Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында
баалоочуларды сертификаттоо
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137, 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 , 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартиби (мындан ары - Тартип) мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерленген жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүк жактарды сертификаттоо тартибин регламенттейт.
2. Бул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
сертификаттоо - баалоо ишин жүргүзүү үчүн баалоочунун квалификациясынын (категориясынын) жана кесиптик билиминин тийиштүү деңгээлин ырастоонун милдеттүү жол-жобосу;
талапкер - квалификациялык экзаменге катышууга каалоосун билдирген жана баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерленген жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасында баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы;
квалификациялык экзамен - талапкерлердин билимдерин, көндүмдөрүн жана жөндөмдүүлүгүн баалоо жол-жобосу;
экзамендик комиссия - талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан түзүлгөн комиссия;
апелляциялык комиссия - талапкерден квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына аппеляция жөнүндө арыз келип түшкөн учурда аны кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан түзүлгөн комиссия;
квалификациялык экзамендин программасы - баалоочунун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин квалификациясын тастыктоо үчүн талап кылынган экзамендик суроолордун бөлүмдөргө топтоштурулган темалардын жыйындысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы - республиканын ишкерлеринин кызыкчылыктарын билдирүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын, башка өлкөлөр менен өндүрүштүк, илимий-техникалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү жүргүзүүчү мамлекеттик эмес уюм.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сертификаттоону уюштуруу
3. Баалоочунун кесиптик квалификациясын жана квалификациялык сертификатты алуу максатында талапкер квалификациялык экзамендин программасы боюнча квалификациялык экзамен тапшырат.
4. Квалификациялык экзаменди өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.
Бекитилген график квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун камтыйт жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайтында жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу экзамендин белгиленген күнүнө чейин эки ай мурун башталат жана экзамен башталганга чейин он жумуш күн калганда аяктайт.
6. Эгерде документтерди берүүнүн белгиленген мөөнөтүнө карата талапкерлердин жалпы саны он адамдан аз болсо, анда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзамендик комиссия менен макулдашуу боюнча квалификациялык экзаменди белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 , 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 токтомунун , редакциясына ылайык)
7. Квалификациялык экзамен эки тур менен өткөрүлөт.
Биринчи тур талапкердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо, ошондой эле баалоо иши боюнча квалификациясынын жана билим деңгээлин аныктоо максатында теориялык суроолордон турган тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
Тестирлөө мамлекеттик жана/же расмий тилде өткөрүлөт.
Экинчи тур талапкердин билимин, иш тажрыйбасын ырастоо жана потенциалын ачуу, талапкердин баалоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө даярдыгын аныктоо максатында аңгемелешүү түрүндө өткөрүлөт.
8. Тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн объективдүүлүгү билим берүү системасы үчүн каралган талапкерлер үчүн тестирлөөнүн мазмуну, шарттары, убактысы, жыйынтыктарды эсептөө стандарты менен камсыз кылынат.
9. Квалификациялык экзамендин программасы (тестирлөө жана аңгемелешүү суроолору) баалоо боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларын жана баалоо иши жаатындагы кесиптик бирикмелерди тартуу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан иштелип чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Тестирлөө үчүн суроолор баалоо ишинин ар бир багыты жана квалификациялык деңгээлдери үчүн өзүнчө иштелип чыгат.
11. Тесттин жыйынтыгы боюнча өтүү баллы он жооптордун 70%дан кем эмесин түзөт.
12. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча өтүү баллын топтогон талапкерлер экинчи турга чакырылат.
13. Экзамендик комиссия экинчи турда экзаменди тапшыруунун ийгиликтүүлүгүн жөнөкөй добуш берүү менен аныктайт.
14. Квалификациялык экзамендин программасы жана квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Баалоонун түрлөрү жана баалоочулардын деңгээли
15. Баалоочуларды сертификаттоо баалоочунун билдирилген квалификациялык деңгээлине ылайык жүргүзүлөт.
16. Мүлктүк комплексти жана мүлктүк укуктарды баалоо, баалоонун төмөнкү түрлөрүнө бөлүнөт:
- кыймылсыз мүлктү баалоо;
- кыймылдуу мүлктү баалоо;
- жер казынасынын объектилерин жана жаратылыш ресурстарын баалоо;
- интеллектуалдык менчикти жана материалдык эмес активдерди баалоо;
- бизнести баалоо.
17. Баалоочулардын квалификациялык деңгээлдери төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- экинчи категориядагы кыймылсыз мүлктү баалоочу;
- экинчи категориядагы кыймылдуу мүлктү баалоочу;
- биринчи категориядагы баалоочу;
- жогорку категориядагы баалоочу.
18. Баалоочулар квалификациялык деңгээли боюнча төмөнкү багыттар боюнча баа бере алышат:
- экинчи категориядагы кыймылсыз мүлктү баалоочу: имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды, жер участокторун;
- экинчи категориядагы кыймылдуу мүлктү баалоочу: транспорт каражаттарын, машиналарды, механизмдерди жана жабдууларды;
- биринчи категориядагы баалоочу: жер казынасынын объектилерин жана жаратылыш ресурстарын, интеллектуалдык менчикти жана материалдык эмес активдерди, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү;
- жогорку категориядагы баалоочу: бизнес объектилери, анын ичинде баалуу кагаздардын наркы, ошондой эле ушул Тартиптин 16-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстин жана мүлктүк укуктардын бардык түрлөрү.
4. Талапкерлерге коюлуучу талаптар
"19. Квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет:
1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү экинчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок;
2) биринчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо иши боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок;
3) жогорку категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо иши боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137, 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Квалификациялык экзаменге кабыл алуунун тартиби
20. Документтерди кабыл алуу жана алардын ушул Тартиптин 21-пунктуна ылайык келүүсүн текшерүү Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Квалификациялык экзаменге катышуу үчүн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына төмөнкү документтерди берет:
- белгиленген үлгүдөгү өзү кол койгон арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- тиркемелери менен бирге жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү. Эгерде диплом чет тилде берилсе, анда мамлекеттик же расмий тилге котормонун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
- кайра даярдоону ырастоочу документинин көчүрмөсү же квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттарынын көчүрмөсү;
- билдирилген категорияга ылайык баалоо ишинде иш стажын тастыктаган эмгек китепчесинин (акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү. Чет өлкөлүк талапкерлердин эмгек китепчеси жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн иш стажын тастыктаган документ берилет;
- баалоо жөнүндө эки отчеттун көчүрмөсү же баалоо иши боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар (биринчи категориядагы жана жогорку категориядагы баалоочуга талапкерлер үчүн гана);
- соттолбогондугун жана талапкердин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылбагандыгын ырастоочу, Кыргыз Республикасынын ички иштер коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген документ. Чет өлкөлүк талапкерлер үчүн: жарандык жери боюнча соттолбогондугу жөнүндө маалымкат кошумча берилет;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
Чет мамлекеттин жарандары болгон талапкерлер бул документтердин котормочунун колу менен тастыкталган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормолорун беришет.
Бардык документтер түптөөчүдө берилет, анын алдыңкы бетинде аты-жөнү көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681, 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын кароосуна берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик талапкерге жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Экзаменге киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайтында экзаменди өткөрүү күнүнө чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Талапкерлерге квалификациялык экзаменди тапшырууга паспортун же ким экендигин ырастоочу башка документти көрсөтүү менен уруксат берилет.
6. Квалификациялык экзаменге
киргизүүдөн баш тартуунун негиздери
25. Квалификациялык экзаменге киргизүүдөн баш тартуунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- талапкер тарабынан берилген документтерде туура эмес же так эмес маалыматтар аныкталганда;
- ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес пакетин берүү;
- жоюлбаган соттуулугунун болушу.
7. Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы
26. Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы ал өткөрүлгөндөн кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу талапкерлерге жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Экзамендин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзаменди жакшы тапшырган талапкерлердин тизмесин ыйгарым укуктуу органга жиберет. Ыйгарым укуктуу орган баалоочунун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйрук чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Баалоочунун квалификациялык сертификаты, аны берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Баалоочуларынын жана баалоо уюмдарынын мамлекеттик реестрине жазуу киргизилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө берилет.
29. Экзаменге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына берилген документтер талапкерлерге кайтарылып берилбейт. Көрсөтүлгөн документтер жана экзамендик иштер Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында үч жыл сакталат, андан кийин алар акт боюнча жок кылынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Экзамендик комиссия
30. Квалификациялык экзаменди өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан экзамендик комиссия түзүлөт жана анын жеке курамы бир жылдык мөөнөткө бекитилет. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык экзамендик комиссиясынын мүчөсү боло албайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Экзамендик комиссия он бир мүчөдөн турат, анын ичинде экзамендик комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы болот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Экзамендик комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана башка мамлекеттик органдардын;
- 5 жылдан кем эмес иштеген баалоочулардын кесиптик бирикмесинин;
- мүлктү баалоо жана башкаруу боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларынын биринин;
- баалоо иш менен байланышкан коомдук бирикмелердин, ассоциациялардын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137, 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33. Экзамендик комиссия өз ишин квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн бекитилген графигине ылайык жүргүзөт жана экзаменди эки тур менен өткөрөт.
34. Экзамендик комиссиянын жыйналыштары, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат. Чечимдер жыйналышка катышкан экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда экзамендик комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
35. Экзамендик комиссиянын жыйналыштары жана аларда кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катышкан мүчөлөрү кол коюшат. Комиссиянын жыйналышында талкууланган маселелерди жазуу үчүн жазуунун техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.
36. Экзамендик комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- экзаменге кирүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди кабыл алат жана карайт;
- талапкерлерди экзаменге киргизүү же аларды экзаменге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- экзамендик ишти текшерет жана жыйынтыгына баа берет;
- экзамендин жыйынтыктары жөнүндө талапкерлерге кабарлайт;
- талапкерлердин документтерин, ошондой эле экзамендик документтерди эсепке алууну жана сакталышын камсыз кылат;
- экзамендин жүрүшү жана көйгөйлүү кырдаалдардын келип чыгышы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.
37. Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөрдү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
- Квалификациялык экзамендин программасынын мазмунун;
- экзамендик тапшырмаларды.
38. Экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
- экзамен өтүү үчүн документтерди тапшырган талапкерлердин тизмесин түзөт;
- экзамендик комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун түзөт;
- экзаменге киргизилген талапкерлердин тизмесин түзөт;
- экзаменге киргизилген талапкерлерге экзаменди өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө, экзаменге киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн электрондук почта жана/же телефондук байланыш аркылуу кабарлайт.
39. Бардык талапкерлерге карата адилеттүү жана объективдүү мамиле кылуу кепилдигин камсыз кылуу максатында экзамендик комиссиясынын мүчөлөрү өз функцияларын аткарууда ар дайым көз карандысыздыкты жана купуялуулукту сактоого жана көрсөтүүгө, ошондой эле мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө кабардар болууга тийиш. Комиссиянын ар бир мүчөсү анын экзамендик комиссиянын ишине катышуусуна тоскоолдук кылган жагдайлардын бар экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына билдирүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Экзамендик комиссиянын мүчөсү төмөнкү учурларда комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн:
- өзү жөнүндө жалган маалымат берүү;
- отчеттук документтерди жоготуу;
- өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо;
- кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыгышы (экзаменге катышкан жакын туугандарынын жана башка байланышы бар жактардын болушу).
41. Экзамендик комиссиянын мүчөсүн комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө чечим экзамендик комиссиянын төрагасынын жүйөлүү арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Купуялуулук жана маалыматтык коопсуздук талаптарын бузганда, ошондой эле белгиленген ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланган учурда экзамендик комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
43. Экзамендердин жыйынтыктары ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча экзамендин протоколу менен таризделет.
9. Апелляциялык комиссия
44. Талапкер экзамендик комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, экзамендин жыйынтыгы жарыяланган учурдан тартып отуз жумуш күндүн ичинде квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына апелляциялык комиссияга аппеляция жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Аппеляция жөнүндө арыз жүйөлүү жана негиздүү болушу керек.
45. Апелляция жөнүндө арызды кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы бир календардык жылга апелляциялык комиссияны түзөт жана анын жеке курамын бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Апелляциялык комиссия төраганы жана жооптуу катчыны кошкондо беш мүчөдөн кем эмес болушу керек.
47. Талапкер экзамендик комиссиянын жооптуу катчысынын катышуусунда өзүнүн экзамендик иши менен жекече бир жолу таанышууга укуктуу. Мында талапкерге экзамендик тапшырмаларды кайра жазууга, аларды көчүрүүгө, аларга кандайдыр бир белгилерди же белгилөөлөрдү коюуга жана алып кетүүгө тыюу салынат.
48. Апелляциялык комиссиянын жыйналыштары анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жана апелляция берген талапкердин катышуусунда өткөрүлөт. Апелляциялык комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн датасы жана убактысы апелляция жөнүндө арыз берген талапкерге экзаменге кирүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн телефон жана/же электрондук почта аркылуу жыйналыш өткөрүлүүчү күнгө чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен кабарланат.
Апелляциялык комиссиянын боло турган жыйналышы жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган талапкер келбеген учурда чечим ал жокто кабыл алынышы мүмкүн.
49. Апелляциялык комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аппеляция жөнүндө арызды бир айдын ичинде кароого;
- аппеляция боюнча чечим кабыл алууга.
50. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- эгерде мындай даттанууда көрсөтүлгөн бузуулар ырасталбаса, аны негизсиз деп таануу менен даттанууну канааттандыруудан баш тартууга;
- эгерде мындай даттанууда көрсөтүлгөн бардык бузуулар ырасталса, экзамендик комиссиясына анын чечимин жокко чыгаруу/кайра карап чыгуу жөнүндө жиберүү аркылуу даттанууну канааттандырууга.
51. Апелляциялык комиссиянын чечимдери катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучу чечүүчү добушка ээ болот.
52. Апелляциялык комиссиянын жыйналыштары жана аларда кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, ага жыйналышка катышкан мүчөлөр кол коюшат. Протокол апелляциялык комиссиянын жыйналышы өткөн күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Апелляцияны кароонун натыйжалары экзаменге кирүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн телефон жана/же электрондук почта аркылуу беш жумуш күндөн кечиктирбестен талапкерге билдирилет.
53. Кайрадан берилген аппеляция кароого кабыл алынбайт.
10. Күтүлбөгөн жагдайлар
54. Экзаменди уюштурууда жана өткөрүүдө тоскоолдуктарды жараткан күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзамендик комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте экзаменди өткөрүүнүн башка күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Күтүлбөгөн жагдайлардан улам экзаменге катышууга талапкерге соттуулугунун жоктугун тастыктаган жаңы документти көрсөткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы бекиткен графикке ылайык экзаменге кирүүгө уруксат берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Квалификациялык сертификаттын жарактуулук мөөнөтү
56. Квалификациялык сертификаттардын жарактуулук мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
- экинчи категориядагы кыймылсыз мүлктү баалоочулар үчүн - 3 жыл;
- экинчи категориядагы кыймылдуу мүлктү баалоочулар үчүн - 3 жыл;
- биринчи категориядагы баалоочулар үчүн - 4 жыл;
- жогорку категориядагы баалоочулар үчүн - 5 жыл.
57. Квалификациялык сертификатта баалоочунун аты-жөнү, адистин категориясы жана ыйгарым укук берилген баалоонун түрү, ошондой эле сертификаттын берилген күнү жана колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт.
58. Баалоочу тарабынан анын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген талаптарын системалуу бузуу (экиден көп) фактылары аныкталганда ыйгарым укуктуу орган баалоочунун квалификациялык сертификатын чакыртып алууга, ошондой эле баалоочунун квалификациялык сертификатынын колдонулушун токтото турууга жана жаңыртууга укуктуу.
Квалификациялык сертификатты чакыртып алуу, токтото туруу жана жаңыртуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш, ошондой эле кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен анын ээсине кабарланат.
59. Квалификациялык сертификатты чакыртып алуу, токтото туруу жана жаңыртуу "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
| Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибине тиркеме |
| Экзамендик комиссиясынын төрагасы ___________________________________ |
_______________________________ категориядагы
баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу
укугуна квалификациялык экзамендин программасы
боюнча экзаменди тапшыруу жөнүндө
экзамендин протоколу
Экзамен тапшыруучу: _______________________________________________________ (Аты-жөнү)
Экзамендик комиссиясы: 1. Төрага. 2. Жооптуу катчы. 3. Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү. Экзамен өтүүчү жер: Экзамен өтүүчү күн: Экзамендин биринчи турунун формасы: __________________________________ категориядагы баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамендин программасы боюнча тестирлөө. Суроолордун саны: ___________________. Туура жооптордун саны: ___________________. Экзамендин экинчи турунун формасы: ______________________________________ категориядагы баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамендин программасына ылайык аңгемелешүү. Суроолордун саны: __________________. Канааттандырарлык жооптордун саны: ___________________.
Экзамендик комиссиянын корутундусу: _____________________________________________________
Экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору: |