Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы N 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 597
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 101 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |