бар, иш стажына талаптар коюлбайт, жогорку юридикалык билими, адистиги боюнча 3 жылдан ашык иш стажы бар | |
10 | Коомчулук менен байланышуу боюнча адис, иш кагаздарын жүргүзүүчү-архивариус | Жогорку билими бар, иш стажына талаптар коюлбайт | |
11 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сектордун башчысы | Жогорку билими бар, мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар | |
12 | Даяр продукциянын кампасынын башчысы, материалдар кампасынын башчысы | Орто кесиптик билими бар, иш стажына талаптар коюлбайт | |
13 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер | Жогорку техникалык билими бар, иш стажына талаптар коюлбайт, орто техникалык билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы бар | |
14 | Эмгекти ченемдөө боюнча инженер | Жогорку экономикалык/техникалык билими бар, иш стажына талаптар коюлбайт, орто кесиптик техникалык/финансылык/экономикалык билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы бар | |
15 | Технолог | Жогорку же орто кесиптик технологиялык билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы бар | |
16 | Механикалык участоктун устасы, гараждын башчысы | Жогорку же орто кесиптик техникалык билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы бар | |
17 | Техник, балдар техниги | Орто кесиптик медициналык билими бар, иш стажына талаптар коюлбайт | |
18 | Негизги өндүрүштүн үйрөнчүгү | Үйрөнчүк мөөнөтүнөн активдүү өтүү жана ушул кесипке коюлуучу 3 разряддагы (минимумдук) квалификацияны өздөштүрүү | |
19 | Устаканаларда протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоо боюнча протездөөчү слесарь | Протездерди жана ортопедиялык бут кийимди жөнөкөй оңдоо боюнча иштердин комплексин аткаруу | |
20 | Инновациялык технологиялар боюнча адис | Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө жогорку же орто кесиптик техникалык билими бар | |
21 | Протездөөчү слесарь, кайышчы, бычмачы-блаковкалагыч, гипс моделдеринин моделчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комплекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү слесарь | 3-разряд | Устанын тапшырмасы боюнча иштерди акыркы жыйынтыгына чейин чыгаруу талап кылынган ушул кесиптин курамына кирүүчү иштердин бардык комплексин аткаруу, белгиленген убакыт ичинде иштеп чыгуунун минимумдук ченемдерин аткаруу |
22 | Протездөөчү слесарь, кайышчы, бычмачы-блаковкалагыч, гипс моделдеринин моделчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комплекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү слесарь, протездөөчү техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү, нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, оңдоо боюнча протездөөчү слесарь, буюмдарды чактоо боюнча бандажчы, протездер боюнча комплекттөөчү | 4-разряд | Белгиленген убакыт ичинде иштеп чыгуунун ченемдерин көбөйтүү жана чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу менен иштерди акыркы жыйынтыгына чейин чыгаруу талап кылынган ушул кесиптин курамына кирүүчү иштердин бардык комплексин аткаруу |
23 | Протездөөчү слесарь, кайышчы, бычмачы-блаковкалагыч, гипс моделдеринин моделчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комплекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү слесарь, протездөөчү техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү, нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, оңдоо боюнча протездөөчү слесарь, буюмдарды чактоо боюнча бандажчы, протездер боюнча комплекттөөчү | 5-разряд | Белгиленген убакыт ичинде иштеп чыгуунун ченемдерин көбөйтүү, тездетүү жана чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу менен иштерди акыркы жыйынтыгына чейин чыгаруу талап кылынган ушул кесиптин курамына кирүүчү иштердин бардык комплексин аткаруу |
24 | Протездөөчү слесарь, кайышчы, бычмачы-блаковкалагыч, гипс моделдеринин моделчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комплекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү слесарь, протездөөчү техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү, нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, оңдоо боюнча протездөөчү слесарь, буюмдарды чактоо боюнча бандажчы, протездер боюнча комплекттөөчү | 6-разряд | Белгиленген убакыт ичинде иштеп чыгуунун ченемдерин көбөйтүү менен, буюмдардын татаалдыгына жараша ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү ар бир адамга жекече мамиле кылуу аркылуу, чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу жана өркүндөтүү менен ушул кесиптин курамына кирүүчү иштердин бардык комплексин аткаруу |