Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна) |
Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 530, 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122, 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232, 2023-жылдын 19-июнундагы № 307, 2023-жылдын 21-июлундагы № 365 , 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 , 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754, 2025-жылдын 25-февралындагы № 87, 2025-жылдын 11-июнундагы № 332 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831, 2026-жылдын 10-февралындагы N 74
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик ишканалардын укуктук абалын, аларды түзүү, башкаруу, кайрадан уюштуруу жана жоюу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлө турган мамлекеттик ишканалар чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик ишкананы түзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат.
Мамлекеттик ишкананы түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана монополияга каршы органдын оң корутундусу болгондо кабыл алынат.
Мамлекеттик ишканалардын ишинин негизги максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) улуттук коопсуздукту камсыздоого, коргонуу жөндөмүн коргоого, укуктук тартипти, айлана-чөйрөнү сактоого, дипломатиялык кызмат органдарынын ишине байланышкан стратегиялык маанидеги товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн канааттандыруу;
2) мамлекеттик ишкана тарабынан мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча тикелей мамлекеттик заказды аткаруу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды (алардын өкүлчүлүктөрүн) же алардын долбоорлорун тейлөө боюнча координатордун жана жумуштардын заказчысынын атайын функцияларын өз алдынча аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматынын органдарынын ишин камсыздоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн уставында каралган ишинин предметине жана максаттарына тиешелүү жарандык укуктарга ээ жана ошол ишине байланыштуу жоопкерчиликти тартат.
Эгерде уставында башкасы белгиленбесе, мамлекеттик ишкананын иштөө мөөнөтү чектелбей түзүлөт.
Мамлекеттик ишкана башка юридикалык жактын уюштуруучусу болуп чыга албайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдеги (зарыл болгон учурда чет тилдеги) толук фирмалык аталышы болот, анда мамлекеттик ишкана экендиги көрсөтүлүүгө тийиш.
Мамлекеттик ишкананын юридикалык дареги болот, ал ишкананын мамлекеттик катталган жери боюнча аныкталат.
Мамлекеттик ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдеги толук фирмалык аталышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка реквизиттерин камтыган мөөрү болот.
6. Мамлекеттик ишкана белгиленген тартипте финансылык-кредиттик мекемелерде эсеп ачууга жана эсептери болууга укуктуу.
7. Мамлекеттик ишкана мамлекеттин милдеттенмелер боюнча өзүнө тапшырма (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары алар өздөрү бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Мамлекеттик ишкана өзүнүн филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик ишкананын уставында өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
Мамлекеттик ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
2. Мамлекеттик ишкананын мүлкү
10. Мамлекеттик ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекеттик ишкана мүлктү чарба жүргүзүү укугунун негизинде же оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылат.
11. Мамлекеттик ишкананын мүлкү өз алдынча балансында көрсөтүлөт жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- мамлекеттик ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген мүлктөн;
- бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган мүлктөн, анын ичинде кирешеден, түшүмдөн, продукциядан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан.
12. Мамлекеттик ишкана жеке финансылык-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Мамлекеттик ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугун ишке ашырат.
13. Мамлекеттик ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
14. Мамлекеттик ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого милдеттүү жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жана мөөнөттө бериши керек.
3. Мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык иши
15. Мамлекеттик ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.
16. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик ишканага максаттуу бюджеттик ассигнованиелер жана республикалык бюджеттен субсидиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Мамлекеттик зайымдык каражаттар мамлекеттик ишканага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча бөлүнгөн кредиттер түрүндө берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
18. Мамлекеттик ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы мамлекеттик ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) ишкананын ишинин максаты жана негизги багыттары;
2) ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагы жана рыногу, мүнөздөмөсү;
3) ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздеме;
4) ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүү;
5) товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруучулук планы;
7) финансылык планы;
8) тобокелдиктерди талдоо.
19. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, мамлекеттик ишкананын жетекчиси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган мамлекеттик ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде мамлекеттик ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 20-мартка чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитет:
1) келерки жылга карата мамлекеттик ишкананын бюджетин;
2) финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту;
3) мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча ушул жылда республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн жана келерки жылга республикалык бюджетке чегериле турган таза пайданын бөлүгүнүн пландуу маанисин.
20. Мамлекеттик ишкана финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
Ушул пункттун күчү бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасын толук көлөмдө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга багыттоочу мамлекеттик ишканалардын тизмесине киргизилген мамлекеттик ишканаларга жайылтылбайт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджетке чегериле турган таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүүдө, мамлекеттик ишкананын жабдууларын модернизациялоо, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жана реконструкциялоого болгон керектөөсү, ошондой эле өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын алкагында, уставдык максаттардын жана мамлекеттик ишкананын милдеттерине мындай чыгымдардын максатка ылайыктуулугуна көңүл бурулат.
21. Табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган мамлекеттик ишканалар тарабынан өндүрүлүүчү (көрсөтүлүүчү) товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленет, калган товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин регламенттөөчү мыйзамдарында каралган тартипте же рыноктун конъюнктурасына ылайык белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 530 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик ишкананын уставы
22. Мамлекеттик ишкананы уюштуруу документи болуп анын уставы саналат.
23. Мамлекеттик ишкананын уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик ишкананын уставы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) мамлекеттик жана расмий тилдеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышын;
2) уюштуруучунун жана мамлекеттик башкаруучу органдын аталышын;
3) юридикалык дарегин;
4) мамлекеттик ишкананын максаттарын, иш предметин, милдеттерин жана (же) функцияларын;
5) мамлекеттик ишкананын укуктарын жана милдеттенмелерин;
6) мамлекеттик ишкананын финансылык каражаттарын түзүү булактарын жана мүлкү жөнүндө ченемдерди;
7) мамлекеттик ишкананы башкаруу органдарынын укугун жана милдеттерин;
8) ишкананын жетекчисин жана жетекчисинин орун басарларын дайындоо тартибин;
9) мамлекеттик ишкананын отчёт берүү тартибин;
10) мамлекеттик ишкананы жоюу жана кайра уюштуруу тартибин;
11) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн болушун.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик ишкананы башкаруу
24. Мамлекеттик ишкананы башкаруучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - мамлекеттик ишкананын мүлкүнө менчик укугун ишке ашыруучу мамлекеттик ишкананын уюштуруучусу;
2) мамлекеттик башкаруучу орган - мамлекеттик ишкананын ишин жалпы жетектеген жана координациялаган, тейлөөчү тармактык маселелер боюнча мамлекеттик ишкананын ишин стратегиялык пландоону ишке ашырган орган;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдогон орган;
4) аткаруучу орган (жетекчи) - мамлекеттик ишкананын учурдагы ишин башкарган мамлекеттик ишкананын директору (же башкы директору).
Ушул Жобо менен мамлекеттик ишкананы башкаруучу органдын биринин өзгөчө компетенциясына тийиштүү маселелер башка башкаруучу органдын компетенциясына берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик ишкананын уюштуруучусунун компетенциясы
25. Мамлекеттик ишкананын уюштуруучусунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ишкананы түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) ишкананы менчиктештирүү, кайрадан уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
3) ишкананы жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
5) ишкананын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
7. Мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясы
26. Мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ишкананын уставынын долбоорун иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) ишкананы кайрадан уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) ишкананын жетекчи жана анын орун басары (орун басарлары) кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
81) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ишкананын жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) фонддорго, ассоциацияларга (бирликтерге), коммерциялык эмес уюмдарга жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) ушул Жобого жана мамлекеттик ишкананын уставы менен анын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2025-жылдын 11-июнундагы № 332, 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү ишканага берүү;
2) ишканадан финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана финансылык-чарбалык ишин талдоого зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишкананын аймагына кирүүгө;
4) аткаруу органынын отчётун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан бошотууга, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонууга же сыйлоо үчүн сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган ушул Жободо жана мамлекеттик ишкананын уставында каралган башка укуктарга ээ.
28. Мамлекеттик ишкананы мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишкананы башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына мамлекеттик ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылар белгилүү болгондугу жөнүндө маалымат берүүгө;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
5) белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу органга ушул Жободо жана мамлекеттик ишкананын уставында каралган башка милдеттер жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
29. Мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп саналган мамлекеттик орган жоюлуп кетсе жана тиешелүү мамлекеттик функциялар боюнча укук улантуучусу жок болсо, мындай мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп ошол чөйрөдө функциясын аткаруучу мамлекеттик орган же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныкталат.
8. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
30. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуш киргизүү;
2) ишкананын түзүмү менен штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту, республикалык бюджетке чегерилүүчү таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу жана кызматка дайындоо жөнүндө мамлекеттик башкаруу орган менен макулдашуу боюнча сунуш киргизүү;
9) мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басарын кызматтан бошотуу жана кызматка дайындоо;
10) ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
14) ишканага тиешелүү мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сакталышын контролдоо;
15) ушул Жобого жана мамлекеттик ишкананын уставына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2025-жылдын 11-июнундагы № 332 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтына коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган маалыматтарды кошпогондо, кызматтык пайдалануу үчүн төмөнкүдөй маалыматты жайгаштырууга милдеттүү:
1) иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмесин;
2) жоюу жана банкроттук процессте турган мамлекеттик ишканалардын тизмесин;
3) мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын;
4) мамлекеттик ишканалардын жылдык бюджеттерин жана финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчётторун;
5) ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишине баа берүүнүн жыйынтыктарын;
6) мамлекеттик ишканада жетекчилик кызмат ордун ээлеген адамдардын реестрин;
7) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишкананын жетекчиси катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин.
32. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга зарыл болгон бардык башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
2) ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) мамлекеттик ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) мамлекеттик ишканаларда ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) мамлекеттик ишканага тиешелүү мүлктү сактоону, өз багытында жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге ишкананын аймагына барып кароо жана текшерүү үчүн ыйгарым укук берүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2025-жылдын 11-июнундагы № 332 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган документтер мамлекеттик ишкананын жетекчисинен келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбоору менен макул болбогон учурда, аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлүү баш тартууну мамлекеттик ишкананын жетекчисине жиберет.
34. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ушул Жободо жана ишкананын уставында каралган башка укуктары бар.
9. Мамлекеттик ишкананын аткаруучу органы
35. Мамлекеттик ишкананын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалган мамлекеттик ишкананын жетекчиси - директор (же башкы директор) саналат.
Мамлекеттик ишкананын жетекчиси ишкананын жетекчиси кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органдарына сунуш кылынган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси мамлекеттик ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Эмгек келишими мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча жобону камтууга тийиш, анын өлчөмү, тизмеси жана жол берилген мааниси өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашып, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча кызматтан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
Мамлекеттик ишкананын жетекчиси төмөнкү учурларда кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчётун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу мамлекеттик башкаруучу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Мамлекеттик ишкананын жетекчисинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга ишкананын бюджетинин долбоорун бекитүүгө киргизет жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет;
4) мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык иштери жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
5) мамлекеттик башкаруучу органдын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ишкананын штаттык расписаниесин жана уюштуруу түзүмүн бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошуп алганда, кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин бекитүү;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) мамлекеттик ишкананын уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
39. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) ишкананын милдеттерине жана максаттарына, уставына жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суратууга жана алууга;
4) ушул Жобого жана мамлекеттик ишкананын уставына ылайык башка укуктарга.
40. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроосу боюнча ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерди, ошондой эле ишкананын финансылык-чарбалык иштерин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү ыкчам берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны ишкананын ар кандай чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоого;
4) укук коргоо органдарына мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылары тууралуу ага белгилүү болгондугу жөнүндө маалымат берүүгө;
5) үчүнчү жакка коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу купуя болуп саналган мамлекеттик ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды таратпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроосу боюнча мамлекеттик ишкананын иши жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берүүгө.
Мамлекеттик ишкананын жетекчисинин ушул Жободо жана мамлекеттик ишкананын уставында каралган башка дагы милдеттенмелери бар.
41. Мамлекеттик ишкананын жетекчисинин чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
Жетекчи:
1) ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде мамлекеттик ишкананын кызыкчылыгын жактайт;
3) ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында мамлекеттик ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо жана мамлекеттик ишкананын уставында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) мамлекеттик ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө техникалык коопсуздуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) ушул Жобого жана мамлекеттик ишкананын уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
42. Жетекчинин бир же бир нече орун басары болушу мүмкүн, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Жетекчинин орун басарларынын саны уставдык милдеттердин масштабына жана штаттык санына жараша ишкананын уставы менен аныкталат.
Мамлекеттик ишкананын жетекчиси ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордуна дайындалганга чейинки анын милдеттерин аткаруу ушул Жобого ылайык жетекчинин орун басарына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Мамлекеттик ишкананын жетекчисине карата сыйлоо чаралары жана тартиптик жаза чаралары мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси соттук тартипте төлөөгө жөндөмсүз деп таанылган ишкананын чарбалык иштерин башкаруу боюнча өз милдеттерин (алдын ала көрө билүү милдети, чыгымдарга жол бербөө милдети, банкроттуулуктун алдын алуу милдети) аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
45. Мамлекеттик ишкананын жетекчисине кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тыюу салуулар, чектөөлөр жана кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу жөнүндө башка жоболор жайылтылат.
10. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамы
46. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
1) директор (башкы директор), директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
47. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар өзүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттик ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган мамлекеттик ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары стратегиялык мамлекеттик ишканалардын жетекчилери боло албайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулгандар;
4) жеке менчик формасына карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
Мамлекеттик ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчик формасынан көз карандысыз коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине бир эле учурда катышууга укугу жок.
11. Мамлекеттик ишкананын аудити
49. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мамлекеттик ишкананын түзүмүндө ички аудитор кызмат орду каралышы же ички аудит кызматы түзүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттик ишкананын ишине ички аудит ушул ишкананын ички аудитору же ички аудиттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик ишкананын уставында ички аудитти уюштуруу формасына көрсөтмө камтылууга тийиш.
Ички аудиторду (ички аудит кызматын) күтүүгө каражаттар мамлекеттик ишкананын жылдык бюджетине ылайык каржыланат.
Мамлекеттик ишкананын ички аудитору (ички аудит кызматы) төмөнкүдөй контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) мамлекеттик ишкананын жылдык бюджетинин толук жана негиздүү аткарылышын текшерүү боюнча;
2) мамлекеттик ишкананын активдерин натыйжалуу пайдаланууну жана сактоону текшерүү боюнча;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана жетиштүүлүгүн баалоо боюнча.
Ички аудитке байланыштуу башка маселелер "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана мамлекеттик ишкананын уставы менен белгиленет.
Мамлекеттик ишкананын ички аудиторунун (ички аудит кызматынын) ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчёту мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык отчётуна киргизилиши керек.
50. Мамлекеттик ишкананын тышкы аудитин "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жүргүзөт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мамлекеттик ишкана тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
12. Мамлекеттик ишкананын эсеби жана отчёттуулугу
51. Мамлекеттик ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Мамлекеттик ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир календардык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
52. Квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейин, мамлекеттик ишкананын жетекчиси бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына);
2) мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
53. Мамлекеттик ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүштүрүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен, ал эми отун-энергетикалык комплекси ишканалары үчүн - отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
54. Мамлекеттик ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
55. Мамлекеттик ишкананын максаттарын жана милдеттерин кайрадан карап чыгуу, ишинин принциптерин алмаштыруу, башкаруу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды аткарууга которуу зарылдыгы пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мындай мамлекеттик ишкананы мамлекеттик мекемеге өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
56. Мамлекеттик ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акциясынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган (акционерлештирүү) жоопкерчилиги чектелген коомго айлануу менен өзгөртүп түзүлөт.
57. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп эсептелген же чарбалык карамагында Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп эсептелген мүлкү бар мамлекеттик ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп түзүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп эсептелбеген мамлекеттик ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп түзүү чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык, анын ичинде эмгектик мамилелер чөйрөсүндөгү укуктар жана милдеттер боюнча анын укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
58. Мамлекеттик ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
59. Мамлекеттик ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган мезгилден баштап мамлекеттик ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жетишсиз болсо, банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
14. Мамлекеттик ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү
60. Мамлекеттик ишкана жергиликтүү жамааттын товарларга, жергиликтүү маанидеги жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу же жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында муниципалдык менчикке өткөрүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттик ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими тиешелүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен демилгеленет.
Мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплекси муниципалдык менчикке өткөрүлгөндөн кийин ал юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда муниципалдык ишкана катары кайрадан катталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жылдык финансылык-чарбалык иштердин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданы толук көлөмдө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга багыттаган мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122, 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232, 2023-жылдын 19-июнундагы № 307, 2023-жылдын 21-июлундагы № 365, 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 , 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754, 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 , 2026-жылдын 10-февралындагы № 74 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасы.
4. Жаза аткаруу тутумунун мамлекеттик ишканалары.
5. Ишенимдүү башкаруу келишимин колдонуу мезгилинде "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ишканалар (филиалдар).
6.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.
18. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Жалал-Абад көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы.
19. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы.
20. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы.
21. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасы.
22. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору” мамлекеттик ишканасы.
23. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “МЕС Текстиль” мамлекеттик ишканасы.
24. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Авиациялык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасы.
25. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу " Инженердик технологиялардын комплекси" мамлекеттик ишканасы.
26. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы.
27. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин алдындагы "Кыргыз сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы "Кыргыз балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун алдындагы "Кыргыз дыйканчылык илимий-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Сууавтоматика жана метрология" конструктордук-технологиялык долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Гидрологиялык экспедиция" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Насостук-күч жабдууларын оңдоо боюнча эксперименталдык завод" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ирригациялык курулуш" мамлекеттик ишканасы.
36. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына караштуу "Суу курулуш" мамлекеттик ишканасы.
|
| Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Жетекчилери башкаруучу кадрлар резервинен кызмат ордуна дайындалуучу мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)