Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Ушул токтомдун колдонулушу "Чоң-Алайкөмүр" мамлекеттик ишканасына жана "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт деп белгиленсин.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 54 – 55-пункттар менен толукталсын:
"54. Бардык мамлекеттик ишканалар 2022-жылдан тартып 2025-жылды кошо алган мезгил үчүн ишинин жыйынтыгы боюнча бюджетке таза пайдасынын 50 пайызын төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
55. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо каралган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилүүчү жана мамлекеттик ишканаларды уюштуруучуга киргизилүүчү документтердин толуктугу, өз убагында жана аныктыгы, ошондой эле тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- 2, 3, 8, 16, 17, 23, 24, 28, 53, 55, 57, 60-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26, 30, 32, 35-37, 43-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Премьер-министр" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик ишкана башка юридикалык жактын уюштуруучусу болуп чыга албайт.";
- 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары стратегиялык мамлекеттик ишканалардын жетекчилери боло албайт.";
- 48-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Мамлекеттик ишканаларга 2022-жылдан тартып 2025-жылды кошо алган мезгил үчүн ишкананын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайдасынын 50 пайызын материалдык-техникалык базасын жаңылоого жумшоого уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун кабыл алынышына байланыштуу мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын бөлүгүн чегерүү планына өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Мамлекеттик ишканалардын жетекчилери:
1) жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган, ишкананын материалдык-техникалык базасын жаңылоого жана модернизациялоого жумшоого сунушталган чыгымдар сметасынын долбоорун киргизсин;
2) квартал сайын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик башкаруучу органга таза пайдасынын 50 пайызын пайдалангандыгы тууралуу отчет берсин;
3) жыл сайын 1-майга чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган ишкананы өнүктүрүүгө таза пайдасынын 50 пайызын пайдалануу жөнүндө бизнес-планды берсин.
6. Мамлекеттик ишканалардын ишин жүргүзүүнү караган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул токтомду жетекчиликке алсын жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 (3466) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |