Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 65
"Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепция 1-тиркемеге ылайык;
- "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык;
- "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясы 3-тиркемеге ылайык;
- "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга иш-чаралардын планы 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелери жана коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча):
- жогоруда аталган иш-чаралардын пландарын белгиленген мөөнөттөрдө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилдин үчүнчү айынын 25инен кечиктирбестен жогоруда аталган иш-чаралардын пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен жогоруда аталган иш-чаралардын пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
"Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөт-төрү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы жана суммасы (сом) | Күтүлүүчү натыйжалар |
1. Материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө | ||||||
1 | Концепцияны ишке ашыруу жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу үчүн уюштуруу-укуктук шарттарды түзүү | "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жыл | ММСЖСМ, МО, МУА, УИА | Каржылоо талап кылынбайт | "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди |
"Манас" эпосун жана дүйнө элдеринин эпос айтуучуларына, изилдөөчүлөрүнө жана жайылтуучуларына "Саякбай" Эл аралык сыйлыгын уюштуруу жөнүндө жобо иштеп чыгуу | 2023-жыл | МУА, ММСЖСМ | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | "Манас" эпосун жана дүйнө элдеринин эпос айтуучуларына, изилдөөчүлөрүнө жана жайылтуучулар ына "Саякбай" Эл аралык сыйлыгын уюштуруу жөнүндө жобо иштелип чыкты | ||
Жаш манасчылардын мектебин ачуу | 2023-2027-жылдар | ММСЖСМ, ЖӨБО, КРП облустардагы ЫУӨ | Донорлор, министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Республиканын облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында жаш манасчылардын мектептери ачылды | ||
МУА базасында "Манас" үчилтигинин жана башка кыргыз эпосторунун кол жазмаларынын, аудио-видео материалдарынын (КР жана башка өлкөлөрдөн) бирдиктүү сактоо фондун түзүү | 2023-2027-жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | "Манас" үчилтигинин жана башка кыргыз эпосторунун кол жазмаларынын, аудио-видео материалдарынын (КР жана башка өлкөлөрдөн) бирдиктүү сактоо фонду түзүлдү | ||
"Манастагы" жер-суулар боюнча" (дүйнөдөгү топонимдерди, гидронимдерди ж.б. объекттерди изилдөө) эл аралык илимий-талаа изилдөөлөрүн уюштуруу | 2023-2027-жылдар | МУА, тартылган эксперттер | МУА бюджетинин чегинде | Талаа изилдөөлөрүнүн материалдары санариптештирилип, басмага даярдалды | ||
"Манас" эпосу жана кыргыз элинин кенже эпостору боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде интерактивдүү балдар энциклопедияларын чыгаруу | 2024-2027-жылдар | МУА | МУА бюджетинин чегинде | "Манас" эпосу жана кыргыз элинин кенже эпостору боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде 4 энциклопедия басып чыгарылды | ||
2. "Манас" эпосун илим жана билим берүү чөйрөсүнө жайылтуу | ||||||
2 | "Манас" эпосуна болгон кызыгууну арттыруу, эпостун маанилүүлүгүн жана дүйнөлүк деңгээлдеги зор мурас экендигин белгилөө | "Манас" эпосунун үчилтигинин бириктирилген/кыскартылган версиясын кыргыз тилинде басып чыгарууга даярдоо | 2023-2027-жылдар | МУА | МУА бюджетинин чегинде | "Манас" эпосунун жана кенже эпостордун жөнөкөйлөтүлгөн варианттары киргизилди жана калк арасында жайылтылды. 2 китеп басып чыгарылды, 500дөн 1000ге чейин тираж чыкты |
"Манас" эпосунун окуучуларга арналган бириктирилген/кыскартылган версиясын орус тилине которуу жана республикалык китепканаларга бөлүштүрүү | 2024-2027-жылдар | ММСЖСМ, "Айкөл Манас" коомдук фонду (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Мектеп окуучулар үчүн жеткиликтүүлүк камсыз кылынды, 1 китеп которулду | ||
Айтуучулук өнөр боюнча илимий изилдөө | 2023-2027-жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | Айтуучулар жана айтуучулук өнөр тууралуу маалымат топтолду жана жайылтылды | ||
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептерине, кесиптик лицейлерине "Манастаануу" сабагын киргизүү жана өзүнчө предмет катары мамлекеттик стандартка кабыл алуу | 2024-жыл | БИМ | Каржылоо талап кылынбайт | Мектептерге жана кесиптик лицейлерге "Манас таануу" сабагы киргизилди | ||
"Манас" эпосун кыргыз кесиптик адабиятында чагылдыруу | 2026-2027-жылдар | МУА, Жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | МУА бюджетинин алкагында | 5 китеп чыкты | ||
Жогорку окуу жайлары жана орто мектептер үчүн "Манас" эпосу боюнча изилдөөлөрдүн негизинде окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгуу жана чыгаруу | 2024-2027-жылдар | БИМ, МУА | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | 3 окуу китеби 2 окуу куралы иштелип чыкты | ||
"Манас" эпосунун мекенчилдик идеяларын өздөштүрүү үчүн кенже жаштагы балдар үчүн өнүктүрүү материалдарын түзүү | 2024-2027-жылдар | БИМ, МУА | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн 2 сүрөттүү китеп иштелип чыкты | ||
Жалпы республикалык тестирлөө системасына (ЖРТ) "Манас" эпосунан 10 суроону киргизүү | 2024-жыл | БИМ | Каржылоо талап кылынбайт | Тестирлөө системасына (ЖРТ) "Манас" эпосунан 10 суроо киргизилди | ||
Жогорку жана орто окуу жайларында курстан курска көчүүдө башка предметтер менен катар "Манастаануу" курсун киргизүү | 2023-2024-жылдар | БИМ | Каржылоо талап кылынбайт | "Манастаануу" сабагын милдеттүү түрдө окутуу менен өсүп келе жаткан муундун мекенчилдик сезими калыптанды | ||
Жогорку жана орто окуу жайларынын, жалпы билим берүү мектептеринин жана айылдык китепканалардын китеп фондун "Манас" эпосу боюнча китептер менен толуктоо | 2023-2027-жылдар | МТСУК, ММСЖСМ, БИМ, Китеп палатасы | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | Илимий чөйрө жана коомчулук үчүн билим базасы кеңейтилди | ||
"Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын форуму" аттуу эл аралык форумун өткөрүү (2 жылда бир жолу) | 2023-2027- жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | Дүйнөдөгү айтуучулардын жана айтуучулук өнөрдүн бүгүнкү күндөгү коомдогу орду жана көйгөйлөрү аныкталды; анын негизинде эл аралык долбоорлор түзүлдү; форумдун статусу аныкталды | ||
"Бүткүл дүйнөлүк эпос тануучулардын форуму" аттуу эл аралык форум өткөрүү | 2023-2027-жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | Азыркы эпос таануунун көйгөйлүү илимий маселелери аныкталды. Анын негизинде эл аралык долбоорлор түзүлдү | ||
3. "Манас" эпосун кенже эпостор менен бирге жайылтуу | ||||||
3 | "Манас" үчилтиги, кенже эпостор, айтуучулук өнөр, дүйнөлүк коомдун материалдык эмес маданий мурасы менен тереңден таанышуу, аларга болгон кызыгууну арттыруу | "Манас" эпосундагы кыргыз улуттук каада-салттары жана оюндары жөнүндө брошюраларды чыгаруу | 2024-жыл | УИА | УИА бюджетинин алкагында | Брошюралар чыгарылды (4брошюра-500 нускадан) |
Ала-Тоо аянтындагы Манас эстелигинин алдында "Жандуу "Манас" долбоорун (С.Каралаевдин айтуусундагы эпостун аудио фрагменттери) ишке ашыруу (угузуу графиги менен). "Манас" эпосу боюнча ЮНЕСКОнун сертификаты жана QR коду менен үч тилде такталарды орнотуу | 2023-2024-жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | "Манас" эпосуна, айтуучулук өнөрүнө болгон кызыгуу артты. Ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн борбор шаарыбызда дагы бир маанилүү жер түзүлдү | ||
Манас ысымы кездешкен дүйнөдөгү топонимдердин картасын түзүү (топонимдердин маалыматтары QR менен). Кыргыз, орус жана англис тилдеринде маалыматтарды чогултуу | 2023-2024-жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | "Манас" эпосуна, айтуучулук өнөрүнө болгон кызыгуу артты. Ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн борбор шаарыбызда дагы бир маанилүү жер түзүлдү | ||
"Манас" эпосуна жана кенже эпосторго таянып кыргыз тилинин эпостук түшүндүрмө сөздүгүн түзүү | 2024-2027-жылдар | УИА, МУА | УИА, МУА бюджеттеринин алкагында | "Манас" эпосунда камтылган лексика заманбап окурманга сөздүк аркылуу түшүндүрүлдү. 1 түшүндүрмө сөздүгү басып чыгарылды | ||
"Манас" эпосундагы окуялар боюнча мектеп окуучуларынын арасында сүрөт тартуу конкурсун уюштуруу (искусствонун бардык жанрлары боюнча) | 2024-2027-жылдар | ММСЖСМ, БИМ | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | Жыл сайын бирден конкурс уюштурулду | ||
Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө "Манас" эпосу боюнча жарык көргөн бардык формадагы материалдардын каталогун түзүү (кыргыз, орус, англис тилдеринде) | 2023-2027-жылдар | МУА | МУА бюджетинин алкагында | "Манас" эпосу эл аралык мааниде жайылтылды: 2 каталог жарыкка чыкты | ||
Региондордо манас таануучулардын жана тарыхчылардын катышуусунда "Манас" эпосунда камтылган кыргыз элинин каада-салттарын жайылтуу лекцияларын уюштуруу | 2023-2027-жылдар | ММСЖСМ, УИА, МУА | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | Жаштар кыргыз элинин үрп-адаттары жана каада-салттары тууралуу кеңири түшүнүк алышты 7 райондо 1ден лекция өткөрүлдү | ||
4. "Манас" эпосун театр, кино жана спорт тармагында илгерилетүү, фестивалдар аркылуу жайылтуу | ||||||
4 | Материалдын интерактивдүү, мультимедиялык экспозициясы. Театр жана спорт аркылуу жайылтуу | "Манас" эпосу жана кыргыз элинин кенже эпостору жөнүндө анимациялык көркөм тасмаларын тартуу | 2026-2027-жылдар | ММСЖСМ | Донорлор, ММСЖСМ бюджетинин алкагында | Төмөнкү фильмдер чыгарылган: - 1 арт; - 1 анимациялык фильм |
Кыргыздын улуу маданий мурасы, "Манас" эпосунда камтылган каада-салт, жүрүм-турум, тарбия, карым-катнаш, патриоттуулук сыяктуу баалуулуктар жөнүндө видеороликтер сериясын тартуу | 2025-2027-жылдар | ММСЖСМ Кыргызфильм | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | Калкка, айрыкча жаш муунга "Манас" эпосундагы окуялар менен танышууга жана маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү; жыл жайын 12 сериядан турган видеороликтер тартылып турду | ||
"Манас" операсын жаңылоо | 2024-жыл | ММСЖСМ | ММСЖСМ бюджетинин алкагында | "Манас" операсы жаңыртылды. Театрга көрүүчүлөрдүн саны көбөйдү | ||
"Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосунун негизинде жаңы драмалык чыгармалардын республикалык конкурсун өткөрүү | 2024-2027-жылдар | ММСЖСМ | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | "Манас", "Семетей". "Сейтек" эпосунун негизинде жаңы драмалык чыгарма конкурста жеңүүчү болуп аныкталды. Ал театрларда коюлуп баштады | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
Жазуучулар союзу | - | Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
Китеп палатасы | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасы; |
Кыргызфильм | - | Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы; |
МТСУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия; |
МО | - | мамлекеттик органдар; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
МУА | - | "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. |
|
| 4-тиркеме |
"Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы жана суммасы (сом) | Күтүлүүчү натыйжалар |
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өткөрүлүүчү иш-чаралар | ||||||
1 | Кыргыз элинин тарыхын, каада-салттарын, үрп-адаттарын, ырасымдарын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, эстетикалык табитин, руханий жана социалдык турмушун чагылдыруу менен азыркы маданий дүйнөнүн кайра жаралуу принциптеринде тарбиялоо жана кубаттоо. Жаш муундун руханий өнүгүүсүн байытуу, аны туура багытта тарбиялоо, "Манастын" баалуулуктарын калктын кеңири катмарына жайылтуу жана жаңы муунду тарбиялоо | Ата мекендик "Манас" эпосун изилдөөчүлөр жана классикалык манасчылар жөнүндө документалдуу фильмдердин сериясын даярдоо жана эфирге чыгаруу | 2023-2027-жылдар | УТРК, ЭлТР, "Бешинчи канал" | УТРК, ЭлТР, "Бешинчи каналдын" бекитилген бюджетинин алкагында | Ар жылдык негизде 2ден ролик даярдалды жана чыгарылды |
"Манас" эпосу - Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы" деген темада уюштурулган иш-чаралар жөнүндө пресс-релиздерди даярдоо, маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу | 2023-2027-жылдар | УТРК, ЭлТР | Каржылоо талап кылынбайт | Коомчулук "Манас" эпосу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты | ||
Телерадиоберүүдө манастаануу илиминде "Манас" эпосунун классикалык варианттарынын чектеш көйгөйлөрү боюнча окумуштуу-адистердин жана коомдордун жана бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда эфирлерди үзгүлтүксүз уюштуруп туруу | 2023-2027-жылдар | УТРК, ЭлТР, УИА, "Бешинчи канал" | Каржылоо талап кылынбайт | "Манас" эпосунун маселелери айына бир жолудан кем эмес талкууланып турду | ||
"Манас" эпосуна байланышкан илимий, илимий популярдуу көркөм тасмаларды, драмалык чыгармаларды көрсөтүү аркылуу уникалдуу улуу "Манас" эпосун жайылтуу | 2023-2027-жылдар | УТРК, ЭлТР, УИА, "Бешинчи канал" | Каржылоо талап кылынбайт | Эфирден жылына бир жолу "С.Каралаев" фильми, М.Убукеевдин "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" документалдуу фильмдери, "Манастын ааламы" аттуу жана "Түбөлүккө кайрылуу" аттуу көркөм-публицистикалык фильмдери көрсөтүлүп турат | ||
"Манас" эпосунун классикалык прозалык варианттарынын аудиокитептерин чыгаруу: - техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу; - техникалык тапшырмасына ылайык сметасын иштеп чыгуу; - коммерциялык сунуш | 2025-2027-жылдар | УИА, МТУК, УТРК, ЭлТР | УИА, МТУК, УТРК, ЭлТР бюджетинин алкагында | Жылына бир жолу бирден китептин аудио жазуусу түзүлдү | ||
"Манас" эпосунун сюжеттик композициясында чагылдырылган баалуулуктардан улуттук идеологияны, мамлекеттик иденттүүлүктү, адамдын руханий калыптануусун, элдин биримдигин, эркиндигин, толеранттуулукту жайылтуу, кеңейтүү, руханий жактан жаңылоо жолу менен жаңы муунду тарбиялоо. - "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн Концепциясынын артыкчылыктуу милдеттерин чечүү үчүн натыйжалуу жыйынтыкты жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн активдүү иш; - Кыргызстанда жашаган ар бир жаран жогоруда көрсөтүлгөн максаттарды жүзөгө ашырууда мыйзамдарды сактоого жана өзүнүн патриоттук милдетин аткарууга милдеттүү | Телевикторина: балдар "Манас" айтышат | 2024-2027-жылдар | БИМ, ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР, "Бешинчи канал" | Министрликтердин жана мекемелердин бюджетинин алкагында | Квартал сайын эфирден балдардын "Манас" эпосун айтуусу өткөрүлүп, жыйынтыктары атайын чыгарылыштар менен чагылдырылды | |
ЖМК, интернет сайттар үчүн "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" жөнүндө материалдарды даярдоо; - төмөнкүдөй номинациялардагы "Манастын" тилинде сүйлөйм, жазам, ыр ырдайм" аттуу жаны чыгармалардын сынагы: - ата-журтту сүйүү; - энеге болгон сүйүү; - балага болгон сүйүү; - мугалимге болгон сүйүү; - жаратылышка болгон сүйүү; - музыкага болгон сүйүү; - мурда жарыяланбаган, ырдалбаган, айтылбаган эссе боюнча көркөм окуу | 2023-2027-жылдар | МУА, УИА, БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" жана башка гезиттер | Каржылоо талап кылынбайт | Ай сайын ЖМК, интернет-булактарга туруктуу негизде жарыялап туруу | ||
"Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунун кара сөз түрүндөгү классикалык вариантын көркөм окуу | 2023-2027-жылдар | МТУК, МУА, УТРК, ЭлТР, "Бешинчи канал" | МТУК, МУА бюджетинин алкагында | Ай сайын "Манас" эпосунун проза түрүндөгү классикалык варианты радионун эфиринен берилет | ||
2. Басма, сүрөткө тартуу жана билим берүү чөйрөлөрүндө | ||||||
2 | Өсүп келе жаткан муундар үчүн "Манас" эпосунун персонаждары тууралуу көркөм иллюстрациялар, көркөм образдарды жаратуу аркылуу берүүлөрдү көрсөтүү. Мекенди коргоого, тилди сүйүүгө жана керт башынын камын ойлобоочулукка, улуттук иденттүүлүктү сактоого, келечек муундарынын жана жалпы жарандардын руханий өсүшүн көтөрүүгө чакыруу | "Манас" эпосундагы жаратылышты, каармандарды чагылдырган балдар үчүн боёмо китептерди чыгаруу | 2026-жыл | ММСЖСМ, Сүрөтчүлөр союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бюджетинин алкагында | Балдар үчүн 5000 даана тираж боёмо китептер чыгарылды |
Кесипкөйлөр арасында, ошондой эле элдик сүрөтчүлөр арасында көргөзмө-сынак жарыялоо | 2025-жыл | ММСЖСМ, Сүрөтчүлөр союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бюджетинин алкагында | Кароо-сынактар өткөрүлдү. Альбом каталог чыгарылды | ||
Б.М.Юнусалиевдин редакциясы астында чыгарылган 4 томдук китептин бириктирилген вариантын кайрадан басып чыгаруу жана республиканын китепканаларына таратуу | 2023-2027-жылдар | УИА | УИА бюджетинин алкагында | Республиканын китепканалары Б.М.Юнусалиевдин редакциясы астында чыгарылган 4 томдук китеп менен камсыз кылынды | ||
"Манас" эпосун кыргыз фольклористикасында, профессионалдык адабиятта чагылдыруу боюнча чыгармаларды басып чыгаруу | 2024-2027-жылдар | УИА, Жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | УИА бюджетинин алкагында | 2 китеп чыгарылды | ||
"Манас" эпосу боюнча мектеп окуучуларынын арасында ата-эненин үй-бүлөдөгү орду, адеп-ахлак эрежелеринин сакталышы тууралуу сынактарды уюштуруу | 2023-2027-жылдар | БИМ, МТУК - окуу борбору | Министрликтин жана мекеменин бюджетинин алкагында | Республикадагы ар бир мектептерде сынактар өткөрүлдү, жеңүүчүлөр аныкталды | ||
Мектепке чейинки, жалпы орто билим берүү уюмдарында балдарды эмгекти сүйүүгө, улуттук этикетке тарбиялоо максатында "Манас" эпосу боюнча мектеп окуучулары арасында иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп туруу | 2023-2027-жылдар | БИМ | Каржылоо талап кылынбайт | Мектепке чейинки, жалпы орто билим берүү уюмдарында жумасына 1 жолу "Манас" эпосу боюнча тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү | ||
Жайкы лагерлерде "Манас" эпосу боюнча экологиялык темада кластерлерди өткөрүү, сүрөт искусствосу аркылуу балдарга кыскача түшүндүрүп берүү. "Манас" жана салттык оюндар, инсанды руханий жактан калыптандыруу (тогуз коргоол, аркан тартыш, күрөш, жөө күлүк) | 2024-2027-жылдар | БИМ, ММСЖСМ, МТУК | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | Мамлекеттик жайкы лагерлерде "Манас" эпосундагы маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз оюндарынан: - аркан тартыш; - жамбы; - балбан күрөш; - тогуз коргоол; - жөө күлүк | ||
3. "Манас" эпосун иш-чараларды өткөрүү аркылуу жайылтуу | ||||||
3 | "Манас" эпосун пропагандалоо жана жайылтуу: - кыргыздын баатырдык "Манас" эпосун келечек муундарына өткөрүп берүү үчүн көрүнүктүү маданий эстелик катары сактоо; - "Манас" эпосун жайылтуу менен байланышкан маданий иш-чаралардын санын көбөйтүү | "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" концепциясынын алкагында "Манас" эпосун жайылтуу боюнча беш багытты ынтымакка жана биримдикке чакырууну жүзөгө ашыруу: - улут биримдиги; - географиялык регион; - элдик каада-салт; - социалдык теңчилик; - толеранттуулук; - инсандын руханий дүйнөсүнүн калыптануусундагы патриоттуулук; - мамлекеттик иденттүүлүк жана демократия | 2025-жыл | БИМ, ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР, УИА, "Бешинчи канал" | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | 5 багыт иштелип чыкты. Республиканын бардык региондорунда ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү |
"Манас" эпосундагы мамлекеттик иденттүүлүк жана улуттук идеология" темасында илимий-практикалык конференция өткөрүү | 2023-2027-жылдар | БИМ, УИА, окуу жайлар | Министрликтин жана мекемелердин бюджетинин алкагында | 5 конференция өткөрүлдү | ||
"Манас" эпосунун үчилтигин изилдеген окумуштуулардын образын чагылдырган телеэфирлердин циклин уюштуруу | 2023-2026-жылдар | ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР, "Бешинчи канал" | Каржылоо талап кылынбайт | "Манас" эпосунун үчилтигин изилдеген окумуштуулардын окумуштуунун образын чагылдырган аңгемеси эфирге чыкты | ||
"Манас" эпосунун үчилтигин изилдеген окумуштуулардын эмгектери боюнча электрондук энциклопедияны түзүү | 2023-2025-жылдар | УИА | УИА бюджетинин алкагында | Электрондук энциклопедия түзүлдү | ||
4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө карата флешмоб өткөрүү. Билим берүү жана мамлекеттик мекемелерде илимий-практикалык конференцияларды жана иш-чараларды өткөрүү | 2023-2027-жылдар | ММСЖСМ, БИМ, МТУК, УИА, МУА, ЖӨБО, КРП облустардагы ЫУӨ | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | 4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө карата ар жылдык флешмоб өткөрүлдү; Илимий конференциялар, симпозиумдар, кесипкөйлөр үчүн кеңештер өткөрүлдү | ||
"Улуттук наркты "Манастан" ал" аттуу этномаданий фестивалды өткөрүү | 2024-жыл | ММСЖСМ | Министрликтин бюджетинин алкагында | Этномаданий фестиваль өткөрүлдү | ||
"Манас" эпосундагы улуттук кийим, улуттук кол өнөрчүлүк, улуттук ашкана боюнча заманбап модернизацияланган жаңы техникага сынак жарыялоо | 2024-2027-жылдар | ММСЖСМ | Министрликтин бюджетинин алкагында | 20 иш-чара өттү | ||
Маалыматтык ресурстарда жайылтуу үчүн төмөнкүдөй темаларда 5-10 мүнөттүк кыска метраждуу илимий-популярдуу фильмдердин циклин тартуу: - "Манастагы" топонимдер"; - "Манастагы" медицина"; - "Манастагы" флора жана фауна" | 2026-2027-жылдар | Кыргызфильм | Донорлор | Кыска метраждуу документалдык жана популярдуу фильмдердин тематикалар сериялары тартылды жана көрсөтүлдү | ||
"Манас Ордо" улуттук комплексинин Кароол-Чокусуна "Манас" эпосунун персонаждарынын 3D голограммасын түзүү | 2026-2027-жылдар | ММСЖСМ, МТУК | Донорлор, министрликтин жана ведомствонун бюджетинин алкагында | "Манас Ордо" улуттук комплексинин Кароол-Чокусуна "Манас" эпосунун персонаждарынын 3D голограммасы түзүлдү | ||
Орто билим берүү жана жогорку окуу жайлар арасында "Манас" - эл байлыгы, тил байлыгы" сынагын өткөрүү. "Манас" эпосу боюнча лекциялардан турган беш этаптуу тестирлөөнү иштеп чыгуу жана өткөрүү | 2026-жыл | Кыргызтест | Каржылоо талап кылынбайт | Сынак өткөрүлдү, кыргызтест | ||
"Манас" эпосундагы кыргыз элинин баалуулуктарына багытталган "Тоолуу элдин улуу мурасы" улуттук долбоорунун алкагында иш-чаралардын комплексин өткөрүү | 2027-жыл | ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Министрликтин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | 500дөн ашык адам катышкан тренингдер, семинарлар, сынактар өткөрүлдү | ||
4. "Манас" эпосундагы ички биримдикти чагылдыруу | ||||||
4 | "Манас" эпосундагы ички биримдикти чечмелөө, "Улут биримдиги - эл маданияты" аттуу демилге менен иш жүргүзүү | "Манас" эпосундагы көп улуттуу эл менен бирге кыргыз социумун бириктирүү; Мамлекеттик иденттүүлүк; Мамлекеттик тил маданиятын көтөрүү; "Манас" эпосунун алкагында элдик этностук топтор менен биргеликте интернационалдык биримдикти чыңоо | 2027-жыл | ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО, МТУК, УИА | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин алкагында | "Манас" эпосундагы персонаждардын 9 көргөзмөсү уюштурулду. Ар бир сүрөттүн мазмуну окумуштуулар тарабынан интерпретацияланып, ЖМК аркылуу элге жарыяланды |
Учурдагы талаптарга ылайык "Манас" айтуудагы төмөнкү эрежелерди сактоо менен манасчылар арасында сынак жарыялоо: - импровизация; - көркөм баяндоо; - артистизм | 2024-жыл | ММСЖСМ | Министрликтин бюджетинин алкагында | Учурдагы манасчылардын арасынан чыныгы өнөргө ээ манасчылар аныкталды | ||
Элдик аспаптардын коштоосундагы жандуу музыка; - анимация көрсөтүү; - "Манас" - рух гүл азыгы" көчмө сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу; - модернизацияланган боз үйдүн макетин жасоо | 2025-2027-жылдар | ММСЖСМ | Министрликтин бюджетинин алкагында | Бишкек жана Ош шаарларында жана 7 облуста 1ден 9га чейин көчмө көргөзмө уюштурулду Чакан буклеттер даярдалды | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
"Бешинчи канал" | - | "Бешинчи канал" жабык акционердик коому; |
"Кыргыз Туусу" | - | "Кыргыз Туусу" басма үйү; |
"Слово Кыргызстана" | - | "Слово Кыргызстана" басма үйү; |
"Эркин-Тоо" | - | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити "Эркин-Тоо"; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
Жазуучулар союзу | - | Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
ЖОЖдор | - | жогорку окуу жайлары; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
Кыргызтест | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
МТУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия; |
МУА | - | "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси; |
Сүрөтчүлөр союзу | - | Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы; |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы. |