Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 703 токтомуна) |
2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Учурдагы абалды талдоо
Бюджеттик чөйрөнүн тармактарында өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13%дан ашыгы иштейт. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы болуп эмгек акы саналат.
Азыркы убакта бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин жалпы штаттык саны 365,8 миң бирдикти түзөт. 2022-жылга бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жалпы фонду 69,4 млрд. сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо өлчөмү 2021-жылы 15300 сомду түзгөн, ал эми республика боюнча орточо эмгек акы 19635 сом.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынган. Жарлыкка ылайык мамлекеттик башкаруу секторунда эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү модели белгиленген.
Бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын 25 жаңы ченемдик укуктук актысы кабыл алынган, эмгек акы төлөө чөйрөсүндө мурда колдонулган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары күчүн жоготту деп таанылган.
Бул Концепция бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана жогоруда аталган Жарлыкты ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Концепцияда эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн милдеттери жана багыттары берилген, алар Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын түзүүнүн бирдиктүү моделин киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Мурда бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы 50дөн ашык ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынган, алар төмөнкүлөрдү аныктаган:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерине эмгегине акы төлөө шарттарын;
2) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын;
3) социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын (билим берүү, илим, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият, көркөм өнөр, дене тарбия жана спорт).
Мында бул түзүмдүн так бөлүштүрүлүшү жок, ведомстволук актылар менен жөнгө салынуучу кошумча үстөктөр жана төлөмдөр киргизилген. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө деңгээлиндеги башка айрым тармактарга салыштырмалуу олуттуу айырма бул чөйрөнүн кадрдык потенциалынын начарлашынын реалдуу коркунучу болуп келген. Иштин жыйынтыгы боюнча дем берүүнүн жетишсиздиги квалификациялуу кызматкерлердин бюджеттик уюмдардан массалык түрдө чыгып кетүүсүнүн себептеринин бири болуп калды.
2-глава. Жетишкендиктер жана проблемалар
2.1. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттарынын өзгөчөлүктөрү
2013-жылы эмгек акы төлөө системасынын кызматчылардын ишинин натыйжалары, кызмат орундарынын иерархиясы менен өз ара байланышына негизделген кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн натыйжалуу системасын түзүү, кызмат боюнча дем берүүнүн жана илгерилетүүнүн реалдуу критерийлерин аныктоо максатында 2013-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) кабыл алынган. Программа менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде градациясына жана кызматчылардын ишинин натыйжаларына негизделген эмгек акы төлөө системасынын бирдиктүү модели киргизилген. Мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдери үчүн бирдиктүү минималдуу базалык ставка белгиленген, анын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болушу мүмкүн эмес.
Мында жогоруда аталган Программаны ишке ашырууда реформанын 2 этабы каралган:
I этап - 2013-2016-жылдарга;
II этап - 2017-2020-жылдарга.
Жогоруда аталган программаны алдын ала талдоо реформанын биринчи этабында каралган негизги чаралар ишке ашырылгандыгын көрсөттү.
Ошону менен бирге, эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарына которуу кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналган бардык мамлекеттик органдарда жүзөгө ашырылган эмес, анткени жаңы шарттарга өткөн учурда алардын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысынын өлчөмүнөн ашып кеткен.
Жаңы кабыл алынган жаңы ченемдик актыларда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери үчүн эмгек акы төлөөнүн жана социалдык кепилдиктердин жаңы системасы киргизилди.
Алсак, иштин натыйжалуулугун, сапатын жогорулатуу үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунда жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана коррупциянын пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу максатында 2022-жылдын 1-августунан тартып өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысы жогорулады.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маяналарга эселөө коэффициентин көбөйтүү жолу менен эсептелет.
2.2. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарынын өзгөчөлүктөрү
2014-жылы акчалай үлүштү бирдейлештирүү жана аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине пенсиянын өлчөмдөрүн орточо 37%га жогорулатуу жүргүзүлгөн. Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө боюнча мындан аркы саясат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кайра кароого багытталган.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат (күч түзүмдөрү) каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын акчалай үлүшүнүн маселелери боюнча укук чыгаруу жана укук колдонуу практикасынын абалын талдоо төмөнкүдөй проблемалардын бар экендигин күбөлөндүрөт:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында эмгек акы төлөөнүн аралаш шарттары белгиленген (акчалай үлүштү кошуп эсептөө механизмдери аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылууну жана мамлекеттик жарандык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнү камтыйт);
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери киреше салыгын төлөйт;
3) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маяналарында, аскер жана күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсияларынын өлчөмдөрүндө олуттуу диспропорция.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшү кызмат орду боюнча маянадан (акчалай үлүштү төлөөнүн жалпы фондунан 46,6%дан ашык) жана бир катар үстөктөрдөн жана кошумча төлөмдөрдөн (эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунан 53,4%га жакын), ал эми аскер кызматчыларынын акчалай үлүшү аскердик кызмат орду боюнча маянадан (акчалай үлүштү төлөөнүн жалпы фондунан 37,5%дан ашык) жана бир катар үстөктөрдөн жана кошумча төлөмдөрдөн (эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунан 62,5%га жакын) турат.
Демек, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүштөрүн жогорулатуу алардын пенсияларынын көбөйүшүнө алып келет:
1) аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү боюнча, ошондой эле киреше салыгын төлөө боюнча атайын преференцияларга ээ болот;
2) кызматтык маянага үстөктөрдүн жана кошумча төлөмдөрдүн 20дан ашык ар кандай түрлөрү, буюм жана азык-түлүк үлүшүн кошпогондо, эмгек акынын базалык бөлүгүн олуттуу кыскарткан жана аны жагымсыз кылган.
Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларын жана аскердик кызматтан бошотулган адамдарды социалдык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу максатында бир катар үстөктөрдү, кошумча төлөмдөрдү жана бир жолку төлөмдөрдү кайра кароонун эсебинен аскердик кызмат орду боюнча маяналарды көбөйтүү жолу менен акчалай үлүштү бирдейлештирүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын эмгегине акы төлөө шарттары эмгек акыны жогорулатуу жагына кайра каралды. Айрым үстөктөр кызматтык маянага интеграцияланган.
2.3. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы (билим берүү, илим, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана башка социалдык секторлор)
2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады.
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы кепилденген бөлүктөн, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча төлөмдөрдөн жана үстөктөрдөн турат. Кызматкерлердин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет. Кызматкерлердин эмгек акысы кепилденген бөлүктөн, компенсациялардан жана дем берүүчү төлөмдөрдөн турат.
Райондук, облустук, эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларда жеңгендиги үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин даярдаган кызматкерлерине дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
2.4. Бюджеттик чөйрөнүн башка тармактарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы
Бюджеттик чөйрөнүн башка тармактарынын кызматкерлери үчүн эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилди.
Мамлекеттик кызматчыга кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө кепилденген бөлүктөн, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча төлөмдөрдөн жана үстөктөрдөн турат. Кызматкерлердин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
Өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөт. Календардык жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.
3-глава. Максат
Концепция кадрдык потенциалды сактоого, мамлекеттик органдардагы иштин аброюн жана жагымдуулугун жогорулатууга, кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн алардын мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүү сапатына шайкеш келишин камсыз кылууга багытталган.
4-глава. Артыкчылыктар
Кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн сунушталган жаңы системасы төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:
1) бирдиктүүлүк (эмгегине акы төлөө системасынын жаңы бирдейлештирилген моделин киргизүү эмгек акы төлөө маселелеринде бир түрдүүлүктү камсыз кылат);
2) ачык-айкындуулук (кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасы ачык-айкын жана түшүнүктүү болууга тийиш);
3) кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө дем берүү (кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмү татыктуу болууга жана алардын карьералык өсүүсүнө дем берүүгө тийиш);
4) социалдык коргоону камсыз кылуу (эмгек үчүн мыйзамда-белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес сый акы алуу укугу);
5) адилеттүүлүк (кызматкерлерге эмгек акы төлөөнү камсыз кылууну "Бирдей жумуш үчүн бирдей акы төлөө" принцибинин аракетине максималдуу жакындатат).
5-глава. Багыттар жана милдеттер
Концепциянын максаттарына жетүү төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүүнү талап кылат:
1-милдет. Мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жана санынын конкреттүү көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө багытталган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) ар кандай татаалдыктагы жумуштарды аткарган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнү дифференциялоо;
2) мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, санына жана татаалдыгына жараша эмгегине акы төлөөнү белгилөө.
Эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү бир катар иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен каралат.
Кызматтык маяналарды белгилөөнү өркүндөтүү төмөнкүлөрдү актуалдаштыруунун негизинде кызматкерлердин эмгегинин татаалдыгына жараша жүзөгө ашырылат:
1) кызматкерлерге карата кесиптик стандарттар жана квалификациялык талаптарды;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 479 "Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери жөнүндө" токтому менен аныкталган тартипте ишканалар жана уюмдар тарабынан белгиленген типтүү эмгек ченемдерин;
3) локалдык ченемдик актылар менен белгиленген эмгек ченемдерин;
4) жумушчулардын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик катарлардын жалпы республикалык классификаторун;
5) улуттук квалификациялык системаны түзүүнү.
2-милдет. Эмгек акы төлөө системасын түзүүнүн бирдиктүү моделин киргизүү
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн бирдиктүү минималдуу базалык ставка колдонулат, анын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбоого тийиш.
Кызматкерлердин эмгек акысы кепилденген бөлүктөн, компенсация жана дем берүүчү төлөмдөрдөн турууга тийиш.
Мында бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын кепилденген бөлүгү эмгек акынын жалпы өлчөмүнүн 2/3 бөлүгүнөн кем эмес түзүлүүгө тийиш.
Кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында минималдуу базалык ставканы индексациялоо жүргүзүлүүгө тийиш. Минималдуу базалык ставканы индексациялоону жүргүзүү үчүн шарт болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан индексациядан мурунку өткөн календардык жыл үчүн республиканын эмгекке жарамдуу курактагы калкы үчүн жашоо минимумунун чоңдугунун белгилениши саналат. Минималдуу базалык ставканы индексациялоо жөнүндө чечим мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан кабыл алынат.
3-милдет. Эмгек акы төлөө чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү
Эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу үчүн эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына инвентаризация жүргүзүү зарыл. Бул иштин алкагында эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кайра каралат.
Мындан тышкары, эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин төмөнкү бөлүктөрүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл:
1) бардык деңгээлдеги бюджеттерден каржылануучу ишканаларда жана уюмдарда эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу ченемдерди тактоо;
2) эмгек мамилелери, эмгек акы төлөө, минималдуу эмгек акыны регламенттөө, социалдык өнөктөштүк, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар, зыяндын ордун толтуруу суммаларын индексациялоо;
3) "Квалификациялардын улуттук системасы", "Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары", "Кесиптик стандарт" түшүнүктөрүн киргизүү.
Квалификациялардын улуттук системасы - бул эмгек рыногундагы суроо-талапты жана билим берүү системасындагы сунуштарды макулдашуу куралы. "Квалификация" деген негизги түшүнүк кызматкердин өзүнүн эмгек ишинин, кесибинин алкагында ишти сапаттуу аткарууга даярдыгы деп түшүндүрүлөт.
Квалификациялардын улуттук системасы бир катар инструменттерди жана механизмдерди камтыйт: эмгек рыногу үчүн зарыл болгон кесиптерди аныктоого жана кадрларды даярдоого мүмкүндүк берген квалификациялык маалымдамалар, кесиптик жана билим берүү стандарттары.
Жумушчулардын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик катарлардын жаңы жалпы республикалык классификаторун иштеп чыгуу, ошондой эле эмгектин типтүү ченемдерин бекитүү (алар жок болгон учурда), эмгектин типтүү ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат.
6-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн натыйжасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кесиптеринин аброюн жана жагымдуулугун жогорулатуу;
2) мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, санын жана татаалдыгын эске алуу менен кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасын киргизүү;
3) эмгек акынын жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүмү;
4) тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен компенсациялык жана дем берүүчү төлөмдөрдүн түрлөрүн жана өлчөмдөрүн бирдейлештирилгендиги;
5) бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарынын өркүндөтүлгөн ченемдик укуктук базасы;
6) "Бирдей жумуш үчүн бирдей эмгек акы" принцибине негизделген эмгек акынын адилеттүүлүгү;
7) мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу;
8) мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
9) эмгек акы төлөөнүн ачык-айкын механизмин түзүү;
10) бюджеттик чөйрөдө кадрлардын алмашуусун кыскартуу;
11) бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуу.
7-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
7.1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп эмгек акы төлөө системасын жөнөкөйлөштүрүү, эмгек акы төлөөнүн принциптүү жаңы түшүнүгүн өнүктүрүү, бардык деңгээлдеги кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу саналат.
7.2. Тобокелдиктер
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуунун мүмкүн болуучу тобокелдиктери жана коркунучтары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тышкы факторлор (азык-түлүккө, биринчи муктаждыктагы товарларга дүйнөлүк баалардын жогорулашы);
2) бюджеттин тартыштыгы;
3) инфляциянын өсүшү;
4) мыйзамдардагы тобокелдиктер;
5) өлкөдөгү саясий туруксуздук;
6) эмгек акы төлөө шарттары, кошумча үстөктөрдү жана төлөмдөрдү киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу.