Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 2-майы № 238
Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Мамлекеттик сырларды коргоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |