Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы N 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-апрели № 197
Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз
Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө
Экспорттук контролдоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси бекитилсин.
2. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-февралындагы № 55 «Химиялык, ракеталык жана ядролук куралдарды жасоодо колдонулуучу материалдарды жана технологияларды экспорттоо жана импорттоо тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтому.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 365 «Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жөнүндө» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |