Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 2-майы № 235
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын жана сүрөттөрүн бекитүү жөнүндө
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык экендигин көрсөтүүчү символиканы белгилөө максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 142-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөттөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын жана сүрөттөрүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-апрелиндеги № 32-33 (3481-3482) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөттөрү
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин сыпаттамасы жана сүрөтү
1. Желек тик бурчтуу формадагы кочкул жашыл түстүү кездемеден жасалат (узундугу - 2080 мм, эни - 1250 мм), анын диагоналдарынын кесилишүү чекитинде диаметри 700 мм болгон бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы жайгаштырылат.
2. Желектин сүрөтү:
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөтү
3. Эмблема диаметри 750 мм болгон кочкул жашыл түстөгү тегерек түрүндө, четтери алтын түстөгү жээктер (30 мм) менен болот.
Тегеректин алтын түстөгү жээгинин ички четинен 250 мм аралыкта линиянын жоондугу 10 мм болгон алтын түстөгү ички айлана түзүлөт, анын ичине ак түстөгү соода символу жайгаштырылат.
Жээгинин ички чети менен ички айлананын сырткы тарабынын ортосундагы аралыкта:
- ак түстөгү жазуулар жайгаштырылат: жогорку жарым сферасында "КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ", төмөнкү жарым сферасында - "KYRGYZ CUSTOMS";
- сол жана оң жарым сфераларында диаметри 15 мм болгон алтын түстөгү чекиттер түшүрүлөт.
4. Эмблеманын сүрөтү:
Графикалык көчүрмөнү караңыз.