Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик
комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Антитеррордук борбордун милдеттери
3. Антитеррордук борбордун функциялары жана ыйгарым укуктары
4. Антитеррордук борбордун ишин уюштуруу
5. Антитеррордук борборду каржылоо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору (мындан ары - Антитеррордук борбор) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы ишин координациялоочу, ошондой эле террористтик жана экстремисттик ишти алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Антитеррордук борбордун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери; эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери; ушул Жобо, ошондой эле УКМКнын ички ведомстволук актылары түзөт.
2. Антитеррордук борбордун милдеттери
3. Антитеррордук борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишин координациялоо;
3) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик ишти аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ошондой эле терроризмдин жана экстремизмдин пайда болушуна жана жайылышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана четтетүү;
4) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка милдеттерди аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Антитеррордук борбордун функциялары жана ыйгарым
укуктары
4. Антитеррордук борбордун функциялары:
1) террордук коркунучтардын өзгөчөлүгү жана мүнөзү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы террордук кол салуулар мүмкүн болуучу объекттер жөнүндө маалыматты чогултуу жана талдоо;
2) объекттерди террорго каршы коргоону өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштен чыгуу жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бул жааттагы ишин координациялоо;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык БУУнун, КМШнын, ШКУнун, ЕККУнун антитеррордук органдары жана чет мамлекеттердин кызматтары, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын антитеррористик түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
4) терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5) терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштен чыгууну уюштуруу;
6) терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаларды (пландарды) иштеп чыгуу;
7) терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү маселелерин ишке ашырган эл аралык борборлор жана уюмдар менен жумушчу байланыштарды түзүү жана кармоо;
8) командалык-штабдык, оперативдик-тактикалык окууларды жана башка антитеррордук иш-чараларды, анын ичинде контрчалгындоо, ыкчам-иликтөө жана ыкчам-күжүрмөн иш-чараларды өткөрүү;
9) антитеррордук корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттерди антитеррордук коргоого карата талаптарды иштеп чыгууну уюштуруу; корголуу абалын талдоо жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштен чыгуу;
10) антитеррордук ишти өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу, чет элдик тажрыйбаларды изилдөө жана колдонуу;
11) Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык-аналитикалык жана материалдык-техникалык камсыздоо;
12) антитеррордук операцияны башкаруу боюнча Республикалык оперативдүү штабдын ишин уюштуруу;
13) терроризмге каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрдүн өздүк курамын кесиптик даярдоону, ошондой эле аларды заманбап курал-жарактардын үлгүлөрү, аскердик техникалар жана атайын каражаттар менен камсыздоону уюштуруу жана ведомстволор аралык координациялоо;
14) терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкын түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу;
15) жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалыматтар жана эл аралык терроризмге катышы бар адамдардын келүүсүн алдын алуу, ошондой эле чет өлкөлүк жоочу-террористтерди аныктоо максатында эл аралык авиакаттамдар менен Кыргыз Республикасынын эл аралык аэропортторуна келген жүргүнчүлөр тууралуу авиа ташуучулардын маалыматтык системаларынан жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары боюнча системага (АРI/PNR) келип түшкөн маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана сактоо;
16) антитеррордук иштин формаларын жана методдорун өркүндөтүүгө багытталган илимий-методикалык ишти уюштуруу;
17) терроризмге каршы маалыматтык-профилактикалык аракеттенүүнү координациялоо;
18) Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын ишинин жылдык планынын долбоорун иштеп чыгуу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Антитеррордук борбордун ыйгарым укуктары:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан террордук коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча чаралардын системасынын ишке ашырылышына контролду уюштурат;
2) уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан ишканалардын жана уюмдардын антитеррордук корголушунун абалын контролдойт жана алардын жетекчилигине, менчик ээлерине (укук ээлерине) объекттердин антитеррордук корголушунун паспортторунда белгиленген ченемдерди жана эрежелерди аткаруу боюнча талаптарды коёт;
3) ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана колдонуудагы программаларда каралган иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын кароосуна киргизет;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алат;
5) мамлекеттик жана башка уюмдардан жана кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды жана маалыматтарды сурайт;
6) Антитеррордук борбордун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн жумушчу топторду түзөт жана ал топтордун иштөө тартибин аныктайт;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) Антитеррордук борбордун ишине катышууга тартат;
8) Антитеррордук борбордун компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
9) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында контрчалгындоо жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзөт;
10) террористтик жана башка кылмыштуу ишке бөгөт коюу боюнча атайын операцияларды ишке ашырат;
11) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, ошондой эле аларды жасоого шектелген адамдарды издөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонот;
12) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууну жүргүзөт жана профилактикалык таасир этүү чараларын, анын ичинде жарандарга расмий эскертүү жарыялоо формасында колдонот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Антитеррордук борбордун ишин уюштуруу
6. Антитеррордук борбордун ишине жалпы жетекчиликти жана контролду УКМКнын төрагасы жүргүзөт, ал Антитеррордук борбордун кызматкерлерин УКМКнын кызматкерлери үчүн белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
7. Антитеррордук борбордун ишине түздөн-түз жетекчиликти жана башкарууну УКМКнын төрагасынын орун басары болуп саналган директор жүргүзөт.
Антитеррордук борбордун директорунун үч орун басары болот, алардын бири директордун биринчи орун басары болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Директор:
1) Антитеррордук борбордун ишин уюштурат, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана ички иштөө тартибин аныктайт;
2) Антитеррордук борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Антитеррордук борбордун түзүмүн УКМКнын төрагасынын бекитүүсүнө сунуштайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Директор жок учурда анын милдеттерин директордун биринчи орун басары аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Антитеррордук борбордо тийиштүү жай жана техникалык каражаттар менен камсыз кылынган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун маалыматтар базасына аралыктан жетүү менен күнү-түнү иштөөчү маалымат-аналитикалык борбор түзүлөт.
(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Антитеррордук борборду каржылоо
10. Антитеррордук борбордун ишин каржылоо, аны уюштуруучулук-техникалык камсыздоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.