Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-майы № 262
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 330 "Манас" эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасы менен байланышкан изилдөө функциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна өткөрүп берүү менен "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
2. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2, 5, 8, 9, 11-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси:
1) "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Президент | 5,31 |
2 | Вице-президент | 3,99 |
3 | Окумуштуу катчы | 3,50 |
4 | Борбордун жетекчиси | 3,50 |
5 | Башкы бухгалтер | 3,45 |
6 | Бөлүм башчы | 2,59 |
7 | Сектор башчы | 2,50 |
8 | Башкы адис | 2,46 |
9 | Жетектөөчү адис | 2,39 |
10 | 1-категориядагы адис | 2,32 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Чарба башчысы | 1,61 |
2 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,30 |
3 | Электрик | 1,30 |
4 | Сантехник | 1,30 |
5 | Короо шыпыргыч | 1,30 |
6 | Кароолчу | 1,00 |
7 | Кызматтык жайларды жана залды тазалоочу | 1,00 |
".