Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 токтомуна) |
Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун ТАЛАПТАРЫ
Жалпы жоболор
1. Бул Талаптар "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыкты жана терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин (мындан ары - объекттер) терроризмге каршы корголушун уюштурууга карата талаптарды аныктайт.
2. Бул Талаптардын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
- объекттер - терроризмге каршы корголууга тийиш болгон, ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн стратегиялык жана башка объекттер;
- стратегиялык объекттер - Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон объекттердин тизмегинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер;
- башка объекттер - Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн, эл көп жүргөн жерлер.
3. Объекттердин терроризмге каршы корголушун уюштуруунун максаты мүмкүн болуучу террористтик кол салууларга тоскоолдук жараткан шарттарды түзүү (терроризм актысын жасоо тобокелдигин төмөндөтүү), мүмкүн болгон кесепеттерин азайтуу жана (же) объекттеги терроризм актысы коркунучун жоюу.
4. Объекттердин жетекчилери жана ээлери (мындан ары - объекттердин жетекчилери) алардын карамагындагы объекттердин терроризмге каршы корголушуна карата талаптарды аткаруу үчүн иш-чараларды пландоого жана ишке ашырууга, ошондой эле аларды каржылоону кароого милдеттүү.
5. Объекттердин терроризмге каршы корголушун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алардын жетекчилерине жүктөлөт.
6. Объекттердин терроризмге каршы корголушун камсыз кылуу чаралары мүмкүн болуучу коркунучтардын мүнөзүнө, жайгашкан райондогу оперативдүү абалга, ошондой эле объекттердин спецификалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келүүгө тийиш. Бул максатта инфраструктура жана турмуш-тиричилик үчүн объекттин маанилүүлүгүн, ошондой эле терроризм актысын жасоо коркунучунун даражасын эске алуу менен ар бир объектти натыйжалуу ыкма менен жеке коргоону уюштурууга мүмкүндүк берүүчү иш-чаралар жүргүзүлөт.
7. Эл көп жүргөн жерди башка объекттердин тобуна киргизүү чечими жана анын терроризмге каршы корголушун баалоо комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
8. Комиссия эл көп жүргөн жер жайгашкан аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын аткаруу бийлигинин органынын башчысынын чечими менен түзүлөт. Комиссия түзүү жөнүндө чечимди кабыл алган адам комиссиянын жетекчиси болуп эсептелет.
9. Комиссиянын курамына объекттин өкүлдөрү, улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар жана техникалык көзөмөл органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда комиссиянын ишине аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын башка аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
Комиссия өзүнүн ишин зарылчылыкка жараша жыйналыш түрүндө же кат алышуу жолу менен жүргүзөт. Зарыл учурда объектке барат.
10. Эл көп жүргөн жерди текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия тарабынан төмөнкүлөр аныкталат:
- объекттин сыйымдуулугу;
- анын жайгашкан жери жана ээлеген аянты;
- периметрдин жалпы узундугу жана түз көрүнгөн участокторунун узундугу;
- иштөө тартиби, өткөрүү жана объект ичиндеги режимдердин болушу жана аны уюштуруу;
- өтө коркунучтуу участоктордун жана кооптуу элементтердин болушу;
- чектеш аймактын өзгөчөлүктөрү, чоочун адамдардын кириши мүмкүн болгон жолдор;
- терроризмге каршы корголушунун каражаттарынын мүнөздөмөсү жана алардын абалы.
11. Комиссия мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана объекттин жетекчилеринен анын терроризмге каршы корголушун баалоо үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укуктуу.
12. Эл көп жүргөн жерлерди башка объекттердин тобуна киргизүү чечими комиссия тарабынан кабыл алынат, бул жөнүндө тиешелүү акт түзүлөт. Актынын көчүрмөлөрү комиссиянын бардык мүчөлөрүнө берилет.
13. Башка объекттердеги коопсуздук системасы, ошондой эле өткөрүү жана объект ичиндеги режимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 56 токтому менен бекитилген Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптардын 3 жана 4-главаларына ылайык уюштурулат.
14. Башка объекттин жетекчиси акт түзүлгөндөн (объектти башка объекттердин тобуна киргизүү боюнча) 3 айдын ичинде объекттин терроризмге каршы корголушунун паспортун иштеп чыгууга милдеттүү. Паспорт жарыяланбоого тийиш.
Башка объекттин жетекчиси Паспорттун сакталышын жана андагы камтылган маалыматтарды ачыкка чыгуусуна жол бербөөнү камсыз кылуучу жооптуу адамды аныктайт.
15. Учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу менен террор каражаттарын колдонуу коркунучу алдында турган айрым объекттерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтому менен түзүлгөн Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен учкучсуз учуучу аппараттарга каршы аракеттенүүнүн техникалык системалары белгиленет.
Терроризм актысын жасоо коркунучу же жасалгандыгы тууралуу маалымдоо тартиби
16. Объектте терроризм актысын жасоо коркунучу аныкталган же мындай коркунуч тууралуу маалымат (анын ичинде анонимдүү) алган учурда анын кызматкерлеринин (жумушчуларынын) ишин жетектеген адам улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө, ошондой эле жогорку органга (уюмга) байланыштын кандай болбосун болгон каражаты аркылуу токтоосуз маалымдайт.
17. Аталган кызмат адамы бул маалыматты берүүдө төмөнкүлөрдү билдирет:
- өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын жана ээлеген кызмат ордун;
- объекттин аталышын жана дарегин;
- объектте терроризм актысын жасоо коркунучу же жасалгандыгы тууралуу маалыматты алган күндү жана убакытты;
- жасоо коркунучу же жасалган терроризм актысынын мүнөзү тууралуу маалыматтын мазмунун;
- объекттеги адамдардын санын;
- башка зарыл болгон маалыматты - улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн суроо-талаптары боюнча, ошондой эле маалыматты кабыл алган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, ээлеген кызмат ордун, аны кабыл алган убактысын жана күнүн жазып алат.
Объектте терроризм актысын жасоо коркунучундагы же жасалгандагы иш-аракеттердин тартиби
18. Күзөтүү кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишим түзгөн объекттердин, ошондой эле күзөтүү ишинин субъекттеринин жетекчилери объектте терроризм актысын жасоо коркунучунда же жасалганда кызматкерлердин (жумушчулардын) иш-аракеттеринин тартибин аныктаган нускаманы иштеп чыгууну уюштурат жана бекитет, ал аймактык улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат.
19. Объекттин кызматкерлеринин (жумушчуларынын) ишин түздөн-түз жетектеген кызмат адамы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- объектте жүргөн кызматкерлерге (жумушчуларга) терроризм актысын жасоо коркунучу тууралуу кабарлоону;
- объектте жүргөн жана терроризм актысынын коркунучтарын чектөөгө (кесепеттерин жоюуга) катышпаган кызматкерлерди (жумушчуларды) токтоосуз жана коопсуз эвакуациялоону;
- объектке элдин жана транспорттун киришин токтотууну;
- өткөрүү жана объект ичиндеги режимдерди, ошондой эле объектти күзөтүүнү күчөтүүнү;
- авариялык жана куткаруу кызматтарынын, улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын кызматкерлеринин, транспортунун жана атайын техникасынын объектке тоскоолдуксуз кирүүсүн.
20. Объекттин кызматкерлери (жумушчулары) терроризм актысын жасоо коркунучунда же жасалганда өзүнүн кызматтык нускамаларына ылайык терроризм актысын жасоо коркунучунда же терроризм актысы жасалгандагы иш-аракеттер боюнча теориялык, практикалык сабактардын, пландык жана пландан тышкары инструктаждардын жүрүшүндө алган билимдерин, тажрыйбасын колдонуу менен аракеттенишет.
21. Объекттердин терроризмге каршы корголушун текшерүү максатында улуттук коопсуздук органдары тарабынан аларды мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан терроризмге каршы коргоонун абалын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлөт.
Объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын аткарууну контролдоо
22. Объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын аткарууну контролдоо текшерүүлөр түрүндө, ошондой эле аларды мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан терроризмге каршы коргоонун абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү жолу менен улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлөт.
23. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары 2 нускада акт менен таризделет, ал улуттук коопсуздук органынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси жана объекттин жетекчиси тарабынан бекитилет.
24. Ушул Талаптарды бузуу аныкталган учурда алар актта көрсөтүлөт, ал эми объекттин жетекчисине расмий эскертүүлөр жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте расмий эскертүү жарыяланат. Объекттин жетекчиси улуттук коопсуздук органынын аймактык бөлүмүнө бузулуулар четтетилгендиги тууралуу маалымдайт.
25. Ушул Талаптардын аткарылышын учурдагы контролдоону жүргүзүү үчүн жылына кеминде бир жолу объектти максаттуу текшерүү жүргүзүлөт.