Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 токтомуна) |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясында каралган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыкты жана 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын ырааттуу уландысы болуп саналат. Бул Программа Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатын ишке ашыруунун бирдиктүү максатын жана милдеттерин, негизги багыттарын жана механизмдерин аныктоого багытталган.
Бул Программа экстремизмдин жана терроризмдин тобокелдиктерине жана коркунучтарына натыйжалуу каршы аракеттенүүнү, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин милдеттүү түрдө сактоону, коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөтүүнү, мамлекет менен жарандык институттардын бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин жакшыртууну камсыз кылуучу чаралардын комплексин ишке ашырууну карайт.
Бул Программаны ишке ашыруунун укуктук негизи Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-августундагы № 150 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери болуп саналат.
Кыргыз Республикасы экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Глобалдык контртеррористтик стратегиясына (БУУ ГКТС), анын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн атайын иштелип чыккан Бирдиктүү иш-аракеттер планын ишке ашырууга катышуу аркылуу активдүү саясатты жүргүзөт. Кыргызстан региондук эл аралык кызматташуунун алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) зомбулук экстремизмге жана терроризмге алып келүүчү радикалдашууга каршы аракеттенүү боюнча ишине катышат, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Терроризмге каршы борборунун (КМШ ТКБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн (ШКУ РАТТ) мүчөлөрү менен активдүү өз ара аракеттенет.
2. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча учурдагы кырдаалды талдоо
Экстремисттик жана террористтик ишке байланышкан коркунучтардын динамикасы учурдагы көйгөйлөрдүн туруктуулугун, глобалдык жана региондук мүнөздөгү жаңы чакырыктардын пайда болгондугун көрсөтөт. Ушул процесстерден алып караганда Кыргызстанда ички социалдык-экономикалык, саясий, этностор аралык жана диний кырдаал менен шартталган экстремизм жана терроризм тобокелдиктери сакталууда.
Өлкөдө айрым радикалдык топтор менен уюмдардын тыюу салынган экстремисттик материалдарды жана терроризм идеологиясын таратууга багытталган иши улантылууда. Бул процессте оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандар, мигранттар, жабык коомчулук, жаштар жана аялдар потенциалдуу аялуу катмар болууда. Мындан тышкары айрым диний ишмерлердин радикалдык жана экстремисттик идеяларды таратуу процессине тартылганы байкалууда. Укук коргоо органдары каттоодон өткөн диний уюмдар менен катар, каттоодон өтө элек диний бирикмелердин, ошондой эле айрым адамдардын мыйзамсыз иш жүргүзүү фактыларын табууда.
Маалымат мейкиндигинде, анын ичинде социалдык медиа жана мессенджерлерде экстремисттик жана террористтик топтордун иши тез өсүп бараткан коркунуч болуп эсептелет алар радикалдык идеяларды таратуунун негизги каражаты, экстремисттик жана террористтик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо үчүн өз катарына жалдоонун негизги куралы болуп саналат.
Динаяттын жалпы жана диний билим деңгээлинин төмөндүгү, диний окуу мекемелеринде окуу-методикалык жана техникалык базанын жоктугу, диний ишмерлердин саясий процесстерге жана мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсү менен мүнөздөлгөн диний ишке контролдун жетишсиздиги менен учурдагы кырдаал татаалдашууда, бул светтик конституциялык принцибинин бузулушуна алып келип, радикалдык, экстремисттик идеялардын таралышы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
3. Кыргыз Республикасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын максаты, милдеттери жана принциптери
Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын максаты адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бул коркунучтардан коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.
Коюлган максатка жетүү үчүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- колдонуудагы мыйзамдардын ишке ашырылышын натыйжалуу башкарууну жана контролдоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик саясатты ишке ашыруу механизмдерин жакшыртуу;
- чараларды аткарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координациялоосун камсыздоо;
- мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жарандык коомдун институттары жана өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү;
- мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын жакшыртуу;
- эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо.
Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаты төмөнкү принциптерге негизделген:
- укуктун үстөмдүгү жана ак ниет башкаруу;
- экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүүдө олуттуу негиз болуп саналган адам укуктарын жана эркиндиктерин жалпы сыйлоо жана камсыздоо;
- мамлекеттик саясатты ишке ашырууда бейтараптыкты, басмырлабоону жана тең укуктуулукту камсыз кылуу;
- экстремисттик жана террористтик багыттагы кылмыш үчүн сөзсүз жазалана тургандыгы;
- мамлекеттин жарандык коомдун өкүлдөрү, институттар, ЖМК менен инклюзивдүүлүгү жана өнөктөштүгү;
- экстремизм менен терроризмдин жайылышына өбүлгө түзүүчү шарттарды жок кылуу үчүн социалдык ынтымак, толеранттуулук, маданий, диндер жана этностор аралык диалог түзүү баалуулуктарын илгерилетүү;
- көрүлүүчү чаралардын адам укугу жаатындагы, терроризмге алып келүүчү зомбулук экстремизмге, радикалдашууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерге ылайык келүүсү.
4. Кыргыз Республикасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
4.1. Экстремисттик жана террористтик ишти жайылтуунун алдын алуу жана эскертүү
Экстремисттик жана террористтик иштин алдын алуу бул коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн курамдык бөлүгү болуп саналуу менен экстремизмдин жана терроризмдин келип чыгышына, жайылышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, изилдөө, алдын алуу жана жоюу боюнча жарандык коом менен өз ара аркеттенүүдө мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары ишке ашыруучу укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруу, билим берүү, тарбия берүү, агартуу жана башка чаралардын комплекси. Алдын алуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкү артыкчылыктарды аныктоо зарыл:
- экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу жана эскертүү боюнча билим берүү-агартуу иш-чаралары системалуу мүнөзгө ээ болуп, максаттуу топтордун этностук-диний, гендердик, жаш курактык өзгөчөлүктөрүн, ички миграциялык процесстерди жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү локациясын эске алышы керек;
- профилактикалык иш алардын тобокелдиктерин жана муктаждыктарын баалоонун жыйынтыгын эске алуу менен ар түрдүү социалдык топторго, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) өкүлдөрүнө багытталган;
- аялдардын балдарды жана жаш муунду тарбиялоодо негизги ролун жана радикалдык диний көз караштагы адамдардын таасири астында калып, өзүлөрү бул көз караштын ээлери болуп калган фактыны эске алып, алар менен экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча кеңири профилактикалык иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө, колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин түшүндүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ушуга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар жарандык коомдун институттары менен биргеликте оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдарга жана балдарына моралдык-психологиялык жана материалдык колдоо көрсөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине экстремисттик жана террористтик ишке тартылган аялдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү боюнча атайын окуу курсун уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл;
- жаштарга алдын алуу иштери аларды кызыктырып жана катышууга тартуу менен активдүүлүктүн ар кандай түрлөрүн камтыган заманбап интерактивдүү методдорду колдонуу менен жүргүзүлүшү керек;
- экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларга жарандык коомдун институттарын жана ЖМК тартуу зарыл.
4.2. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши
Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар экстремисттик жана террористтик иштин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, стратегиялык жана башка объекттердин коопсуздугун камсыздоо, маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт.
Экстремисттик жана террористтик ишти табуу жана бөгөт коюу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - КР ИИМ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (мындан ары - КР УКМК) тарабынан жүргүзүлөт. КР ИИМ колдонуудагы мыйзамдарды жетекчиликке алып, экстремизмди алдын алуу, экстремисттик ишти жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, бөгөт коюу жана андан ары четтетүү боюнча милдеттерди аткарат, ал эми КР УКМК террористтик актыларды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, ошондой эле бул коркунучтарды даярдоого, ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана четтетүү боюнча алардын иш-аракеттерин макулдашууга жетүү максатында иш жүргүзөт жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Мыйзамдардын ченемдерин аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен стратегиялык жана башка объекттерди мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан коргоо боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылат. Терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү компетенциялар бөлүнгөн мамлекеттик органдар объекттердин жетекчилерине террористтик коркунучтардын мүнөзү жана өзгөчөлүгү жөнүндө маалымдоо, практикалык окуп-машыгууларды өткөрүү, ошондой эле башка чараларды ишке ашыруу аркылуу аларды антитеррористтик коргонуу деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт.
Бул чөйрөдө түрдүү Интернет-ресурстарды, ЖМК жана маалымат технологияларын экстремисттик, террористтик максатта колдонууга каршы аракеттенүү иши абдан маанилүү. Бул үчүн маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон мамлекеттик механизмдер, ченемдик укуктук негиз иштелип чыгууда, бул чөйрөдөгү ишке жарандык коом тартылып, алардын ортосундагы координацияны күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Натыйжалуулукту жогорулатуу максатында экстремисттик жана террористтик ишке каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:
- чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын тажрыйбасынын, ийгиликтүү практикасынын негизинде заманбап методдорду, механизмдерди киргизүү жана колдонуу;
- экстремисттик ишти жана террористтик актыларды жүргүзүү мүнөзү өзгөрүп жатканын эске алуу менен коркунучтарга каршы аракеттенүү механизмдерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү оперативдүү киргизүү;
- террористтик актынын жана экстремисттик ишти алдын алуу жана бөгөт коюу ("маалымдоо" институту) максатында алардын потенциалдуу коркунучу тууралуу маалымдоо боюнча мамлекеттик органдардын жарандар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу;
- экстремизм жана терроризм идеяларын интернет маалымат-коммуникациялык тармагы аркылуу жайылышынын натыйжалуу алдын алуу жана бөгөт коюунун натыйжалуу системасын түзүү.
4.3. Экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча илимий-изилдөө, окуу-методикалык, маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү
Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу механизмдеринин бири катары бул Программа учурдагы абалды талдоо боюнча илимий методологияны жана практикалык изилдөөлөрдү активдүү колдонууну камсыздайт. Академиялык институттардын жана эксперттердин илимий-изилдөө потенциалын колдонуу радикалдашуу процессинин, экстремисттик жана террористтик иштин себептерин жана кесепеттерин мамлекеттик органдардын ишинде Программаны ишке ашырууда толуктап иштеп чыгууну, тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган кемчиликтерди жана көйгөйлүү аспектилерди натыйжалуу аныктоого мүмкүндүк берет. Бул максатта экстремисттик жана террористтик иштин алдын алуу жана каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ушул чөйрөдө иш жүргүзгөн академиялык түзүмдөр, илимий-изилдөө институттары жана аналитикалык борборлор менен туруктуу байланыш түзөт, изилдөө жүргүзүү боюнча бирдиктүү долбоорлорду иштеп чыгат, алынган жыйынтыктарды талкуулоо жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн консультациялык аянтчаларды түзөт;
- өзүнүн ведомстволук түзүмдөрүн түзөт жана учурдагы кырдаалды изилдөө, ыкчам маалыматтарды иштеп чыгуу жана коркунучтардын алдын алуу жана өзгөрүп жаткан кырдаалга жооп кайтаруу, ошондой эле алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүү үчүн иштеп жаткан аналитикалык борборлорду өнүктүрөт;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик мамилени өнүктүрүү үчүн аналитикалык түзүмдөрдүн жана жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин базасында донордук жана илимий-изилдөө уюмдарынын колдоосу менен алынган билимдерди топтоо, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн методикалык материалдарды жана окуу программаларын иштеп чыгуу үчүн жалпы окуу-методикалык платформаны түзөт.
Көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр экстремисттик жана террористтик иштин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар үчүн сунуштама мүнөзүндө болот.
Кыргыз Республикасында экстремисттик жана террористтик ишти аныктоо жана ага бөгөт коюу үчүн натыйжалуу инструмент болуп биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча маалыматтык-талдоо системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү саналат. Бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- кылмышкерлер, анын ичинде экстремисттер жана террористтер жөнүндө аналитикалык маалыматты топтой турган, биометрикалык таануу системасын жана "Коопсуз шаар" сыяктуу башка коопсуздук системаларын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин коопсуздук системаларын камтыган маалыматтык-аналитикалык борбор түрүндө бирдиктүү структураны түзүү жана өнүктүрүү.
4.4. Маалыматтык саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары жана медиауюмдар менен өз ара аракеттенүү
Бул Программаны ишке ашырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын менчигинин түрүнө карабастан медиа-уюмдар (редакциялар) менен өз ара аракеттенүүсү маанилүү аспект болуп саналат. Бул иштин эки негизги багыты бар:
1) экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын методикалык колдоосунда жана башка мамлекеттик ведомстволор менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүндө маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эгидасында иштелип чыгуучу медиа-план түрүндө түзүлүүчү жана ишке ашырылуучу экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу жана профилактикалоо боюнча маалыматтык саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү. Медиаплан экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү коркунучтарды түшүндүрүүгө жана алдын алууга багытталган ар кандай форматтагы иш-чараларды камтыйт;
2) менчигинин түрүнө карабастан медиауюмдардын (редакциялардын), анын ичинде ушул чөйрөдө адистешкен медиа коомдоштуктун эксперттеринин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жана мамлекеттин маалыматтык саясатын ишке ашырууга тартуу. Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү проблемаларын чагылдыруу чөйрөсүндө журналисттерди жана адистерди даярдоо. Коомдук пикирге байкаларлык таасир эткен социалдык медиа, мессенджерлер жана активдүү колдонуучулар маалыматтык саясатты илгерилетүүдө өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
Экинчи жагынан, социалдык медиа жана мессенджерлердин мүмкүнчүлүктөрүн экстремисттик жана террористтик уюмдар өздөрүнүн идеологиясын жайылтуу, үгүттөө жана жалдоо үчүн колдонушат. Ушуга байланыштуу социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча маалыматтарды жана альтернативдүү баяндарды илгерилетүү үчүн активдүү колдонуучуларды тартуу маселелери маанилүү болууда.
Маалыматтык саясаттагы негизги аспект болуп экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү маселелерин объективдүү, туура чагылдыруу саналат, ал ишке тиешеси бар адамдарды "баатыр" көрсөтүүнү, этностук жана диний негизде басмырлоону жокко чыгарат.
Мамлекеттик органдардын менчигинин түрүнө карабастан медиауюмдар (редакциялар) менен өз ара аракеттенүүсү экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүдө өзгөчө мааниге ээ жана бул чөйрөнү иш-чараларда белгиленген конкреттүү милдеттер жана максаттар менен өзүнчө багытка бөлүүнү талап кылат.
4.5. Экстремисттик жана террористтик идеологиялардын таасирине кирген адамдарды кайра социалдаштыруу боюнча заманбап механизмдерди жана ыкмаларды иштеп чыгуу жана киргизүү
Адамдарды кайра социалдаштыруунун заманбап механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгуу жана киргизүү өзүнө экстремисттик жана террористтик иш үчүн соттолгон, куралдуу чыр-чатактар болгон аймактардан кайтып келген жарандар менен иштөөнү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди камтыйт.
Мында түзөтүү мекемелеринде экстремизм жана терроризм идеяларынын таралышынын алдын алуу жана бул кылмыштар үчүн соттолгондорду андан ары социалдык адаптациялоо өзгөчө мааниге ээ. Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор эркиндигинен ажыратуу жайларында экстремизм жана терроризм идеяларын жайылтууну чектөө максатында калган соттолгондордон толугу менен обочолонгондугуна байланыштуу бардык белгиленген тарбиялоо жана билим берүү кызматтарынан пайдалана алышпайт. Ушуга байланыштуу экстремисттик жана террористтик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду натыйжалуу кайра социалдаштыруу үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү каралууда:
- экстремизм жана терроризм идеяларын жайылтуунун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү, социалдык-психологиялык жана теологиялык реабилитациялоо, ошондой эле алардын криминалдык элементтер менен биригишине жол бербөө үчүн пенитенциардык системада соттолгондор менен иштөө ыкмаларын өркүндөтүү;
- кылмыш-жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде билим берүү кызматтарын көрсөтүү, кесиптик квалификацияны берүү жана соттолгондорду эмгекке тартуу;
- соттолгондор эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандан кийин аларды кайра социалдаштырууга багытталган колдонуудагы механизмдерди өркүндөтүү жана жаңы механизмдерди иштеп чыгуу. Бул программалар жергиликтүү мамлекеттик администрация (мындан ары - ЖМА) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын (мындан ары - ЖӨБО), жергиликтүү жамааттарды жана жарандык коомдун институттарын тартуу менен социалдык таасир этүү чараларынын комплексин камтууга тийиш.
Куралдуу чыр-чатактар болгон зоналардан кайтып келген жана согуш аракеттерине катышпаган Кыргыз Республикасынын жарандары психологиялык жана теологиялык реабилитацияланууга жана кайра социалдашууга тийиш. Бул көйгөй төмөнкүлөрдү талап кылат:
- куралдуу чыр-чатактар зонасында узак убакыт бою жүргөн жана экстремизм менен терроризм идеяларынын таасирине кирген жарандардын баалуулук багыттарын өзгөртүү үчүн социалдык таасир көрсөтүү менен реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча тиешелүү методологияны иштеп чыгуу жана киргизүү;
- бул иште эл аралык тажрыйбаны пайдалануу, жогоруда аталган категориядагы жарандарга социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн эксперттерди жана жарандык коомдун институттарын тартуу.
Өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү согуш аракеттери зоналарында экстремисттик жана террористтик иштерге катышкандыгы үчүн соттолгон үй-бүлө мүчөлөрү калктын социалдык жактан аялуу категориясы болуп саналат. Ушуга байланыштуу:
- коомчулуктун же мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн алардын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтүүгө багытталган айыптоосуна же терс таасирине жол бербөөгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун институттарынын көмөктөшүүсү менен экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон үй-бүлө мүчөлөрүнө психологиялык, социалдык жана экономикалык колдоо көрсөтүү үчүн чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- экстремисттик идеялардын таасирине кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуунун конституциялык принциптерин эске алып, жашы жете элек балдарга татыктуу билим, тарбия алуу, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү.
4.6. Стратегиялык жана башка объекттер жана жарандар үчүн террористтик актылардын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Бүгүнкү күндө террористтик актылардын максаты негизинен коомдун социалдык жана башкаруучулук функцияларын камсыз кылуу үчүн маанилүү болгон стратегиялык жана инфраструктуралык объекттер болуп саналат. Алардын бузулушу мамлекеттик мекемелердин иштешине, калктын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугуна, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. Террористтер үчүн биринчи орунда билим берүү уюмдары, саламаттык сактоо мекемелери, музейлер, кинотеатрлар, диний жайлар, соода борборлору жана башкалар сыяктуу эл көп жүргөн жайлар турат.
Террористтик актылардын алдын алуу жана кесепеттерин минималдаштыруу максатында төмөнкүлөр зарыл:
1) террористтик актылардын алдын алуу жана кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана уюштуруу, алар төмөнкүлөргө багытталат:
- мамлекеттик мекемелердин, стратегиялык жана башка объекттердин өзгөчө кырдаалдарга жана мүмкүн болуучу террористтик актыларга карата коопсуздугун, даярдыгын жана натыйжалуу жооп кайтаруусун бул объекттердин терроризмге каршы корголушуна карата талаптарды белгилөө, алардын терроризмге каршы корголуу паспортторун категориялоону жүргүзүү жана колдонууга киргизүү жолу менен камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдарда ички коопсуздукту, терроризмге каршы корголууну камсыз кылуу жана башкаруу боюнча жеке менчик уюмдар жана мекемелер үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- террористтик актыларга каршы аракеттенүү жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мекемелердин кызматкерлеринин жана калктын кабардар болуусун жогорулатуу, бул аларга кризистик кырдаалдарга адекваттуу жооп кайтарууга мүмкүндүк берет;
- бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен коомдун жашоо-тиричилигин камсыз кылуу үчүн террористтик актылардын кесепеттерин жоюу жана бузулган инфраструктура объекттерин калыбына келтирүү чөйрөсүндө оперативдүү өз ара аракеттенүү боюнча бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында кризиске каршы улуттук башкаруу системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
2) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды жана терроризмге каршы операциялардын катышуучуларын реабилитациялоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, алар төмөнкүлөргө багытталат:
- террористтик актылардан жабыр тарткан адамдарга материалдык зыянды компенсациялоо, материалдык жардам жана моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү;
- терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан адамдарды укуктук жана социалдык жактан коргоо.
5. Ушул Программаны ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар, субъекттер, механизмдер жана тобокелдиктер
5.1. Күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Программаны ишке ашыруу экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт жана төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүнү карайт:
1. Экстремисттик жана террористтик идеялардын жайылышын профилактикалоо жана алдын алуу боюнча укуктук жана уюштуруу-башкаруу инструменттеринин системасын түзүү.
2. Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүчү субъекттердин өз ара аракеттенүү деңгээлин жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
3. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө илимий-изилдөө, окуу-методикалык жана маалыматтык базаны өнүктүрүү.
4. Экстремисттик жана террористтик ишти аныктоо жана ага бөгөт коюу системасын өркүндөтүү.
5. Экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү профилактикалоодо жана алдын алууда мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жана жарандык сектордун өз ара аракеттенүү жана координациялоо механизмдерин түзүү.
6. ЖМК жана медиа-уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн туруктуу маалыматтык саясатын жана механизмдерин түзүү.
7. Стратегиялык жана башка объекттерди терроризмге каршы коргоону күчөтүү.
8. Кылмыштардын жалпы санында экстремисттик жана террористтик багыттагы жасалган кылмыштардын динамикасын азайтуу.
5.2. Ишке ашыруу субъекттери
Бул Программаны ишке ашыруунун субъекттери болуп КР ИИМ жана КР УКМК атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка мамлекеттик органдар, ЖӨБО жана жарандык коом институттары, анын ичинде экстремисттик жана террористтик идеялардын жайылышын профилактикалоого жана алдын алууга, учурдагы кырдаалды чагылдырууга көмөк көрсөтүүчү ЖМК жана медиауюмдар саналат. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн алкагында жарандарды тартуу жана алардын социалдык активдүүлүгүн колдоо зарыл.
5.3. Ишке ашыруу механизмдери
Бул Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине негизделген экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды жана өз ара аракеттенүү жол-жоболорун аткаруунун бүтүндүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу механизмдердин комплексине негизделет. Көрсөтүлгөн механизмдерге төмөнкүлөр кирет:
- укук колдонуу тажрыйбасына системалуу мониторинг жүргүзүү жана экстремисттик жана террористтик ишке каршы аракеттенүү боюнча ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү үчүн алардын натыйжалуулугун талдоо;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу. Эл аралык оң тажрыйбанын негизинде укук колдонуу практикасы боюнча мамлекеттик органдар жана ЖӨБО үчүн жыйнактарды жана комментарийлерди даярдоо жана басып чыгаруу;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чараларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, жарандык коомдун институттары жана медиауюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү;
- жаңы технологияларды киргизүү менен экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кадрларын даярдоо жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, бир багытта адистештирилген адистерди даярдоо;
- ушул Программаны ишке ашырууну каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, чарбакер субъекттердин каражаттарынын, ошондой эле эл аралык донорлордун, өкмөттүк эмес уюмдардын каражаттарынын жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат;
- эл аралык укуктук документтерди, адистештирилген программаларды, илимий-изилдөө иштерин жана экстремисттик жана террористтик ишке каршы аракеттенүү боюнча башка иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.
5.4. Ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Ушул Программаны натыйжалуу ишке ашыруу максатында бул процесске мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдери каралган. Ушул Программада жана Иш-чаралар планында каралган чараларды аткарууга туруктуу мониторинг жүргүзүү ушул Программаны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборуна иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча талдоонун, баалоонун жана сунуштамалардын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Үч жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул Программанын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ушул Программанын ишке ашырылышын жана аткаруучулардын ишинин сапатын көз карандысыз баалоо көз карандысыз эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эл аралык уюмдар жана илимий-изилдөө түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун заманбап механизмдери иштелип чыгат жана ишке киргизилет, ушул Программаны ишке ашыруу үчүн бул иштин жыйынтыктарын талдоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон тиешелүү индикаторлор аныкталат.
5.5. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер
Ушул Программаны ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларын аткаруунун оң жыйынтыктары, ошоңдой эле анын негизи болуп кызмат кылган бул чөйрөдөгү жаңы ченемдик укуктук база саналат.
Программаны ишке ашырууда негизги тобокелдиктер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Программанын иш-чараларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого системалуу мамиленин жоктугу;
- айрым мамлекеттик органдарды жана ЖӨБОну тартуунун төмөндүгү, бул акыркы натыйжага жетишүүнү татаалдатат;
- мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жана жарандык коомдун институттарынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты жана ушул Программаны ишке ашыруу боюнча чаралардын максаттары жана мазмуну жөнүндө маалымдуулугунун жетишсиздиги, ал туура эмес башкаруу чечимдерин кабыл алууга алып келиши мүмкүн;
-чыңалуунун жаңы очокторун түзүүчү интернет мейкиндиги, социалдык тармактар жана мессенджерлер сыяктуу мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөгөн чөйрөлөрдө экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүнөзүн өзгөртүү жана ишин активдештирүү;
- ушул программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн финансылык, кадрдык, техникалык же башка ресурстардын жетишсиздиги.