Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-февралы № 108

Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 45 “Бажы бирлигинин комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров