Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели № 225
Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук
бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана
берүү тартибин бекитүү тууралуу
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 15-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун преамбуласындагы "Аудитордук иш жөнүндө"," деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 12-майындагы № 38 (3487) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |