Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 токтому менен бекитилди) |
Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук
бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана
берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби (мындан ары - Тартип) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчетторду, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчетторду (мындан ары - отчеттор) түзүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү талаптарын белгилейт.
2. Отчеттор календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки отчеттук мезгил үчүн түзүлөт жана отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30-июндан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Биринчи жолу түзүлгөн аудитордук уюм, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме үчүн отчеттук мезгил болуп бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоого турган күндөн тартып 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет.
4. Отчеттогу акчалай көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында - сом менен көрсөтүлөт.
5. Отчеттор кагаз же электрондук форматтарда берилет.
6. Маалыматтарды киргизүү үчүн отчеттун бланкынын таблицаларында көрсөтүлгөн саптар жетишсиз болгон учурда таблицаларга зарыл сандагы саптарды өз алдынча кошууга жол берилет.
7. Тигил же бул уячада көрсөтүү үчүн маалыматтар жок болгон учурда сызыкча коюлат.
8. Отчеттун ар бир барагынын жогорку бөлүгүндө аудитордук уюмдун, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин аталышы көрсөтүлөт, ал эми төмөнкү бөлүгүндө отчеттун формасына ылайык аудитордук уюмдун, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисинин жеке кол тамгасы коюлат жана отчетту толтуруу датасы көрсөтүлөт. Отчетту электрондук форматта берүүдө электрондук кол тамга колдонулат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттордо берилген жана аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга жеткиликтүү болуп саналган маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетторду түшүндүрүү же тактоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук уюмдан, коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан жана кесиптик аудитордук бирикмеден суроого укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери отчеттордо камтылган купуя маалыматты жарыя кылгандыгы үчүн аудитордук иш жөнүндө, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, коммерциялык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
12. Отчеттордо берилген анык эмес маалымат жана ушул Тартипти аткарбагандыгы үчүн аудитордук уюм, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2-глава. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
13. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген аудитордук уюмдар жана коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчетту ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык берет.
3-глава. Коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчет
14. Коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар иши жөнүндө отчет менен бирге ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык отчеттук мезгил үчүн ачык-айкындык жөнүндө отчет берет.
15. Коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчет аудитордук уюмдун расмий веб-сайтына жарыяланууга тийиш жана ал жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде жеткиликтүү бойдон калууга тийиш. Ачык-айкындык жөнүндө отчет отчетту пайдалануучулардын маалыматты кабыл алуусу үчүн ыңгайлуу болгон баяндоо жана эркин формада түзүлүүгө тийиш.
4-глава. Кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет
16. Кесиптик аудитордук бирикме ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык отчеттук мезгилдеги иши жөнүндө отчетту, анын ичинде бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчет берет.
17. Кесиптик аудитордук бирикме бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген анын мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы аныкталган учурда аныкталган эреже бузуулар жөнүндө аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчетко кол коюлгандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун көчүрмөсүн берүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
18. Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жарыяланууга тийиш болгон кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет 3.1ден тартып 3.10го чейинки таблицаларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.
19. Кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн веб-сайтына жарыялайт.
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 1-тиркеме |
20__-жылдын ______________ тартып ______________ чейинки отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
Каттоо маалыматтары: ЖКН: ________________________________________________________________ Каттоо датасы: ____________________________________________________________________________ Уюштуруучулук-укуктук формасы: ___________________________________________________________ Аудитордук уюмдун толук аталышы: _________________________________________________________ Аудитордук уюмдун кыскартылган аталышы (эгерде болсо): _____________________________________ Жетекчинин аты-жөнү: ______________________________________________________________________ Жетекчинин аудиторунун сертификаты жөнүндө маалыматтар (№ жана датасы): ____________________ Юридикалык дареги: Филиалдардын юридикалык дареги (эгерде болсо): ____________________________________________ Телефон: ______________________ Факс: ______________________ e-mail: _______________________ Интернеттеги сайты: ______________________________________________________________________ |
|
| 1-таблица | ||||
Юридикалык жакты (анын ичинде ЕАЭБге башка мүчө мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) | ||||
Ким тарабынан катталган | Каттоо номери | Каттоо датасы | ОКПО коддору | Катар номери | Берилген датасы |
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: __________________________________ Колу: ________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда мамлекеттик жана башка каттоону ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
1-бөлүм. Персонал
1.1. Аудитордук уюмдун персоналы жөнүндө маалыматтар
| 2-таблица | ||||||||
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана аны берүү датасы | Иштеген мезгили | Уставдык капиталдагы үлүштүн %ы | Жарандык | Аткаруу органынын мүчөсү болуп саналабы | Иш стажы | |
аудитте | анын ичинде ФОЭСке ылайык ФУ аудити | ||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Жетекчилик | ||||||||
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Эмгек келишими боюнча иштеген аудиторлор (штаттагы кызматкерлер) | ||||||||
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча тартылган аудиторлор | ||||||||
3.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ____________________________ Колу: __________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн, аудитордун эмгек ишинин стажын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
1.2. Кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүк жөнүндө маалыматтар
| 3-таблица | |||
№ | Кыргыз Республикасындагы кесиптик аудитордук бирикменин аталышы | Кирген жылы | Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөлөрү болуп саналган аудитордук уюмдардын аталышы | Кирген жылы |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ Колу: __________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда ата мекендик жана/же чет өлкөлүк кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүктү ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
2-бөлүм. Аудитордук уюмдун экономикалык ишинин көрсөткүчтөрү
2.1. Экономикалык иштин түрлөрү боюнча уюмдарга аудитордук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар
| 4-таблица | |||||
№ | Кызматтар көрсөтүлгөн уюмдун экономикалык ишинин түрү | Уюмдардын саны | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Жалпы түзүлгөн бүтүмдөр (бүтүн сандарда) | Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар (миң сом менен) | |
Кыргыз Республикасынын аймагында | Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары (экспорт) | |||||
1 | Мисалы: "Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо" |
| Финансылык отчеттуулуктун аудити |
|
|
|
Коштогон кызмат көрсөтүүлөр: | ||||||
Финансылык отчеттуулуктун сереби |
|
|
| |||
Макулдашылган жол-жоболор боюнча милдеттенмелерди аткаруу |
|
|
| |||
Финансылык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу |
|
|
| |||
Башка кызмат көрсөтүүлөр | ||||||
Бухгалтердик эсепти коюу |
|
|
| |||
Бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү |
|
|
| |||
Бухгалтердик эсепти жүргүзүү |
|
|
| |||
Бухгалтердик отчеттуулукту түзүү |
|
|
| |||
Финансы-чарбалык иштерди талдоо |
|
|
| |||
Экономикалык, финансылык, салык, башкаруу маселелери боюнча консультация берүү |
|
|
| |||
Маалыматтык технологиялар жаатында жана бухгалтердик эсепти жана аудитти автоматташтыруу маселелери боюнча консультация берүү |
|
|
| |||
Ички аудит |
|
|
| |||
Маалыматтык системалардын аудити |
|
|
| |||
Баалоо иши |
|
|
| |||
Илимий изилдөө жана эксперимент иштерин жүргүзүү |
|
|
| |||
Бухгалтердик эсеп, экономика, финансы, аудит, салык салуу, укук, автоматташтырылган бухгалтердик жана аудитордук системалар боюнча окутуу, бухгалтердик, экономикалык жана аудитордук иштерде жана башкаларда компьютердик программаларды пайдалануу |
|
|
| |||
Жыйынтыгы: |
|
|
| |||
2 |
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _____________________________________ Колу: ____________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөрүүлөр болгон учурда ата мекендик жана/же чет өлкөлүк кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүктү ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
3-бөлүм. Аудитордук корутундулар жана аудиттин колдонулуучу стандарттары
3.1. Отчеттук мезгилге берилген аудитордук корутундулар жөнүндө маалыматтар (бирдиктер менен)
| 5-таблица | ||||
Көрсөткүчтүн аталышы | Берилген аудитордук корутундулар | ||||
корутундулардын бардыгы | кынтыксыз оң пикирди билдирүү менен | шарт коюлган пикирди билдирүү менен | терс пикирди билдирүү менен, анын ичинде бул пикирди билдирүүнүн себептерин көрсөтүү менен аудит жүргүзүлгөн субъекттин аталышы | пикир билдирүүдөн баш тартуу менен, анын ичинде баш тартуунун себебин көрсөтүү менен аудит жүргүзүлгөн субъекттин аталышы | |
Милдеттүү аудит | |||||
Берилген аудитордук корутундулардын саны |
|
|
|
|
|
Анын ичинде коомдук кызыкчылык субъекттерге |
|
|
|
|
|
Анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензия бере турган банктарга жана башка уюмдарга |
|
|
|
|
|
Камсыздандыруу уюмдарына |
|
|
|
|
|
Баалуу кагаздарды ачык сунуштаган коомдук компанияларга |
|
|
|
|
|
Инвестициялык фонддорго |
|
|
|
|
|
Топтолмо пенсиялык фонддорго |
|
|
|
|
|
Баалуу кагаздардын эмитенттерине, алар ачык (коомдук) эмиссиялаган учурда |
|
|
|
|
|
Анын ичинде чакан жана орто ишкердик субъекттерине |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда башка жактарга |
|
|
|
|
|
Демилгелүү аудит | |||||
Берилген аудитордук корутундулардын саны |
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
Отчеттук мезгилде "Финансылык отчеттуулуктун аудити жүргүзүлгөн учурда ак ниетсиз аракеттерге карата аудитордун милдеттери" эл аралык аудиттин 240-стандартын колдонуу учурлары болгонбу
Жок _______ Ооба ________ Учурлардын саны ________
Жетекчи: ____________________________ Колу: ____________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
3.2. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жөнүндө маалыматтар
| 6-таблица | |||||
Сапатка тышкы контролду жүзөгө ашырган органдын (органдардын) толук аталышы | Дареги, байланыш маалыматтары (телефон жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб-сайттын маалыматтары) | Текшерүү мезгили | Текшерүү жүргүзүү датасы, текшерген адамдардын аты-жөнү | Тыянактардын кыскача мазмуну | Жазма буйруктун кыскача мазмуну жана жазма буйрукту аткаруу мөөнөттөрү | Таасир этүү чараларын көрүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сертификатталган аудиторлор отчеттук мезгилдин ичинде жоопкерчиликке тартылганбы.
Жок ________ Ооба _________
Эгерде тартылган болсо, толук маалыматтарды (аудитордун аты-жөнү, жоопкерчиликке тарткан органдын аталышы, ишти козгоо жана жаза (эгерде берилсе) боюнча маалыматтарды) берүү керек.
3.3. Аудиттин сапатын контролдоо жол-жоболорунун сактоо жөнүндө маалыматтар
Сапатты контролдоо саясатын жана жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө ички ченемдик документтин аталышы
______________________________________________________________________________, бекитилген
Аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын ички контролдоо үчүн жоопкер аудитордун аты-жөнү
________________________________________________________________________________________
| 7-таблица | |
Сапатты ички контролдоо саясатынын максаттары | Сапатты ички контролдоонун жол-жоболору | Ички документтин аталышы, контролдоо ыкмалары |
1 | 2 | 3 |
1. Көз карандысыздык, чынчылдык, объективдүүлүк жана купуялык принциптерин сактоо | Кеңири маалыматтарды берүү: а) кадрларды дайындоо процесси (кызматтык нускамалар, буйруктар) кандай уюштурулган; б) чечимдерди документ менен жол-жоболоо, кызматкерлерге консультацияларды, маалыматтарды берүү жана үзгүлтүксүз окутуулар менен камсыз кылуу (Этика кодекси, ички ченемдик документтер (мындан ары - ИЧД), таанышкандыгы жөнүндө кол тамгалар, окутуу программалары, аларга карата көз карандысыздык талаптарды аткарууга тийиш болгон аффилирленген, ассоциацияланган ж.б. жактардын тизмеси) кандай жүргүзүлөт; в) ар жылдагы жазуу жүзүндөгү арыздар кандай берилет, аларды (кызматкерлердин жазуу жүзүндөгү арыздарын, ИЧД, кызматтык нускамаларды жана буйруктарды) талдоо жана иштеп чыгуу жоопкерчилиги кимге жүктөлгөн |
|
2. Квалификациялуу кызматкерлерди тартуу | Кеңири маалыматтарды берүү: а) персоналга муктаждык кандай аныкталат; б) кызматкерлерди жалдоо программасы иштелип чыкканбы; в) кадр маселелери боюнча чечимдер кандай кабыл алынат жана натыйжалуулукка талдоолор (талдоо таблицалары, аудиттин графиктери, персоналды жалдоо программалары, кызматкерлерди издөөгө кулактандыруулар, кызматтык нускамалар, буйруктар, талдоо таблицалары, контролдук барактар) кандай жүргүзүлөт |
|
3. Квалификациялык талаптарды белгилөө жана персоналды баалоо | Кеңири маалыматтарды берүү: а) жоопкерчиликтин ар бир деңгээли үчүн квалификациялык талаптар кандай аныкталат; б) кызматкерлерди жалдоо боюнча методикалык сунуштамалар иштелип чыкканбы; в) биографиялык маалыматтарды чогултуу кандай жүргүзүлөт; г) кабыл алынган кызматкерлер үчүн тааныштыруу иш-чараларын жүргүзүүнүн баяндамасы (баалоо боюнча методикалык сунуштамалар, квалификациялык талаптар жөнүндө ИЧД, персоналды жалдоо жөнүндө ИЧД, арыздар, анкеталар, маалыматтар, сунуштоо каттары, кызматтык нускамалар, ИЧД, маалымдамалар, таанышкандыгы жөнүндө кол тамгалар) |
|
4. Үзгүлтүксүз кесиптик билим менен камсыз кылуу | Кеңири маалыматтарды берүү: а) ыйгарым укуктар кимге жүктөлгөн; б) квалификациялуу адистер окуу программаларын кандай текшеришет; в) үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү боюнча талаптар (мыйзамдардын талаптары, эл аралык стандарттар жана аларды өзгөртүүлөр, атайын билимдер (IT аудит, статистикалык ылгоо), кесиптик аудитордук бирикмелерге катышуу, үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программаларын талдоо, аларды баалоо жөнүндө отчеттор (кызматтык нускамалар, буйруктар, контролдордун кол тамгалары, сыйлоо жөнүндө жоболор, кесиптик билим берүү боюнча методикалык сунуштамалар) кандай аныкталат |
|
5. Кызматкерлердин ишин баалоо | Кеңири маалыматтарды берүү: а) баалоону жүргүзүү үчүн жооптуулар кандай аныкталат; б) кызматкерлердин ишин баалоо милдеттери, стандартташтырылган баалоо барактарын иштеп чыгуу жөнүндө кызматкерлерге маалымат кандай берилет, баалар кандай талкууланат (иштин жыйынтыктары, келечектеги максаттар, өсүштүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча); в) кызматкерлердин жекече иши, абалы бирдей болгондорду баалоо кандай жүргүзүлөт, өз убагында баалоо, кызмат боюнча көтөрүлүү үчүн талаптар, таануу (ИЧД, кызматтык нускамалар, буйруктар, баалоо барактары, контролдун кол тамгалары) кандай камсыз кылынат |
|
6. Аудитордук ишти пландоо | Кеңири маалыматтарды берүү: а) аудитордук уюмдун көз карандысыздыгына таасир этүүчү факторлорду талдоо кандай жүргүзүлөт; б) төмөнкүлөрдү эске алуу менен кадрларга муктаждык кандай аныкталат: - аудиттин көлөмүн жана татаалдык даражасы; - кызматкерлердин бар болушу; - атайын билимдерге зарылчылык; - пландалган иштин убакыт чектери; - иштеги жолун жолдоочулук жана кадрларды мезгили менен ротациялоо; - кызматкерлерди иш ордунда окутуу мүмкүнчүлүгү (ИЧД, персоналды жалдоо программасы, персоналга муктаждыкты аныктоо боюнча талдоо таблицалары, аудиттин графиктери); в) аудиттен өтүүчү субъект жөнүндө маалыматтык маалымдаманы пландоо, даярдоо, аудиттин жалпы планында жана программаларында чагылдыруу зарыл болгон маселелерди аныктоо үчүн жооптуулар кандай дайындалат; г) текшерүүнүн айрым багыттары боюнча иштин болжолдонгон программалары кандай түзүлөт; д) аудитти жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөнөт (көз карандысыздык боюнча бланк, кызматтык нускама, субъект жөнүндө маалыматтар бар жумуштук документтер, аудиттин планы, аудиттин программасы, аудиттин графиктери, персоналга муктаждыкты аныктоо боюнча талдоо таблицалары) алдын ала кандай аныкталат |
|
7. Аудитордук ишти аткаруу | Кеңири маалыматтарды берүү: а) кызматкерлердин даярдыгын, жөндөмүн жана тажрыйбасын эске алып, бардык административдик деңгээлдерге жетиштүү контролдоо (ИЧД, кызматтык нускамалар, контролдун кол тамгалары) кандай камсыз кылынат; б) иш документтеринин, контролдук тизмелердин жана суроолордун формасы жана мазмуну жагынан методикалык көрсөтмөлөр (ИЧД, анын ичинде иш документтеринин шаблондору) кандай түзүлөт; в) аудитти жүргүзүүгө тартылган кызматкерлердин кесиптик ой жүгүртүүлөрүндөгү айырмачылыктар менен байланышкан маселелерди чечүүнүн методдору (ИЧД, эксперттик кеңеш (башка түзүмдөр, жактар ж.б.) жөнүндө жобо, макулдашуу протоколдору) кандай иштелип чыгат; г) ар бир кызматкерди кесиптик даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналган жумуш ордунда окутууга (кесиптик билим берүү боюнча методикалык сунуштамаларына, аудиттин планына, аудиттин программасына, жумуштук документтердеги контролду кол тамгаларга) өзгөчө маани берилеби |
|
8. Консультация берүү | Кеңири маалыматтарды берүү: а) консультацияларды жүргүзүүнү талап кылган аудиттин тармактары жана өзгөчө учурлар кандай аныкталат; б) жаңы ЧУАларды колдонуу, аудитти жүргүзүү практикасы жагындагы көйгөйлөр сыяктуу учурларда консультацияларды жүргүзүүнүн жол-жоболору кызматкерлерге кандай маалымдалат; в) консультация үчүн жооптуу адамдар (брошюралар, нускамалар же оозеки нускоо, консультация берүү жөнүндө жобо, кызматтык нускамалар, буйруктар, таанышкандыгы жөнүндө кол тамгалар, кесиптик аудитордук бирикмелерге (мындан ары - КАБ) кайрылуу) кандай дайындалат |
|
9. Сапатты ички контролдоонун жол-жоболоруна байкоо жүргүзүү | Кеңири маалыматтарды берүү: а) максаттар кандай аныкталат, текшерүүнүн нускамалары жана программалары кандай берилет, иштин көлөмү жана серептик текшерилүүгө жаткан жумуштун көлөмүнө жана аудитордук тапшырмаларды тандоо критерийлерине карата методикалык көрсөтмөлөр кандай даярдалат, байкоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө иш-чаралардын мезгилдүүлүгү жана аларды өткөрүү мөөнөттөрү, текшерүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон пикир келишпестиктерди чечүү методдорун белгилөө (ИЧД, нускамалар, мониторингдин программалары) кандай аныкталат; б) байкоо жүргүзүүгө катыша турган кызматкерлердин компетенттүүлүк деңгээли (кызматтык нускамалар, буйруктар) каңдай белгиленет; в) байкоо (принциптерди жана жол-жоболорду сактоону текшерүү, стандарттарга жана ИЧДга шайкештиги жагынан аудитордук тапшырмаларды ылгап текшерүү, мониторинг боюнча суроолор же башка жумуштук документтер, текшерүү программасы) кандай жүргүзүлөт | Талкуулардын протоколдору |
10. Байкоонун натыйжалары боюнча маалымдоо | Кеңири маалыматтарды берүү: а) текшерүү үчүн тандалган аудитордук тапшырмалардын натыйжалары боюнча жасалган тыянактар (талкуулардын протоколдору) жетектөөчү кызматкерлер жана тиешелүү кызматкерлер менен кандай талкууланат; б) жетекчиликке сунуштамалары бар маалымат (мониторингдин натыйжалары жөнүндө жетекчиликке отчет) кандай даярдалат; в) иш-чаралардын планы кандай аткарылат (жол-жоболорду аткарууну контролдоо жөнүндө кол тамга); г) байкоонун натыйжаларынын жана башка маанилүү факторлордун негизинде сапатты ички контролдоо жагынан максаттарды жана жол-жоболорду өзгөртүү жана (же) тактоо зарылчылыгы (мониторингдин натыйжалары жөнүндө жетекчиликке отчет) кандай аныкталат |
|
Сапатты тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун натыйжалуулугун баалоо (эгерде ал отчеттук жылда жүргүзүлгөн болсо)
______________________________________________________________________________________
Сапатты тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча кесиптик аудитордук бирикме берген контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун майнаптуулугун баалоо (эгерде ал отчеттук жылда жүргүзүлгөн болсо)
______________________________________________________________________________________
Аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун төмөнкүдөй жазма буйруктары жана сунуштамалары алынды (саналат) (эгерде сапатты тышкы контролдоо отчеттук жылда жүргүзүлгөн болсо)
______________________________________________________________________________________
Сунуштамаларды жана жазма буйруктарды аткаруу боюнча аракеттердин планы бекитилген
______________________________________________________________________________________
(мурдагы мезгил үчүн аракеттердин планы жана аракеттердин учурдагы планы берилет)
Жетекчи: _________________________________ Колу: ___________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда уюмда аудиттин сапатын контролдоо системасынын болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү жана сунуштамалар менен жазма буйруктарды аткаруу аракеттеринин планы тиркелет.
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.
3.4. Аудитордук уюмдардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө маалыматтар
| 8-таблица | |
Камсыздандыруу уюмунун аталышы | Ырастоочу документ (реквизиттер) | Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
Жетекчи: ___________________________________ Колу: __________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандырууну ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 2-тиркеме |
20___-жылдын _____________ тартып ______________ чейин коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчет
1. Ачык-айкындык жөнүндө отчетко коюлуучу мыйзамдуу талаптар
Ачык-айкындык жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын __________________ № _____ "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык берилет.
2. Жалпы маалыматтар:
1) коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм качан жана ким тарабынан негизделген;
2) аудитордук уюмдардын тармагы жөнүндө маалыматтар (эгерде аудитордук уюм аудитордук уюмдардын тармагынын, анын ичинде эл аралык тармагынын курамына кирсе - аталышы, штаб-квартирасынын жайгашкан жери, интернеттеги расмий сайтынын дареги);
3) кандай жетишкендиктер бар экендигин баяндоо (баяндоо формасында: сый акылар, сыйлыктар, жана башкалар);
4) каттоо маалыматтары (аудитордук уюмдардын иши жөнүндө отчеттон алынат).
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
3. Корпоративдик башкаруу түзүмү:
Жогорку орган ______________________________________________________________________
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык аудитордук уюмдун уставдык капиталынын 51 пайызынан кем эмеси аудиторлорго жана (же) аудитордук уюмдарга таандык болууга тийиш.
Коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Аты-жөнү. Сертификацияланган аудитор (сертификаттын № жана датасы), уставдык капиталдагы үлүшү
______________________________________________________________________________%ды түзөт;
2. Аты-жөнү. Сертификацияланган аудитор (сертификаттын № жана датасы), уставдык капиталдагы үлүшү
______________________________________________________________________________%ды түзөт;
3. Аты-жөнү. Сертификацияланган аудитор (сертификаттын № жана датасы), уставдык капиталдагы үлүшү
______________________________________________________________________________%ды түзөт;
Аткаруу органы ___________________________________________________________________________
Учурдагы ишке жетекчилик кылуучу башкы директор болуп
______________________________________________________________________________ эсептелет.
(аты-жөнү, кызмат орду, сертификаттын № жана датасы)
Күн сайын жетекчилик кылуучу аткаруучу директор болуп
______________________________________________________________________________ эсептелет.
(аты-жөнү, кызмат орду)
Операциялык ишке контроль жүргүзүүчү башчы болуп
______________________________________________________________________________ эсептелет.
(аты-жөнү, кызмат орду)
Корпоративдик башкаруу үчүн жооптуу адамдар жөнүндө толук маалымат, анын ичинде жарандыгы, кызмат ордунда болуу мөөнөтү жана башка маалыматтар 1-тиркемеде берилген.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түзүмү
Негизги кызмат көрсөтүүлөр:
Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчеттун (1-тиркемени караңыз) 2-бөлүмүнүн Экономикалык иштердин түрлөрү боюнча уюмдарга көрсөтүлгөн аудитордук кызматтар жөнүндө маалыматтар деген 4-таблицада баяндалган маалыматтар баяндоо түрүндө ачылып көрсөтүлөт (1-тиркемени караңыз).
Тигил же бул тармактагы аудитордук уюмдун ишинин артыкчылыктары санап көрсөтүлөт (мисалы: биз ______________________ тармагында (мисалы биз агрардык тармакта, курулушта жана кыймылсыз мүлктө, басып чыгарууда, жеңил жана тамак аш өнөр жайында, фармацевтикада жана медицинада, машина курууда, инвестиция жана финансы чөйрөсүндө, ЖМКда, оюн-зоок чөйрөсүндө жана башкаларда) тартылган ата мекендик жана/же эл аралык компаниялар менен кызматташабыз).
Түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар:
| 1.1-таблица | ||
№ | Бүтүмдүн тарабы | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Эскертүү (коомдук кызыкчылык субъекти, ири ишкердик субъекти же башка субъект болуп саналарын белгилөө керек) |
| 1 | 2 | 3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
5. Камсыздандыруу
Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилиги ____________________ сом суммасына, __________________________ камсыз кылынган.
Камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү тиркелет.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
6. Финансылык маалыматтар
| 2.1-таблица. |
Түшкөн каражаттар
Кызмат көрсөтүүлөр | 20__-ж. (миң сом) | 20__-ж. (миң сом) | 20__-ж. (миң сом) |
Финансылык отчеттуулуктун аудити, анын ичинде: |
|
|
|
коомдук кызыкчылык субъекттеринде |
|
|
|
ири ишкердик субъекттеринде |
|
|
|
башка субъекттерде |
|
|
|
Коштоочу кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде: |
|
|
|
коомдук кызыкчылык субъекттеринде |
|
|
|
ири ишкердик субъекттеринде |
|
|
|
башка субъекттерде |
|
|
|
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчеттун (1-тиркемени караңыз) 3-бөлүмүнөн Отчеттук мезгилде берилген аудитордук корутундулар жөнүндө маалыматтар деген 5-таблицасы коюлат.
7. Көз карандысыздыкты камсыздоо эрежелери жана жол-жоболору
Бул бөлүмдө көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча аудитордук уюмдун ички эрежелери жана жол-жоболору эмнеге негизделгендигин баяндоо зарыл.
Өзүнүн көз карандысыздыгын ырастоо жөнүндө катты кызматкерлерге тааныштыруу жана ага кол коюу процессин, ошондой эле аудит боюнча негизги өнөктөштөрдү жана персоналды ротациялоонун кабыл алынган эрежелерин баяндоо.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
8. Аудиторлорго сый акы төлөө
Бул бөлүмдө аудиторлорго сый акыны аныктоо жол-жобосун баяндоо зарыл (аудиторлорго гонорарлар кандай аныкталат, аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акынын өлчөмү ким тарабынан жана кайсы УДКлардын негизинде аныкталат.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9. Сапатты контролдоонун ички системасы
Бул бөлүмдө аудитордук уюмда белгиленген сапатты контролдоо саясатын жана жол-жоболорун баяндоо зарыл.
Сапатты контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун корпоративдик стандарттары сапатты контролдоонун колдонулуп жаткан стандарттарына ылайык иштелип чыккан, алар ар бир аудитордук фирманы бардык аудитордук текшерүүлөрдү Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылган сапатты контролдоонун саясатын жана жол-жоболорун жүргүзүүгө милдеттендирет.
Аудитордук уюмда колдонуучу сапатты контролдоо системасын баяндоо, анда төмөнкүдөй негизги элементтер камтылат:
- сапат үчүн жетекчиликтин жоопкерчилиги;
- этиканын жогорку стандарттары;
- персоналды натыйжалуу башкаруу;
- заказчылар менен кызматташтыкты баштоо жана улантуу жөнүндө, ошондой эле тапшырманы аткаруу боюнча чечим кабыл алуунун так жол-жоболору;
- долбоорду (милдетти) натыйжалуу аткарууну камсыз кылуучу процесстер;
- иштин мониторинги.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.1. Сапат үчүн жетекчиликтин жоопкерчилиги
Сапатты контролдоо системасын уюштуруу, киргизүү жана өркүндөтүү үчүн негизги жоопкерчиликти ким тартат, функциялык бөлүмдөрдүн жетекчилери эмнеге жооп берет, тобокелдиктерди башкаруу жана мониторинг үчүн ким жоопкерчилик тартат деген сыяктуу сапатты контролдоо системасынын саясатынын жана жол-жоболорунун талаптарын кыскача баяндоо.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.2. Этиканын кесиптик стандарттары
Аудитордук уюмда кабыл алынган этика жана көз карандысыздык жаатындагы мыйзамдык, этикалык жана кесиптик талаптарды кыскача баяндоо.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.3. Персоналды башкаруу
Персоналды башкаруу системасын баяндоо, ал төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
- персоналды тандоо жана кабыл алуу;
- персоналды өнүктүрүү жана окутуу;
- персоналды жана анын компетенттүүлүгүн баалоо;
- кызматкерлерди кызмат орду боюнча жогорулатуу.
Аудитордук уюмда төмөнкүлөр кандай аныкталгандыгын баяндоо:
- жумушка кабыл алуу этабында персоналды тандоо критерийлери жана кызматкерлерге коюлуучу зарыл талаптар (аларды кыскача баяндоо);
- компаниянын бардык адистерин туруктуу негизде окутууга жана квалификациясын жогорулатууга коюлуучу талаптар (аларды кыскача баяндоо);
- адистерди аттестациялоого жана алардын кесиптик билимдерин баалоого коюлуучу талаптар (аларды кыскача баяндоо).
Колдонулуп жаткан кесиптик маалыматтык камсыздоону (эгерде бар болсо) жана аудитордук уюмдун кайсы функциялары автоматташтырылганын баяндоо керек.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.4. Тапшырманы кабыл алуу жол-жоболору
Заказчы менен кызматташуунун башталышы жана анын улантылышы жөнүндө чечим кабыл алуу саясатын баяндоо. (Мисалы, заказчы менен интервьюну, анкетаны толтурууну, тобокелдиктердин түзүмүн аныктоону, заказчынын компаниядагы корпоративдик башкаруунун ички процесстеринин адекваттуулугуна тесттерди, анын финансылык системасынын жана ички контролдоо системасынын ишенимдүүлүгүн, төлөө жөндөмдүүлүгүн, үчүнчү жактар менен чыр-чатактын болушун камтыган потенциалдуу кардардын ишин баалоо процесси, аброй жана рыноктогу аброй ж.б. эске алынат). Кандай учурларда аудитордук уюм заказды кабыл алуудан баш тарта тургандыгын баяндоо.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.5. Заказдарды жалпы пландоо
Иштин графиктерин түзүү баяндалат жана пландоо учурундагыдай кесиптик тажрыйбасы жана адам ресурстарынын жетиштүүлүгү эске алынат.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.6. Тапшырманы аткаруу
Тапшырманы (долбоорду) аткаруу процессинин бардык стадияларына катышкандардын ички ченемдик документтеринде, сапатты контролдоо саясаттарында жана жол-жоболорунда аныкталган сапатты контролдоонун бардык чараларынын колдонулушуна аудитордук уюм кандай көңүл бурулуп жаткандыгы баяндалат.
Мындай чараларга төмөнкүлөр кирет: адистердин тобу аткара турган иштердин шайкештигин камсыз кылууга жардам берүүчү саясат жана эрежелер; ченемдик-укуктук талаптарды колдонуу; сапаттын кесиптик стандарттары жана ички стандарттары. Тапшырманы (долбоорду) аткаруунун сапаты үчүн негизги жоопкерчиликти ким тартат, аудиттин эл аралык стандарттарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын эске алуу менен аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методологиясы иштелип чыкканбы жана кайсы документтерде (ички ченемдик документтерде, сапатты контролдоо саясаттарында жана жол-жоболордо, ошондой эле аудит боюнча электрондук файл түрүндөгү иш формаларында) иштин төмөнкүдөй негизги багыттары камтылганы баяндалган:
- пландоо жана тобокелдиктерди баалоо;
- тестирлөө;
- аналитикалык жол-жоболор;
- аудитти аяктоо.
Аудитти жүргүзүү процессин кыскача баяндоо, мисалы, кесиптик скептицизм кандай колдонулат, бардык стадияларда контролдоо кандайча жана ким тарабынан жүргүзүлөт - аудитордук тапшырманы талаптагыдай пландоо, олуттуу тобокелдиктерди аныктоо жана аудитордук тыянактарды түзүү. Аудитордук уюмда талаш маселелерди чечүү кандай түрдө жүзөгө ашырыла тургандыгын баяндоо.
Ички консультацияларды берүү үчүн жооптуу адам кандай дайындалат. Ага кандай милдеттер жүктөлөрүн баяндоо.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.7. Мониторинг
Сапатты контролдоо системасы боюнча практикада сакталуучу саясат жана жол-жоболор натыйжалуу, адекваттуу болуп саналгандыгына негиздүү ишеничти алуу максатында аудитордук уюмда сапатты контролдоо саясатына жана жол-жобосуна мониторинг (мониторинг) кандай жүргүзүлө тургандыгын баяндоо.
Аудитордук уюмдун сапатты контролдоочу системасын туруктуу кароо жана баалоо, ошондой эле мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндөгү сапатты контролдоодо колдонулуучу стандарттарга ылайык айрым бүткөрүлгөн тапшырмаларды мезгилдүү текшерүүлөр мониторингде камтылууга тийиш.
Мониторингди жүргүзүү үчүн жооптуу кандай дайындалат, эксперттик баалоо (peerre view) принциби боюнча көз карандысыз экспертти тартуу аркылуу мониторинг кандай жүргүзүлөт, мониторингдин объекти эмне болуп саналат (мисалы, сапатты контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун белгиленген талаптарга шайкештиги жана аудитордук уюмдун сапатты контролдоо системасынын ишинин натыйжалуулугу).
Мониторингдин аспекттери болуп төмөнкүлөр саналууга тийиш:
- сапатты контролдоо системасын талдоо;
- сапатты контролдоо системасына киргизүү зарыл болгон керектүү ондоп-түзөөчү аракеттерди жана өркүндөтүүлөрдү аныктоо;
- системадагы аныкталган кемчиликтер жөнүндө аудитордук уюмдун тиешелүү персоналына маалымдоо;
- сапатты контролдоо саясатына жана жол-жоболоруна өз убагында киргизүү зарыл болгон өзгөртүүлөр боюнча чараларды аудитордук уюмдун тиешелүү персоналынын колдонуу мүмкүндүгү.
Мониторингди жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн баяндоо, мониторингдин натыйжалары кандай таризделет жана сапатты контролдоо системасын жакшыртуу боюнча сунуштамалар кандай киргизилет. Анын алкагында кардарларга аудитордук уюм көрсөткөн кызматтардын сапаты жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин айтуу сунуш кылынган расмий программа барбы? Иштин сапатына тиешелүү кардарлардын даттанууларын иштеп чыгуучу регламент жана жол-жоболор белгиленгенби?
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.8. Кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүк
Аудитордук уюм кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Аудитордук уюмдун КАБ менен кызматташуусунун негизги багыттарын баяндоо.
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.9. Сапатты тышкы контролдоо
Аудитордук уюм ________ жылы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана _________ КАБ тарабынан сапатты контролдоонун тышкы текшерүүсүнөн өттү. Негизги буйруктар жана сунуштамалар төмөнкүдөй болду (санап көрсөтүү).
Сунуштамаларды жана буйруктарды аткаруу боюнча иш-аракеттер планы макулдашылды (иш-аракеттер планы берилет).
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
9.10. Корпоративдик социалдык жоопкерчилик
Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин (КСЖ) негизги багыттарын сүрөттөө (мисалы уюштуруучулук башкаруу, адам укуктары, эмгек практикалары, курчап турган чөйрө, ак ниет иштиктүү практикалар, коомдун турмушуна жана аны өнүктүрүүгө катышуу)
20___-жылдагы ачык-айкындык жөнүндө отчет.
Тиркемелер:
1. Корпоративдик башкаруу үчүн жооптуу адамдар.
2. Кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу полиси.
1-тиркеме. Корпоративдик башкаруу үчүн жооптуу адамдар
Аты-жөнү - кызмат орду, сертификацияланган аудитор, салык консультанты:
____________________________________________________________________________________
E-mail:
____________________________________________________________________________________
Адистешүү:
____________________________________________________________________________________
(мисалы милдеттүү аудит, макулдашылган аудитордук жол-жоболор, салык консалтинги,
талаптагыдай этияттыгын текшерүү)
Билими: _____________________________________________________________________________
(кайсы ЖОЖ жана кандай адистик боюнча, илимий даражалары)
Кыргыз Республикасынын аудиторунун сертификаты: _______________________________________
№ жана датасы
Башка сертификаттары: ________________________________________________________________
Коомдук иштери: ______________________________________________________________________
Мурда ээлеген башка кызмат орду: _______________________________________________________
Билген тилдери: _______________________________________________________________________
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 3-тиркеме |
20___-жылдын ___________ тартып ___________ чейинки мезгил үчүн кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет
Жеке каттоо номери: __________________________________________________________________
Каттоо датасы: _______________________________________________________________________
КАБдын толук аталышы: _______________________________________________________________
КАБдын кыскача аталышы (эгерде бар болсо): _____________________________________________
Юридикалык дареги: __________________________________________________________________
Филиалдардын юридикалык дареги (эгерде бар болсо): _____________________________________
Телефону: _________________ Факсы: ___________________ e-mail: _________________________
Интернеттеги сайты: __________________________________________________________________
Эл аралык бухгалтерлер федерациясынын (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын)
фирмалар форумунун мүчөсү болуп эсептелеби: ___________________________________________
Эгерде мүчөсү болсо, кирген жылы: ______________________________________________________
| 3.1-таблица | ||||
Юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун (кайра каттоонун) маалыматтары | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) | ||||
Ким тарабынан катталган | Каттоо номери | Каттоо датасы | ОКПО коддору | Катар номери | Берилген датасы |
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ________________________________ Колу: _________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда мамлекеттик каттоону ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1-бөлүм. Уюштуруучулар, мүчөлөр, башкаруу органдары жана персонал
1.1. КАБдын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар
| 3.2-таблица | ||||
№ | Уюштуруучунун аты-жөнү же аталышы | Уюштуруучунун, анын ичинде филиалдын (өкүлчүлүктүн) юридикалык дареги, телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб-сайттын маалыматтары | Уюштуруучунун уюштуруучулук-укуктук түрү же кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ Колу: ________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда уюштуруучулардын легитимдүүлүгүн ырастаган документтер тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.1. КАБдын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар
| 3.3-таблица | ||||
№ | Мүчөнүн аты-жөнү же аталышы | Мүчөнүн, анын ичинде филиалдардын (өкүлчүлүктүн) юридикалык дареги, телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб-сайттын маалыматтары | Мүчөнүн уюштуруучулук-укуктук түрү же кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ Колу: __________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБга мүчөлүктүн легитимдүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.1. КАБдын аудиторлор кеңеши (аткаруу органы) жөнүндө маалыматтар
| 3.4-таблица | |||||
№ | Аудиторлор кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү | Байланышуу маалыматтары (телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб-сайттын маалыматтары) | Аудиторлор кеңешинде ээлеген кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы | Аудитордук иштеги иш стажы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ Колу: ________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБдын аудиторлор кеңешине мүчөлүктүн легитимдүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.1. КАБдын комитеттери (аткаруу органы) жөнүндө маалыматтар
| 3.5-таблица | |||||
№ | КАБдын комитетинин мүчөсүнүн аты-жөнү | Байланышуу маалыматтары (телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб-сайттын маалыматтары) | КАБдын комитетинде ээлеген кызмат орду | ЖКН | Аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген датасы | Аудитордук иштеги иш стажы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Башкаруу жана мүчөлүк боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Аудиторлорду окутуу, сертификациялоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Аудиттин сапатын камсыз кылуу боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Тергөө боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Тартип чараларын колдонуу боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Аудит боюнча комитет | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Башка комитеттер | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ________________________________ Колу: _________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБдын аудиторлор кеңешине мүчөлүктүн легитимдүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.1. КАБдын персоналы жөнүндө маалыматтар
| 3.6-таблица | |||
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Жарандыгы | Иштеген мезгили |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| Жетекчилик | |||
1 |
|
|
|
|
2 | Эмгек келишими боюнча иштеген кызматкерлер (штаттагы кызматкерлер) | |||
2.1 |
|
|
|
|
3 | Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча ишке тартылган кызматкерлер | |||
3.1 |
|
|
|
|
4 | Калган кызматкерлер | |||
4.1 |
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________________ Колу: __________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда КАБдын персоналын дайындоону ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
1.2. КАБдын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана аларда эл аралык квалификациялык сертификаттардын болушу жөнүндө маалыматтар
| 3.7-таблица | ||||||||
№ | Мүчөнүн аты-жөнү | Окутууну жана квалификацияны жогорулатууну уюштуруу (отчеттук мезгилдин ичинде) | Эл аралык квалификациялык сертификаттардын аталышы | ||||||
Семинардын/ курстун/ тренингдин аталышы | Квалификацияны жогорулатуу боюнча семинардын/ курстун/ тренингдин өтүү мезгили | АССА (Association of Chartered Certified Accountant) | CPA (Certified Public Accountant) | DipIFR (Diploma In International Financial Reporting) | CIPA (Certified International Professional Accountant) | CFA (Chartered Financial Analys) | Башкалар | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: ____________________________________ Колу: ____________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда окутууну өткөрүү жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө буйруктардын жана мүчөлөрдүн эл аралык квалификациялык сертификаттарынын көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
2-бөлүм. КАБдын сапатын контролдоону сактоо
2.1. КАБдын сапатына тышкы контролдоону жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтар
| 3.8-таблица | |||||
КАБдын сапатына тышкы контролдоону жүзөгө ашырган органдын (органдардын) толук аталышы | Дареги, байланышуу маалыматтары (телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтанын дареги, веб-сайттын маалыматтары) | Текшерүү мезгили | Текшерүү жүргүзүлгөн дата, текшерүүчү адамдардын аты-жөнү | Тыянактардын кыскача мазмуну | Буйруктун кыскача мазмуну жана буйрукту аткаруу мөөнөттөрү | Таасир этүү чараларын колдонуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Буйруктардын жана КАБга карата таасир этүү чараларын колдонууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иши жөнүндө отчет.
3-бөлүм. КАБдын мүчөлөрүнүн сапатты контролдоонун натыйжалары
3.1. КАБдын мүчөлөрүнүн сапатты контролдоо жол-жоболорун сактоо жөнүндө маалыматтар
КАБдын мүчөлөрү тарабынан сапатты контролдоону сактоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө ички ченемдик документтин аталышы:
___________________________________________________________________________________________
Бекитилген: ________________________________________________________________________________
Колдонулуучу методологиянын негизги принциптери:
___________________________________________________________________________________________
Сапатты контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн мүчөлөрдү тандоодо колдонулуучу тобокелдик критерийлери жана мезгилдүүлүк:
___________________________________________________________________________________________
КАБдын мүчөлөрүнө аудит жүргүзүүнүн сапатын контролдоо боюнча адистерди тандоо үчүн критерийлер:
___________________________________________________________________________________________
Отчеттук мезгил ичинде сапатты контролдоону сактоого карата мониторинг жүргүзүлгөн КАБдын мүчөлөрүнүн тизмеси:
| 3.9-таблица | |||
№ | КАБдын мүчөсүнүн аталышы | Коомдук кызыкчылык субъекти | Ири ишкердик субъекти | Башка субъект |
|
|
|
|
|
Отчеттук мезгилде сапатты контролдоону сактоого жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжаларынын сереби:
Өзүнүн мүчөлөрүндө сапатты контролдоодон келип чыккан натыйжалар жана ар кандай олуттуу тенденциялар же маселелер:
___________________________________________________________________________________________
КАБдын мүчөлөрүнүн сапатты контролдоо текшерүүлөрүнүн натыйжаларын өткөн жылдын жыйынтыгы менен салыштыруу баяндоо түрүндө берилсин:
___________________________________________________________________________________________
Сапатты контролдоонун натыйжалары боюнча мүчөлөргө аудит жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн сунушталган тармактар:
___________________________________________________________________________________________
Сапатты контролдоонун натыйжалары боюнча КАБдын мүчөлөрүнө карата колдонулуучу административдик чаралар жана санкциялар:
3.10-таблица
Коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдарга карата колдонулуучу чаралар жана санкциялар | Башка аудитордук уюмдарга карата колдонулуучу чаралар жана санкциялар |
|
|
|
|
Жетекчи: _______________________________________ Колу: ___________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
Учурдагы отчеттук жылда өзгөртүүлөр болгон учурда мүчөлөргө аудит жүргүзүүнүн сапатын контролдоо системасынын болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
20___-жылдагы иш жөнүндө отчет.