Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтомуна |
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2022-жылдын 31-майындагы № 284, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 15-августундагы № 475 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) иштеген адамдарга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду берүү жана кызматкерлерге, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн жеке ишкерлерге, дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөлөрүнө, ошондой эле белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартибин жөнгө салат.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандарына, тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга, ошондой эле менчигинин формасына жана ишинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулат.
Ушул Жобо коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар системасынын аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлерине колдонулбайт, буга ушул аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2024-жылдын 15-августундагы № 475 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - кызматкердин убакыт бирдигинде белгилүү бир татаалдыктагы (квалификациядагы) иштин ченемин (кызматтык милдеттерди) аткаргандыгы үчүн эмгек акысынын аныкталган өлчөмү;
эмгек акы - иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн берилүүчү акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү төлөмдөр;
жеке ишкер - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн жеке адам;
дыйкан (фермердик) чарба (мындан ары - дыйкан чарба) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, же өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүүчү, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын чогуу өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделген өз алдынча чарбалык субъект, анын базасы дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунан жана башка мүлктөн турат;
убактылуу эмгекке жарамсыздык - ооруга, травмага же мыйзамда каралган башка себептерге байланыштуу кызматкердин такыр эле иштөөгө же өз адистиги боюнча жумуш аткарууга кыска мөөнөткө жараксыздыгы;
эмгекке жарамсыздык баракчасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускамага ылайык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген, ооруп калган, мертинген, кош бойлуу болгон жана төрөгөн учурларда жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын ырастаган документ;
жалпы эмгек стажы - болгон тыныгууларга карабастан эмгектик жана башка коомдук-пайдалуу иштин суммалык узактыгы;
пайдалануучу (ижарачы) - ижара берүүчүдөн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна таандык болгон жерлерден белгиленген тартипте жер участогун алган Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагы;
кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилесине кирген жеке жак;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилесине кирген жеке жак же юридикалык жак (уюм);
эмгек акыга райондук коэффициент - бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик колдоо;
эсептешүү көрсөткүчү - социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, администрациялык жазалар менен айыптардын, эмгек акы төлөөгө байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн өлчөмдөрүн аныктоочу ченемдик акчалай көрсөткүч;
убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн орточо бир күндүк эмгек акы - убактылуу эмгекке жарамсыздыктын же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээрдин алдындагы акыркы үч ай ичиндеги эмгек акынын ушул мезгилдеги иш күндөрдүн санына бөлүнгөн сумма;
дыйкан чарбанын мүчөлөрү - чарбаны чогуу жүргүзгөн жубайлар, балдар, ата-энелер, туугандар жана башка адамдар, Дыйкан чарбада жалданып иштеген, дыйкан чарба менен түзүлгөн эмгектик мамилеси Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынуучу жарандар дыйкан чарбанын курамына кирбейт. Дыйкан чарба бир адамдан турушу мүмкүн;
ведомстволук бөлүм - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарларына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашырууга чакырылган ведомстволук бөлүм (Социалдык коргоо департаменти);
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Иштеп жаткан адамдарда эмгекке жарамсыздыктын эки түрү: убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык бир учурда пайда болгондо жөлөкпул бир негиз боюнча гана төлөнөт.
Эмгекке жарамсыздык баракчасы жоголуп кеткен учурда убактылуу эмгекке жарамсыздык үчүн жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт үчүн жөлөкпул анын дубликаты боюнча төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эгерде эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алар үчүн кайрылуу берилген учурда дайындалат жана төлөнөт.
Эгерде, арыз ээси/иш берүүчү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө (мындан ары - аймактык бөлүм) кайрыла албаса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынгандан кийин үч айдан кечиктирбестен кайрылуу берилгенде дайындалат жана төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, иштеп жаткан, ошондой эле түзөтүү иштерине соттолгон, иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган адамдарга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жалпы негизде берилет.
2-глава. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөө
6. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы пайдаланылат.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардын өлчөмүн аныктоодо иш күндөрүнүн саны жыл сайын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген иш убактысынын нормасына (өндүрүштүк календарь) ылайык аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 331 буйругу менен бекитилген Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын тизмесине кирген төлөмдөр эсепке алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүлөр эсепке алынбайт:
- эмгек акы системасына кирбеген бир жолку мүнөздөгү төлөмдөр (пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация, бошонуу жөлөкпулу, ден соолукту чыңдоо үчүн жөлөкпул, бош жүргөн убакыт үчүн компенсация);
- негизги иштеген жери, ошондой эле башка уюмда жумушту айкалыштырып иштегендиги үчүн акы;
- акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги жана кошумча өргүүдө болгон учурда төлөнгөн орточо эмгек акынын суммасы.
9. Бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштеген адамдар үчүн бир күндүк орточо эмгек акы бийик тоолуу шарттарда иштеген стажы үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктөрдү жана убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагы акыркы үч ай ичиндеги эмгек акынын райондук коэффициентин эске алуу менен эсептелет.
10. Эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги же кошумча өргүүдө жүргөн болсо, анда ушул өргүүлөргө чейинки үч айлык эмгек акысы эсепке алынат.
11. Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысын эсептөө үчүн убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган күнгө чейинки же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагы акыркы үч ай ичиндеги эмгек акынын суммасы ушул мезгилдеги иш күндөрдүн санына бөлүнөт (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү кошпогондо).
12. Эмгек акысы убакытка (айлык маяна, күндүк же сааттык ставка) жана аткарылган ишине жараша (жасалган жумуш же эгерде жумуш убактысын эсепке алууга болбосо) төлөнүүчү кызматкерлер үчүн бир күндүк орточо эмгек акы убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган күнгө чейинки/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагы (туруктуу кошумча акыларды жана үстөк акыларды эске алуу менен) үч айлык иш мезгили үчүн алынган эмгек акыны иш убактысынын нормасына ылайык иш күндөрүнүн (иш күн) санына бөлүү жолу менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү башталаар алдында үч жана андан ашык айдын ичинде кызматкер эмгек акы албаган учурда, бир күндүк орточо эмгек акы кызматкер акы төлөнүүчү негизги жана кошумча өргүүдө жүргөн мезгилден башка учурларда, штаттык санда же эмгектик келишимде белгиленген кызматтык маянадан (ставкадан) эсептелет. Мында бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдар үчүн кызматтык маяна райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелет.
14. Эгерде кызматкер үч айдын ичинде толук эмес эмгек акы алса же убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдында үч айдан кем иштеген болсо, анда бир күндүк орточо эмгек акы иш жүзүндө эсептелген эмгек акыны иш убактысынын нормасына ылайык иш жүзүндө иштеген иш күндөрүнө бөлүү жолу менен эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү мезгилинде эмгек акыдагы өзгөртүүлөр бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кварталдагы/жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча эсептелген сыйлыктар бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө чегерилген убактысына карабастан, эсепке алынган ар бир ай үчүн кварталдык сыйлыктар - 1/3, жылдык сыйлыктар - 1/12 өлчөмүндө эсептелет.
Эгерде кызматкер эсепке алынган мезгилде бир айда толук иштебеген болсо, анда бир күндүк орточо эмгек акыны аныктоодо чегерилген кварталдык жана жылдык сыйлыктар иш жүзүндө иштеген убакытка пропорциялуу эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Эгерде кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү, кварталдык/жылдык сыйлык эсептелген мезгилге чейин башталган болсо, ушул сыйлыктар тиешелүү мезгил үчүн (квартал/жыл) бир күндүк орточо эмгек акыны аныктоо үчүн эмгек акынын факт жүзүндөгү эсебине кирет.
Ушуга байланыштуу, мурда чегерилген кварталдык/жылдык сыйлыктарды эсепке албастан эсептелген убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алгачкы он иш күнгө карата эсептөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы кайра эсептелүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Вахталык метод менен иштеген жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык убактылуу башка ишке которулган кош бойлуу аялдар үчүн бир күндүк орточо эмгек акы аткарган иши үчүн чегерилген эмгек акыга жараша эсептелет.
19. Жеке ишкер же дыйкан чарба менен эмгектик келишимдин негизинде жалданып иштеген кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акы ушул Жобонун 7-18-пункттарына ылайык эсептелет.
20. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга, иштеп жаткан, ошондой эле түзөтүү иштерине соттолгон, иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган аялдарга бир күндүк эмгек акы соттун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимине ылайык кармалуучу сумманы эсептен чыгаруу менен жалпы негизде эсептелет.
3-глава. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул
§ 1. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулга укук. Аны дайындоо жана төлөө үчүн керектүү документтер
21. Иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган кызматкер эмгектик мамиле пайда болгон күндөн тартып эмгектик мамиле аяктаган күнгө чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укуктуу.
22. Кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашуулардын негизинде электрондук форматта суралат.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу суроодо эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда жөлөкпул дайындоо үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз түрүндө берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жалпы иш стажы сегиз жылдан кем болгон кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн ушул Жобонун тиркемесине ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн документтер берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн документтерди кабыл алууда иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук каттоо журналына жазат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: катар номери, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасын иш берүүчүгө тапшырган датасы, кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү, идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН), кызматы (кесиби, адистиги), жумуштун түрү, түзүмдүк бөлүмү, саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын номери жана датасы, эмгекке жарамсыздык баракчасын берген саламаттык сактоо уюмунун аталышы, жумуштан бошотулган мезгил (канчанчы күндөн канчасына чейин), эмгекке жарамсыз күндөрүнүн саны. Журналда кошумча эки бош графа болот, аларды иш берүүчү өз ыктыяры менен керек болгон учурда толтурушу мүмкүн.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасынын экинчи бетине кызматкер жөнүндө зарыл болгон маалыматты толтурат, ага кол коюп жана мөөр менен күбөлөндүрөт.
26. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду төлөө үчүн документтер иш берүүчүнүн бухгалтериясында 6 жыл бою өзүнчө папкада сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби
27. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү менен эмгектик келишим түзүлгөн (эмгек китепчеси турган) негизги иштеген жерде дайындалат.
28. Жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жөнүндө маалыматтын негизинде убактылуу эмгекке жарамсыздык учурундагы бардык иш күндөрү үчүн төмөнкү учурларда берилет:
- ооруганда же мертингенде;
- үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн, оорулуу баланы жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды багууда;
- карантинде;
- санаторий-курорттук дарыланууда жана медициналык реабилитациялоодо;
- протездөөдө (ортопедиялык).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Эгерде дарылаган врач эмгекке жарамсыздык баракчасын жапкан учурда, көрсөткөн ишке чыгуу датасы дем алыш же майрам күндөргө туш келип калса, анда ишке чыгуучу күнү болуп дем алыш/майрам күндөн кийинки биринчи иш күн эсептелет.
30. Эгерде кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин ишке чыгып, кийинки күнү кайра ооруп калса жана ага жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасы ачылса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңы ачылган жагдайлар катары дайындалат.
Ошондой эле, эгерде кызматкер адегенде өзү убактылуу эмгекке жарамсыз болсо, ал эми дарылануусу аяктагандан кийин (эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин) ишке чыгууга үлгүрбөстөн, ооруп калган үй-бүлө мүчөсүн кароо боюнча жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасын ачса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңыдан ооруган жагдай катары дайындалат.
31. Эгерде кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин ишке чыгууга үлгүрбөстөн кайра ооруп калса жана ага жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасы ачылса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул мурдагы жагдайлар боюнча (убактылуу эмгекке жарамсыздыктын уландысы) дайындалат.
32. Кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы (ооруп калуу, мертинүү, карантин, санатордук-курорттук дарылануу, протездөө (ортопедиялык), медициналык реабилитациялоо) ар жылдагы негизги жана кошумча өргүүлөргө туш келген учурларда, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтар болсо жалпы негизде дайындалат.
Ар жылдагы негизги жана кошумча өргүү учурунда ооруп калган баланы жана үй-бүлөнүн башка оорулуу мүчөлөрүн багып караган мезгил убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн негиз болуп эсептелбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Оорулуу баланы жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн багуу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздык үчүн жөлөкпул төмөнкүдөй мезгилдерде кызматкерлерге дайындалбайт:
- баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгили үчүн;
- жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акы сакталбаган өргүүдө жүргөн мезгили үчүн;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн мезгили үчүн;
- кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен четтетилген учурда, эгерде бул мезгилде эмгек акы төлөө токтотулган болсо;
- өндүрүштөн ажыратуусуз орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууга байланыштуу берилген кошумча өргүүдө жүргөн мезгили үчүн;
- чакыруу менен аскердик кызматты өтөгөн мезгилинде;
- аскердик же окуу жыйындарында жүргөн мезгили үчүн;
- иштен мыйзамсыз бошотулганы жөнүндө талаш каралган мезгил үчүн;
- камакка алынган жана/же соттук-медициналык экспертиза өткөн мезгили үчүн.
34. Эгерде Ушул Жобонун 33-пунктунун тогузунчу абзацында кызматкер үчүн көрсөтүлгөн жагдайлар кызматкердин пайдасына чечилсе, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул өткөн мезгил үчүн жалпы негизде дайындалат.
35. Вахталык ыкма менен иштеген адамдарга вахтадагы иш графиги менен белгиленген дем алыш мезгилине туш келген эмгекке жарамсыздык күндөрү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул дайындалбайт.
Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык дем алыш мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы уланса, анда жөлөкпул кызматкер жумушка кирише турган күндөн тартып төлөнөт.
Мында жөлөкпул эмгекке жарамсыздыктын натыйжасында калтырган иш күндөрү үчүн дайындалат, ал эми убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн биринчи күнү болуп графикке ылайык вахтанын биринчи күнү эсептелет.
§ 3. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо тартиби
36. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы пайдаланылат.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акы ушул Жобонун 2-главасына ылайык эсептелет.
37. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкү учурларда белгиленет:
1) иш күндөрүнүн баарысы үчүн бир күндүк орточо эмгек акынын 100 пайызы - ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтер берилген учурда:
- эмгек акысы айына 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдарга;
- эмгектеги мертинүүдөн же кесиптик оорунун натыйжасында ооруган адамдарга (анын ичинде ушул оорулар күчөп же өтүшүп кеткенде);
- бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдарга;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын милдеттерин жана кызматтык милдеттерди аткаруу учурундагы, ошондой эле Афганистанда же аймактарында согуштук аракеттер болгон башка мамлекеттерде аскердик кызматты өтөө учурундагы жараттын же контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон адамдарга;
- башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан адамдарга;
- 1986-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу иштерине ажыратуу зонасынын чегинде же ушул аварияны жоюудагы башка жумуштарда иштеген адамдарга;
- нур оорусу менен ооруган жана ооруп айыккан адамдарга (эмгекке жарамсыздык баракчасында оору "Т-66" коду менен көрсөтүлөт);
- канды жана анын компоненттерин акысыз системалуу түрдө тапшырган донорлорго (эркектер - жылына кеминде төрт жолу, аялдар -жылына кеминде үч жолу), канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки ай бою;
- залалдуу шишик менен ооруган адамдарга (эмгекке жарамсыздык баракчасында оору "С00-С97" коду менен көрсөтүлөт);
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адамдарга.
Мында убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калганга чейинки үч айдын ичиндеги бир күндүк 100 пайыз орточо эмгек акыны эмгекке жарамсыз күндөрдөгү баардык иш күндөрүнө көбөйтүү жолу менен эсептелет;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн категорияга кирбеген адамдарга жөлөкпулдун өлчөмү:
биринчи он иш күнү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздыкка чейинки үч айдагы бир күндүк орточо эмгек акыны он иш күнгө көбөйтүү жолу менен аныкталат жана төмөнкү тартипте аныкталат:
- 60 пайыз - жалпы иш стажы 5 жылга чейинки кызматкерлерге;
- 80 пайыз - жалпы иш стажы 5 жылдан 8 жылга чейинки кызматкерлерге;
- 100 пайыз - жалпы иш стажы 8 жылдан ашык кызматкерлерге;
он биринчи иш күнүнөн тартып - айына 100 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул алууга укук берген негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат. Эмгек китепчеси жок болсо, иш стажын ырастоо үчүн буйруктардын копиялары же көчүрмөлөрү, милдеттердин аткарылгандыгы жөнүндө белгилери жана иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтар бар жазуу жүзүндөгү эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдер жана макулдашуулар кабыл алынат.
39. Жалпы иш стажга төмөнкүдөй мезгилдер киргизилет:
- эмгек китепчесинде көрсөтүлгөн иштеген мезгили;
- кызматкер жогорку же орто окуу жайга киргенге чейин иштеген болсо, анын окуу жайлардагы окуган мезгили;
- коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук органдары, жаза аткаруу системасынын органдары жана мекемелери, ички иштер органдары, прокуратура, бажы органдары, атайын байланыш кызматы системасында, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматта кызмат өтөгөн мезгили;
- баланы багуу боюнча өргүүдөгү мезгили.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2024-жылдын 15-августундагы № 475 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда иштеген адамдарга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул ар бир иш күнү үчүн бир күндүк орточо эмгек акынын толук өлчөмүндө төлөнөт.
Мында убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү бийик тоолуу шарттагы иш стажы үчүн кызматтык маянага пайыздык кошумчаларды жана убактылуу эмгекке жарамсыздык болгонго чейинки үч айдагы эмгек акыга райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелген бир күндүк орточо эмгек акыны эмгекке жарамсыз мезгилдеги баардык иш күндөргө көбөйтүү жолу менен эсептелет.
41. Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген, борбордук офиси бийик тоолуу эмес региондо турган иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган адамдарга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык аныкталат.
42. Эгерде кызматкер, анын ичинде бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдар убактылуу эмгекке жарамсыздык болоор алдындагы үч айда жана андан көп айдын ичинде эмгек акысын албаган болсо, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү кызматтык маянага жараша аныкталат. Мында бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдар үчүн кызматтык маяна райондук коэффициентти эсепке алуу менен алынат.
43. Мертинүүгө, кесиптик ооруга же ишке байланыштуу ден соолугу зыянга дуушарлангандыктан аз акы төлөнүүчү башка жумушка убактылуу которулган кызматкерлерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү мурдагы иштеген жериндеги эмгек акысынын өлчөмүнө жараша эсептелет.
44. Эгерде кызматкерлердин өкүлдүк органы менен иш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн жамааттык келишимде шартталган болсо, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен көбөйтүлүшү мүмкүн.
§ 4. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду төлөө тартиби
45. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге негизги иштеген жери боюнча баардык иш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт.
46. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
47. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эмгек акы менен бирге төлөнөт.
Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты берүү менен ага ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Чектелген, бирок кызматкер каза болгон күнгө карата алынбаган убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул каза болгон күнгө чейин, каза болгон адамдын эрезеге жеткен же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсүнө ушул мамилесин күбөлөндүргөн документтерди тапшырган учурда же камкорчусуна берилет.
49. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй учурда төлөнбөйт:
- эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык болоордун алдында жүйөлүү себептерсиз ишке келбесе жана бул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык иш берүүчүнүн актысы менен тастыкталган болсо;
- эгерде кызматкер жумуштан же башка милдеттерди аткаруудан качуу максатында өзүнүн ден соолугуна атайылап зыян келтирсе;
- эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык жумуш ордунда алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас болуудан улам болсо жана бул медициналык корутунду, күбөлөрдүн айткандары же иш берүүчү менен кызматкерлердин өкүлдүк органы биргелешип Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзгөн акты менен тастыкталса;
- эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык ал кылмыш жасап жаткан учурда алган травманын себебинен болсо;
- соттун чечими боюнча мажбурлап дарылоо учурунда (психикалык оорулуулардан башкалар).
4-глава. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул
§ 1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук
50. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төмөнкүлөр алууга укуктуу:
а) кызматкерлер - иш берүүчү менен эмгектик мамиле түзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып иш берүүчү менен болгон эмгектик мамиле токтотулган күнгө чейин;
б) жеке ишкерлер - жеке ишкер мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндөн кийинки күндөн тартып ишкердик жүргүзүүсү токтотулган күнгө чейин;
в) дыйкан чарбанын мүчөсү, жер участогунун менчик ээси же пайдалануучусу (ижарачысы) - дыйкан чарбага мүчөлүккө кирген күндөн кийинки күндөн тартып дыйкан чарбанын мүчөлүгүнөн чыккан күнгө чейин;
г) белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар (мындан ары - расмий жумушсуздар) - жаранды расмий жумушсуз деп таануу жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул дайындоо тууралуу чечим чыгарылган күндөн тартып расмий жумушсуз катары каттоодон чыгарылган күнгө чейин.
51. жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу жок адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалбайт.
52. Эгерде арыз ээси бир эле учурда кызматкер, жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү болуп эсептелсе, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду бир гана негиз боюнча тандоого укук берилет.
§ 2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон документтер
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн кызматкер иш берүүчүгө эркин түрдө жазылган арыз тапшырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
54. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күндөн тартып дайындоо жана төлөө үчүн жеке ишкерлер, дыйкан чарбалардын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу расмий жумушсуздар аймактык бөлүмгө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз менен кайрылышат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуу үчүн кайрылган адамдардын ИЖНи болушу керек.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кол коюлган жана күчүнө кирген Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашуулардын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү төмөнкү маалыматтар электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат:
- эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жөнүндө маалыматтар;
- арыз ээсинин жеке маалыматтары;
- жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоосу жөнүндө маалыматы;
- патенттин негизинде иштеген адамдар үчүн патенттин маалыматы;
- эгерде дыйкан чарба өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзсө, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматы;
- жер участогун (үлүшүн) пайдалануу/менчик же ижарага алуу укугу жөнүндө маалымат;
- никеси тууралуу маалымат (арыз ээсинин фамилиясы өзгөртүлгөн учурда).
Электрондук маалымкаттарды Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу тутуму аркылуу суроо алуу мүмкүн болбогон учурда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн жарандардан кагаз түрүндө маалымкат талап кылынат.
Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) ишинде техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, дело кийин СЖКМТга маалыматтарды киргизүү жана каттоо журналдарын түзүү менен кагаз жүзүндө түзүлөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн расмий жумушсуз кайрылган учурда, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга анын укугу жөнүндө аймактык бөлүмдүн маалымкаты талап кылынбайт. Аны расмий жумушсуз катары эсепке алууда арыз ээсинин маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилип, автономдуу режимде СЖКМТга киргизилет.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички ведомстволук маалыматтык алмашуу тутуму аркылуу алынуучу маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык анык, туура болуп саналат жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суратылган зарыл болгон маалыматтар, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, акысыз негизде берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
55. Эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүү боюнча маалымат базасы түзүлгөнгө чейин, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо арыз ээси тарабынан кагаз жүзүндө берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арызды берүү арыз ээлеринде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо жана Идентификациянын бирдиктүү тутумунда катталган болсо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу да жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө документтерди каттоо жана сактоо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
57. СЖКМТ базасында Электрондук анкета-арызды толтурууда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалар боюнча Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөлөрүн каттоо журналында жана Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө жеке адамдардын арыздарын каттоо журналында автоматтык режимде каттоо жүргүзүлөт.
Каттоо журналдары ар бир беттин толтурулганына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат. Журналдын басып чыгарылган беттеринде аты-жөнүн жана басып чыгарылган датасын көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
58. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн маалыматтар СЖКМТнын маалыматтар базасына киргизилет. СЖКМТда идентифицикация "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Идентификациянын бирдиктүү тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Кагаз түрүндө берилүүчү, б.а. мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдө жок документтер аймактык бөлүмдөгү иштердин номенклатурасына ылайык 6 жыл сакталат.
Мында берилген эмгекке жарамсыздык баракчалар:
- кызматкерлердики - ишкананын, уюмдун жана мекеменин бухгалтериясында сакталат;
- жеке ишкерлердики, дыйкан чарба мүчөлөрүнүкү, расмий жумушсуздардыкы (түп нускасы) - аймактык бөлүмдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 4. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби
60. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй дайындалат:
- биринчи 10 иш күнү үчүн кызматкерге иш берүүчү (эмгек китепчеси анда турган) менен эмгектик келишим түзүлгөн негизги иштеген жери боюнча, ал эми 11-иш күнүнөн тартып иш берүүчүнүн өтүнмөсүнүн негизинде аймактык бөлүмдө;
- жеке ишкерге - катталган жериндеги/иш жүзүндө жашаган жериндеги/экономикалык ишти жүргүзгөн жериндеги аймактык бөлүмдө;
- дыйкан чарбанын мүчөсүнө - катталган/убактылуу жүргөн жериндеги аймактык бөлүмдө;
- расмий жумушсузга - расмий жумушсуз катары жүргөн жериндеги же жашаган жери боюнча аймактык бөлүмүндө.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө аймактык бөлүм тарабынан каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМТ аркылуу бекитилет жана электрондук түрдө төлөөгө күн сайын ведомстволук бөлүмгө жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
601. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн өзгөчө абал режими киргизилген, белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген аймактык бөлүмдө арыздары/өтүнмөлөрдү кабыл алуу өзгөчө абал режими алып салынганга чейин токтотула турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433токтомунун редакциясына ылайык)
61. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн бардык иш күндөрү үчүн дайындалат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгили төмөнкүдөй түзүлөт:
1) төрөт жакшы болсо - 126 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 56 календардык күн);
2) төрөт татаал болсо жана эки же андан ашык бала төрөлсө (бойдо бирден ашык бала болсо) - 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);
3) бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга:
- төрөт жакшы болсо - 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);
- төрөт татаал болсо - 156 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн);
- эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан - 180 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн);
4) үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда - асырап алган күндөн тартып жана аяктаганга чейин календардык күндөрдүн саны:
- бала төрөлгөн күндөн баштап 70 календардык күн;
- эки жана андан ашык баланы чогуу асырап алган учурда - балдардын төрөлгөн күнүнөн тартып 110 календардык күн;
5) кош бойлуулуктун 30-жумасына чейин төрөсө жана төрөт татаал болсо:
- бала тирүү төрөлсө - 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);
- бала өлүү төрөлсө же ал төрөлгөндөн кийин жети күндүн ичинде чарчап калса - 70 календардык күн.
§ 5. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо тартиби
62. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чейинки үч айдагы бир күндүк орточо эмгек акысы пайдаланылат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акы ушул Жобонун 2-главасына ылайык эсептелет.
63. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, анын ичинде үч айга чейинки курактагы баланы асырап алууда, жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) кызматкерге алгачкы он иш күн үчүн - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдындагы үч айдагы бир күндүк орточо эмгек акыны он иш күнгө көбөйтүү жолу менен - иш берүүчүнүн өз каражатынан, ал эми он биринчи иш күнүнөн тартып - ай сайын 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө - республикалык бюджеттин каражатынан;
2) жеке ишкерге, дыйкан чарбанын мүчөсүнө, расмий жумушсузга - он биринчи иш күнүнөн тартып айына 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө - республикалык бюджеттин каражатынан;
3) бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамга:
- кызматкерге, алгачкы он иш күнү үчүн - бийик тоолуу шарттарда иштеген стажы үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктү жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдындагы үч айдагы эмгек акынын райондук коэффициентин эске алуу менен эсептелген бир күндүк орточо эмгек акыны он иш күнгө көбөйтүү жолу менен - иш берүүчүнүн өздүк каражатынан, ал эми он биринчи иш күнүнөн тартып - бийик тоолуу шарттарда иштеген стажы үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктү жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдындагы үч айдагы эмгек акынын райондук коэффициентин эске алуу менен эсептелген бир күндүк орточо эмгек акыны кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн калган иш күндөрүнүн санына көбөйтүү жолу менен, республикалык бюджеттин каражатынан;
- жеке ишкерге, дыйкан чарбанын мүчөсүнө, расмий жумушсузга -айына 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, он биринчи иш күнүнөн тартып, райондук коэффициентти эсепке алуу менен республикалык бюджеттин каражатынан.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
64. Эгер кызматкер, анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда иштеген адамдар кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү башталаар алдында үч жана андан ашык айлар бою эмгек акы албаса, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү кызматтык маянага жараша аныкталат. Мында бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдар үчүн кызматтык маяна райондук коэффициентти эсепке алуу менен алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Бала үч жашка чыкканга чейин баланы (балдарды) багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгилинде кайрадан, жана андан кийин дагы кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кеткен адамга, анын ичинде бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген адамдарга жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
- кызматкерге - бала багуу боюнча өргүүгө чыккан учурга карата штаттык санда же эмгектик келишимде белгиленген кызматтык маянага (ставкага) жараша эсептелген бир күндүк орточо эмгек акыдан, алгачкы он иш күнү үчүн - иш берүүчүнүн өз каражатынын (кирешенин) эсебинен, ал эми он биринчи иш күнүнөн тартып - айына 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, республикалык бюджеттин каражатынан;
- жеке ишкерге, дыйкан чарбанын мүчөсүнө, расмий жумушсузга - он биринчи иш күнүнөн тартып айына 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, республикалык бюджеттин каражатынан.
Мында бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эске алуу менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
66. Бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген, борбордук офиси бийик тоолуу эмес региондо турган иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул Жобонун 61-пунктунун 3-пунктчасына, 63-пунктунун 3-пунктчасына, 64 жана 65-пункттарына ылайык аныкталат.
67. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, иштеген аялдарга, ошондой эле түзөтүү иштерине соттолгон, иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул Жобонун 65-66-пункттарына ылайык, соттун өкүмү менен аныкталган эмгек акыдан кармалуучу сумманы кармап калуу менен аныкталат.
68. Эгерде иш берүүчү менен кызматкерлердин өкүлдүк органынын ортосунда түзүлгөн жамааттык келишимде макулдашылган болсо, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен көбөйтүлүшү мүмкүн,
69. Жеке ишкер, дыйкан чарба менен эмгектик келишимдин негизинде жалданып иштеген кызматкерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул Жобонун 62-63-пункттарына ылайык аныкталат.
70. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөдө ал төлөнүүчү иш күндөрүнүн санына төмөнкүдөй мезгилдерге туура келген иш күндөр киргизилет:
- 3 жашка чейин баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөндө;
- иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөндө;
- иш берүүчүнүн күнөөсү, ошондой эле иш берүүчүдөн жана кызматкерден көз каранды болбогон себептерден улам токтоп туруу боюнча (кызматкер жазуу жүзүндө эскертилген жана бош турган убакыт үчүн акы төлөнгөн учурда).
71. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо ал төлөнө турган иш күндөрүнүн санынан төмөнкү мезгилдерге туш келген иш күндөрү алынып салынат:
- ар жылдык негизги жана кошумча акы төлөнүүчү өргүүдө жүргөндө;
- кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөндө;
- мыйзам негизинде иштен четтетүүдөн улам кызматкер иштебегенде, эгерде бул мезгил үчүн эмгек акы эсептелбесе;
- мезгилдүү медициналык текшерүүдө жүргөндө, анын ичинде саламаттык сактоо уюмунун стационарына жаткырылганда;
- убактылуу эмгекке жарамсыздыктын себеби боюнча жумушка чыкпаганда;
- өндүрүштөн ажыратпастан орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууга байланыштуу берилген кошумча өргүүнүн учурунда;
- иштен мыйзамсыз бошотуу жөнүндө талаштарды кароодо.
72. Ушул Жобонун 71-пунктунун сегизинчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар аяктагандан кийин жумушка калыбына келтирилген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул өткөн мезгил үчүн жалпы негизде дайындалат жана төлөнөт.
73. Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" же "Курман айт" майрам күндөрү жөлөкпулду төлөө мезгилине туура келген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо бул күндөр жумуш эмес майрам күндөрү катары алдын ала эске алынат.
74. Кварталдык/жылдык сыйлыкты эсепке албай эсептелген жана иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнгөн алгачкы он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кайра эсептелүүгө тийиш.
75. Он биринчи иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттин каражатынан төлөнгөн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кайра эсептелүүгө жатпайт.
§ 6. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду каржылоо булактары
76. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- биринчи он иш күнү үчүн - иш берүүчүнүн өз каражатынын (кирешесинин) эсебинен;
- он биринчи иш күнүнөн тартып - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен;
- жөлөкпулду төлөп берүү жана жеткирип берүү менен байланышкан чыгымдар - республикалык бюджеттен.
§ 7. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө тартиби
(Параграф КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктардын ортосундагы келишимдер менен бекитилген форма боюнча келип түшкөн ведомосттордун негизинде күн сайын ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Кызматкерге биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эмгек акы менен бирге иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынан төлөнөт, ал эми он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул юридикалык жактардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген өлчөмүн көрсөтүү менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө эки нускадагы өтүнмөлөрдүн (мындан ары - Өтүнмө) негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча ведомстволук бөлүмдөр тарабынан төлөнөт.
Мында, иш берүүчү кызматкерден эмгекке жарамсыздык баракчасын алгандан кийин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып өз убагында төлөө үчүн аймактык бөлүмгө 3 иш күндүн ичинде 2 нускада өтүнмөнү тапшырууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда өтүнмөгө эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз түрүндө тиркелет.
Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин аймактык бөлүм тарабынан күбөлөндүрүлгөн бир нускасы иш берүүчүгө кайра берилет.
Иш берүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып төлөө үчүн аймактык бөлүмгө Өтүнмө бербестен эле кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толук өлчөмүндө өздүк каражаттарынын эсебинен төлөп берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
80. Арыз ээси кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алууну башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык (ооруган, аракетке жөндөмсүз учурларда же арыз ээси башка жакка чыгып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурларда) таризделген ишеним катты берүү менен ага ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
81. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
82. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
83. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
84. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§ 8. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча дайындалган жөлөкпулду эне же бала каза болгон учурда төлөө тартиби
85. Эгерде төрөт учурунда/төрөттөн кийин аял каза болуп, ал эми бала тирүү калса, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул толугу менен төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
86. Эгерде аял баланы төрөй электе көз жумса, жөлөкпул төрөткө чейинки өргүү мезгилине гана төлөнөт. Эгерде жөлөкпул толугу менен төлөнсө, төлөнгөн жөлөкпул кайтарылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Кош бойлуулуктун 30 жумасынан кийин (төрөткө чейин/убагында/төрөттөн кийин) бала чарчап калган болсо, анда дайындалган кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул толук өлчөмдө төлөнөт.
88. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча дайындалган, бирок аялдын каза болгон күнүнө карата алынбаган убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул анын үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мүчөсүнө, же анын каза болгон күнүнө карата багуусунда болгон адамга ушул мамилесин күбөлөндүргөн документтерди тапшырган учурда же камкорчусуна берилет.
5-глава. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик жана контролдоо
89. Саламаттык сактоо уюмдарынын эмгекке жарамсыздык баракчасын негизсиз жана туура эмес бергендиги үчүн жоопкерчиликти ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин формасына карабастан саламаттык сактоо уюмунун жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартышат.
90. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр жоопкерчилик тартат:
- иш берүүчү - убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмдөрүн туура эсептөө жана өз убагында төлөө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып төлөөгө Өтүнмөнү өз убагында аймактык бөлүмгө берүү үчүн;
- аймактык бөлүм - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күндөн тартып туура дайындоо, өлчөмүн аныктоо үчүн;
- ведомстволук бөлүм - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күндөн тартып өз убагында төлөө үчүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
91. Кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнө, расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып төлөөнү өз убагында каржылоо үчүн жоопкерчиликти эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын ведомстволук бөлүмү тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
92. Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоодо эреже бузууга жол берилсе же төлөөгө тапшырылган документтер туура эмес толтурулса, анда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чечимин төмөнкүлөр кабыл алат:
- иш берүүчү тарабынан - кызматкерлердин өкүлдүк органы менен бирдикте жана протокол түрүндө таризделет;
- аймактык орган тарабынан - акт түрүндө таризделет.
93. Төмөнкүлөрдүн күнөөсү боюнча өз убагында дайындалбаган жана/же төлөнбөгөн жөлөкпул:
- иш берүүчүнүн күнөөсү болсо - кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбестен өткөн мезгил үчүн толук көлөмдө иш берүүчүнүн каражатынын эсебинен төлөнөт;
- аймактык бөлүмдүн күнөөсү болсо - кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбестен өткөн мезгил үчүн республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөт.
Мында жөлөкпулду дайындоо жана төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жаза чаралары колдонулат.
94. Эсептөөдөгү катанын же кызматкер тарабынан абалын кыянаттык менен пайдалануунун (документтерди жасалмалоо, оңдоо) натыйжасында ашыкча төлөө болгон учурда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча кызматкерге ашыкча төлөнгөн жөлөкпулдун суммасы өндүрүп алынууга тийиш.
95. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун он биринчи иш күнүнөн тартып ашыкча төлөнгөн суммасынын орду күнөөлүү адамдардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке төгүлүүгө тийиш.
Мында, эгерде ашыкча төлөө төмөнкүлөрдүн күнөөсүнөн болсо:
- иш берүүчүнүн күнөөсү болсо - иш берүүчүдөн;
- кызматкердин, жеке ишкердин, дыйкан чарбанын мүчөсүнүн, расмий жумушсуздун күнөөсү болсо (жалган документтер, документтерди оңдоо) - кызматкерден, жеке ишкерден, дыйкан чарбанын мүчөсүнөн, расмий жумушсуздан;
- аймактык бөлүмдүн күнөөсү болсо - жөлөкпулду туура эмес дайындаган адистен;
- туура эмес маалымат берген мамлекеттик органдын күнөөсү болсо - такталбаган маалыматтарды камтыган документти берген мамлекеттик органдан.
96. Кызматкердин күнөөсү боюнча ашыкча төлөнгөн сумма кызматкердин кийинки эмгек акыларынан эмгек акынын суммасынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө иш берүүчүнүн эсептик бөлүгү (касса) аркылуу кызматкерлердин өкүлдүк органынын чечиминин негизинде кармалат.
Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча ашыкча төлөнгөн сумманын ордун толтуруу боюнча иш берүүчүнүн чечими менен кызматкер макул болбогон учурда, иш берүүчү ашыкча төлөнгөн суммалардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке өзү толтурууга тийиш.
97. Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду ашыкча төлөө кызматкердин күнөөсү боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду ашыкча төлөө жеке ишкердин, дыйкан чарбанын мүчөсүнүн, расмий жумушсуздун күнөөсү боюнча болсо, анда ашыкча төлөнгөн суммаларды алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке кайтарып беришет.
98. Кызматкер, жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасын ордун толтуруудан баш тарткан учурда, анда ал сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
99. Кызматкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аяктаганга чейин мөөнөтүнөн мурда жумушка чыккан учурда, эгерде баланын дени сак болсо, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун 11-иш күнүнөн тартып ашыкча төлөнгөн суммасы иш берүүчү тарабынан кызматкердин эмгек акысынан кармап алынат. Кармап алынган сумма кийинки айдын Өтүнмөсүнө кошулат.
Кызматкер мөөнөтүнөн мурда жумушка чыккандыгына байланыштуу кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу боюнча жоопкерчилик иш берүүчүгө жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
100. Жөлөкпул төлөөгө каражаттарды негизсиз эсептен чыгарууга жол берген адамдарга, ошондой эле жөлөкпул дайындоодо эреже бузгандык үчүн күнөөлүүлөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулат.
101. Коомдук контролдоо кесиптик бирликтерге же кызматкерлердин башка өкүлдүк органдарына (мындан ары - кызматкерлердин өкүлдүк органы) тапшырылат.
102. Эмгекке жарамсыздык баракчасын берүүнүн негиздүүлүгү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, өндүрүштүк зарылчылык менен байланышкан айрым учурларда - саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлердин өкүлдүк органынын өкүлдөрүнүн арасынан иш берүүчүлөр түзүүчү комиссиялар тарабынан контролдонот жана текшерилет.
103. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгын контролдоо ведомстволук жана аймактык бөлүмдөргө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген башка органдарга тапшырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
104. Кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо шарттары менен же жөлөкпулдун суммасы менен макул болбогон учурда аймактык бөлүмдүн талабы боюнча иш берүүчү убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген өлчөмүн тактоо үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй документтерди контролдоо үчүн берет:
- кызматкердин эмгекке жарамсыздык баракчасы;
- эмгек акы жөнүндө маалымкат;
- эсептик-кассалык операциялар боюнча маалыматтар;
- жумуш убактысын эсепке алуу табели;
- буйруктар;
- эмгектик келишим.
105. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун иш берүүчү тарабынан туура эмес дайындалганы же төлөө кечиктирилгени боюнча жарандардын кайрылуулары аймактык бөлүмгө же кызматкерлердин өкүлдүк органына берилет.
106. Жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө маселелери боюнча кайрылуулары, арыздары жана даттануулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.