Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 110
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" III бөлүмү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 91-93-главалар менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"
91. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринен маалыматты шашылыш берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 371-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана кылмыш-жаза-аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) жана анын аймактык бөлүмдөрү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Юстиция министрлигинин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Ченемдик укуктук актылар: - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (23-берене); - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 121 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ түрүндө жиберилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө, төмөнкүдөй шарттар болгон учурда: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭК); - тиешелүү санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - короодогу), жылытуусу, суу түтүктөрү, телефон бар; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат: 1) 3 жумуш күндүн ичинде; 2) 1 жумуш күндүн ичинде; 3) 3 сааттын ичинде. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү ушул сыяктуу |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) "жеке кабинет" аркылуу аралыктан кирүү режиминде; - Юстиция министрлигинен; - Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде Юстиция министрлигинин расмий сайтынан, маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден таанышса болот. Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Юстиция министрлигинин маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер); - социалдык тармактар (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консультация берүү; - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg). Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин каалгаларында маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүдө жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (мындан ары - ЭКМП) аркылуу кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү ЭКМПда авторизациядан өтүүсү талап кылынат. Кызмат көрсөтүү кагаз түрүндө алынган учурда арыз ээси төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - белгиленген үлгүдөгү арызды (арыздын үлгүсү Юстиция министрлигинин такталарында жана расмий сайтында - http://minjust.gov.kg/ru/content/1155 бар); - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны; - зарыл болгон учурда өкүлгө ишеним кат; - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлигинин буйругу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин жана аймактык бөлүмдөрүнүн расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын актуалдуулугу жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында болушу (бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн билдирилген көлөмүнө жана аны ишке ашыруу мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн арыз ээлеринен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкештиги; - арыз ээлеринин даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтардын жоктугу; - арыздын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына шайкеш келбестиги |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү административдик тартипте жазуу жүзүндөгү даттануу менен Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
92. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү шашылыш берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 38-1-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана кылмыш-жаза-аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) жана анын аймактык бөлүмдөрү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Юстиция министрлигинин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Ченемдик укуктук актылар: - "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (23-берене); - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ түрүндө жиберилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө, төмөнкүдөй шарттар болгон учурда: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭК); - тиешелүү санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда -короодогу), жылытуусу, суу түтүктөрү, телефон бар; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат: 1) 3 жумуш күндүн ичинде; 2) 1 жумуш күндүн ичинде; 3) 3 сааттын ичинде. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү ушул сыяктуу |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) "жеке кабинет" аркылуу аралыктан кирүү режиминде; - Юстиция министрлигинен; - Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде Юстиция министрлигинин расмий сайтынан, маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден таанышса болот. Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Юстиция министрлигинин маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер); - социалдык тармактар (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консультация берүү; - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы www.portal.tunduk.kg. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин каалгаларында маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүдө жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (мындан ары - ЭКМП) аркылуу кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү ЭКМПда авторизациядан өтүүсү талап кылынат. Кызмат көрсөтүү кагаз түрүндө алынган учурда арыз ээси төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - белгиленген үлгүдөгү арызды (арыздын үлгүсү Юстиция министрлигинин такталарында жана расмий сайтында - http://minjust.gov.kg/ru/content/1155 бар); - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны; - зарыл болгон учурда өкүлгө ишеним кат; - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү жазуу жүзүндө арыз бериши керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлигинин буйругу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин жана аймактык бөлүмдөрүнүн расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын актуалдуулугу жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында болушу (бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн билдирилген көлөмүнө жана аны ишке ашыруу мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн арыз ээлеринен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкештиги; - арыз ээлеринин даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтардын жоктугу; - арыздын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына шайкеш келбестиги |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү административдик тартипте жазуу жүзүндөгү даттануу менен Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
93. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Хронологиялык тартипте юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө архивдик документтерден көчүрмөлөрдү шашылыш берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 64-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана кылмыш-жаза-аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) жана анын аймактык бөлүмдөрү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Юстиция министрлигинин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Ченемдик укуктук актылар: - "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (23-берене); - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Хронологиялык тартипте юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө архивдик документтерден көчүрмө. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ түрүндө жиберилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө, төмөнкүдөй шарттар болгон учурда: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭК); - тиешелүү санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - короодогу), жылытуусу, суу түтүктөрү, телефон бар; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат: 1) 5 жумуш күндүн ичинде; 2) 2 жумуш күндүн ичинде; 3) 6 сааттын ичинде. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү ушул сыяктуу |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) "жеке кабинет" аркылуу аралыктан кирүү режиминде; - Юстиция министрлигинен; - Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде Юстиция министрлигинин расмий сайтынан, маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден таанышса болот. Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Юстиция министрлигинин маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер); - социалдык тармактар (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консультация берүү; - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg). Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин каалгаларында маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүдө жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү жазуу жүзүндө арыз бериши керек |