Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 275
"Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 30-мартындагы № 180, 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы № 18 "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен биргеликте Бишкек шаары, Раззаков көч., 8/1 жана Раззаков көч., 8/2 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имараттарды "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесине ыкчам башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
|
|
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталаштары | Кызмат маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Президент | 20800 |
2 | Вице-президент | 15600 |
3 | Бөлүм башчысы | 10140 |
4 | Башкы адис | 9620 |
5 | Жетектөөчү адис | 9360 |
6 | 1-категориядагы адис | 9100 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин кенже жана техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Чарба башчысы | 6300 |
2 | Кароолчу | 3600 |
3 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 5100 |
4 | Бөлмө тазалагыч | 3600 |
5 | Электрик | 5100 |