Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 235 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 686
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын жана сүрөттөрүн бекитүү жөнүндө
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 142-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөттөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомунун 2, 4-пункттары;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын
сыпаттамасы жана сүрөттөрү
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин сыпаттамасы жана сүрөтү
1. Желек тик бурчтуу формадагы көгүлтүр түстүү кездемеден жасалат (узундугу - 1900 мм, эни - 1250 мм). Кездеменин маңдай бетинин борборунда - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диаметри 600 мм болгон сары түстөгү эмблемасы түшүрүлгөн.
2. Желектин сүрөтү:
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөтү
3. Эмблема тегерек түрүндө болот, анын борборуна "Шамалдын тоому" сүрөтү - эл аралык бажынын символу түшүрүлгөн.
Тегеректин жогорку бөлүгүндө - "Кыргыз", ылдыйкы бөлүгүндө - "Бажысы" деп жазылган.
Түстөрү:
Борборунда - кызыл тегерек, "Шамалдын тоому" сүрөтү - көк-ак түстө. Тегеректин периметри боюнча эни 1 см болгон тилке - сары түстөгү "Кыргыз бажысы" деген жазуусу бар жашыл түстө, андан кийин ырааттуу тартиптеги сары жана кызыл түстөгү тилкелер.
4. Эмблеманын сүрөтү:
Графикалык көчүрмөнү караңыз.