Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 100
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ырааттуулугун, туруктуулугун камсыз кылуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же министрдин сунушу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.";
- 16-пункт "Министр," деген сөздөн кийин "министрдин биринчи орун басары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |