Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 112
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-февральндагы № 21 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 1-тиркемеге ылайык;
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалына күбөлүктүн формасы 3-тиркемеге ылайык;
- «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалынын сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык;
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча кечиктирилгиc чараларды көрсүн:
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийники айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2023-жылдын 1-майына чейин «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалдарын жана алардын күбөлүктөрүн даярдоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын:
- тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражатгардын эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров | |
| |||
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык корпустун, илимий, чыгармачыл бирликтердин, экономиканын реалдуу секторунун, бизнестин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу чогулушту даярдоо жана өткөрүү | 2023-жылдын 5-майы | КРПА, ММСЖСМ, ТИМ, КРПИБ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2 | Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган элдик майрамдоолорду, театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү, эл чыгармачылыгынын артисттеринин, кыргыз эстрада жылдыздарынын, балдар жамааттарынын катышуусу менен майрамдык концертти даярдоо жана өткөрүү | 2023-жылдын 5-майы | КРПА, ММСЖСМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
3 | Республиканын облус тарында, райондорунда, шаарларында жана Ош шаарында (республиканын региондорунун айрым сценарийлери боюнча) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү | 2023-жылдын 5-майы | КРПА, КРП облустардагы ЫУО, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
4 | Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган тематикалык жолугушууларды өткөрүү | 2023-жылдын майы | ТИМ, жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери |
5 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган эмблеманы жана тариздөө эскиздерин бекитүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | Курулуш агенттиги |
6 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү: - "Манас" эл аралык аэропортунун расмий делегациялар залында (МЭА РДЗ) чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүн тейлөөнү камсыз кылуу; - чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүн виза менен камсыздоо жана МЭА РДЗда авиациялык коопсуздук кызматынын, чек ара жана бажы текшерүүсүнөн өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун камсыз кылуу; - МЭАга келгенде чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүнүн жүгүн тез берүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө авиалинияларга/эл аралык аэропортторго күн мурунтан билдирүү маселесин иштеп чыгуу; - эл аралык конференциянын катышуучуларын транспорт менен камсыз кылуу; - МЭАда тосуп алууда жана узатууда чет өлкөлүк делегациялардын автотранспортторун, ошондой эле конференциянын катышуучуларынын кортежин Ысык-Көл облусуна бара жаткан жолдо жана Эл аралык конференциянын программасында каралган иш-чаралардын алкагында ЖКККББнын күчтөрү менен коштоону уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан салтанаттуу кабыл алууну өткөрүү; - чет өлкөлүк делегациялар үчүн маданий программаны, анын ичинде улуттук салттарды жана оюндардын түрлөрүн театрлаштырылган көрсөтүүнү, ошондой эле ат-спорттук мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү; - пландалуучу иш-чаралар жөнүндө маалыматтык материалдарды түзүү жана маалымат аянтчаларына (радио, ТВ, интернет басылмалары, социалдык тармактар) жайгаштыруу; - иш-чараны өткөрүүчү жерден түз эфирди бир нече маалымат аянтчаларында, анын ичинде Конституциялык соттун ютуб каналында көрсөтүү менен уюштуруу; - өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө маалыматтык материалдарды даярдоо жана маалымат аянтчаларына (радио, ТВ, интернет басылмалары, социалдык тармактар) жайгаштыруу; - тиешелүү чет элдик ЖМКларга жөнөтүү үчүн иш-чараларды тартууну жана коноктордун интервьюларын уюштуруу | 2023-жылдын июну | КС (макулдашуу боюнча), ТИМ, ЮМ, ИИМ, УКМК, ММСЖСМ, КРПА, КРПИБ, "Манас" эл аралык аэропорту" ААК (макулдашуу боюнча); УТРК, "ЭлТР" МТК, "Кабар" КУМА |
7 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган юбилейлик китепти чыгаруу | 2023-жылдын августу | ЮМ, КС (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ, КРПИБ, "Кыргыз китеп" МИ, Борбордук мамлекеттик архив |
8 | Кыргыз Республикасынын Конституциясына комментарийлерди мамлекеттик жана расмий тилдерде эки томдо чыгаруу | 2023-жылдын апрели | КРПА, ЮМ, КРПИБ, "Кыргыз китеп" МИ |
9 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогорку ролу жөнүндө кыска метраждуу документалдуу фильмди жаратуу | 2023-жылдын 1-майына чейин | ЮМ, ММСЖСМ |
10 | Кыргызстанда конституционализмди өнүктүрүү жөнүндө документалдуу фильмди жаратуу | 2023-жылдын 1-майына чейин | ММСЖСМ, КС (макулдашуу боюнча), Ю.М, КРПИБ, КР Президентинин Архиви, ММСЖСМ, УТРК ("Кыргызфильм" студиясы) |
11 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган телеберүүлөрдүн циклин уюштуруу | Жыл ичинде | ММСЖСМ, ЮМ, УТРК, "ЭлТР" МТК |
12 | "Тарыхта калган адамдар: Кыргызстандагы конституционализмди өнүктүрүүгө чоң салым кошкон 30 замандаш" телеберүүсүнүн 30 сериялуу циклин уюштуруу жана УТРКнын эфирине чыгаруу | Жыл ичинде | ММСЖСМ, УТРК |
13 | Мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн 30 сериялуу циклин уюштуруу жана "ЭлТР" МТКнын эфирине чыгаруу: - "Тарыхый экскурс "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: тарых барактары"; - "Тарыхый экскурс "Кыргыз Республикасынын Конституциясы: Кечээ. Бүгүн. Эртең" | Жыл ичинде | ММСЖСМ, "ЭлТР" МТК" |
14 | "Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттин эгемендигин жана өзүнчөлүгүн көрсөтүп турат" темасындагы очерктер сериясын даярдоо жана чыгаруу | Жыл ичинде | ЮМ, ММСЖСМ, "Кабар" КУМА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү ЖМК (макулдашуу боюнча), облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
15 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогорку ролу жөнүндө тематикалык аңгемелердин сериясын даярдоо жана "Слово Кыргызстана" жана "Эркин-Тоо" гезиттеринин беттерине жайгаштыруу | Жыл ичинде | ЮМ, ММСЖСМ, "Слово Кыргызстана" (макулдашуу боюнча), "Эркин-Тоо" |
16 | Жогорку окуу жайларынын, кесиптик орто окуу жайларынын студенттеринин ар кандай курактагы топтору, жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхы жана анын жогорку ролу боюнча лекциялардын/семинарлардын циклин өткөрүү | Жыл ичинде | БИМ, КС (макулдашуу боюнча), ЮМ |
17 | Юридикалык профилдеги программаларды ишке ашыруучу эки ЖОЖдо конституционализм борборлорун түзүү (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети) | 2023-жылдын майы | БИМ, КС (макулдашуу боюнча), ЮМ |
18 | Жергиликтүү соттордун судьялары, ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, адвокаттар, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн конституционализм мектептерин уюштуруу жана өткөрүү | Жыл ичинде | КС (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), КРПИБ |
19 | Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө мыкты адабий чыгармага конкурс өткөрүү | 2023-жылдын майы | ММСЖСМ, Жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча), ЮМ |
20 | Студенттер, юристтер, журналисттер арасында төмөнкүдөй темалар боюнча байгелер бар оффлайн жана онлайн QUIZ оюндарын өткөрүү: "Конституционализмди өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө конституциялык контроль органдары", "Конституциялык укук" ж.б. | Жыл ичинде | БИМ, ЮМ, ММСЖСМ, КРПИБ |
21 | Бардык иш-чараларда маалыматтык коштоо: өзүнүн маалыматтык аянттарында түзүү жана жайгаштыруу (радио, ТВ, интернет-басылма, социалдык тармак), даяр материалдарды жайгаштыруу | Жыл ичинде | "Кабар" КУМА, УТРК, "ЭлТР" МТК, Биринчи радио |
22 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды мыкты чагылдырууга конкурс өткөрүү | Жыл ичинде | ММСЖСМ |
23 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган ар түрдүү спорттук иш-чараларды/мелдештерди жана улуттук оюндардын түрлөрүн өткөрүү | Жыл ичинде | ММСЖСМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), КРИ облустардагы ЫУӨ аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
24 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган футбол боюнча "Мурас" салттуу достук турнирин өткөрүү | Жыл ичинде | КРПИБ, Кыргыз футболдук союзу (макулдашуу боюнча) |
25 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган баннерлерди, иллюстративдик-түшүндүрүү материалдарын даярдоо жана борбордук көчөлөргө жайгаштыруу. Кыргызстандын Конституциясынын тарыхына жана заманбап коомдо анын ролуна арналган бөлүмдөрдү жана көргөзмөлөрдү музейлерде жана китепканаларда ачуу | 2023-жылдын май-июну | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
26 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы символикасы менен сувенирдик продукцияны, таркатуучу материалдардын юбилейлик топтомун (ачык каттар, буклеттер, 2024-жылга календарлар) даярдоо | 2023-жылдын майы | КРПИБ, КС (макулдашуу боюнча), ЮМ |
27 | Сыпатталган эскизди даярдоо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" эстелик юбилейлик медалын даярдоо | 2023-жылдын 1-майына чейин | КРПА, КС (макулдашуу боюнча) |
28 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейине арналган юбилейлик коллекциялык монеталарды жана почталык маркаларды чыгаруу | 2023-жылдын 1-майына чейин | ФМ, КРУБ |
29 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейи менен куттуктоого байланыштуу мобилдик уюлдук байланыш абоненттерине СМС-билдирүүлөрдү жөнөтүү маселесин иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-майынан тартып 5-майына чейин | СӨМ, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу) |
30 | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейинин урматына акысыз юридикалык жардам кызматы тарабынан адамдардын кеңири чөйрөсүнө укуктук консультацияларды өткөрүү | Жыл ичинде | ЮМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы; |
ЖОЖдор | - | жогорку окуу жайлар; |
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; |
"Кыргыз китеп" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасы; |
"ЭлТР" МТК | - | "ЭлТР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы; |
КС | - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту; |
"Кабар" КУМА | - | Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
"Слово Кыргызстана" | - | "Слово Кыргызстана" басма үйү; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
Жазуучулар союзу | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу; |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы; |
"Эркин-Тоо" | - | "Эркин-Тоо" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити. |
|
| 3-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалына КҮБӨЛҮК
| Күбөлүк |
(фамилиясы) | |
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалынын сүрөтү | (аты) |
| (атасынын аты) |
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | |
Китепченин № _____________________ | 202___-жылдын "___" __________________ |
Юбилейлик медалдын № ____________ |
|
|
| 4-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалынын СЫПАТТАМАСЫ
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы алтын менен гальваникалык капталган латундан жасалып, медалдын түстүү бөлүктөрү кочкул кызыл түстөгү эмаль менен куюлган.
Медаль эки бөлүктөн - асмадан жана калыптан турат. Асма "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" деген рельефтик жазуусу бар, диаметри 32 мм болгон айлана түрүндө болот, ошондой эле айлананын төмөнкү бөлүгүндө кыргыз оюмунун рельефтик сүрөтү түшүрүлгөн. Асманын борбордук бөлүгүндө кочкул кызыл түстөгү эмаль менен капталган айлана бар. Айлананын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын символдоштурган китептин рельефтик сүрөтү жана "30 жыл" деген жазуу жайгашкан.
29х16 мм өлчөмүндөгү калып кочкул кызыл түстөгү түстүү эмаль менен капталган, ал эми төмөнкү бөлүгүндө кыргыз оюмунун рельефтик сүрөтү бар.