Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 11-марты № 137
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "1-январына" деген сөздөр "1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибинде:
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. 2025-жылдын 1-январына чейин квалификациялык экзаменди тапшырууга жогорку билими бар, баалоо боюнча окутуу курстарынан өткөн, ошондой эле соттуулугу жок, иш стажына коюлган талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет.
Талапкерлер үчүн иш стажына коюлган талаптар:
- экинчи категориядагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү баалоочуга - иш стажына талаптар коюлбайт;
- биринчи категориядагы баалоочуга - баалоо иши жаатында үч жылдан кем эмес иш стажы;
- жогорку категориядагы баалоочуга - баалоо иши жаатында беш жылдан кем эмес иш стажы.
2025-жылдын 1-январынан тартып квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет:
1) экинчи категориядагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен жогорку билим;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастаган документ жана баалоо боюнча квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугунун жоктугу;
2) биринчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен жогорку билим;
- баалоо иши боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастаган документ жана баалоо боюнча квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугунун жоктугу;
3) жогорку категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен жогорку билим;
- баалоо иши боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастаган документ жана баалоо боюнча квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугунун жоктугу.";
- 31-пункттагы "жети" деген сөз "он бир" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32-пункттун экинчи абзацы "органдын" деген сөздөн кийин "жана башка мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пункттун төртүнчү абзацы "жайларынын" деген сөздөн кийин "биринин" деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 22-23 (3471-3472) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |