Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна) |
Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштеген жарандар үчүн кызматтык (тарифтик) маянасына ай сайын пайыздык үстөктөрдү (мындан ары - үстөк) төлөөнүн жана өлчөмүн белгилөөнүн тартибин аныктайт.
Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштеген жарандар деп мамлекеттик сырларга уруксат берилүүгө тийиш болгон кызматкерлердин кызмат орундарынын бекитилген номенклатурасынын (мындан ары - Кызмат орундардын номенклатурасы) негизинде белгиленген тартипте мамлекеттик сырларга тиешелүү уруксат таризделген жана көрсөтүлгөн маалыматтар аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат адамдары жана кызматкерлер эсептелет.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрү - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде коргоону камсыз кылуучу өз алдынча бөлүмдөр (жооптуу адамдар).
2-глава. Үстөктү төлөө шарттары
2. Мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге кызматтык маянасына пайыздык үстөктөр ушул кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин мамлекеттик сырларга белгиленген тартипте таризделген уруксаты бар маалыматтардын жашыруундук даражасына жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) биринчи жана экинчи формадагы уруксат (маалыматтын жашыруундук даражасы "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" болгон) - 25 пайыз;
2) үчүнчү формадагы уруксат (маалыматтын жашыруундук даражасы "жашыруун" болгон) - 15 пайыз.
3. Пайыздык үстөктөр мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун жетекчиси тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмү даярдаган баяндама каттын (кызматтык каттын) негизинде белгиленет. Көрсөтүлгөн үстөктөр ушул Нускаманын 2-пунктунда каралган пайыздык үстөктөрдөн ашпоого тийиш.
3-глава. Үстөктөрдү төлөө тартиби
4. Баяндама кат (кызматтык кат) кызмат адамынын же кызматкердин аты-жөнүн, ээлеген кызмат ордун, уруксаттын формасын жана белгиленген үстөктүн пайыздар менен конкреттүү өлчөмүн көрсөтүү менен мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызматкерлердин тизмесин тиркөө менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун жетекчисинин атына даярдалат. Тизмелер өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун жана жашыруун маалыматтарга уруксат таризделүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын номенклатурасынын негизинде түзүлөт.
5. Айрым мамлекеттик саясий (Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын кошпогондо) жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде аныкталган өзгөчө тартипте мамлекеттик сырларга уруксат берилүүчү айрым атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга үстөк аткарылуучу иштердин жогорку жашыруундук даражасына жана өзүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен иш жүзүндө кабардар экендигине жараша белгиленет.
Аталган адамдардын кызмат орундары алардын иштеген жери (кызматы) боюнча мамлекеттик сырларды коргоо боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан түзүлгөн, 6-пунктта каралган тизмелерге киргизилет.
6. Баяндама кат (кызматтык кат) жылына кеминде бир жолу даярдалат. Баяндама кат (кызматтык кат) бекитилгенден кийин мамлекеттик сырларды коргоо боюнча бөлүм пайыздык үстөктү белгилөө жөнүндө буйруктун (тескеменин, чечимдин) долбоорун даярдайт. Буйрукта (тескемеде, чечимде) кызмат адамынын же кызматкердин аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, уруксаттын формасы, белгиленген үстөктүн пайыздар менен өлчөмү көрсөтүлөт. Буйрук (тескеме, чечим) чыгарылгандан кийин анын көчүрмөсү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун финансы бөлүмүнө берилет.
7. Мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге үстөктөр аны белгилөө жөнүндө тийиштүү буйрук (тескеме, чечим) чыгарылган күндөн тартып төлөнөт.
Мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөр зарылчылыкка жараша, анын ичинде штаттык расписаниедеги жана/же мамлекеттик сырларга уруксат таризделүүгө тийиш болгон кызматкерлердин кызмат орундарынын номенклатурасындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу буйрукка (тескемеге, чечимге) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
8. Үстөктү төлөө төмөнкүлөрдөн кийинки күндөн тартып токтотулат:
1) ээлеген кызмат ордунан бошотулган (четтетилген) күндөн;
2) Мамлекеттик сырларга уруксат таризделүүгө тийиш болгон кызматкерлердин кызмат орундарынын номенклатурасына кирбеген кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрук (тескеме) чыккан күндөн;
3) мамлекеттик сырларга уруксат токтотулган күндөн;
4) бала багуу боюнча өргүү таризделген күндөн;
5) эмгек акысы (акчалай күтүмүн) сакталбаган өргүүгө чыккан күндөн;
6) кадрлардын карамагына киргизилген күндөн.
Ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларында каралган учурларда мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөр мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун финансы бөлүмүнө үстөк төлөөнү токтотуу зарылдыгы жөнүндө кызматтык кат жиберет.
4-глава. Үстөк төлөөнү контролдоо
9. Жашыруундук режиминин начарлашына алып келген иштеги катачылыктар пайыздык үстөктүн төмөндөшүнө жана ажыратылышына алып келиши мүмкүн.
10. Ушул Нускамада каралган ар айлык пайыздык үстөктөрдү төлөө жана өлчөмүн белгилөө боюнча тартиптин сакталышын контролдоо тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун жетекчисине жүктөлөт.