Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 токтомуна) |
"Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча КОНЦЕПЦИЯ
I. Киришүү
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып кыргыз элинин эпикалык мурасына өзгөчө көңүл бурулуп келет.
1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленди, 2011-жылдын 28-июнунда "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы бекитилген, 2013-жылдын 4-декабрында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас боюнча өкмөттөр аралык комитетинин баалоо органы "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизген.
Бирок бүгүнкү күндө кыргыз элинин чоң жана кенже эпосторун, материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу, бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурастарды окутуу үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, таланттуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо көрсөтүү, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу боюнча бүтүн система, концепция жок.
"Манас" эпосу - улуу мурас, терең адеп-ахлактык мазмунга жана жалпы адамзаттык мааниге ээ түбөлүктүү руханий баалуулуктардын көөнөрбөс булагы, кыргыз көчмөн цивилизациясынын казынасы, дүйнөлүк фольклордун чыгаан үлгүсү, көп улуттуу Кыргызстан элдеринин турмушунун энциклопедиясы.
"Манас" - бул көркөм жана руханий эстелик гана эмес, бүгүнкү жашообузга түздөн-түз катышы бар, элди бириктирип, келечекке шыктандырган жана муундан-муунга берилүүчү өлбөс-өчпөс улуттук рух.
"Манас" эпосунда азыркы адамзат турмушунун көйгөйлөрүнө окшош социалдык-саясий, этикалык, адеп-ахлактык, экологиялык жана жалпы философиялык көйгөйлөрдүн жыйындысын көрө алабыз.
Заманбап ааламдашуу шарттарында "Манас" эпосунун баалуулуктарын коомдун энчисине трансформациялоо, ошону менен аны кыргыз элинин иденттүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын идеологиялык бириктирүүчү факторуна айландыруу популярдаштыруу механизми аркылуу жүзөгө ашырылат. Руханий өнүгүү "Манас" эпосу менен бала бакчадан тартып улуу муунга чейин пландуу негизде жана үзгүлтүксүз тааныштыруу процесси менен камсыз кылынат. Бул процесс мамлекеттин колдоосу менен билим берүү мекемелери жана уюмдары тарабынан ишке ашырылууга тийиш.
II. Концепцияда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Бул Концепцияда төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
улуттук программа - мамлекет тарабынан бирдиктүү максаттарга жетүүгө жана милдеттерди чечүүгө багытталган, финансылык, кадрдык жана башка ресурстар боюнча тең салмактуу, аткаруу мөөнөтү менен, уюштуруучулук, өндүрүштүк-технологиялык жана социалдык мүнөздөгү иш-чараларды пландоонун максаттуу программасы;
материалдык эмес маданий мурас - жамааттар, топтор жана кээ бир учурларда айрым адамдар тарабынан алардын маданий мурасынын бөлүгү катары таанылган үрп-адаттар, көрсөтүү жана туюнтуу формалары, билим жана көндүмдөр, ошондой эле аларга байланышкан инструменттер, предметтер, артекфакттар жана маданий мейкиндиктер;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар - маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону, жайылтууну, чагылдырууну жана аны колдонуучулардын кызыкчылыгында пайдаланууну камсыз кылган маалыматтык-технологиялардын жана электр байланыш технологияларынын жыйындысы;
окуу китеби - белгилүү бир чөйрөдөгү билимдердин системалуу баяндалышын камтыган жана ар кандай деңгээлдердеги билим берүү системасында да, өз алдынча окуу үчүн да колдонулуучу китеп, окуу адабиятынын бир түрү;
жогорку квалификациялуу адис - эмгек ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир багытында кесиптик билимдерге, тажрыйбага жана көндүмдөргө ээ адис;
руханий баалуулуктар - бул адамдын коомдогу алгылыктуу жана алгылыксыз жүрүм-турумун түзүүчү, ошондой эле коом умтулган идеалдарды белгилеген ишенимдердин, каада-салттардын, моралдын ченемдеринин системасы;
көчмөн цивилизациясы - чарбалык, коомдук-саясий жана маданий-тиричиликтик этностук турмушунда жогорку үлгүлөрдү жараткан дүйнөлүк көчмөндөр системасындагы көчмөн коом;
дүйнөлүк фольклор - дүйнөлүк оозеки жана музыкалык элдик чыгармачылык. Кеңири мааниде сөз жанрларынан тышкары бардык элдик чыгармачылыкты, элдин руханий (кээде материалдык) маданиятынын көрүнүштөрүн - тилин, ишенимдерин, ырым-жырымдарын, кол өнөрчүлүгүн камтыйт;
энциклопедия - илимдин же практиканын өзүнчө (тармактык энциклопедия) же бүтүндөй бир чөйрөсү (универсалдык энциклопедия) боюнча маанилүү маалыматтарды камтыган илимий же илимий-популярдуу адабияттын бир түрү;
улуттук рух - материалдык, табигый түзүлүүдөн айырмаланган материалдык эмес түзүлгөн улуттук философиялык концепция фольклордун эң сонун булагы болуп саналат, ал адамдын ой жүгүртүүсүнө, өзүн-өзү аңдоосуна, өзүнүн муктаждыктарына жараша айлана-чөйрөгө ыңгайлашуу жөндөмүнө өбөлгө түзөт;
иденттүүлүк - адамдын психикасынын ар кандай социалдык, экономикалык, улуттук, кесиптик, тилдик, саясий, диний, маданий, гендердик, расалык жана башка топторго же башка жалпылыктарга таандык экендигин кандайча элестетерин концентрацияланган түрдө билдирүү касиети же өзүн ушул топторго же жалпылыктарга таандык касиеттердин дал өзү катары бул же тигил адамга окшоштуруу;
идеологиялык фактор - адамдын аң-сезиминде түшүнүктөрдүн жыйындысын, теориялык жөндөмдөрдүн жогорку деңгээлин жаратуучу фактор;
адамдын руханий өнүгүүсү - адамдын жашоодогу максатын түшүнүүсү, азыркы жана келечек муундарынын алдында жоопкерчиликтин пайда болушу, ааламдын татаал табиятын түшүнүү жана туруктуу адеп-ахлактык өркүндөөгө умтулуу;
жалпы адамзаттык баалуулуктар - социалдык абалына, улутуна, диний ишенимине, билимине, курагына, жынысына жана башкаларга карабастан адамдардын жашоосунда артыкчылыктуу мааниге ээ болгон идеалдардын, принциптердин, адеп-ахлактык ченемдердин, укуктардын жыйындысы;
руханий кайра жаралуу - руханий кайра жаралуу, жаңылануу, начарлоо мезгилинен кийин көтөрүлүү, ал аркылуу адамдын ички абалынын, ой жүгүртүүсүнүн өзгөрүшү;
маданий өнүгүү - маданияттын материалдык жана материалдык эмес, руханий компоненттеринин жаңы сапаттык абалга, анын курамынын же түзүмүнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү өзгөрүүсү (б.а. кандайдыр бир маданий элементтердин жана байланыштардын пайда болушу, өнүгүү жолдору);
улуттук баалуулуктар - белгилүү бир элдин улуттук каада-салттары, үрп-адаттары, маданияты жана искусствосу;
эпос - элдин эрдигин даңазалаган ыр түрүндөгү эпикалык чыгарма. Анда элдин, улуттун жана өлкөнүн тагдырын чече турган улуу окуялар чагылдырылган;
концепция - бул белгилүү бир системада берилген социалдык долбоордун негизги жоболору. Концепциянын багыты - долбоордун негизги максаттарын аныктоо жана аларга жетүүнүн мүмкүн болгон жолдорун табуу.
III. Негизги принциптер
Ушул Концепциянын алкагында аныкталган багыттар боюнча иштелип чыккан бардык программалар төмөнкүдөй принциптерге шайкеш келиши керек:
элдик каада-салттарга жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген "Манас" эпосунун баалуулуктарын окутуу, изилдөө жана жайылтуу;
элдин улуттук-маданий баалуулуктарынын кайра жаралуусу;
"Манас" эпосун адабий эстелик катары сактоо;
келечек муунга жол улоочулукту жана патриоттуулукту камсыз кылуу;
коомдо кабыл алынган социалдык-маданий, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде окуучулардын өзүн-өзү аныктоосу жана социалдашуусу үчүн шарттарды түзүү;
өсүп келе жаткан муунду улуттук баалуулуктарга негизделген сапаттуу билим менен камсыз кылуу.
IV. Концепциянын максаты, милдеттери жана багыттары
Концепциянын максаты - "Манас" үчилтигин кыргыз элинин улуттук дөөлөтү катары көрсөтүү; келечек муундун көз карашын адеп-ахлактык жана эстетикалык түшүнүктөр, ой-пикирлер, "Манас" эпосунда берилген баалуулук мамиле менен калыптандыруу; элдин материалдык эмес маданиятын, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү.
Концепциянын милдеттери:
Билим берүү:
тарбиялоо процессинде өсүп келе жаткан муунду "Манас" үчилтигинде, кенже эпостордо жана материалдык эмес маданий мурастарда камтылган адеп-ахлактык-руханий баалуулуктардын негиздерине үйрөтүү;
эстетикалык идеалды калыптандыруу, маданий мурастарды өздөштүрүү;
"Манас" үчилтигинин негизинде мекенге карата патриоттук сезимди калыптандыруу.
Изилдөө:
"Манас" үчилтигин, кенже эпосторду жана материалдык эмес маданий мурастарды фундаменталдык жана заманбап илимий методдордун негизинде комплекстүү изилдөө;
Популярдаштыруу:
"Манас" үчилтигин, кенже эпосторду жана материалдык эмес маданий мурастарды билим берүү, маданий иш-чаралар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жаңы технологиялар аркылуу улуттук жана эл аралык деңгээлде жайылтуу.
V. Концепцияны ишке ашыруу жолдору
1) Бала бакчалардын окуу пландарына "Манас" таалими предметин киргизүү:
- балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен методикалык материалдарды иштеп чыгуу (интерактивдүү материалдар, мультимедиялык тиркемелер, комикстер);
- курс боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
2) жалпы билим берүүчү мектептердин окуу пландарына "Манас" үчилтигин толук окутуу максатында 1-класстан 11-класска чейин "Манас" предметин киргизүү:
- мектепте предметтик стандарттарды, окуу пландарын, окуу китептерин, методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу (интерактивдүү материалдар, мультимедиялык тиркемелер, комикстер);
- мектептерде "Манас", "Семетей", Сейтек" жаштар уюмдары аркылуу тарбия иштерин активдештирүү (уюмдун уставын, жобосун, иш планын, атрибуттарын, гимнин ж.б. иштеп чыгуу жана ар бир мектепте жайылтуу);
3) билим берүү стандартына өзүнчө код менен "Манастаануу" предметин киргизүү;
4) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык орто жана жогорку окуу жайларында окутуу;
5) ар бир айтуучу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана академиялык басылмаларды иштеп чыгуу;
6) манасчылардын тексттерин жазып алуу жана талдоо;
7) дүйнө элдеринин эпикалык мурастары менен дүйнөлүк эпикалык мурастарды салыштырма-типологиялык изилдөөлөр;
8) "Манас" эпосу, кенже эпостор боюнча чет тилдердеги изилдөөлөрдү кыргыз жана орус тилдерине которуу;
9) "Манас" эпосун, кенже эпосторду, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыктын бардык түрлөрүн фундаменталдык изилдөөлөрдү чет тилдерге которуу;
10) эл аралык деңгээлде ар тараптуу пропагандалоо.
VI. Натыйжалар
"Манас" үчилтигин изилдөөнүн жана популярдаштыруунун, руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун натыйжасы болуп "Манас" эпосу, кенже эпостор жана материалдык эмес маданий мурастар жөнүндө терең билимге ээ болгон жана бул билимдерди азыркы ааламдашуу шарттарында иденттүүлүгүн жоготпостон жарандардын гармонияда жашоосу үчүн колдонуучу адам эсептелет.
Ошондой эле:
- адеп-ахлакты жана патриоттукту терең аңдап түшүнгөн инсанды тарбиялоо;
- "Манас" үчилтигинде белгиленген улуттук баалуулуктарды таануу аркылуу креативдүү, сынчыл ой жүгүрткөн жаңы муундун төрөлүшү;
- жалпы адамзаттык баалуулуктардын жана дүйнө элдеринин улуттук маданиятынын жана каада-салттарынын билимдеринин негиздеринде тарбияланган инсан планетардык масштабдагы ойчул боло алат;
- коомдун руханий жактан кайра жаралуусу үчүн практикалык колдонуу менен алдыңкы технологиялардын негизинде кыргыз элинин эпосун жана материалдык эмес маданиятын изилдөөдө жаңы багыттарды ача турган окумуштуулардын жаңы муунунун пайда болушу.
VII. Каржылоо булактары
1. Республикалык бюджет.
2. Жергиликтүү бюджеттер.
3. Атайын каражаттар.
4. Демөөрчүлөрдүн каражаттары.
5. Коомдук фонддордун каражаттары.
6. Гранттык каражаттар.
Бардык деңгээлдеги тарбиялоо процесси боюнча отчеттуулукту тиешелүү мамлекеттик органдардын жана коомдун контролу астында камсыздоо зарыл.
VIII. Корутунду
Бул концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде иштелип чыкты.
Билим берүү, илимий-изилдөө жана популярдаштыруу процесстеринин максаттарына бардык мамлекеттик органдардын, билим берүүчү жана маданий мекемелердин жана жалпы коомдун тыгыз кызматташуусунда гана жетүүгө болот.