Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 81
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүулөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом расмий .жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 16 (3465) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- «Социалдык чөйрөдө» деген II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 27, 28-главалар менен толукталсын:
«
27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Чектелген пенсия жөнүндө маалымат-Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 29-пункту | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары -мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү региондук башкармалыктардын тизмеси, байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар: - Кыргыз Республикасынын жарандары; - чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган башка мамлекеттердин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, пенсионер болуп саналган жана Кыргыз Республикасында пенсия алган жарандыгы жок адамдар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускама | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Пенсиянын эсептелген өлчөмү, камсыздандыруу стажынын эсепке алынган мезгилдери менен пенсия чектөө жөнүндө маалымат | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жоом берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана бөлмөлөрүнө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн камсыздоодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, жабдылган дааратканалар болгон учурда; - «жандуу кезек» принциби боюнча; - Калкты тейлөө борборлорунда; - www.socfond.kg сайтындагы Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети аркылуу. Имарат күтүү үчүн орундар менен жабдылып, жылытуу, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыз кылынат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерлерде көрүнө жерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектүү убактысы - 5 мүнөткө чейин. Маалыматты тариздөө мөөнөтү - 1 жумуш күндүн ичинде. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектүү убакыт - 10 мүнөткө чейин | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылганда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.socfond.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү cуроо-талапка жооп); -телефон аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - маалыматтык системалардын ортосундагы интеграция аркылуу (ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, корголгон каналдар ж.б.); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтарды берүү бардык кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү боюнча, маалыматтык сайттарда; - басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын сайтында (www.socfond.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу; - стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда, мамлекеттик жана расмий тилдерде. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында (www. socfond .kg) жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калкты тейлөөнү жүзөгө ашырган бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейдждер) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл системасынын бузулууларына ээ ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу бул кызмат көрсөтүүнү алууга мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга кайрылышы керек. Арыз ээси ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү башка адам тарабынан алынган учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, арыз ээсинин атынан иш-аракет кылуу укугун ырастаган ишеним кат берилет. Кызмат көрсөтүүнү электрондук түрдө алуу үчүн жеке жак төмөнкүлөргө милдеттүү: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан (идентификациядан) өтүүгө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө суроо-талап кылууга. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, б.а. жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жүрүшүндө зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; -даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15 | Электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта «суроо-жооп» режиминде portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Алынган маалыматты басып чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан өтүү; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID картаны пайдалануу менен мүмкүн болгон каттоосу же электрондук сапариптик кол тамгасы жок болсо - каттоодон өтүү; - тийиштүү кызматты табуу; - суроо-талапты түзүү үчүн «жөнөтүү» баскычын басуу керек; - киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгып, кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт жана маалымат түрүндө маалыматтык документ берилет. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы-5 (кызмат толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалымдарын жана дайындарын ырастаган документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалымат системаларынан электрондук арыз бергенде автоматтык түрдө түзүлөт) | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамдын аны алууга укугунун же башка жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укуктарынын жоктугу; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (зарыл документтердин топтому толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берилет) | |
17 | Датгануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралганда алуучу белгиленген тартипте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Ошондой эле мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө, алуучу региондук башкармалыктын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндогү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөи тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Региондук башкармалык кабыл алган даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрадан даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим канааттандырбаган же сапатсыз берилген учурда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат керсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен кайра каралат | |
28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Төлөнгөн пенсия жөнүндө маалымат-Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 30-пункту | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү региондук башкармалыктардын тизмеси, байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар: - Кыргыз Республикасынын жарандары; - чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган башка мамлекеттердин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, пенсионер болуп саналган жана Кыргыз Республикасында пенсия алган жарандыгы жок адамдар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Айлар боюнча төлөнгөн пенсия жөнүндө маалымат | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана бөлмөлөрүнө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн камсыздоодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, жабдылган дааратканалар болгон учурда; - «жандуу кезек» принциби боюнча; - Калкты тейлөө борборлорунда; - www.socfond.kg сайтындагы Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети аркылуу. Имарат күтүү үчүн орундар менен жабдылып, жылытуу, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыз кылынат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерлерде көрүнө жерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон докуметтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектүү убактысы - 5 мүнөткө чейин. Маалыматты тариздөө мөөнөтү - 1 жумуш күндүн ичинде. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектүү убакыт- 10 мүнөткө чейин | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылганда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.socfond.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - телефон аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - маалыматтык системалардын ортосундагы интеграция аркылуу (ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, корголгон каналдар ж.б.); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтарды берүү бардык кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү боюнча, маалыматтык сайттарда; - басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын сайтында (www.socfond.kg); - стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда, мамлекеттик жана расмий тилдерде. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында (www.socfond.kg) жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калкты тейлөөчү бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейдждер) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, припциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, аны позициясын түшүпүн, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл системасынын бузулууларына ээ ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөтн | |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу бул кызмат көрсөтүүнү алууга мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуу үчүн арыз ээси мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Арыз ээси ким экеидигин ырастоочу документти көрсөтүүгө тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү бапшка адам тарабынан алынган учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, арыз ээсинин атынан иш-аракет кылуу укугун ырастаган ишеним кат берилет. Кызмат көрсөтүүнү электрондук түрдө алуу үчүн жеке жак төмөнкүлөргө милдетгүү: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан (идентификациядан) өтүүгө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө суроо-талап кылууга. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, б.а. жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта «суроо-жооп» режиминде portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Алынган маалыматты басып чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан өтүүгө; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID картаны пайдалануу менен мүмкүн болгон каттоосу же электрондук санариптик кол тамгасы жок болсо - катгоодон өтүүгө; - тийиштүү кызматты табууга; - суроо-талапты түзүү үчүн «жөнөтүү» баскычын басуу керек; - киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгып, кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт жана маалымат түрүндө маалыматтык документ берилет. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы -5 (кызмат толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалымдарын жана дайындарын ырастаган документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалымат системаларынан электрондук арыз бергенде автоматтык түрдө түзүлөт) | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүден баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат корсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамдын аны алуу укугунун же башка жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укутарынын жоктугу; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (зарыл документтердин топтому толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берилет) | |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралганда алуучу белгиленген тартипте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Ошондой эле мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө, алуучу региондук башкармалыктын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Региондук башкармалык кабыл алган даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндо саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрадан даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим канааттандырбаган же сапатсыз берилген учурда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен кайра каралат. | |
|
|
|
|
»
2) «Маалымат берүү тармагында» деген V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 58-глава менен толукталсын:
«
58. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Юридикалык жактарга жарандардын пенсиясынын өлчөмү жөнүндө жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 6-гланасы, 3-1-пункту | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясат жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруупу жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Мамлекеттик органдардан тышкары юридикалык жактар (мамлекеттик эмес уюмдар, мекемелер, коммерциялык структуралар, финансы-кредиттик уюмдар ж.б.) | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 5-июлундагы № 363 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускама; Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2012- жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чарапар жөнүндө» Жарлыгы | |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу чегерүүлөрү, пенсиянын өлчөмү жана пенсиялык топтоолор жөнүндө маалыматтар | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат (маалымат берүү) көрсөтүлөт: - жеке маалыматтар массивин кармоочу менен түзүлгөн макулдашуу болгондо; - жеке маалыматтар субъекти жеке маалыматтар массивин кармоочуга анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун бергенден кийин | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектүү убактысы - 5 мүнөткө чейин. Маалыматты тариздөө мөөнөтү - 1 жумуш күндүн ичинде. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектүү убакыт - 10 мүнөткө чейин | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маалыматтык системалардын ортосундагы интеграция аркылуу (ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, корголгон каналдар ж.б.); - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылганда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.socfond.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - телефон аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, теле көрсөтүү, сайттар ж.б.) аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (www.socfond.kg,); - стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда, мамлекеттик жана расмий тилдерде. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калкты тейлөөчү бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейдждер) болот. Юридикалык жактар суроо-талап кылганда маселенин маңызы боюнча жооп берилет, юридикалык жактын суроо-талабы анын позициясын түшүнүү менен кылдат изилденет, ошондой эле кабыл алынган чечимдер аргументтештирилет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл системасынын бузулууларына ээ ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Ушул стандарттын 6-пунктуна ылайык келген учурда маалыматтык системалардын ортосундагы интеграция аркылуу (ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы, корголгон каналдар ж.б.) алуучу жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, коммерциялык структуралардын, финансы-кредиттик уюмдардын ж.б. суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган менен маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу түзүүгө; - ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү систсмасы үчүн коопсуздук серверин орнотууга; - электрондук түрдө маалымат алмашуу үчүн зарыл болгон реквизиттерди алмашууга; - жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жана берүүгө субъекттин макулдугун алууга |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде юридикалык жактарга (мамлекеттик эмес уюмдарга, мекемелерге, коммерциялык структураларга, финансы-кредиттик уюмдарга, ж.б.) көрсөтүлөт: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын стенддеринде жана расмий сайтына жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат (www.socfond.kg). Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын ички актысы менен бекитилет |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, б.а. жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жapaндар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жүрүшүндө зарыл болгон документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү жана консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
|
15 | Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg. электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга юридикалык жактын суроо-талабын кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн юридикалык жак арыз ээсинин квалификациялуу электрондук кол тамгасы болгон учурда жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg. электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүндүгүнө ээ) |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөндөгү юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат: |
|
|
| - техникалык жана маалыматтык коопсуздукка шайкеш келбеген («Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу интеграциялоо үчүн программалык-аппараттык каражаттардын жоктугу, ошондой эле маалыматтык коопсуздук талаптарына шайкеш эместиги); - жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жана берүүгө макулдугу болбогон. - ушул стандарттын 12-пунктуна шайкеш келбеген учурда |
|
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралганда алуучу белгиленген тартипте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Ошондой эле мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө, алуучу региондук башкармалыктын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Региондук башкармалык кабыл алган даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга кайрадан даттанууга укуктуу. Мамлекеггик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим канааттандырбаган же сапатсыз берилген учурда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен кайра каралат |
|
»