Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 63
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө
Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү жана экспорттук контролдоонун кыйла натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Расмий тилдеги Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |