ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 219 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция25.04.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-апрели № 219

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын, илимий-изилдөө мекемелеринин аспиранттарына дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын, илимий-изилдөө институттарынын аспиранттарына стипендия 2175 сом өлчөмүндө белгиленет жана экинчи курста стипендиянын суммасынан 30 пайызга, үчүнчү курста экинчи курстагы стипендиянын суммасынан 30 пайызга жогорулатылат;".

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров