ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43»Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция04.05.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 4-майы № 244

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жободо:

- 7-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- карьердин тереңдиги бетинин табигый рельефинен эки метрден ашпаган шартта кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу учурунда 1 гектардан ашпоого тийиш, ал эми дарыялардын нугунда же дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн жээгинде 0,1 гектардан ашпоого тийиш;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров