Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 токтомуна) |
Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.
2. Бириккен айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү анын курамына кирген айыл өкмөттөрүнүн укук мурастоочулары болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ жана алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет.
3. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечимдерин, жергиликтүү кеңештин токтомдорун, ошондой эле ушул Убактылуу жобону жетекчиликке алат.
Пилоттук режимде реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу ушул Убактылуу жободо аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
4. Пилоттук режимде реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары айыл өкмөтүнүн негизги милдеттерине төмөнкү маселелер кирет:
1) пилоттук режимде тиешелүү аймакта жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында аныкталган милдеттерди өз компетенциясынын чегинде аткарууну камсыз кылуу;
2) пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү кошумча ыйгарым укуктар (мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө, ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, сууну күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга бөлүштүрүү) көрсөтүлгөн чөйрөлөр боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган саясаттын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүп берилген учурда алардын аткарылышын камсыз кылуу;
3) калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
5. Пилоттук режимде реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталгандардан тышкары айыл өкмөтүнүн негизги функцияларына кошумча төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык менчикте турган мүлктү башкаруу жана тескөө, айыл аймактарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктүн реестрин жүргүзүү;
2) айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо, тышкы жана ички инвестицияларды тартуу;
3) мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
4) ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга суу бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдерине ылайык жүргүзүү;
5) айыл аймактарындагы калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу;
6) жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды көрүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
7) өз ишин жүзөгө ашырууда адам ресурстарын башкаруу боюнча маалыматтык (автоматташтырылган) системаны пайдалануу;
8) иш кагаздарын жүргүзүүнү "Инфодокс" электрондук документтештирүү системасы аркылуу камсыз кылуу;
9) "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жана "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук байланыш системасы аркылуу мамлекеттик органдарга, башка юридикалык жана жеке жактарга маалымат берүү;
10) жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эмгектик, финансылык, техникалык жана башка ресурстарын жергиликтүү маанидеги маселелерди жана башка маанилүү маселелерди чечүүгө тартуу;
11) жергиликтүү маанидеги маселелерди жана аймактагы башка маанилүү маселелерди чечүүдө, анын ичинде ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу уюмдары, жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдары жана башка коммерциялык эмес уюмдар менен өнөктөштүктө иш жүргүзүү;
12) бириктирилген айыл аймактарында жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдарынын, комиссияларынын ишин уюштурууга көмөктөшүү;
13) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында укук бузуулар жөнүндө, укук бузуулар, аксакалдар соту жөнүндө иштерди караштырган комиссиялардын ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык уюштуруу;
14) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн зарылдыгына жараша муниципалдык жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө, муниципалдык жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу.
6. Пилоттук режимде реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо айыл өкмөтүнүн штаттык саны, штаттык расписаниеси жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген айыл өкмөтүнүн штаттык санынын, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы
7. Пилоттук режимде реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо айыл өкмөтүнүн башчысы, ушул пункттун экинчи абзацынын ченемин кошпогондо, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 53-беренелеринде аныкталган талаптардын жана тартиптин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Тиешелүү айыл өкмөтүнүн аймагында 10 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз жашаган, бул аймакта коомдук-укуктук милдеттердин жана жеке кызыкчылыктардын (ага таандык жеке чарбалык жана өндүрүштүк объекттердин) кагылышуусуна алып келүүчү потенциалдуу, реалдуу жагдайлар болгон талапкер айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
8. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен каржыланган, маданият үйлөрүн, китепканаларды, музейлерди, спорт комплекстерин тейлеген мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
2) бириктирилген айыл аймактарынын административдик борборлорунан алыс жайгашкан айылдарда муниципалдык аймактык башкаруу түзүмүн түзүүгө укуктуу;
3) айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимдин негизинде тиешелүү адистерди тартууга укуктуу;
4) мамлекеттик органдар жана башка мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында анын өкүлү катары өз ара аракеттенет.
4. Айыл башчы (айылдын старостасы)
9. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими боюнча айыл аймагында өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын (айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
11. Айыл башчысынын кызмат орду - бул улук же кенже административдик муниципалдык кызмат орун.
12. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жободо аныкталган ыйгарым укуктарга кошумча башка ыйгарым укуктарды айыл башчысына өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Корутунду жоболор
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бириктирилген айыл аймагынын курамына кирген айыл өкмөтүнүн балансында турган мүлк жана каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жаңы түзүлгөн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилет.
14. Бириктирүүнүн натыйжасында муниципалдык кызматчыларды бошотуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
15. Айыл өкмөтүн кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
16. Жоюлган айыл өкмөттөрүнүн документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.