Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-майы № 246
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 10 жана 11-тиркемелер ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-майындагы № 41 (3490) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
Административдик-башкаруу персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
1. Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекция, "Улуттук антидопинг борбору" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция, Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери, "Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси" мекемеси
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 3,00 |
2 | Директордун орун басары | 2,50 |
3 | Ат майданын башкаруучу, спорттук-ден соолукту чыңдоо лагерин башкаруучу, спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин башкаруучу | 2,40 |
4 | Башкы бухгалтер | 2,20 |
5 | Улук методист | 1,90 |
6 | Методист | 1,80 |
7 | Бухгалтер | 1,90 |
2. Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин жана дене тарбиялык даярдоо балдар-өспүрүмдөр клубдарынын административдик-башкаруу персоналы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | ||
ОРАБӨМ | РСК | БӨСМ | ||
1 | Директор | 2,30 | 2,50 | 2,10 |
2 | Директордун орун басары | 2,00 | 2,20 | 1,90 |
3 | Башкы бухгалтер | 1,95 | 2,00 | 1,80 |
4 | Методист | 1,75 | 1,80 | 1,60 |
5 | Бухгалтер | 1,75 | 1,80 | 1,60 |
Эскертүү:
ОРАБӨМ - олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби;
БӨСМ - балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
РСК - Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи.
3. Машыктыруучу-окутуучулар курамы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Башкы машыктыруучу | 2,70 |
2 | Улук машыктыруучу | 2,40 |
3 | Жогорку билимдүү машыктыруучу | 2,10 |
4 | Атайын орто билимдүү машыктыруучу | 2,00 |
5 | Атайын билими жок машыктыруучу | 1,70 |
4. Спорт боюнча инструктор
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Спорт боюнча инструктор | 1,90 |
Эскертүү:
Спорт боюнча инструкторлорго иштеген жылдары үчүн үстөк акынын өлчөмү дене тарбия жана спорт мекемелеринин административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн үстөк акынын бекитилген өлчөмүнө ылайык, ал эми бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
5. Машыктыруучу-окутуучу курамынын кызматтык маяналарына үстөк акылардын өлчөмдөрү
1. Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекцияда, олимпиялык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринде, спорттук колледждерде, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептериндеги спорттук өркүндөтүү жана жогорку чеберчилик топторунда иштеген спорт боюнча машыктыруучу-окутуучуларга кызматтык маяналары 15 пайызга жогорулатылат.
2. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн үстөк акылар ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" же "Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген чебер" спорттук наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
4. Республикалык спорттук колледжге спортчуларды даярдагандыгы жана өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ошол спортчу колледжде окуган бүткүл мезгилде ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 10 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт. Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекцияга спортчуларды өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 20 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт.
5. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналары жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды даярдагандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө жогорулатылат:
№ | Иш-чаранын аталышы | Үстөк акынын өлчөмү, % менен | ||
100%га чейин | 75%га чейин | 50%га чейин | ||
Ээлеген орундар | ||||
1 | Олимпиялык оюндар, Паралимпиалык оюндар жана Сурдлимпиялык оюндар | 1 жана 2 | 3 жана 4 | 5 жана 6 |
2 | Өспүрүмдөрдүн олимпиялык оюндары | 1 | 2 жана 3 | 4 жана 5 |
3 | Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 жана 2 | 3 жана 4 | 5 |
4 | Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 |
5 | Майыптар арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 | 2 | 3 |
6 | Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
7 | Азия чемпионаты | - | 1 | 2 жана 3 |
8 | Дүйнөлүк чемпионат: |
|
|
|
- жаштар арасында; | - | 1 жана 2 | 3 жана 4 | |
- кадет (өспүрүмдөр) арасында | - | 1 | 2-3 | |
9 | Азия чемпионаты: |
|
|
|
- жаштар арасында; | - | 1 | 2 жана 3 | |
- кадет (өспүрүмдөр) арасында | - | 1 | 2 жана 3 | |
Эскертүү:
- Спорттун олимпиялык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча үстөк акылардын өлчөмдөрү - 50 пайызга аз. Кызматтык маяналарга бардык үстөк акылар эмгек акы фондунун чегинде белгиленет;
- жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларга жетишкен спортчулардын тизмеси дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө республикалык ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.".
| 2-тиркеме |
|
Техникалык тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Камсыз кылуу боюнча агент | 1,20 |
2 | Архивариус(*), иш кагаздарын жүргүзүүчү(*), катчы (катчы-машинист, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист) | 1,10 |
3 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,52 |
4 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,68 |
5 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист, тракторист-машинист | 1,20 |
6 | Фотограф | 1,52 |
7 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы | 1,76 |
8 | Сактоочу камеранын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампанын башчысы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы | 1,52 |
9 | Кассир, билет кассасынын кассири | 1,20 |
10 | 1, 2, 3-категориядагы киномеханик | 1,52 |
11 | Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын) | 1,52 |
12 | Контролер-билетёр | 1,20 |
13 | Костюмер, униформист | 1,20 |
14 | Механик | 1,52 |
15 | Буу казандарынын оператору, машинист | 1,52 |
16 | Котормочу-адис | 1,68 |
17 | Нотаны көчүрүп жазуучу | 1,52 |
18 | Документтерди мукабалоочу | 1,10 |
19 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, акумуляторчу, боёгуч, токарь | 1,20 |
20 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы | 1,00 |
21 | Радиомеханик, радиооператор, телефонист | 1,52 |
22 | Музейди кароочу | 1,20 |
23 | Угууну текшерүү кабинетинин техник-инструктору, ортопедия аппараттарын оңдоо боюнча техник, техник, редактор | 1,60 |
24 | Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 1,20 |
25 | Башкы ашпозчу | 1,95 |
26 | Ашпозчу | 1,70 |
27 | Ашкана кызматкери | 1,52 |
28 | Спорттук базанын башчысы | 1,52 |
29 | Спорт кемелердин механиги | 1,45 |
30 | Бугелдик аркан жол механиги | 1,52 |
31 | Бугелдик аркан жол слесары | 1,20 |
32 | Бугелдик аркан жол оператору | 1,00 |
33 | Колго жасаган темир уста | 1,60 |
34 | Ветеринардык врач | 1,60 |
35 | Кайышчы | 1,45 |
36 | От жаккыч (кочегар) | 1,52 |
37 | Курал-жарак оңдоочу механик | 1,52 |
38 | Жаныбарларды багуу боюнча кызматкер | 1,20 |
39 | Спорт боюнча инструктор | 1,90 |
Кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Гардеробчу, лифтер, кароолчу (вахтер, күзөтчү), өткөрмө пунктунун контролеру | 1,00 |
2 | Короо тазалагыч, багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч, лифтёр | 1,10 |
3 | Көмөкчү жумушчу | 1,00 |
4 | Кийим (атайын кийимди) жуугуч-машинист | 1,10 |
5 | Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды (таштанды түйүнүн) тазалоочу | 1,00 |
6 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1,20 |
7 | Кир жуучу жайдын башчысы | 1,45 |
8 | Атчы | 1,50 |
9 | Кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч | 1,20 |
А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын техникалык тейлөөчү персоналынын жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Камсыз кылуу боюнча агент, кассир, билет кассасынын кассири, комендант, контролер-билетёр, костюмер, униформист, архивариус, катчы-референт | 1,50 |
2 | Фотограф | 1,80 |
3 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,90 |
4 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 2,10 |
5 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы | 2,05 |
6 | Сактоочу камеранын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампанын башчысы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы | 1,90 |
7 | Билет кассасынын улук кассири | 1,60 |
8 | Механик, буу казан оператору, машинист | 1,90 |
9 | Котормочу-адис | 2,00 |
10 | Нотаны көчүрүп жазуучу (китепканачы) | 1,90 |
11 | Жыгач уста, столяр, сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, акумуляторчу, боёгуч, токарь, электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 1,50 |
12 | Учурдагы оңдоо (имараттарды тейлөө) боюнча жумушчу-куруучу, сырдоочу, шыбакчы | 1,70 |
13 | Сахна жабдуулары боюнча техник, кездемелерге зат сиңирүү боюнча техник, техник | 2,00 |
14 | Радиооператор, радиомеханик, телефонист | 1,50 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Гардеробчу | 1,65 |
2 | Лифтер, күзөтчү, вахтер, короо тазалагыч, багбан, түрдүү жумуштарды жасоочу жумушчу, көмөкчү жумушчу | 1,50 |
3 | Кийим жуугуч-машинист | 1,60 |
4 | Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды (таштанды түйүнүн) тазалоочу | 1,50 |
5 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1,70 |
- автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
- кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.".